Маткасымов заводун 30 жашта $5 миллионго курдум / Убай Маткасымов / Жаратман подкаст

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 17 тра 2024
  • Жаратмандын жаңы чыгарылышы: кыргыз жаштарынын ийгиликтери: Ишкер Убай Маткасымовдун таржымалы
    Бул кызыктуу чыгарылышта биз өз кыялын ишке ашырган ишкер, өндүрүшчү Убай Маткасымов менен маектешебиз.
    Жаш курагына карабай Убай баштаган ишинде ийгиликке жетүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга жана сыноолорго туш келди.
    Базардагы алгачкы кадамдан тартып ишкердиктин мыкты Маткасым компаниясын, үю наркы 5 миллион доллар турган ири заводду жаратууга чейинки баскан жолдун баянын угасыздар.
    Бүгүнкү күндө Маткасымов компаниясы Кыргызстандын базарын эле ээ болбостон башка мамлекеттерге да өз продукцияларын ийгиликтүү экспорттойт.
    Биздин маекте Убайга кыйынчылыктарды жеңип, ишкердиктин бийиктигине жетүүгө өбөлгө болгон жагдайлар тууралуу сүйлөштүк. Ийгиликтүү ишкердин сабагын угуп, өз бизнесиңиздин деңгээлин жаңы деңгээлге көтөрүүнүн сырларын билсеңиз болот.
    Өз кыялыңызды кантип ишке ашырууга болоорунун жолун көрсөткөн, шыктандыруучу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!
    Бизге катталып, лайк басып, досторуңузга бөлүшүңүз.
    Биргелешип ийгилик жараталы жана бири бирибизди колдоп, шыктандыралы!
    Жаратманга салым кошуңуз:
    M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040
    OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov)
    ►Биздин Instagram:
    / jaratman_podcast
    ►Биздин TikTok:
    / jaratman_podcast
    ►Instagram Урмат Насыкулов:
    / urmagramm
    ►Видеомейкер:
    / izat_mukhametaliev
    ►Музыка:
    • Кадыр Батырканов & Кыл...
    #УбайМаткасымов #Жаратман #ЖаратманПодкаст #Jaratman #Маткасымов #Markasymov #УрматНасыкулов #Кыргызстан #өндүрүш #ишкер #завод
    00:00 Башталышы.
    02:51 Убай Маткасымов менен таанышуу.
    3:37 “Маткасым” компаниясы жөнүндө.
    6:00 Компаниянын акчалай баалоосу.
    7:15 Убай Маткасымовдун өндүрүшкө келүү себептери.
    9:51 Соодачылыкка аралашуу.
    17:52 Алматыда өткөн 5 жыл.
    20:55 “Базар мектеби эмнени үйрөттү?”.
    22:32 Ата-энеден алынган баалуулуктар.
    23:13 Соодачылыктан өндүрүшкө өтүү жолу.
    31:40 Миң доллардын берекеси же жашоодогу оор күндөрү.
    37:20 “Кыргызстан жакында санариптик телеберүүгө өтөт” - көрөгөчтүктүн мааниси.
    41:25 “Өз колуң менен жасаган антеннаны бирөө сатып алганда кандай сезимдер болуп өттү?”.
    46:14 “Маткасым” брендине таандык болгон сатылган антенналардын саны.
    52:15 28 соток саздык жерден башталган завод.
    53:45 Башталган өндүрүштө эң чоң болгон кыйынчылыктар.
    59:57 Бүгүнкү күндө “Маткасым” өндүрүш компаниясынын патентке ээ болгон канча буюму бар?
    1:00:08 “Күйүп кетүү”, башкача айтканда “выгорание” жөнүндө.
    1:03:06 COVID учурундагы компаниянын ишмердүүлүгү.
    1:08:28 “Маткасым” компаниясынын ичинде башкаруу жана пландоо системасы.
    1:11:56 Компаниянын миссиясы жөнүндө.
    1:18:54 “Заманбап кыргыз үй-бүлөнүн жашоо образы кандай болуш керек?”.
    1:22:04 “10 жылдан кийин өзүндү кандай элестетесиң?”.
    1:27:10 “Жаратмандык энергияны күчөтүү үчүн адам эмне кылыш керек?”.
    1:29:56 “Кадыр-баркты күчөтүү үчүн эмне кылыш керек жана эмне кылбаш керек?”.
    1:32:32 “Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жаштарынын эң башкы көйгөйү эмне?”.
    1:36:09 “Миграция маселесине өндүрүштүн өнүгүүсү кандай жардам бере алат?”.
    1:38:30 “Өндүрүш тармагында Жаратмандар көбөйүшү үчүн кандай шарттар түзүлүп берилиш керек?”.
    1:42:30 Убай Маткасымов мураскерлер жана жолдоочуларына бере турган кеңештер.
    1:46:30 Конкурс.

КОМЕНТАРІ • 1,5 тис.

  • @user-po4ub7vf2n
    @user-po4ub7vf2n 7 місяців тому +255

    Кухняга сенсорный плитаны Маткасымов деген кыргызча ат учун сатып алгам Жунхайдан.Маткасымов ,бир чоон киши,уйундо отуруп алып жасап жатканын элестеткем.Ошол кыргыз кишини колдоп сатып алган плитам 5,6 жылдан бери иштейт.андан мурун кытайлардыкы толук бир жыл иштечу,дагы барып жаны алчумун.Маткасымов плитасын дагы эле колдонуп жатам.Чон рахмат!❤Бул подкастты тарбия алсын деп кыздарыма тааныштарыма жоноттум.Ото терен тушунугу бар жигит экен.Ушундай кыргыз балдарды коруп, кыргыздын келечеги кен экенине умутум чон.❤Бактылуу бол!!!!!🤲🤲🤲🤲👍

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +7

      Урматтуу жаратман, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

    • @alikf16
      @alikf16 6 місяців тому +11

      Мен да биринчи жолу Маткасымов деген бир жашы откон мастерскойдо СССР убагында иштеген мурутчан киши ушул антеннаны жасап чыгыптыр деп ойлогом 😅. Барибир антенна алам кытайдыкын алганча кыргыздыкын алайын деп сатып алган элем. Азыркыга чейин иштейт. Бул передачаны коруп Маткасымов деген менден 12жаш кичине, ой жугуртуусу башкача, замандан мурда жургон,боло турган окуяларды алдын ала сезип чечим чыгарган ,турктор айткандай адамсын сен адамсын деген АДАМ экен.

