“Чоң чыны суу жана 1 сом” Бейшебай Усубалиев| Аудиокитеп| Аңгеме|Укма китеп| Турмуш | Окуя

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 27 чер 2023
  • Бала кездеги бир окуя эле көкүрөктөн кетпей, чайнай берчү болду. Анда окуй элек чагым, бир күнү кечинде атам:
    - Жүргүн, балам, күттүрбөйлү,- деп калды.
    Кайда дегеним да жок, адатымча кудуңдап артынан жөнөдүм. Болотбектин үйүнө бат эле кирип бардык. Төркү бөлмөдө эл толтура экен. Бизди эле күтүп отурушкандай, кирерибиз менен баары ордуларынан тура калышты. Төрдөн орун алдык. Эки жакка көз жүгүртө баштадым. Көпчүлүгү жаш эле адамдар экен. Абышкалардан болгону экөө: атам жана Кудайберди деген чал.
    Кейпи бул адам атамдан улуу болсо керек, атам аны дайыма Куке деп чакырат. Анын үстүнө сакалы да аппак. Кудайберди атанын жанында бир кара кемпир отурат. Экөө тең ойлуу, негедир кысынгандай түрлөрү бар. «Бири-бирин таанышпайт ко, болбосо сүйлөшүшөт эле да», - деп ойлоп койдум өзүмчө. Мага баары тааныш, бир гана тиги кемпирди билбейт экенмин. Ошондуктан улам-улам карап коём. Бир маалда отургандардын көпчүлүгү мен сыяктуу эле аны карап алып, кайра муну билдирбөөгө далалаттанып жатышканын байкап калдым. Алар бир Кудайберди атаны, бир кара кемпирди карашат да, анан билмексен болуп тымырайып отуруп калышат. Карашканын экөөнөн гана эмес, бири-биринен да жашырышкандай.
    Чай куюп отурган аял да экөөнө астыртан көз жиберди да, анан мени карап сырдуу жылмайып койду. Мен уялып кеттим, атамдын артына жашындым. Эмнегедир экөөнү эле тиктейм. Экөө тең ойлуу отурушкансыйт, ойлонуп жатышабы - ким билсин, айтор кимге болбосун ойго чөмүлгөндөй көрүнөт. Деги өздөрүнчө эле жүдөп, кысынып-кымырылып отурушат. Кудайберди ата чыныны колуна алып, кыйлага туруп калат да, эс ала түшкөнсүйт. Анан кылтыйып кара кемпирди карап коёт. А тиги элди бир сыйра карап чыгат да, Кудайберди атага акырын көз жиберет…
    Эмгекти баалап, колдоо корсотууну каалагандар учун: Мбанк:990 550 269
    #аудиокитеп #кыргызча #жомок #сериал #китеп #сказки #бишкек #кыргызстан #audiobook #книга

КОМЕНТАРІ • 4

  • @user-xp2qb5ix5m
    @user-xp2qb5ix5m Рік тому +3

    Сонун окулуптур,жумшак үн,ийгилик, дагы күтөбүз

  • @user-nm3wx5qc2d
    @user-nm3wx5qc2d Рік тому +4

    Эн сонун бар бол ушундай котормолор ото тасирдук

  • @Aidosnov
    @Aidosnov 11 місяців тому +1

    34-👍
    11:45 угуп жатам
    Жакшы, назик окуйсуң рахмат👏💐