ИИМ:Министр борбордук шайлоо комитетинде Жогорку кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушту

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 2 жов 2024
  • Бүгүн, 22-июнда ички иштер министри Улан Ниязбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында Бишкек шаарынын Свердлов райондук шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушууга катышты.
    Анда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова, Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, шайлоонун талапкерлери жана өкүлдөрү, Прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышышты.
    Жолугушуу учурунда алдыда болуп өтө турган шайлоодо, коомдук тартипти жана жалпы коопсуздукту ички иштер органдарынын 2 миң 600 кызматкери күчөтүлгөн тартипте камсыздап, анын ичинде 350 кызматкер 175 шайлоо тилкелеринин ичинде коопсуздукту камсыздаса, 750 кызматкер шайлоо тилкелеринин сыртында коопсуздукту камсыздай турганы баса белгиленди.
    Улан Ниязбеков билдиргендей, шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, 25 документтештирүү топтору түзүлүп, ага тажрыйбалуу 110 кызматкер бекитилген.
    Шайлоо өтүп жаткан аймактарга жакын жерлерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, жол кырсыктарын алдын алуу жана кайгуул иштерин жүргүзүү үчүн 1 миң 500 кызматкер кызмат өтөөгө бөлүндү.
    "Ички иштер министрлигинде “Ыкчам штаб” түзүлүп, 3 жерге маалымат талдоо топтору уюштурулду.
    Жарандардан келип түшкөн чакырууларды ыкчам тейлеп, окуя болгон жерде изи сууй электе кылмыштарга бөгөт коюу үчүн 511 автоунаа менен күндүзгү жана түнкү кайгуулдар ишке киргизилди.
    Жер-жердеги ички иштер органдарынын ишмердигин координациялоо үчүн менин үч орун басарым шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарына бөлүндү",-деп билдирди өз сөзүндө ИИМ башчысы.
    Азыркы учурда, шайлоого байланышкан жалпы 23 факты маалымат электрондук журналына катталган.
    Анын ичинде, Свердлов району боюнча 2 факты (1 добуш сатып алуу - такталган жок, 1 шайлоо эрежесин бузуу) жана Ноокат району боюнча 21 факты (шайлоо эрежесин бузуу).
    Алардын ичинен, 11 факты боюнча кылмыштын курамы аныкталбагандыктан, иш козгоодон баш тартылды.
    Калган 10 факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз.
    Улан Ниязбеков учурдан пайдаланып, шайлоого катышып жаткан талапкерлерге кайрылып кетүүнү туура көргөнүн билдирди.
    "Добуш сатып алууга, шайлоо учурунда элди ташууга, административдик ресурстарды колдонууга же шайлоону бурмалоого жол берилбейт.
    Эгерде ушул өңүттөгү мыйзам бузуулар аныктала турган болсо, анда мыйзамдын алкагында катуу чаралар көрүлөт.
    Ички иштер министрлиги таза шайлоо өткөрүүгө жана коомдук тартипти камсыздоого бардык тиешелүү ыкчам иш-чараларды алып барууда жана ал иштер дагы улантылат.
    Жалпысынан, Ички иштер министрлиги өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жатат деп билдирмекчимин",-деп сөзүн жыйынтыктады министр.
    ИИМдин Басма сөз кызматы

КОМЕНТАРІ •