«Дин санат» Мусулманмын десең ук. Улукбек Дастанчы.
Вставка
- Опубліковано 4 жов 2023
- #динсанат
Ырымда айтам келмени.
Ырыстуу элге термени.
Сөзүмдө айтам келмени.
Сөөлөттүү элге термени.
Ааламдардын ичинде
Акылдуу жанбыз жердеги.
Арбыдык,толдук,көбөйдүк,
Арыштан Адам келгени.
Өзгөчө сыйга ээ болду
Өз напсысын жеңгени.
Өкүттө калды өкүнүп
Өзүм-өзүм дегени.
Өзгөчө терме мендеги,
Өткөрбөй уккун эл мени.
Жаралган дүйнө кайыптан.
Жараткан таза айыптан.
Куралган дүйнө кайыптан.
Кудайым таза айыптан.
Аруулаш үчүн дүйнөнү
Акылы эси майыптан.
Элчисин элге жөнөттү
Эл билген Мекке жайыктан.
Эгемдин динин жеткирип,
Эзилип күйдү Тайыфтан.
Тоодой бакыт сунса да
Токмок жеп жүзүн чайып кан.
Камчыланып калыктан.
Кабыргасы кайышкан.
Калкына душман саналды
Кабар берип жарыктан.
Бөрүдөй талап жатса да
Бөксөрбөй деми калыптан.
Үммөтткө динди жеткирди
Үлгү алаар өчпөс жарык шам.
Теңирден түшкөн бул куран,
Теңдешсиз байлык нур куран.
Тексиз наадан адамга
Тегеле баасыз бир куран.
Алладан түшкөн бул куран,
Алмашкыз байлык нур куран.
Алладан жөө качканга,
Арзыбаган бир куран.
Кудайдан түшкөн бул куран.
Куну жок байлык нур куран.
Адам ата Исхактар,
Алладан кана алган дин.
Ысмайыл,Юсуф, Нухтардан
Ыдырыс, Иса, Луттардан,
Аманат болуп калган дин.
Алгачкы болуп Каабаны
Ибрахим салган дин.
Дүйнөнүн бетин түк койбой,
Зулкарнайн менен чалган дин.
Зумурут такта эл бийлеп,
Сулайман менен жанган дин.
Кудаймын деп кутурган,
Кутун өзү учурган,
Намурутка жалган дин.
Сахабалар улуктап,
Суусаганда канган дин.
Алланын дини эмес деп,
Абыраха чанган дин.
Ааламдардын султаны
Аллахымдын балбан дин.
Момундардын султаны,
Мухаммедтин албан дин.
Пенде билбес тилдер бар,
Периште менен пирлер бар.
Илимдин билген түр-түрүн,
Ибилис менен жиндер бар.
Пенделердин тобунда
Периште сүйгөн диндар бар.
Ибилистин соңунда
Иритер ириң диндер бар.
Ириңин ичкен илгертен,
Ибилис сүйгөн элдер бар.
Айттырбай билген барысын,
Акылы көлгө теңдер бар.
Алланы душман тутушкан,
Абулахап сыяктуу,
А кантем,
Акылы эси кемдер бар.
Жети атасы биригип.
Жети атам өткөн мусулман !
Он атасы биригип,
Он атам өткөн мусулман !
Өз атамдын атасы
Чоң атам өткөн мусулман !
Том -томдоп китеп жараткан,
Тоолук элге тараткан,
Тоголок молдо мусулман !
Сабалап айткан Манасын
Санаттап ата бабасын,
Сагымбай өткөн мусулман !
Ааламдын элин буй кылган
Ак марал айдап уй кылган,
Айкөлүң өскөн мусулман !
Алдырбас колдон намысын,
Андайлар кайдан табылсын,
Алымбек өткөн мусулман !
Намазда башы эзилип
Нан кескендей кесилип
Нүзүп бий кеткен мусулман !
Жетигендей жанышкан,
Жетик ойчул даанышман,
Жети аке өткөн мусулман !
Эртели кеч толгонуп,
Эл эртеңин ойлонуп,
Олуя,
Калыгул кеткен мусулман !
Касиет куту ыроолоп,
Кадыр Алла жылоолоп,
Олуя,
Куйручук өткөн мусулман !