    • @Englishwithukasha5
      @Englishwithukasha5 6 місяців тому +1

      Аллах ыраазы болсун, сиздей патриоттор көп болсун.

    • @user-dd2ut5jp8k
      @user-dd2ut5jp8k 6 місяців тому

      Lĺppp
      😅

    • @user-cy2ef5oi5v
      @user-cy2ef5oi5v 6 місяців тому

      Жакшы аракети бар экенго угуп атып тык токтотттум жакпады

  • @user-zr3zr1mc6u
    @user-zr3zr1mc6u 6 місяців тому +61

    Көптөн бери Москвада мигрант болуп эмгектенебиз. Бул эфирден кийин өз мекенибизге кайтып, иш баштоого чечим кабыл алдык.
    Бизге бул чооң ачылыш болду. Рахмат жөнөкөй , кичи пейилдигинизге. Сиз менен жоолугуп иш баштаган насип этсин бизге🤲🏻 ишинизге ийгилик.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  5 місяців тому +2

      Жаратманды көрүп, угуп, колдоп жатканыңыз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!Бул видеого лайк басып, шилтеме менен бөлүшүп, каналыбызга катталып кетиңиз. Алдыда дагы көптөгөн кызыктуу чыгарылыштарга күбө болуңуз!

    • @nurdinbek9231
      @nurdinbek9231 5 місяців тому

      Амин

    • @FatimaAbdulhamidova-mi6nh
      @FatimaAbdulhamidova-mi6nh 4 місяці тому

      🎉🎉👍👍кайткыла өз жериңерге

    • @user-se1kf9wg9e
      @user-se1kf9wg9e 2 місяці тому

      Кайткыла менда буйруса жайда кочуп кетем

  • @BarsbekQagan
    @BarsbekQagan 7 місяців тому +60

    Убай мырзага окшош миссиясы бар Кыргыз жарандары көп болсун.🇰🇬

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

    • @BarsbekQagan
      @BarsbekQagan 6 місяців тому

      @@jaratman_podcast Макул, жарайт!

  • @blagoblagaja4627
    @blagoblagaja4627 2 місяці тому +3

    Маткасымов-человек ,бренд,возникший без хайпа и рекламы ,на голом энтузиазме ,уме,мудрости и человечности🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬👏👏👏👍👍👍. Алга Убай! Алга Маткасымов!

  • @user-jo3qk1sz2v
    @user-jo3qk1sz2v 7 місяців тому +56

    Маткасымов СНГ да номер один продукт болот ишАллах.Кудайым куч кубат берсин.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Каналыбзга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @Kubat_Ke
    @Kubat_Ke 7 місяців тому +77

    Жогорку билими жок, ошол учурда эле билимдуулорго билим берип, акыл уйроткон адам - бул чыныгы талант. Уй булоонун баалулугу - Адам болсо, биздин олкобуздун баалулугунун бири бул Убай мырза экен!

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @dastanka7227
    @dastanka7227 7 місяців тому +244

    Маткасымов орто азиянын келечектеги Икеясы деп ишенем.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +3

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

    • @adiletsuranov5590
      @adiletsuranov5590 6 місяців тому +4

      Биринчиден жаратман сихдерге рахмат абдан адамга керекту маектерди кыласынар.Екинчиден бул акебизге абдан керекту нерселерди айтып жана ошондой еле бизге мотивация берип кети десе да болот абдан соонун болуп тур маек👍

    • @uud6344
      @uud6344 6 місяців тому +3

      Ишине ийгилик. Тенир колдосун!!

    • @user-oz9gm4wp9f
      @user-oz9gm4wp9f 6 місяців тому +2

      Азаматсын Убай ишине ийгилик!!!

  • @zamirsamatov1989
    @zamirsamatov1989 7 місяців тому +160

    Болбосун түз жолунан адашкандар.Көп болсун ушундай жаратмандар.Эки дүйнөдө бактылуу болсун! Ушул видеону досторуна,туугандарына тараткандар.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

    • @user-hm8vp4lx8r
      @user-hm8vp4lx8r 6 місяців тому

      ​​@@jaratman_podcastАйылдарда кочолордоо карангы фонарлар, освещения чырактарды чыгарса жакшы болмок.

  • @user-xh5os5ur9u
    @user-xh5os5ur9u 7 місяців тому +71

    Баягы согуш көргөндөй талкаланган "Кыргызмаш " заводун ушундай жигиттерге бериш керек...

    • @user-tz3qh3jz6i
      @user-tz3qh3jz6i 6 місяців тому +1

      Кыргыз Маш Атамбаев бербейт

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

    • @user-vc7ps7sm2q
      @user-vc7ps7sm2q 6 місяців тому

      Тартып.алыш.керек.

  • @morokadyr5500
    @morokadyr5500 7 місяців тому +90

    Бул жигиттин койгон миссиясына абдан ыраазы болдум. Ушул маеги менен эле канча адамдын ой жугуртуусуно чон таасир калтырды деп ишенем. Байлык учун эле эмес келечек учун, коом учун, адамзат учун алдыга койгон миссиясына ийгиликтерди каалайм. Маекти корууго кетирген убактыма ыраазы болдум. Рахмат!

