Франц Кафка | Кубулуу | новелла | аудио китеп
Вставка
- Опубліковано 4 жов 2024
- «Эгер аны музыка ушунчалык толкундатса, анда аны жаныбар дешке болобу?»
Франц Кафканын өлгөнүнө кечээ туура 100 жыл болду. Чыгармаларын немисче жазган прагалык жөөт жазуучу 40 жылга жетип жетпеген өмүрүндө дүйнөлүк адабиятка чоң өзгөрүш жасап кеткен. Анын абсудрга, караңгылыкка, адамдын жеке өзүнөн күнөө издеген сюрреалисттик сүрөттөмөлөргө, экзистенциялык суроолорго толо чыгармалары өзү өлгөн соң кеңири атак-даңкка ээ болду. Өз үй-бүлөсүнүн түйшүгүн көтөрөм деп, өзүн унутуп койгон Грегор Замза “кокустан бир күн ойгонсо, коркунучтуу бир жандыкка айланып калыптыр...”
XX-кылымдын адабиятына аябагандай чоң таасир калтырган, анын эң мыкты авторлорунун бири Кафка өзүнүн «Die Verwandlung» («Кубулуу») деген бул новелласында эмне ойду айткысы келди?
Аны кыргызстандык жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин котормосунда окуп чыктым.
Бул чыгармадан :үй бүлөнүн бир адамы оор,жугуштуу ,коркунучтуу оору менен ооруп калып,калган ага жардам берчү үй бүлө мүчөлөрү ага жардам берүүнүн ордуна жаа бою качып,өзүн оолак кармап,акыры бизден эртерээк кетсе экен,бизге жугуп калбаса деген ойдо турган,турмушта болуп турчу окуяны элестеттим.Грегардын айыгып кетүүсүн тиледим.Мүмкүн жакындары жардам берсе айыгып жашап кетет беле?Турмушта боло турчу ,кооптуу оору менен ооруган адамды мокочо көрүп ,жашоодон сүрүп чыккан адамдарды көз алдыма элестеттим😢
Туура түшүнүпсүз. Негизи бул чыгарманын анализинде адабиятчылар “пендечиликке” мүнөздүү дагы көптөгөн проблемаларды айтышат. Бирок негизги ой ушундай.
😢😢😢😢
Чыгарма сонун жазылган.
Мааниси аябай терең образдар сонун сүрөтөлгөн. Кыргызчага да сонун которулган. Рахмат сизге сонун окуп бердиңиз ака (Төрөкул байке)
Ден соолукта болуңуз ,оорубаңыз.☘💚
@@КурманжанАйбеккызы-ж3б рахмат! Ооба, Кафка - гений.
@@DoorovT Ийгилик сизге ☘💚
Эмгегиниз учун рахмат сизге Торокул. Аябай уккулуктуу дикцияныз. Ишинизде ийлик коштосун! Коп, коп чыгармаларды кутуп калабыз.
Чоң рахмат
Үнү эң уккулуктуу,чыгармаларыңды сүйүп угам.Бул үндөн кийин башкалардыкын угуу өтө оор жана кээ бир дикциялары ирээнжитет.Роман повесттерди күтөм.Аңгемелер кыска тез эле бүтүп калат.
Рахмат! Аракет кыламын чоң чыгармаларды окуп турганга.
