Кызамык-өтө тез жугуучу, коркунучтуу жугуштуу оору!

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 18 вер 2024
  • Баткен
    ЭМДӨӨ- ИЛДЕТТИ ЖЕҢҮҮНҮН
    НАТЫЙЖАЛУУ ЖОЛУ
    Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өлкөбүздө күч алган кызамык оорусунун алдын алуу жана ооруну жеңүүдө эмдөө маанилүү экендигин калктын калың катмарына жеткирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат жыйыны болуп өттү.
    Жыйынга Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Мустаким Акматов, республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын адиси, балдар дарыгери Жаннаткан Муратова, жугуштуу оорулар дарыгери, иммунолог, ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери жана журналисттер катышышты.
    Жыйынды директордун орун басары М.Акматов ачып, бүгүнкү жыйындын максаты - кызамык боюнча элге кеңири маалымат берүү жана өтүп жаткан эмдөө жумалыгынын маанилүүлүгүн калктын калың катмарына жеткирүү экендигин баса белгиледи.
    Ошого удаа эле Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык борборунун иммунологу Гүлмира Козубаева бүгүнкү күндө кызамык оорусуна каршы өтүп жаткан кошумча эмдөө жумалыгынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жана кызамык оорусу менен катталган статистика жөнүндө кеңири маалымат берди.
    Мындан сырткары, республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын адиси, балдар дарыгери Жанаткан Муратова кызамык боюнча өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга токтолуп, кызамык оорусу өтө тез жугуучу, коркунучтуу жугуштуу оору экендигин айтып, кызамыктын атайын дарысы жок экендигин, бирок эмдөө менен ооруну алдын алууга боло тургандыгын белгилеп кетти.

КОМЕНТАРІ •