Аз өмүрүндө мыкты чыгармаларды жазды. Фантаст жазуучу Беганас Сартовдун тагдыры

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 8 лют 2025
  • Беганас Сартов - кыргыз адабиятында фантастикалык чыгармаларды жараткан жазуучу Кусеин Эсенкожоевден кийинки бирден-бир калемгер. Андан бери фантастикалык чыгармаларга өмүрүн арнаган калемгерлер дээрлик чыга элек.
    Беганас Сартов өзүнүн 33 жылдык кыска өмүрүндө фантастикалык ондогон аңгемелерди, повесттерди жазып үлгүргөн. Анын адабий мурастарынын катарында «Маанай» ыр жыйнагы, “Ааламда адашкандар”, «Жылдыздар балладасы», «Сары азезил», “Мамыры гүлдөгөн маалда”, «Эридиана» баштаган кыргыз, орус, англис тилдериндеги бир топ китептери бар. Беганас Сартов ошондой эле жетимишинчи жылдары пайда болгон даңазалуу “Тоо жылдыздары” адабий ийриминин негиздөөчүсү катары да таанылган. Калемгердин таланты, тагдыры жана чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү тууралуу карындашы Сабида Сартова менен Бурулкан Сарыгулова сыябан-маек курду.

КОМЕНТАРІ • 28

  • @КайырбубуЧолпонкулова

    Кызыктуу маалыматка бай, сонун берүү болуптур. Бир дем менен уктум! Ыракмат кыздар!📚🔥🔥🔥

  • @WermneWermne-ty3vc
    @WermneWermne-ty3vc 7 днів тому +10

    Мен бала кезимде, 80-жылдары окугам " Мамыры гүлдөгөн маалда" чыгарманы . Бала болсом да ошол чыгармага байлангам. Беганас Сартов деген ат өмүр бою жадымда калды. Бейиште жүрсүн 🤲🤲🤲

  • @УсеновМолдобек
    @УсеновМолдобек 7 днів тому +9

    Маркум жазуучу Беганастын жаткан жери жайлуу болсун! Маек эн жакшы болду! Эсен-аман болунуздар!❤🎉

  • @yzatbekzhumabaev4985
    @yzatbekzhumabaev4985 5 днів тому +1

    Аллах Таала төрт тирүү малуктарды жаратты,1- адамдар,2- жиндер3- пеоиштелер,4- айбанаттар. Чексиз ааламда,Аллах Тааланын пеоиштелер жайнап журот,алар Жер бетиндеги кумдардын санынан көп,алар Аллахтын буйруктарын тынымсыз аткарып турат.Адамдардын арасында өтө зиректуу,акыл калчагандары ааламга кызыгып,аны изилдегенге аракет кылышат,аларда астрономия илимине кызыгып,алардын сырын ачканга,элге жеткиргенге аракет кылгандары да болот.Аллах андай адамдарга шык,талант бери коёт балким.Беганас агабыз ошолордун бири болсо керек.

  • @ЭлинаИбраева-о1л
    @ЭлинаИбраева-о1л 6 днів тому +2

    Жарык жанган жылдыз болгон эле! Биздин биздин жердешибиз-Жумгалдык! Бала кезден чыгармаларын издеп окучубуз! АЛАХЫМ бейишине алсын!!!

  • @ЗамираАбдыказакова

    Бега нас Сартовдун фантастика лык чыгармаларын мектепте окуп жургондо талашып окуур элек. Биздин жердешибиз катары мектептин окуучулар сыймыктанчубуз.,,Мамыры гулдогон маалда,, деген китебин мектепте окуп жургон мезгилимде окуп калдым.Карындашынын кино кылып тартуу керек дегени туура туура

  • @ChynaraBostonova
    @ChynaraBostonova 7 днів тому +4

    Сонун маек болуптур. Бурул эжеке, Сизге чоң ыракмат! Беганас агайдын чыгармаларын 89-жылы окуган элем.Айрыкча "Мамыры гүлдөгөн маалда"али күнчө эсимде... Сабида эжекеге да ыраазычылык менен изилдөөңүздү уланта бериңиз дегим бар.Ийгилик!

