"Көл жээгинде өткөн кез" | 2 | Апа, мен бактысызмын | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 6 жов 2024
  • Ошол күнү кечинде ал абдан кызуу келди, апасы Гүлсана дабыш чыгарбай өз бөлмөсүнө алып кирди.
    - Уят эмеспи, атаң укса эмне дейт ыя, адепсиз кыз болдуң го?
    - Апа, мен бактысызмын, мени эч ким сүйбөйт, - деп сүйлөй берди Айзада.
    - Сен ушинтип ичип, ээн баштык кылып жүрсөң ким сүйөт, үнүңдү чыгарбай жат, эртең сүйлөшөм, - деп Гүлсана бөлмөсүн жаап чыгып кетти. Атасынан бир аз айбыккан Айзада унчукпай жатып уктап калды. Эртең менен башы ооруп жатканда Гүлсана кирди:
    - Тур, атаң чакырып жатат, маанилүү сөз бар дейт.
    - Кандай сөз экен?

КОМЕНТАРІ • 17