Алтын, бриллианттан чыккан чыр/ Ишкерлер коуч $240 миңге алдап кеткенин айтып чыкты

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 5 лют 2025
  • Бектур Такыбаев менен Эрлан Абжалов Венера Касымовадан зер буюмдарын саткан VeGold дүкөнүнүн франшизасын сатып алган. Анда ал бүт документтерин даярдап бермек болгон. Буга ишенген ишкерлер жаңы бизнеске 355 миң доллар сарптаганын айтууда. Бирок алар иштеп баштаганда мамлекеттик органдар текшерип, уруксат кагаздарын сурайт. Касымовага барса эч нерсеси жок болуп чыккан. Ара жолдо калган ишкерлер дүкөндөрүн жаап кетүүгө аргасыз болгонун билдиришти. "Бизди алдап франшиза сатыпсыз" деп короткон каражатты кайтарууну талап кылышкан. Анан ошол жерден жаңжал башаталат.
    Бул окуя боюнча Венера Касымованын адвокаттары жооп берип, алдамчылык болбогонун айтып жатат. Алар "ишти милиция эмес, сот териштирсин" деген пикирди карманууда.

КОМЕНТАРІ • 1,2 тис.