Олуялар пашасы,
Очогор мылтык машасы,
Кан Бакай өктөм мусулман !
Уулунун эмес улуттун,
Энеси деп аталган.
Эчен баатыр, эчен эр,
Энтигип сөздөн такалган,
Курманжан өткөн мусулман !
Эл сүйгөн түркүн чечендер
Эшен, калпа, эчендер,
Эгесине ибадат
Кылгандар өткөн мусулман !
Ата-баба жолунан,
Алыстап кетип тобунан,
Биз болбойлу бусулган.
Айнектей көзүм тунганда,
Акка маюн сунганда.
Гаргара жаным калкылдап,
Көөдөнүмдө турганда.
Кереметтүү келмени,
Айтууга жарда бер Алла.
Аяттардан окууга,
Арт артынан токуга,
Ал кубат дарман бер Алла.
Ага-ини калың чогулуп,
Акыркы намаз окулуп.
Жалпы жамаат чогулуп
Жаназа намаз окулуп.
Көтөрүлүп денебиз
Көргө барып коюлуп.
Көөдөй үйдө жатканда,
Көтөрүлгөн кайран жан,
Көөдөнгө кайра кайтканда.
Мункар,Накир периште
Кудайың ким деп айтканда.
Жардамыңды бере көр
Жараткан,
Аллахым сен деп айтканга.
Ааламында Барзактын,
Азабы күчтүү ал жактын.
Сурагынан өтпөсө,
Суру качат арбактын.
Нукуп чагып жылаандар
Нуру качат арбактын.
Көр кысканда адамдын
Көкүрөк сөөгү майышат.
Каарына чыдабай,
Кабыргасы кайышат.
Чоң чокмор менен урушуп
Чоң найза менен сайышат.
Тозоктун отун алдыңа
Тогуз кат кылып жайышат !
Жыгыта турган убактан,
Жыгылбай өтсөң сурактан.
Кангычакты ичесиң
Каусар деген булактан.
Жаткан бир жериң кең болот
Жаннаттык жайга тең болот.
Ар-бир кылган амалың,
Адамзат,
Акыретте эм болот.
Лайлаха ИллАлла
Мусулманбыз бир Алла,
Мусулмандан капырга
Бусулбайбыз биз Алла.
Бакыт кушун качырып
Учурбайбыз бир Алла.
Улуу сапар көч тартып,
Улуу макшар майданга
Утурлайбыз биз Алла.
Шарыят жолду кармаштан,
Шайтан менен чайкаштан,
Утулбайбыз бир Алла !
Макшарыңда азаптан
Маанисиз толгон казаттан,
Сактай көргүн жараткан !
Кыйсыпыр түркүн кылыктан,
Кыйаматта былыктан
Актай көргүн жараткан.
Кыл көпүрө сироттон,
Пенде кылгын шыр өткөн.
Пейилим менен ишенип,
Тилек кылам жүрөктөн.
Пайгамбарым Мухаммбет.
Салават айтам өзүңө
Санаалаш болгун өзүмө!
Жаханнам отун көргөзбө
Жаннатты көрөөр көзүмө.
Жаратканым күнөөм кеч,
Жакшылык жазгын сөзүмө.
Аптаптуу күндүн табында,
Булутта кылгын жараткан,
Бүткүл кылган күнөөнү,
Унутта кылгын жараткан.
Гүлү өсүп буралган,
Күндө гүлүн сугарган.
Күкүк торгой булбулдар,
Сайраган күндө чынардан.
Санатын күндө угалган,
Сан кумардан чыгалган,
Жаннаттык жандан кыла көр.
Жалганыңда пендеңдин,
Жалынган үнүн уга көр.
ЭН соонун терме болуптур !! Бар болунуз
МашааЛлах
АЗАМАТСЫҢ УЛУКБЕК . ТАЛАНТЫҢ ТАШКЫНДАЙ БЕРСИН . ❤️❤️❤️👍🏻👍🏻👍🏻 1:09 🎼🎼🎼🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Чыгармачылык ийгилик каалайм Аллахым озу колдосун
Аллах ыраазы болсун Аллах өзү колдосун 🤲🤲
Баракелди онорун онуп осун
Улук байке! Баардык жакшылыктарды каалайм.. Мыкты чыгыптыр 👍🏻👍🏻👍🏻.
