Омар & Динара Акулова & Гүлгүн жаш

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 6 вер 2024
  • сөзү; Э. Ибраев
    обону; А. Бедияров
    Гүлгүн жаш
    Өткөн өмүр өкүнтөт, пайда барбы,
    Өкүнгөндө же табар пайда барбы?
    Күлкү менен, шаң менен таңды атырган,
    Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш,
    Жалын жаш, ай, жалын жаш, кайда калды?
    Кайда калды?
    Жылаңайлак суу кечкен сайда калды,
    Жылгалардан гүл терген жайда калды.
    Ишке тойбой, ыр менен күн батырган,
    Жалын жаш, ай, жалын жаш,
    Жалын жаш, ай, жалын жаш,
    Кайда калды, кайда калды?
    Ташты эритер сендеги чоктун деми,
    Кайсы топко алпарып коштуң мени?
    Айрылгым жок, айлам жок, аргам да жок,
    Кош бол, менин жаштыгым,
    Кош бол, менин жаштыгым.
    Кош бол эми, кош бол эми…

КОМЕНТАРІ • 1

  • @user-jz5jr8gc8q
    @user-jz5jr8gc8q 10 місяців тому

    Мыкты ырдаптырсынар эжекендин жолун жолдоп эл дик наа мга жет уулум