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +2

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @user-nt1mf5hu1t
    @user-nt1mf5hu1t 7 місяців тому +11

    Менин жолдошум да 5 жылдан кийин ушул Убай мырзанын ордуна отуруп интервью берип калса екен 🙏🙏🙏🙏🙏оомийин деп коюнуздарчы...

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @user-mp4ol5yt9l
    @user-mp4ol5yt9l 6 місяців тому +15

    Бир жигит канча деген миллионер, чиновниктер кылбаган ишти жасап, завод ачып, жумуш берди, мындай жигиттер коп болсун! Азамат! Мен да антеннаны коргонндо суйунгом, биздикилер чыгарыптыр, колдош керек деп сатып алгам.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Бизди көрүп, угуп жатканыңыз кубандырат. Видеого лайк басып, чыгарылыштын шилтемеси менен бөлүшүп, каналыбызга катталганды унутпаңыз. Алдыда дагы көптөгөн кызыктуу чыгарылыштар күтөт. Чоң рахмат! 👍🏻

  • @gulzhanbeishembieva2407
    @gulzhanbeishembieva2407 7 місяців тому +126

    Я так давно не слышала настолько грамматную речь на кыргызском языке, столько глубины и искренности в рассказе, столько много знаний и глубины рассуждений. Филасофия жизни и методы применения для улучшения и успешности через призму "шугур, ыйман, таза ой-жугуртуу". Огромное желание появилось после просмотра покупать продукты Маткасымова. Как показал Убай, основная миссия компании - это человесность! Удачи Вам во всех начинаниях. Будем только поддерживать. 💫💫💫

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +2

      Арыбаңыз, замандаш! Биздин каналга катталып, видеого лайк басып, бул чыгарылыштын шилтемеси менен соцтармактарда, группаларга бөлүшүп койсоңуз, абдан ыраазы болоор элек. Рахмат!

    • @KyrgyzDev
      @KyrgyzDev 6 місяців тому

      Деп туруп, озун кыргызча суйлобойсун.

    • @Nokio.1
      @Nokio.1 6 місяців тому

      Манкурт, кыргызча жаз!

    • @jgxvjhch2192
      @jgxvjhch2192 4 місяці тому

      БУТУНАН ТУРА АЛБАЙ ЖАТСА БЕЛЕК АЛУУНУН ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР ЭЛЕ.

  • @user-sm4hl6wd8w
    @user-sm4hl6wd8w 7 місяців тому +16

    Мен маткасымовдун таварлары менен алып сатып алектенем бир дагы брак же болбосом бузук чыкпайт. Азаматсыз Убай байке 👍🏻👍🏻Буйруса сиздей бизнесмен болобуз😊

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @user-ov8kt6cu7f
    @user-ov8kt6cu7f 4 місяці тому +1

    Ата-энен сыймыктангандай бол деп ушул Убай акедей уулдарды айтса керек.Аябай жонокой жана акылдуу экен.

  • @user-lz4qb2xu5k
    @user-lz4qb2xu5k 7 місяців тому +34

    Ушундай Акылман, кеменгер, корогоч, сабырдуу, илимдуу, торт тарабы топ келген, элге кызмат кылган, келечекти коро билген Эр азаматтарыбыз менен сыймыктанып батабызды берели,кудай буюруса олкобуз бат эле онугот. Ватсаптагы баардык тааныштарга жонотуп жибердим. Ийгилик силерге

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Урматтуу замандаш, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

  • @cozyfari
    @cozyfari 7 місяців тому +16

    2 жыл мурун биринчи жолу кир жайуучу буюмду сатып келип Маткасымов деген логону коргондо, чын эле бул эмне деген аталыш деген ой келген. Мага чынында бир депутаттын атындай эле угулган. Анан байкасам Кыргызстанда жасалган деп турат. Бизде ушундай буюм жасалабы деп аябай толкундангам. Жергиликтуу ондуруштун ар бир буюму абдан кубандырат. Азыр Маткасымов компаниясынын миссиясын угуп абдан жактырдым, ишиниздерге ийгилик!

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Урматтуу замандаш, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

  • @esenjakshylykov6652
    @esenjakshylykov6652 7 місяців тому +11

    Урмат байке Убай байке өтттө суранам, мага экскурсия кылганга мүмкүнчүлүк бергилечи🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉🙉 Менин атым Эсен 22 жаштамын менин дагы келечекте кыла турчу өтө чоң пландарым бар,балким Убай байке менен жолугуп сүйлөшүп калсам мага пайдасы тиет. Убай байке өзү айткандай балким менин дагы жашоомдун өзгөрүшүнө себепчи болот.🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗🤗

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @user-nm5hi3vb2t
    @user-nm5hi3vb2t 6 місяців тому +5

    Маткасымов десе, мен жашы улуу адам деп элестетчүмүн. Көрсө,жапжаш жигит экен. Биринчи жолу көрсөм да ,өтө жылуу таасир калтырды. Жашым 60ка келип калса да, өзүмдү анын жанында сары ооз балапандай сезип кеттим. Бар бол,аман бол !

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Бизди көрүп, угуп жатканыңыз кубандырат. Видеого лайк басып, чыгарылыштын шилтемеси менен бөлүшүп, каналыбызга катталганды унутпаңыз. Алдыда дагы көптөгөн кызыктуу чыгарылыштар күтөт. Чоң рахмат! 👍🏻

  • @Berdalievnam
    @Berdalievnam 7 місяців тому +13

    Убай Маткасымовту тарбилап остургон ата энесинен Аллах таалам ыраазы болсун,аябай дем куч беруучу адам экен.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Урматтуу замандаш, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

  • @user-qg9dk7cl7y
    @user-qg9dk7cl7y 4 місяці тому +3

    Өтө чоң ыраазычылык,Урмат жана Убай!Кыргыздын караңгыдан жол тапкан жаштарды көрүп үмүт илгери !Өмүрлүү болгула!Ийгилик!Ушунчалык терең ,ички дүйнөсү бай ,адамдык сапаты бийик жигит экен,ата-энесине рахмат!

  • @bekamaksatovich2327
    @bekamaksatovich2327 7 місяців тому +43

    Азаматсынар жигиттер Москвада журуп уктум, кадимкидей дем,куч кубат, жылуу маанай тартууладынар, Кыргызымдын камчыга сап жигиттери,келечекке,жаш муунга,мисал боло алган силерсинер,силердей жаратман замандаштарыма сыймыктанам,уучубуз куру эмес. «Уулдун Убайын кор» деген ушул эмеспи.Убай, жаны коз караш,жаны демилгелерин узулбосун, балдарын да Хафиз илимдуу билимдуу Руханий жана Диндар кыраакы аалым болуп чонойушсун.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

    • @user-tv9wp8ww9x
      @user-tv9wp8ww9x 6 місяців тому

      ​@@jaratman_podcast❤❤❤❤

  • @user-ri6dy6rv3s
    @user-ri6dy6rv3s 29 днів тому +1

    Азаматсыз Убай Мырза......жашообузга өтө керектүү нерселерди ойлоп чыгыпсыз.Аллах жардамчыңыз болсун

  • @user-go9lr3bf8j
    @user-go9lr3bf8j 7 місяців тому +6

    Азаматсын Убай, Кыргыз элинен сендей жаратман чыкканына сыймыктанам. Ищин оркундоп осо берсин. Маматкасымов заводу дуйного таанылсын.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @Asylkan1921
    @Asylkan1921 7 місяців тому +10

    Кыргыз жаратмандарына даңк! Кыргыз өндүрүшүнүн бир бурчун эң мыкты деңгээлде тартып келаткан Маткасымов брендинин географиясы жайыла берсин. Кыргызымдын жаратмандары менен сыймыктанам. Маткасымов
    брендин кубануу менен колдоном. Убай мырзанын акылмандыгына таазим🙏🇰🇬❤️💐

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Арыбаңыз, замандаш! Биздин каналга катталып, видеого лайк басып, бул чыгарылыштын шилтемеси менен соцтармактарда, группаларга бөлүшүп койсоңуз, абдан ыраазы болоор элек. Рахмат!

  • @user-pj3pv6ye7k
    @user-pj3pv6ye7k 7 місяців тому +35

    Мен жаратманды уккандан кийин дуйного болгон коз карашым озгорду. Бул подкасты уккандан кийин Кыргызстандын жакын арада озгорушун тушундум. Себеби «уга берсен журокко кирет, андан кийин амалга отот» - дегениндей. ☺️

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

    • @user-ep1jn7ep8o
      @user-ep1jn7ep8o Місяць тому

      Мен да аябай таасирлендим, жаратманды коруп . 43ко чыксам да алдыга коп жакшы максаттарды койдум . Урмат сага чон рахмат , ушундай жакшы долбоор баштаганына

  • @ion311012
    @ion311012 6 місяців тому +13

    Россиядан салам! Гордость кыргыз элим! Онугуп осуп баарыбыз туулган жерибизге кайталы!

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @jazgulabdyldakun1551
    @jazgulabdyldakun1551 Місяць тому +1

    Жасап жаткан иштеринин элге руханий пайдасын тийгизгенин максат кылган эмне деген чын дилден чыккан таза, ак ниет, ошону жеткире юилген эмне деген терең маанилүү, салмактуу, таамай сөздөр ! Жөн гана акылдуу, эстүү бала эмес, жаш болсо да акылман бийик адам, мыкты ишкер экен. Жаштарга мыкты үлгү болот. Убай Мааткасымовго Алла Таалам күч-кубат, ден соолук берсин!

  • @user-sz6ns9oz4l
    @user-sz6ns9oz4l 7 місяців тому +27

    На самом деле при просмотре понимаешь насколько ты перегружаешь свой мозг разным мусором из Инстаграма или тик тока, но к сожалению это становится подсознательной привычкой. Гость подкаста молодец, простым языком объяснил многие моменты

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @Nijazbek
    @Nijazbek 7 місяців тому +35

    Чыгарылышты көрө электе лайк баскандар биргебиз😅

    • @user-sz5br2sc4h
      @user-sz5br2sc4h 7 місяців тому

      Чыгарылыш чыга электе эле лайк баскам. ☹

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @Englishwithukasha5
    @Englishwithukasha5 6 місяців тому +7

    Аллах ыраазы болсун, сиздей патриоттор көп болсун.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      ✅лайк
      ✅шилтеме менен болүшүңүз
      ✅каналыбызга катталыңыз
      Колдооңузга рахмат!

  • @user-rd6qv2cp7q
    @user-rd6qv2cp7q 12 днів тому +1

    Тамчыдан кол куралат💪🔥Аллах ОЗУ колдосун алга👋 Убай😊🇰🇬🤲

  • @user-lz4qb2xu5k
    @user-lz4qb2xu5k 7 місяців тому +72

    Айланайындар мен 64 жаштамын силердин корсотуунорду кыймылдабай бир дем менен кордум, ушунчалык баа берип суйундум. Убай сенин Ата, энене рахмат сага жакшы тарбия Берген. Бул корсотууну мектеп, ВУЗ дарга атайын айына ,неделядабы баарын чогултуп коргозсо кандай сонун болоор эле, муну жаштар оной менен корбойт да. Алтынбектин ырындай Байка кыргыз бир нерсе башталууда, Баткак кечкен кадамдар ташталууда Кара курсак кампайып тойгон менен,Корком,корком Жан дуйнон ач калууда дейтго. Бар болгула айланайындар, Жаратканым жалгасын Кыдыр Ата Умай Эне колдосун. АК жалгасын.

    • @fid43
      @fid43 7 місяців тому +1

      Ак баталар орундалсын. Айтканыңыз келсин!

    • @emirbatyrkanov5190
      @emirbatyrkanov5190 7 місяців тому +1

      Кыдыр атанар колдобойт

    • @jumabekasanov4103
      @jumabekasanov4103 7 місяців тому +3

      Аллахым колдосун

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @user-kq6wm1xe3k
    @user-kq6wm1xe3k 7 місяців тому +14

    Убай алып баруучу айланайындар силерди угуп отуруп ушундай ойго келдим кыргызым ушундай балдарыбыз менен келечегибиз кенен!!Силерге узун омур,ден сколько каалайм!!!

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Арыбаңыз, замандаш! Биздин каналга катталып, видеого лайк басып, бул чыгарылыштын шилтемеси менен соцтармактарда, группаларга бөлүшүп койсоңуз, абдан ыраазы болоор элек. Рахмат!

  • @zhaza7
    @zhaza7 Місяць тому +1

    Эң жөнөкөй мырза,ишкердик менен коомго пайда келтирүү ой жүгүртүүсү кенен адам экен.

  • @aidaiasanbekova269
    @aidaiasanbekova269 7 місяців тому +50

    Это первое интервью который я посмотрела с Убай мырза. Осталась под очень большим впечатлением. Большой респект. Особенно понравилось использование стратегии приоритизирования ценностей. Видно, что у человека твердые намерения. Успехов!

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @kanatg7313
    @kanatg7313 7 місяців тому +6

    Ubai деген бренд ачса болот экен аты международный брендке жарашат экен

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @RysbekMirzaparov
    @RysbekMirzaparov 7 місяців тому +49

    Желаю создать свою "Икею" Кыргызскую! Дай Аллах чтоб люди восхишались тобой вдохновились и меняли свою образ жизни. Отдуши желаю тебе в будущем здоровье, успех, энергию и семейного счатья, братец!✊

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @user-ul1cv5fj7v
    @user-ul1cv5fj7v 6 місяців тому +1

    Эң аягында сахна артындагы жүздөрдү көрүү жагымдуу болду😍

  • @user-dg1gg2ou3n
    @user-dg1gg2ou3n 6 місяців тому +5

    Убай мырзадан ото уйроно турган коп нерселер бар экен. Аллах колдосун ушундай билимдуу адамдар коп болсун Кыргыз элибизде.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  5 місяців тому

      Пикир калтырганыңызга алкыш. Каналыбызга катталып, лайк басып, шилтеме менен бөлүшкөндү унутпаңыздар. Алдыда дагы көптөгөн кызыктуу чыгарылыштар бар! 👍🏻

  • @BiniMy
    @BiniMy 7 місяців тому +60

    Очень круто! Один из самых ярких представителей нашей страны - Убай мырза! Сегодня благодаря его таланту и высокому профессионализму наша страна растет и процветает. Рассказал о жизненном пути и о производстве. Видно очень скромный, мудрый человек. Желаем успехов, процветания!

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @sanjaremilbekov
    @sanjaremilbekov 5 місяців тому +6

    УРМАТ БАЙКЕ “ЖАРАТМАН” подкастын жараткан ӨЗҮ ДАГЫ ЖАРАТМАН 🔥👍
    Өтө пайдалуу болуп жатат!

  • @user-hq6so5ee6w
    @user-hq6so5ee6w 6 місяців тому +2

    Ийгилик, Убай байке.

  • @user-tq9zl1io4q
    @user-tq9zl1io4q 2 місяці тому +1

    Урмат сага Аллахым ыраазы болсун!!!Сен болбосоң кыргызымда ушундай жигиттер бар экенин билбей жүрө бермек экенбиз

  • @zbaikeeva7528
    @zbaikeeva7528 7 місяців тому +11

    Урмат мырза жаратмандарды сонун ачып бересин азамат!Убай мырзанын миссиясы жакшы экен,менден сунуш болсун Кыргызстандын айылдарынан 1айылдан ар жылы ошол тармакка кызыккан 1баланы алып окутушса сонун болмок

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @BiwkekSitiKyrgyzstan-gh1sb
    @BiwkekSitiKyrgyzstan-gh1sb 7 місяців тому +22

    Маа шаа Аллах, көзгө жаш келди ,дос тең экенбиз,өтө экөөбүздүн ойубуз окшош экен,баалуулук, жашоодогу миссия...

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @Nazira-jo2cj
    @Nazira-jo2cj 2 місяці тому +1

    Жаман коздон жаман создон Аллахым озу сактаган болсун Коз тийбесин Машалла

  • @user-tq9zl1io4q
    @user-tq9zl1io4q 2 місяці тому +2

    Кыргыз болуп төрөлгөнүмө ушуга чейин эле сыймыктанып жүрсөм, Убай менен Тойбосстун жетекчиси Мырзабектин маектерин уккандан соң чын жүрөгүмдөн Аллахыма чексиз ыраазымын, кыргызымда ушундай акылдуу, билимдүү, ыймандуу инсандар бар экендиги үчүн!!! Сөздөрүн угуп аябай толкундап,бир сыйра ыйлап да алдым

  • @user-xm8im1go1p
    @user-xm8im1go1p 7 місяців тому +15

    Маткасымов десе аябай чоон кишини элестеткен элем😊 Жапжаш эле аке турбайбы, жердеш дагы экенбиз, ийгилик сизге!
    Аябай сонун чыгарылыш болуптур, на одном дыхании кордум👍👍

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @akylaiabdykalyk7261
    @akylaiabdykalyk7261 4 місяці тому +5

    На одном вдохе посмотрела. На столько пронзительно мыслящий человек, искренний и человечный. Я далеко от бизнеса человек, но прослушав его каждый не важно в какой сфере он трудится поймёт главные ценности жизни! Будьте здоровы. Абсолютно с вами согласна.

  • @user-rs5xs2tz6e
    @user-rs5xs2tz6e 10 днів тому +1

    Кыргыздын келечеги бар экен.👏👍

  • @user-fb2rr5on8k
    @user-fb2rr5on8k 2 дні тому

    Убай айланайын, Аллахыбыз баарын бериптир, аны пайдаланып, жатканына терен ыраазычылык билдирем.Менин каалоом: Чын ден соолук, узун бактылуу омур, уй- булоолук бакыт.Ишине ийгилик, осуу, онугуу боло берсин. Суук коздон, жаман создон, Аллахыбыз сактасын.Апана узун омур,ден соолук каалайм.

  • @user-ux7ke9zb2l
    @user-ux7ke9zb2l 6 місяців тому +7

    Эн алдыңкы өнүккөн мамлекеттерден болуп, көптөгөн элге пайдалуу продукциялар чыксын, келечекте ар бир үйдө роботтор кызмат кылып жүрүшсүн, ийгилик!

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Урматтуу замандаш, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

  • @user-tj9wy4nb2m
    @user-tj9wy4nb2m 7 місяців тому +29

    Убай, сиз жаштарга, жалпы кыргыз элине туура баалуулуктарды корсотуп жатканынызга чоон ыраазычылык.
    Жараткан Кудайга, ата-эненизге миндеген ыраазычылык сиздей адамды кыргыз элине белек кылып бергенине!
    Ар дайым Жараткан сизди, уй-булонузду, жакындарынызды колдосун❤

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @ghynaramammetova9117
    @ghynaramammetova9117 2 місяці тому +1

    Азамат жигит экен кудай колдосун Кыргызстанда ушундай жаратмандар көп болсун.

  • @SamsungGalaxy-sn7wh
    @SamsungGalaxy-sn7wh 6 днів тому +1

    Маткасымов деп турат кыргыз окшойт деп антенна сатып алгам ишине ийгилик

  • @user-qc8sb9pk2k
    @user-qc8sb9pk2k 7 місяців тому +6

    Убай ишиңе ийгилик сени менен эжең тугандарың сыймыктанат үйбүлөңменен бактылуу бол! Мен:Маткасымова Фарида Эжең😊

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @user-mz4wl7se3m
    @user-mz4wl7se3m 6 місяців тому +12

    Когда узнал про компанию Маткасымов ,очень сильно хотел встретиться с вами .Ин ша Аллах я тоже буду открыть свой завод ,прям очень много узнал спасибо каналу ✊😊

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @akylbekimankulov8375
    @akylbekimankulov8375 2 місяці тому +1

    Аллах ушундай балдарга,ишкерлерге куч кубат берсин, кыргыз жаштары ушундай жаратман болсун

  • @user-qt3ed3zx9p
    @user-qt3ed3zx9p Місяць тому +1

    Кудайга шугур бизде да ушундай кучтуу жаратмандар бар экен. Корунушун карасан башка бирок суйлогон создорун чын дилинен суйлоп атканын уксан ото башкача адам экен АЗАМАТСЫЗ

  • @kginterface634
    @kginterface634 7 місяців тому +27

    Ассалом алейкум, Убай мырзадай кыргыз жигиттеринин саны арбый берсин, инсандын, уй-булонун баалуулугуна болгон коз карашы учурдун жана келечектин талабы экени шексиз. Куч бирдикте!!! Жаратманга ийгилик!

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @akylbeksaidinov7133
    @akylbeksaidinov7133 7 місяців тому +42

    Белинерге куч кубат ,Акылынарга Акыл кошула берсин.Аллаах дайм жолунарды ачык кылсын 🤲🏼

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Урматтуу замандаш, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

  • @user-st9no8oo5f
    @user-st9no8oo5f Місяць тому +1

    Чон Рахмат 🎉 абдан тасирдуу подкаст болуптур, эмгек, ишеним,баалулук,приоритет Жана башка эн негизги керектуу темаларды корголуптур💐
    Ушундай Убай мырзадай биздин коомдо коп болсун, озунун миссиясын мыкты эл журтка жеткире алсын🙏🏽
    Мен ушул подкаст аркылуу, биздин патриот жаратмандарыбызбы таанып жатам😇
    Жаратман подкасты Бир гана алгалай берсин 🤲

  • @Newt.kg1
    @Newt.kg1 11 днів тому +1

    Убай байке Азаматсыз

  • @temuna84
    @temuna84 7 місяців тому +7

    Ушул убакытка чейин Маткасымов компаниясы Кытайга заказ берип эле чоң компанияга айланса керек деп жүргөм. Көрсө бул жаш энергиясы күчтүү жигит экен. Баракелде!

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +2

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @AigerimErgeshova-wv1yd
    @AigerimErgeshova-wv1yd 7 місяців тому +45

    Я в восторге)
    Столько инсайтов с данного подкаста.
    Все очень просто и понятно,
    Бар неосени кобойтуну аракет кылуу)
    Горжусь вами)

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Урматтуу замандаш, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

  • @user-xy8lp5rt5z
    @user-xy8lp5rt5z Місяць тому +1

    Мен маршрутта кетип жатып жолдон Алматинка ойдо
    Кок Жар жака баратып бир этаж уйдун устунон Маткасымов деген жазууну окуп эмнеге жазып койгон деген ой кеткен .
    Корсо ошол жазуунун эсии да ушул бала жасса керек.
    Эми заводдорду кооп
    кылып кобойто бер
    Ишин илгерилей берсин.
    Озуно узун омур,ден соолук ,дагыда болсо
    жаны нерселеиди
    жарата бер.
    Кооп жаша.

  • @user-be4kf3ul1y
    @user-be4kf3ul1y 3 місяці тому +1

    Орусча да жакшы, кыргызча да жакшы суйлойт экен, азамат жигит.

  • @U.S14
    @U.S14 6 місяців тому +22

    Не даром говорят, «помоги себе,чтобы ты мог помочь близким».
    Миссия компании очень глубокая с философским смыслом! Спасибо большое за эфир🙏🏻

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Урматтуу замандаш, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

  • @user-uh1wj2ni5b
    @user-uh1wj2ni5b 7 місяців тому +15

    Азматсың балам өмүрүң узуун болсун бала чакаң тууган уругуң менен аман бол ишканаң дагы дагы чоңойуп дүйнө жүзүнө таанылсын биз сени менен сыймыктанабыз Жалпак Таштан ыссык салам .

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @temirbekchotkeev4032
    @temirbekchotkeev4032 24 дні тому +1

    Жаратманда чыныгы жаратман конокто экен! 👏👏
    Азаматсыңар!👍👍
    Чоооң чоң ийгилик!!!

  • @user-xl3cc9qg2t
    @user-xl3cc9qg2t 22 дні тому

    Убай сен айткан миссиядагы образды менин үй-бүлөөм менен кабыл алдым жана аракет кылабыз! Алла ыраазы болсун!
    Бир үй-бүлөө кабыл алды деп эсептей бер! 😊

  • @kalys_muktarbek_uulu
    @kalys_muktarbek_uulu 7 місяців тому +18

    Бар болсун кыргызымдын - жаратмандары! Тонолуп, сатылып жок болуп кеткен, завод, фабрикаларды, ушундай Убай мырзага окошогон жаштар которот деп ынандым. Кыргызстан гүлдөп, өсөт Кудайым буюрса. Анан, мени заводуңарга чакырыңыздарчы😅, көрүп, таанышып келели.

    • @fid43
      @fid43 7 місяців тому +1

      👍👍👍🇰🇬

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @user-bu6mv9pv8k
    @user-bu6mv9pv8k 7 місяців тому +10

    Мынча соонун!
    Подкастты жараткандарга чон ыраазычылык билдиремин.
    Кайран гана жаш омурум менин жана башкалардын.Коп идеяларды ойлоп бирок ишке ашырбай койгонумду түшүндүм,коркуп жүрө берипмин 😢😢😢

    • @mukazam2937
      @mukazam2937 7 місяців тому

      Эми деле кеч эмес.Аракет жасап көр.

    • @user-pd6vl1pw9m
      @user-pd6vl1pw9m 7 місяців тому

      Акчага такаласың

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @SakinaJolborsova-yp1st
    @SakinaJolborsova-yp1st 6 місяців тому +1

    Менин түшүнүктөрүм бир топ өзгөрду. Убай бул үчүн Алла ыраазы болсун сизден.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      ✅лайк
      ✅шилтеме менен болүшүңүз
      ✅каналыбызга катталыңыз
      Колдооңузга рахмат!

  • @DARI646
    @DARI646 2 місяці тому +1

    Козго жаш келди😢 азаматсынар жигиттер. Оркундоп осо бергиле❤❤❤❤❤❤❤

  • @user-td5xi3mq6r
    @user-td5xi3mq6r 7 місяців тому +10

    Маткасымов мырзага уй-булосууно бакыт калайм кудайым узун омур берсин

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Урматтуу замандаш, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

  • @user-bc7qn7fg9g
    @user-bc7qn7fg9g 7 місяців тому +10

    Озу жаш болсо да,акылы таш жарган мыкты инсан экен. Жараткан колдосун,олкобуздун келечеги ушундай жаштардын колунда. Эн сонун подкас болуптур,ырахмат мыктылар.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Каналыбзга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @chenvu6292
    @chenvu6292 7 місяців тому +16

    Биринчиден баарыңыздардан Кудайым ыраазы болсун ! Бул подкасттын алкагында Кыргыз жерибиздеги ушундай мактанаарлык, сүйүнөөрлүк инсандар көп экендигин маалымдап турат. Ошондой эле маңдай тер адал эмектин, адал акчанын, кандай акыбал болбосун Кудайга шүгүр кылуунун артында чооң берекенин ачкычы тургандыгын Убай мырзанын жашоосунан көрдук. Ишиңиздерде ар дайым жакшылыктар коштоп жүрсун жана мындан арыда жогорку ийгиликтерге жетүүңүздөрдү Кудайым насип этсин!!! Аягында сиздер менен кол алышып жүз көрүшүп, беш кишинин бирөөсү Нарындан барып калуусуна Кудайым насип этсин.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Урматтуу замандаш, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

  • @TV-zs6hq
    @TV-zs6hq 6 місяців тому +1

    Убай сага рахмат Кыргызстанда ушундай завод курганына

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @fid43
    @fid43 7 місяців тому +6

    Өзүнүн үнү жай, акырын чыккан үн тура! Туубаса интеллектуалдык үн. Тынч олтуруп уккан адамдар үчүн үнү даана, так, угумдуу, түшүнүктүү эле.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Урматтуу замандаш, бизди колдоп жатканыңыздар үчүн алкыш. Биз сиздин колдооңузга муктажбыз, каналды колдоону кааласаңыз биздин каналга катталып, видеого лайк басып, видео менен соцтармактарда, группаларда бөлүшүңүз. Чоң рахмат!

  • @user-mv9pb8ii6p
    @user-mv9pb8ii6p 7 місяців тому +35

    Кыргызстандын эн алдынкы жаратмандарына терен таазим! Ушундай ишмерлердин артынан элибиз, илим-билим, дегеле бут мамлекетибиз онугуп, озгоруулор болот👏

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @user-hp8yz4fm9i
    @user-hp8yz4fm9i 3 місяці тому

    Ишкерлердин копчулугу духовный адамдар болушат, мыкты жигит экен , орконун осо берсин ❤

  • @user-tf2xq3gt4s
    @user-tf2xq3gt4s 4 місяці тому +1

    Мен дагы ушул балага ыраазымын. Мен 5 жыл мурун сенсорная плитасын алгам, азыр деле соонун иштейт. Азаматсын!

  • @mukazam2937
    @mukazam2937 7 місяців тому +8

    Сендей уулду тарбиялап өстүргөн,ата-энеңе миң алкыштар болсун 🤲🤲🤲
    Кыргызстандын ушундай жаратман жигиттеринин саны арбый берсин 🤲🤲🤲
    Иштериңерди ийгиликтер коштоп жүрсүн 🤲🤲🤲

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @medayum
    @medayum 7 місяців тому +4

    Москва да жолдо журуп тынбай угуп баратамын. Ото мыкты Инсан болот экен Убай . Аллахым🤲 шукур айтамын. Ата энесине чексиз чон ыраачылык , албан албан ИЙГИЛИК билдиремин. Мекеним силердей кучтуу инсандар бийик денгелге алып чыгат. Ин шаа Алла

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @temirlanalmazbekov8210
    @temirlanalmazbekov8210 6 місяців тому +1

    Туура Эл учун эмес озубуз учун аракет жасап калдык

  • @user-on4wm5xc2h
    @user-on4wm5xc2h 6 місяців тому +2

    Абдан ыраазы болдум,соонун Жаратман Инсан экенсиз,талыкпай иштей берсениз,элге уйротуп чоон круг тузуп койсонуз,четинен онолуп жашай баштайбыз деп ишенем,бар болунуз, ийгиликтер коштосун

  • @user-ix7kn7pj9y
    @user-ix7kn7pj9y 7 місяців тому +17

    Привет. Очень познавательно. Очень хочу попасть на завод. Мой сын писал Абаю в директ о просьбе совета, он хочет сделать полку лбувную для инвалидов. У него инвалидность 1 группа с рождения. Очень надеемся попасть в 5 , кто попадет на завод.

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @user-te1fq1ee8y
    @user-te1fq1ee8y 7 місяців тому +6

    башынан баштап акырына чейин кордум бул жигиттен коп пайдалуу сабак алдым жан дуйнону толтура турчу создор сулонуптур коп китеп окуйт окшойт тушунуктуу ирети мн оюн болушуптур Кыргызстаныбыз оссун онуксун жаратманды калтырбай кором ийгилик ден соолук каалайым эч ким оорубасын❤

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому +1

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @user-kv6oj5pw3o
    @user-kv6oj5pw3o 7 місяців тому +7

    Ассалому алейкум! Арбагыла! Жаратман подкасты Убай мырза силердей мекенчил эл жерин ойлогон жаштар кобойо берсин! Убай байкенин создору мага абдан кучтуу таасир калтырды. Мен дагы мамлекетибиздин келечеги учун чон иштерди жасагым келет. Убай байке 5 адамдын бирине мени да кошунузчу сиздей адамдар менен баарлашып сиздин ондурушунузду коргум келет.
    Лайк баса кетиниздерчи сураныч…. Аллах ыраазы болсун баарыбыздан. 🙏

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @user-hw8mo9qs1n
    @user-hw8mo9qs1n 5 місяців тому +2

    Жаратмандар, силердей болгон ниети жакшы адамдар коп болсун олкобуздо👏

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  5 місяців тому

      Пикир калтырганыңызга алкыш. Каналыбызга катталып, лайк басып, шилтеме менен бөлүшкөндү унутпаңыздар. Алдыда дагы көптөгөн кызыктуу чыгарылыштар бар! 👍🏻

  • @user-ht2ip6jq2i
    @user-ht2ip6jq2i 7 місяців тому +35

    Азаматсыңар жигиттер!!!Бизде да кыргыз элинин келечегине салым кошкон жигит,кыздар көбөйүп жатканын көруп журок кубанат!!!❤❤❤

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @user-vl2io7pt3t
    @user-vl2io7pt3t 7 місяців тому +4

    Убай байке Мен сиздин эн алгачкы фанатынызмын сиздин интервюгузда дайыма озумо жаны малымат жагы дем куч алам мункун болсо заводу коруу кыялым бар. сизди бизнес ментар наставник кором . Буйруса 5 адамдын бири мен болом

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Каналыбзга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @meerimavatbekova3752
    @meerimavatbekova3752 6 місяців тому +1

    Гладильная доска и сушилкабыз Маткасымовдон😊 ийгилик дальше больше

  • @user-xi8pn8hg3d
    @user-xi8pn8hg3d 6 місяців тому +2

    Ух соонун маек болуптур. Мен бир дем менен уктум.Балдарыма да айттым.Алыстагыларга коргуло деп жоноттум. Аллах ыраазы болсун. Менин кыздарым Аутса жонундо коп айтчу карапайым окубаган адам окугандардан жакшы ой жургуртуусу бар экенине дагы бир жолу ынынып отурам

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Силердин колдоо биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан видеого лайк басыңыз👍🏻, комментарий калтырып, бул видео менен бөлүшүңүздөр!

  • @Jainasamibaeva
    @Jainasamibaeva 7 місяців тому +4

    Кыргызстандын келечеги Зор экенине, даны ынанып турган кезим
    Убай Мырзадан мага сонун инсайттар келип жатты , дуйнолук FILIPS, TOSHIBA, Samsung сыяктуу брендерден отуп ,
    MATKASYMOV деген воздухоочистительдерди пайдаланабыз
    Ийгилик болсун сизге

    • @jaratman_podcast
      @jaratman_podcast  6 місяців тому

      Биздин каналыбызга катталып, лайк басып, пикир жазып, бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүздөр! Рахмат!

  • @user-dj1gm1uc1p
    @user-dj1gm1uc1p 4 місяці тому +3

    Супер подкаст 🎉🎉🎉

  • @ainurakamilova
    @ainurakamilova 4 місяці тому

    Ушундай жаштардан айланса болот! Өсүп-өркүндөй бергиле ылайым! Бар болгула, аман болгула!🎉🎉🎉

  • @user-wb9nu9qx9y
    @user-wb9nu9qx9y 6 місяців тому +1

    Озу жогорку илими болбогон менен , профессорлордон дагы ойдо турган жигит экен. Аллахом колдосун дагыда алдыга онгуло ,кыргызстандын экономикасын ушундай адамдар которушот. Ушундай адам президент болсо Кыргызстан онугот.