Аллах ыраазы болсун Улукбек аке
Аллахым динди комуздун кылы менен даават кылганды насип кылсин. Оомийин
Ай баракелде-ее-ееее-ее🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥👏👏👏👏👏👏👏👏эң соонун
Өнөрүңүз өркүндөй берсин!
Улукбек, азаматсын ийгилик каалаймын бар бол бактыбызга. 👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Азаматсын балам балли
Ай бали ошол сиз мактап ырдаган Аллах сизди жана баарыбызды колдосун
👍👍👍🔥🔥🔥
Керемет👍👍👍
❤❤❤ баракелде ❤️❤️🔥❤️ Алла таала оңдосун Арбак колдосун ❤️❤️❤
Азаматсын 🤲👍☝️🕋🇰🇬
Аллаа озу колдосун ❤❤❤❤
Чыгармачылк ийгилик,
Дастанды ийнине жеткире аткарасын бар болунуз.
❤❤❤❤Аллахым колдосун Кыргыз элибизди жана сизди❤❤
Азаматсын Бали.
💥💥💥✊✊✊🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Аллахым ыраазы болсун иним эн сонун терме
Улукбек дозум Алла раазы болсун сага, Аллахым өмүрүңө береке берсин дүнүйө акырет бактылуулук каалайм.
👍👍👍👍👍👍👍
Эн соонун терме !!! Аллахым ар Бир мусулманды келмеси менен чогуу алып кетишти насип этсин. Азамат!! чыгармачылыгына ийгиликтерди каалайм.
Амин Амин Амин
Аман бол айлананайын балам! Өнөрүң өркүндөй берсин алтыным!
Аллах сени биздин башыбыздан алыс кылбасын ушул сыяктуу ырлар керек бизге
Аллаху Акбар
Баракелде 👍👍
Баракелде.
Аллах ыраазы болсун!!!
Кудай колдосун!
💥💥💥
🇰🇿❤️🇰🇬
👍👍👍👍👍
👍
Молодец онорун оркундой берсин
Эр табылдынын тортунчу болугун качан чыгарасын тууганым
👍🏿👍🏿👍🏿👍🏿👍🏿
МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах МаашааАллах
Аллахым ыраазы болсун омурунузду узуун жана мынданда артык берекелуу кылсын Амиин Аллаху Акбар.
Молодец коп чыгарчы сагындырбай
Аллах ыраазы болсун
Ата тектин акындардын учугун улаган чыныгы акын.
Илгерки акын аталарыбыз ыры менен насаат тарбия акыл накыл создорду айткан жаш муунга .
МаашааАллах
Бул ыр кайсыл акынга тийиштүү
Баракелде, автору ким болду экен?
Өзүм.
@@Ulukbek_Dastanchy Аллах Таала ыраазы болсун.
@@Ulukbek_DastanchyУлук байке кечиресиз,сиздин комуз черткен,акындыгыныз жана Манас айткан талантынызды сыйлайм,бирок Манасты да айтып жана Манаска каршы болгон иудейлердин жазган китебин даназалаганыныз кулкулуу корунуш эмеспи? Манас айтууну сиз жаттап алып айтат окшойсуз. Тушко аян болуп кирген Манас саптары ал оригиналы. Оригиналда Манас Бабабыз динчил болгон эмес. Ушул жерди тактап мага жооп айтып койсонуз.
Жок дегенде Ак Кудайлардын тукумдары болгон улуу сыйкырчы Ажыдаарларды арабдаштырбай эле койсонуз болмок. Ак Кудайлардын тукуму кантип кара кудай Яхвеге сыйынсын. Вроде акынсыз го таланттуу.а буга логиканыз жетпейби. Же изилденбей даяр программа менен жашамайбы сиздики да? Кечиресиз дагы бир жолу,чындап тактагым келди,жооп кутом.
@@user-vd1xt6lq6s Сени түшүнгөн жокмун. эмне жөнүндө айтып жатканыңды дагы.
Чала молдолор кудайым озу жар болсу
Н десенер,кайдагы создорду жазасынар
ма ша Аллах Аллах ыраазы болсун бактылуу бол Аллахым омур бекем денсоолук берсин сага
👍👍👍