Өтө өкүнүчтүү😢😢😢😢Аралашып жүргөндөй болдум. Рахмат Төрөкул❤❤❤
Мага Западтын чыгармалары таасир эте баштады кобуроок. Рахмат эрте таксиде Москвада угам. Аудио китеп угуш учун таксидемин кулака наушник салып койуп. Рахмат! Эрнис экоонордун унунор орустардан ашып кетти. Меенетинер осуп атат🎉
Рахмат!🙏
Эң сонун чыгарма экен! Азыркы учурда Цвейгдин новеллаларын окуп жатат элем, сиз жаңы жазуучуну ачып бердиңиз мага👍👍👍
О,рахмет осындай аудио китапты тындаган унайды енди рахаттанып тындайтын боламын❤❤❤❤❤😮
Көп рахмет. Арнама жазылып қойыңыз.🙏
@@DoorovT Каналга жазылып сиздин аудио китаптын барин тындап журген турактты жанмын
Керемет ❤ меенетиңизге рахмат. Даагы күтөбүз Дүйнөлүк классика чыгармаларын. Ал эми чыгарманы түшүнүү үчүн Автордун өмүр баяны менен таанышуу керек.
Менин эң биринчи окуган китебим, башка тилде.❤
Сиз чү дегенде эле оор чыгармадан багштаган турбайсызбы!
Бул чыгарманы орус тилинде уктум эле эми мынтип кыргыз тилинде да уга алганыма ото суйунуп отурам. Маанисин бузбай которгон Мусакун Сатыбалдиевге жана ийинине жеткизе окуган Торокул Дооровко терен ыраазычылык. Чыгарма бир жагынан Грегордун ордуна озумду койуп чочутса, кээде Грегордун айланасындагы адамдардын кейпин кийип жургон жоксунбу деген ойго такап кыжаалаттандырды.
Туура. Ар бир окурманды ошол ойго салат - үйдөгү жакын адамдардын кадыры канчалык, алар ооруп, башкалпрга “жүк” болуп баштаганда чарчагандар болот… көрсө Грегорсуз деле үй-бүлөсү жашап кете алат тура! Атасы, энеси деле иштесе болот экен, карындашы деле чоңоюп калыптыр. Бирок буга чейин эч ким аны байкабагандай, баарын Грегор өз мойнуна алып, кыйналып, “беш жыл оорубай” жүрүп акыры жатып калды - анан эмне болду…? Алар андан арылгысы келди.(
@@DoorovT ошончун психологтор адамда дени сак эгоизм (здоровый эгоизм) болуш керек деп айтышат турбайбы.
Бул чыгарманы угуп олтуруп, жарымына жеткенде анан жазып жатам. Мен үшул сыяктуу чыгармаларды эч эле түшүнбөй жатам. Грегор эмне болуп ооруп калыптыр? Жугуштуу оорубу же жаныбар сыяктуу макулукка айланып калдыбы? Ушул жерин эле түшүндүрүп койсоңуздар, калганын өзүм түшүнүп алам. Алдын-ала рахмат.
Сурооңузга рахмат! Грегор таң эрте турса эле коңузга айланып калган болот. Сүйлөгөнүн эч ким түшүнбөйт, кыйналат. Өмүр бою аларды багам деп жүргөн Грегор барган сайын эч кимге керек эмес экенин түшүнөт… мааниси ошол. Көп нерсе каймана түрдө берилген. Мааниси өтө терең оор чыгарма.
Адабиятта , философияда дегеле искусстводо ар түрдүү агымдар бар. Бул агымдар мезгилдин жүрүшү менен Европада пайда болгон. Кафканын бул чыгармасыда экзистенциализм, экспрессионизм сыяктуу агымдын эпкини бар.
Сонун ❤🥰
Анча мынча чет элдик чыгармаларды окуган эле абдан жакканы Женни Герхардт эле,бул чыгарма ооруган адамдын ички ой сезими экен да Кафка деп уккам ,оор экен.
Ооба, оор чыгарма. Адам турмушундагы оор жүктү чагылдырган…
Түшүнсөм өлөйүн эмне деп эле жатат? 😮
Ооба, бул түшүнүүгө оор чыгарма.
👍👍👍
Орусчасы кандай эле
Фабула эмеспи?
Жок орсшасын тындаган жокпын сиздин каналдан тындап журмин дегенмин гой
Бул чыгарма орус тилине «Превращение» деп которулган.
❤❤❤❤