ИИМ: Ысык-Көл облусунунда ички иштер органдарынын ардагерлер арасында спорттук мелдеш болуп өттү
Вставка
- Опубліковано 2 жов 2024
- 2024-жылдын 21-июнь - Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын ардагерлеринин арасында волейбол жана шахмат боюнча мелдеш болуп өттү. Иш-чара кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналып, облустун бардык аймактарынан келген катышуучуларды чогултту.
Волейбол боюнча мелдешке 8 команда катышып, алардын ар бири жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана спорттук чеберчилигин көрсөтүштү. Ардагерлер волейбол беттештеринен тышкары спорттук беттештерге интеллектуалдык компонент кошкон шахмат боюнча да күч сынашты.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Бороновдун демилгеси менен катышуучуларга Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата жазуусу бар атайын спорттук кийимдер тигилип, бул иш-чаранын маанисин жана маанилүүлүгү баса белгиленген.
«Бул мелдештер ардагерлерибиздин физикалык ден соолугун чыңдап, моралдык жактан гана тим болбостон, алардын рухун бекемдеп, ынтымак, биримдик сезимин чыңдайт», - дейт генерал-майор Мурат Бронов.
Спорт жаш курагына карабастан адамдарды бириктирип, жаңы ийгиликтерге шыктандырарын эске салган иш-чара жылуу жана достук маанайда өттү.
Катышуучулар төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:
"Мыкты либеро"
"Мыкты чабуулчу"
"Мыкты кабыл алуучу"
"Мыкты коргоочу"
"Эң мыкты берүүчү"
Мелдеште 1-орун үчүн Ысык-Көл ОИИБдин ардагерлер командасына Ысык-Көл ОИИБнин башчысы генерал-майор Мурат Самидинович Бороновдун кубогу тапшырылды. Экинчи орунду Тоң районунун ардагерлер курама командасы ээледи.
3-орунга Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын ардагерлер командасы, 4-орунга Жети-Өгүз районунун ички иштер башкармалыгынын ардагерлер командасы ээ болушту.
Бардык жеңүүчүлөр медаль, Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Бул иш-чаралар Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында спорттук салттарды сактоого жана жайылтууга кошкон маанилүү салым болуп саналат.
Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы