Рыспаев: Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда элдин мүдөөсү камтылган жок
Вставка
- Опубліковано 7 вер 2024
- Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Баш мыйзамдын сунушталып жаткан жаңы долбоорунда элдин пикири эске алынбай калган деп эсептейт. Депутат 17-февралдагы жыйында Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешме 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында 80 депутат демилгечи болгон долбоордун концепциясынан чыкпай жазылганын сындады.
«Силердин кеңешмени байкап отурдум. Мен ошол жерден Талант Мамытовдун кол коюп берген концепциясынан чыга албайсыңар дегенди уккан жокмун. Мен элдин үнү, мүдөөсү бул Конституцияда камтылган жок деп айтам. Биз силерге "жазып, сонун кылып алып келип бергиле", дедик. Депутаттар берген концепциядан чыга албасаңар өзүбүз эле иштеп чыкпайт белек. Анда эмнеге кеңешме түзүлдү? Сиз башында турдуңуз, коомчулукка ачык эле айтпайт белеңиз «Эл, журт, биз - депутаттар жазып бергенден чыга албайбыз» десеңер биз айтып чыкмакпыз», - деди Рыспаев.
Депутаттын сынына Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жооп берди.
«Алгачкы күндөрдө ошол концепция боюнча ызы-чуу болдук. Талаш-тартыш болду. Ошол кезде бизде маселе туруп калды - «долбоорду ким жазды, авторун тапкыла, ошол ой-пикирин айтсын» дешти. Авторун таппай калдык. Концепция дегенди биз кандай түшүнөбүз? Бул негизги көз караштар. Негизги көз караштар кандай болгон? Бул президенттик башкаруу, адам укугун коргоо, курултайды киргизүү, бийликтин бутактарын так бөлүп берүү. Мына ошондон биз чыга алган жокпуз. Концепцияны биз ушундай түшүнөбүз, долбоордун структурасынан өзгөрткөнгө акыбыз жок болчу», - деди Бөрүбашев.
Депутат Кожобек Рыспаев Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин жоопкерчилиги так жазылбай калган деп сындады. Ага Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү президенттин жоопкерчилиги мамлекет башчысына импичмент жарыялоо боюнча беренеде жазылганын белгилешти.
17-февралда парламентте Конституциянын жаңы долбоору талкууланды.
Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген.
_________________________________________
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus
Садыр озуно эч кандай жоопкерчилик алган жок албайт дагы,импичмент ото татаалдаштырып алган ,прокурор менен конституционный сот гана макулдугун берсе дейт ,алар хрен берет
Өткөндөн сабак албай, кошоматчы-жарматтардын айтканы менен кетип жатабыз.
Баш мыйзам чийки иштелип чыккан.3 ай бекер элэ убакыт коротупсунар.
Билимсиз элим тунгуйука камалып,бара бара жок болуп кетуу коркунучуу алдыбызда эле турат экен да.бир кадам аттасак эле кыргыз жок бул дуйнодо.
Президент айттыго элдин баары саватсыз болуп кетиптир нормальный кадр жок деп анда конституцияны тийбей эле эски конституция менен иштей берсе болобу
Презигинер озу сабатсыз болуп атпайбы. Кайсы нормальный олкодо физкультурник президент болот?
Бийликтин баары бир адамда болсо кантип импичмент жарылайт УШУЛ ОЗГОРТУЛОР ИШКЕ АШПАСА ЖАЗГАН ДЕМИДЕГЕНДЕР ЖООПКО ТАРТУЛУГА ДАЯРБЫЗ ДЕПТА КОЙСУН
Биздин миндеген адамдардын сунушу кабыл алынган жок;Орус тили официалдуу тил болсун дегенди алып салгыла дегенбиз.Анан кайсы Элди айтып жатасынар.Элдин тили кыргыз тили да.Булар Кыргыз Элинин эмес Орус Элинин мудоосун аткарышты.
Элдин калоосун камтыдык деген соз калп. Ачык эле айтыш керекда бир гана кишинин кызыкчылы учун жазылды деп.
