Кыргызстан Ислам университети (КИУ)
Вставка
- Опубліковано 28 чер 2021
- КЫСКАЧА ТАРЫХЫ
Кыргызстан Ислам университети - Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында Ислам дининин баалуулуктарын жана шарият өкүмдөрүн илимий негизде үйрөткөн жогорку окуу жай.
1990-жылдардын башында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Кимсанбай ажы Абдрахманов Бишкек шаарында Ислам медресесин ачуу демилгесин көтөрүп чыккан. Ошентип, 1991-жылдын башында Бишкек шаарында Азирети Умар атындагы Ислам медресеси ачылган.
Аталган медресе 1993-жылы Азирети Умар атындагы Ислам институтуна айланган. Өлкөбүздөгү мусулман коомчулугунун арасында белгилүү абройго жетише алган институт 2003-жылы Кыргызстан Ислам университети деп аталды.
Азыркы учурда университетте 80 ден ашуун мугалим эмгектенип, өлкөбүздүн ар кайсыл аймагынан жана чет өлкөлөрдөн келген 1000 ден ашуун студент билим алууда. Учурда
2017-жылы Теология адистиги боюнча жана 2018-жылы Араб филологиясы адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясы берилди. Учурда Гуманитардык билим берүү факультетинин алдында Теология, Табияттык-гуманитардык сабактар, Араб филологиясы кафедралары мамлекеттик стандарттын негизинде иш алып барууда. Ошондой эле шарият кафедрасы, Бишкек Кыз Куран курсу, Ош Кыз Куран курсу жана Ош Куран борбору ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан нукура, орто динди карманган, диний адистерди даярдоодо.
Кыргызстан Ислам университети бүгүнкү күнгө чейин диний-адабий жана илимий багытта 30 дан ашуун китеп чыгарууга жетишти жана ошондой эле элибиздин китеп окуу маданиятын өнүктүрүү максатында 15 жылдан бери республикалык деңгээлде китеп окуу конкурстарын уюштуруп келет. Оболу баш байге ажы, умрага жолдомо болсо, азыркы күндө 2 бөлмөлүү батирге дейре жетти. Адат болуп калгандай эле окуу жайыбыздын жетекчилиги тарабынан жыл сайын орозо айында “Рамазан чатыры” уюштурулууда. Ректорубуз Абдишүкүр ажы Нарматовдун демилгеси менен окуу жайыбызга заманбап футбол аянтчасы курулду жана Тунгуч кичи районуна атайын кыздар үчүн окуу имараты ачылды.
Быйыл Кыргызстан Ислам университети гуманитардык билимдер факульетинин «теология» адистиги боюнча аккредитациядан ийгиликтүү өттү.
Кыргызстандагы диний окуу жайлардын флагманы болгон Кыргызстан Ислам университети Ислам тармагындагы жогорку билимдүү кызматкерлерди, дасыккан адистерди даярдап келүүдө. Университеттин бүтүрүүчүлөрү дин тармагындагы бардык жааттарда, ошондой эле ЖОЖдордо, элчиликтерде да алгылыктуу иштеп, диний үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө. Ислам маданиятын, элдик нукура каада-салтты жайылтууда, эл ынтымагы, илим-билимдин жайылуусуна окуу жайыбыз зор салым кошуп келүүдө.
чын журоктон ушул университетте оокушту каалап журом Ин Шаа Аллаh насип кылсын❤️
Амийн
Машааллах менин балдарым ушул университет окуп илип алганга Насип кылсын амиин Аллаху Акбар
Ма Ша Аллах
@@user-kw6bv9gq2j амийн
Ассаламу ъалайкум. Кыздар кантип тапшырса болот? Контрагы канча? Жатаканасы барбы?
Уулдарым неберелерим ушулислам унверсете окушун тилейм
Саламатсыздарбы ушул университетке кантип тапшырсам болот бюджет мн окусам болобу билсениздер айтып коесуздарбы сураныч...
Уа Ассалям Алейкум уа рахматулохи уа баракатуху кандайсыздар сиздер менен кантип байланышсам болот
?
Кандайсыздар кантип байланышсак болот билгендер болсо айтып койгулачы сураныч менда баламды тапшыртайын деп атам кантип маалымат алабыз
Жогорку образование алабы бул жерде? Контракт канча? Жатакана барбы?
