СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ | Өмүр баян|

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 24 січ 2024
  • Ага Жараткан оң колу менен актерлук, сол колу менен сүрөтчүлүк дымакты ченебей берген бейм. Ал СССР дин эл сүрөтчүсү,,ошондой эле “Эн Мыкты Актер” наамына 5 жолу татыган.
    Сөз ким жөнүндө болуп жатаарын билдиниздер окшойт . Бул- Суймонкул Чокморов.
    Арыбаныз,урматтуу угарман! Бугун биз сиздерге залкар актер жана суротчу Суймонкул Чокморовдун бейнесин ачып бермекчибиз.Анда эмесе, баштадык.
    Мындай инсандын кандай үй-бүлөдө өскөнү сиздерди кызыктырбай койбойт болушу керек.Анда кеп ,оболу,уй-булосу боюнча болсун.
    1939-жыл. 9-ноябрь. Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылы. 60 тын кырына жетип калган Чокмор аттуу карапайым устанын уйундо Кудайдын дагы бир белеги болуп онунчу бобок- Сүймөнкул ыңоолоп жарыкка келет. Атасы Чокмор токтоо,чынчыл ,колунан көөрү тогулгон жана кумурскадай жаны тынбаган иштерман ,уста киши болгон . Бошогондо комуз чертип, мукамдуу уну менен ырдап да калчу. Апасы Каакын Молдаалы кызы,кумурскага да зыянын тийгизбеген момун жана жоктон барды жасаган жаратман ,улгулуу кожейке болгон. Уй иштери менен гана алек болбостон ,балдарына деп атайын убакыт бөлчү. Ар кечте ысык мештин тубундо ширин уну менен уламыш-жомокторду айтып берчу.
    Фото булактар:
    zelengarden.ru/31-foto/sujmen...
    sparklogic.ru/blog/2023/11/ka...
    #чокморов #кыргызча #биографии #өмүрбаян
    #искусство

КОМЕНТАРІ • 6

  • @user-de3cl3fb3b
    @user-de3cl3fb3b 24 дні тому +2

    Кыргыздын жүзү Сүймөнкул Чокморовдукундай деген бекер эмес да! 🇰🇬👍👍👍

  • @baihanabdubaiitov
    @baihanabdubaiitov 5 місяців тому +6

    Сүймөнкул Чокморов- Легенда

  • @KuluipaNurmatova-ku8el
    @KuluipaNurmatova-ku8el 4 місяці тому +2

    Жашоодон эрте кеткенине ичим ачышат, дагы кандай кереметтердин ээси болот эле....

  • @user-bg2hb8hp5t
    @user-bg2hb8hp5t 2 місяці тому +1

    Иманды болыңыз 🤲🇰🇿

  • @user-hl2ll3ro3w
    @user-hl2ll3ro3w 5 місяців тому +2

    ❤🎉

  • @aizatenglish
    @aizatenglish 5 місяців тому +3