Элдин талкууга койгула ачык корсотуп жазууларын конституц концепц ,мыйзамды эл жазсын элге иштейт кылып
кайта элди алдап жатат иттер элдин укугу жок калды президент эштекеге жоопербейт ичет жейт анан качып кетет
Конституция жазгандар мамлекеттин убалына калбаса эле болду
Ким койду мильдетти силерге-эчтекеге жооп-бервесегер-ханституцияга😡мыйзамсыз парламент кеткилечи таркагыла эчтеке колугардан кельбесе😕деги эль учун Мамлекет деп-качан таза иштейсигер😧эль бар-силер барсыгар😕унутпагыла😧
Текебаев жалгыз эле жазып койду эле. Булар кашасын чыгарып, башын аягын байлай албай элди эзип бутту. Султан Сулейманга даярдап жаткандай эле болупатат
Азамат кожобеков
эй келесолор силердин колунардан келбейт.жоон эле Текебаевке бергиле ошол киши жазсын.
А ны Бга алмаштырып койдунар. Эмне озгоруу, бир гана озгоруу элдин жашоосу артка артка артка.
Элдин , мамлекеттин өнүгүшүнө ылайык кылып түзүш кыйынбы !? Ушунчалык бажылдап суйлойсунор!
Ушу конституциялык кенешмени ким уюштуруп кайсы принципте кандай тандоо менен уюшулганы конституциянын проектисин ким жазганы белгисиз куч менен окумзардык менен референдумга койулуп , элдин мудоосу элдин каалоосу камтылды курултай институту кирди деп элди алдап супер президенттик конституция кабыл алынганы жатат туугандар !! Биз 10 - 15 жыл артка кеттик !! Бугунку россияны карагыла , казахстанды карагыла !! Кочого чыкмак турсун соц. тармактан президентке каршы ачык пикирин айта алышпайт !! Турмолору саясий соттолгондорго толуп кеткен !! Президентке алты айлап уну детпей жургондору канча !! Мына президенттик бийлик бир эле адамдын козун караган эч качан жакшы болбойт!!!!
Бекбосун тайсалдап эки суйлоп кыйын болуп жатат кийин эмне болот ага баарыбир
Текебаевсыз конституция жазганга эч кимдин акылы жетпейт билимида уят болбой чакыргыла Текебаевди
Садыр жолотпогула дептир
@@user-jw2du8uh8l Аны ким айты силерге? Жапаров жолотпогула деп.
Айтпаса деле тушунукттуда
@@user-lm8vx9hf5yэми антсе эмне болуптур. жакшы эле жашадык эл учун иштебеген мн. Конститутция мн.
Адахандын алдын ала корогочтук мн айтканына чычалап тепкилеп чыктык эле. ана дагы деле Адахандын айтканы туура болуп чыкты.
Элиталарды суйлотуп эле койзо
Президентин коп укуктарын алыш керек.Арстан кылбай
Бул мыйзам м-н кетсе Садыр озуно бир дагы жоопкерчилик албайт и жооп бербейт, хандык башкаруу болот , Садый , Садый молодец тийбегиле деп олтура бергиле
ош базардагы лотону жапкылаааааааа
Талашып, урушкандан башканы билесинерби зб кылдынарго
Манкалар бир нерсени чечалбай отурушат.
Чимкрики и в африке чимкирики
Мыйзамга тийишпей эле койгулачы.... борубашев Талант Мамытовдун кудасы
Орок оро албагандар
Илита суйлоп жт))
Эски констиуция калсын
👍👍👍👍👍👏👏👏👏
Акчанын амири менен келгенсинерго .кошогонун артында дейт ошол кошогонун артында силердин партияанар чечкего туштон кийин жакшы адам болушат. Емнеге ошондо айтпагансынар
Болбойт бул консультациянар баарын президенттин мойнуна жуктош керек!!! Жоопкерчиликти!!! Парламентти жойуп бир мандаттуу эл окулдору дегенди киргизиш керек
Клоундар башташты дагы концертин
Мурунку баш мыйзамда элдин мудоосу камтылды беле? Эми эсинерге келдиби
Туштон кийин шакылдайсынар
Борубашов ен тура айты Бир Президентин айтканын жасап жатышат Элдин ечтекеси жок
За Садыра Жапарова 💪