Адреси кандай кайсы Айдан баштвп кабыл алат
Быйыл канчасында экзамен болот экен билгендер сураныч айтып коюнуздарчы
Ассалому алейкум мен 63жаштамын биз да окусанк болобу айтип коюнуздарчы суранамын же Бишкектин кайсы жеринде мендей кемпирлер окуса болот айтып койгулачы?
Туугандар кандай окууга киргиземин жол жобосун айткылачы мен Аравандан боломун кызымы окутайын дегенмин
Айтып койунуздарчы кандай документер кетет
Ассалому аллейкум канча жаштан алат екен
Ассалому алейкум бул жакка кандай байланышсак болот
Окуу жайга кандай тапшырса болот,9-класстын базасынан кабыл алабы,кантип байланышса болот
Ассаламу алейкум
Кыздар үчүн ханафий мазхабы боюнча мамлекеттик окуу жай барбы,илим боюнча
Багыты кандай?? Ханафий мазхабы Матрудия акыйдасыбы
Оштогу адресин айтып койсонуз
Ассалому алайкум шу университет хакида ку́прок малумот ьеринг
Ассаляму алейкум телефон номериниздерди бере аласыздарбы
Ассаламу алейкум толук маалымат берип кетсеңиз
Маа шаа Аллах, Ислам университети менен сыймыктана!
Кандайсынар Университет жонундо маалыматты кандай алсак болот айтып койгулачы
@@user-ou1ji2fj2m жакшы, рахмат! Иннернеттен алсаныз болот. Сизге эмне боюнча информация керек эле?
@@user-jc6lh7xj7r 9 класстан кирсе болобу ошону айтып койсузбу , Алла раазы болсун
🔥😍😍👍👍👍
Номери барбы
9-класстан чыгып тапшырса болобу
Байланыш номер койбоптурда
Канша жаска дейин кабылдайсыздар
Билгендер жооп берип койгула
Ассалому алейкум. Узбекистандан да абитуриенттерди кабыл аласыздарбы.алсаныздар канчанчы классты бүтүргөн болушу керек.толук маалымат берип койсонуз.
Уа алайкум салам уа рохматтуллоохи уа барокаатух,9- бүткөндөн кийин болсо керек
Кантип байланышса болот мен да баламды Ислам ун киргизсем
Менин кызым 8 жашта азыр, берейин дегем
Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракатух!
Кыргызстан Ислам университети Кара Балта шаарындабы ИншаАллах
жок Бишкекте
Ассаламу алейкум бир туугандар узактан баргандар кандай болот университетке кирүү жөнүндө маалымат берип койсонуз дар сураныч
Жооп берген киши барбы???
Assalomu aleykum
Канча жаштан окутса болот баланы ислам универсетине
11-класстын аттестаты менен
Ассолому алейкум канча жаштан окушат балдар?
0:44
11-класстын аттестаты менен 😊
Кайсыл жерде
Гоголь57
Акчасы канча сос экен
Сом
😀
Заочное отделение болсо кырктан оттум
Университетимди сагындым😢😢👍👍
АССАЛОМУ алейкум канча акча мн окуса болот айтынызчы сураныч
Ассалому алейкум
бул кайсыл жерде 9ду буткондо алабы .жылына канча кетет тамак аш берилеби
Ассалому алейкум! Сизден кеңеш алсам болобу?
Ассалому алайкум. Менин кызым ушуга кирем деп тапшырды. Жатаканасыга албайт экен. Квартирага киргизип окутууга күчүм жетбейт. Жатаканасыга киргизүүгө жардам бере аламңстарбы?
Матуриди, ашари акыдасы болбогондо эле, бармакпын😔
ОРТ менен алабы
жок ОРТ керек эмес
Ооба
ОРТ да керек
@@user-zj5gu6li6y орт канча болуш кк
Яхя 💪
Это мой брат
9дан кирсе болобу
Ошо +
Жок колледжи бар
9 базасы жарайбы
Университетке 11- класстын базасында кабыл алынат да, 9-класстан алышпайт
Malimat alsam bolovi medrese boyuncha men da kirem dep jurom vatsap nomeriniz bolso jonoting