Беде ДЖЕА. Дары чачкандан кийинки корунуш (Gea) 01.05.2024 год.

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 30 кві 2024
  • Беде - (лат. Меdicago, L.) чанактуулар тукумундагы көп же бир жылдык чөп өсүмдүк. 100дөн ашык түрү белгилүү. Айыл чарбасы үчүн көк, сары, көгүлтүр, гибрид беделердин мааниси чоң. Ал көп сабактуу, бийиктиги 70-90 см, айрымдары 150 см ден ашык. Жалбырагы сүйрү, үч ача, кезектешип жайгашат. Гүлү көгүш, кочкулкөк, сары. Мөмөсү көп уруктуу чанак. Себилген урук 8-10°С жылуулукта 7-8 күндөн кийин өнүп чыгат. Тамыры өзөктөп тамырлап, 5-10 м ден терең кетет. Орто Азияда жана Кавказда ар түрдүү айдама жана жапайы беде көп кезигет. Миң жыл мурдатан эле эгилип, малга тоют катары колдонулган. Беде топурак катмарын органикалык заттар, азот ж. б. элементтер менен байытып, топурактын структурасын жакшыртат, пахтанын вилт илдетин козгогучтардан арылтат, топурактын шорлуулугун азайтат. Баалуу биологиялык касиетине, чарбалык маанисине жараша бардык жерде кеңири таралган. Тоют үчүн жазында арпа менен кошо себилип, фосфор, калий семирткичтери менен азыктандырылат. 3-5 жолу чабылып, жашыл чыктуу жана кесек тоют катары пайдаланылат. Ал 2-3, ал эми которуштуруп айдаганда 5 жылга чейин өстүрүлөт. Беде уругун алууга Кант машина сыноо станциясы, Кыргыз кант кызылчасы боюнча тажрыйба чарбасы ж. б. көптөгөн дыйкан чарбалары адистештирилген. Чүйдө жергиликтүү Береке, Манас, «Токмок», Ошто жергиликтүү Өзгөн, көк беде сорттору райондоштурулган. Зыянкечтери: беде кенеси, беде шиштумшугу ж. б. Илдеттери: чаңгыл кебер, аскохитоз ж. б. Аларга каршы күрөш чарасы: фунгицид чачуу, агротехниканы туура жүргүзүү. Бедеге сары чырмоок чоң зыян келтирет.

КОМЕНТАРІ • 4

  • @user-vx7gt2kt5d
    @user-vx7gt2kt5d Місяць тому

    Салам алейкум байке, кенеш сурайын дедим эле номер беринизчи

    • @Schastya
      @Schastya  Місяць тому

      Ватсап номер калтыр

  • @hk-bereke2032
    @hk-bereke2032 2 місяці тому

    Ассалаумагалейкум Телефон номеринизди калдырасызба или маган жазсаныз ватцапка

    • @Schastya
      @Schastya  2 місяці тому

      Макул номер калтыр