"Керээз" | 6 - бөлүм | Саада катуу ооруп калыптыр | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 28 вер 2024
  • Саада катуу ооруп калыптыр, көрсө Өскөнбай дагы барбай койгондо сагынып куса болгон экен, эти ысып көзүн ачпай жаткан кызына келип үйрүлө калган Өскөнбайдын үнүн угуп көзүн ачкан Саада:
    - Ата, сен мени таштабайсың ээ, кайра келдиңби? - дегенде Сарыбай менен Шарапат кубанып кетишти.
    - Жок кызым, мен сени таштабайм, эми экөөбүз бирге болобуз ээ? - деп чекесинен өптү Өскөнбай.
    - Апам мени таштап кетпедиби, сен таштабачы ата.
    - Сени таштабай калайын, сен дарыңды ичсең, анан бир жерге барып келебиз макулбу?
    - Каякка? - Башын көтөрө суроолуу тигилди, денесинин ысытмасы көтөрүлгөндөн оозу кеберсип эки бети албырып, демиге карап турду.

КОМЕНТАРІ • 7