  • @JazelHuman
    @JazelHuman 7 днів тому +3

    Бурулкан эже,Сизге чон ырахмат!Ушундай аты унутта калган инсандар жонундо,айрыкча,акын-жазуучуларыбыз жонундо коп чыгарыныз,сураныч!

  • @СабидаСартова
    @СабидаСартова 7 днів тому +4

    Арыбаңыздар урматтуу көрүүчүлөр!
    Сизге чоң таазим Бурулкан Эже!

  • @МирбекАйдыралиев-ю7о

    Беганас атабыз менен сыймыктанабыз.

  • @meerimsura5368
    @meerimsura5368 7 днів тому +8

    ❤кызык чыгарылыш болуптур аудио китеп кылып окуп бергилечи

  • @НурадисСагындыков-ф8б

    Фантастикалардын копчулугу чындыкка айлантып жатпайбы,аалам менен байланышы бар озунчо озгочо касиеттуу адамдар фантастикаларды жазат болуш керек деп ойлойм,жакшы передача болуптур ырахмат кыздар.

  • @МирбекАйдыралиев-ю7о

    Алмажин атабыздын арты кайрылуу болсун, жаткан жери жайлуу болсун.

  • @МалиааИсаева
    @МалиааИсаева 7 днів тому +1

    Аллахым куноолору кечирип,бейиштен орун берген болсун оомийин.

  • @JUGURUK
    @JUGURUK 7 днів тому +3

    Чыгармаларын ютубка киргизип койгула! Беганас Сартов каналын ачып.

  • @КанатАлибеков-н3э
    @КанатАлибеков-н3э 7 днів тому +3

    Ассаалу алайкум ва рахамаатуллооих ва баракаатух Маша Аллах

  • @НазТ-ь2х
    @НазТ-ь2х 7 днів тому +2

    Мамыра гулдоглн маалда мен 5 6 класста окугамын, азыргача издейм ошол китепти.

  • @meerimsura5368
    @meerimsura5368 7 днів тому +3

    Ии ушу бизден жаштардан жазуучу чыкпай калабы 😢 тангалдым жапжаш болуп эле жазган экен да

  • @gulnarakadyrbaeva1977
    @gulnarakadyrbaeva1977 7 днів тому +5

    Сабита саламатсызбы!Сиз менен кантип жоолуксак болот?Биз учун жоолугушуу ото маанилуу

  • @АйдынАйдын-ъ5л
    @АйдынАйдын-ъ5л 7 днів тому +2

    Маалыматым жок экен бул киши тууралуу,эл айтып жайылткыла,мага окшоп билбегендер билип алышат

  • @Элима-я3ф
    @Элима-я3ф 7 днів тому +2

    Бегенас агайдын китептери кайра бастырып чыгарса болобу

  • @ГукушЖайчиева
    @ГукушЖайчиева 7 днів тому +3

    Мамыры гулдогон маалда. Чыгармасын аудио книга кылып чыгарсанар жакшы болот эле. Суранабыз?

  • @GulnarRussia-yl9sy
    @GulnarRussia-yl9sy 7 днів тому +1

    Мамыры гулдогон жерде же маалда ,ооба уккам ,бирок,ойлоп жургом да Байма Сутонова жазган деп ойлоп жургом

  • @venomvenom1387
    @venomvenom1387 7 днів тому +1

    Эже думана дегениниз эмне тушунбодум? Мен тушунуп билген [ Дувана ] айтылганы жазылган [ Дубана ]

    • @ChynaraBostonova
      @ChynaraBostonova 7 днів тому +1

      Думана-түндүк диалектиде,ал эми дувана түштүктө айтылат. Сиз туура эле түшүндүңүз.

    • @ToktobolotS.T
      @ToktobolotS.T 7 днів тому

      Дуа кылса Аллах тезирээк , дароо кабыл кылган адам балдары көп болгон , арап тилиндеги мустажабил дуьа деген , А биздин тилде дуана , дубана , думана түрүндө​@@ChynaraBostonova

    • @РахатЗайдунахунова
      @РахатЗайдунахунова 6 днів тому

      Бегана деген соз болок ботон дегенди да тушундурот