Асанкалый Керимбаев - Шуулдаба теректерим

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 7 тра 2022

КОМЕНТАРІ • 27

  • @muktaromorov5396
    @muktaromorov5396 2 місяці тому +3

    Ушул ыр менен ата-энелерибизди эстетип турган Асанкалыйга миң мертебе рахмат.Жайың жаннатан болсун.Оомийн!!!

    • @user-do1vp1dr3l
      @user-do1vp1dr3l 2 дні тому

      Досуна жазгандай жазыпсын го

  • @user-rg3ri4zf2t
    @user-rg3ri4zf2t Рік тому +6

    Асанкалый Керимбаев улуу талант эле. Арабыздан эрте кетти аттин арман, жаткан жери жайлуу болсун. Ушул аганын ырларын чарчаганда эс аласын. Кандай керемет обондорду жаратып калтырып кетти элине.

  • @user-rd6eq7rx2u
    @user-rd6eq7rx2u 2 роки тому +12

    Чон атамдын козу отуп,анын артынан агам отуп,кайра чон энем отуп,кайра эле дагы Бир агам олуп,жашоо-озу трагедия ушул ырды уксам Бир жолу ыйлап алам кайрандарым жайыныздар Жаннаттан болсун.

  • @user-yd3xg8mk7e
    @user-yd3xg8mk7e 2 роки тому +9

    Не Деген керемет ыр созу обону топ келишкен улуу талант Асанкалый Керимбаев! Сиздей талант Бир кылымда Бир жаралат эгерде жаралса Кайран кайталангыс улуу Инсан!

  • @muktaromorov5396
    @muktaromorov5396 2 місяці тому +2

    Аталарыбыздын элесин,кылган иштерин эстеп,өзүбүздү өзүбүздү сооротуп өтөбүз...

  • @user-dn3mg1vw3j
    @user-dn3mg1vw3j 2 місяці тому +2

    Сөзү: Салижан Жигитовдуку.
    Обону: Асанкалый Керимбаевдики
    Аткаруучу: Асанкалый Керимбаев
    Жаткан жериңиздер жайлуу болсун,топурагыңыздар торко болсун! Оомийин.

  • @ermekkyrgyzbaev6931
    @ermekkyrgyzbaev6931 2 роки тому +7

    СОЗ ЖОК . КАЙРАН АСАНКАЛЫЙ АГАБЫЗ . ЖАЙЫ ЖАННАТТЫН ФИРДАУСУНДА БОЛСУН . 😢😢😢☝🏽☝🏽☝🏽🤲🏻🤲🏻🤲🏻 АДМИН АЛЛАХЫМ ЫРААЗЫ БОЛСУН .

    • @Neymarjr-fb7hb
      @Neymarjr-fb7hb Рік тому

      Бул киши да отуп кеткенби😥😢🥺менин атам жакшы корчу ырларын....атам да оттуп кетти,🥺😢😥

  • @shekerbekaliev2985
    @shekerbekaliev2985 10 місяців тому +3

    Эн сонун ыр.Созу С.Жигитовдуку беле? Жайын бейиште болсун, Асанкалый аба!

  • @user-wm8xw7xm9b
    @user-wm8xw7xm9b Рік тому +3

    Ырдын сөзү да, обону да абдан сонун, азаматтар

  • @user-uv6qq1fw2z
    @user-uv6qq1fw2z Рік тому +2

    Ата эне баарыбызга аска зоо болот турбайбы.асанкалый агабыздын ушу ырын коп угам.атам ыраматылык меенетти суйгон киши эле.агайыбызга ыраазы болом керемет ырды калтырган.

  • @user-cv5uq4km4b
    @user-cv5uq4km4b Рік тому +10

    Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
    Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып.
    Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
    Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң эсиме келет менин:
    Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
    Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
    Тоо койнуна кысылган кыштагымдай,
    Там-ташы бар түзөңдүн төш жагындай.
    Турар эле шуулдап миң түп терек,
    Тигип койгон атакем жаш чагында.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң эсиме келет менин:
    Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
    Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
    Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
    Оюн, күлкү, көпөлөк - уулаганым.
    Уктаганым байкабай калар элем,
    Угуп жатып теректер шуулдаганын.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң эсиме келет менин:
    Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
    Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
    Атам өлүп, артынан апам ооруп,
    Айыкпаган дартынан каза болуп.
    Ошондо да теректер шуулдаган,
    Коштошкондой көрүнөө капа болуп.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
    Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
    Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
    Өтүп барат бул заман зуулдаган,
    Өтүп барат зуулдап улуу заман.
    Кайрандарым, а силер жатасыңар,
    Терек муңун туйбастан шуулдаган.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
    Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
    Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
    Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
    Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
    Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
    Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
    Шуулдаба, терегим, теректерим,
    Шуулдасаң ачышып каректерим.
    Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин,
    Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин

    • @shekerbekaliev2985
      @shekerbekaliev2985 10 місяців тому +1

      Текстин жазып койгонунузга ыракмат!

    • @user-qe7jj4hn7m
      @user-qe7jj4hn7m 8 місяців тому +1

      Рахмат текстке

  • @user-zv1he8tf2p
    @user-zv1he8tf2p 2 роки тому +4

    Дайыма угамын

    • @user-mi1mj1us2p
      @user-mi1mj1us2p Рік тому

      Кайран инсан биз сени сыйлап отобуз

  • @Anara-pr5qy
    @Anara-pr5qy 8 місяців тому +2

    Браво

  • @user-ru3lp6pu6x
    @user-ru3lp6pu6x 6 місяців тому +2

    Атамы эстеп ыйлап отурам

  • @user-mw3sl6tp1e
    @user-mw3sl6tp1e Місяць тому

    Азаматсынар

  • @user-kb1yl8lv2t
    @user-kb1yl8lv2t Рік тому +3

    Керемет

    • @user-mf6pc6dm2b
      @user-mf6pc6dm2b Рік тому

      Асоломалекум Кайран маркумдар Салижандын ыр сабына Асанкалы топ жараткан обонду угуп туруп ыйлайсын менин Атам энемди мен чонойгон жаш чагымды жазгандай. Мен учун бул ыр журоко кадалды аты аталган инсандарга бейишин берсин Алладан тилейм .

  • @user-hx3ob3ot9z
    @user-hx3ob3ot9z Рік тому +2

    Асан ага кандай адам эле .арты кайрылуу болсун 😢😢😥

  • @user-fx8xe2dh4e
    @user-fx8xe2dh4e Рік тому +4

    Асанкалый Керимбаевдиндеген керемет ыры бар эле. Ошонун оригиналы (өзүнүн аткаруусунда) болсо чыгарып койгулачы сураныч.

  • @user-mi1fp8op3m
    @user-mi1fp8op3m 3 місяці тому +1

    Ото сонун ыр асаке сиздей акындар коп болсун

  • @user-fl8jh2it3u
    @user-fl8jh2it3u 5 місяців тому +1

    Ушул обон ушул текст эч эсимден кетпейт ар дайым угуп турам