ТУЯКСЫЗ ӨТКӨН ЖЕҢИЖОКТУН АРМАНЫ : БАЛАМ ЖОК
Вставка
- Опубліковано 30 вер 2024
- Жеңижок 1860-жылы азыркы Манас районуна караштуу Сары-Көбөн айылында кедейдин бүлөсүндө туулган. Анын өз аты-жөнү Көкө уулу Өтө болгон. Өтө жаштайынан тоголок жетим калып турмуштун тозогун көп тарткан. Анысы аз келгенсип, ала оорусуна чалдыгып калат. Ошондо айылды бийлеп турган бир бай жугуштуу оорудан коркуп, баланы өлтүрүп салууну буюрат. Бирок жаш балага кол көтөрө албаган байдын жигиттери аны соодагерлерге кошуп, качырып жиберишет. Аксы жергесинин Кара-Суу кыштагына энеси Алтынайдын туугандары тарапка жер которуп келген Өтө өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашап өтөт.
обону: Жолболду Алибаев - КРнын Эл Артисти
КАНАЛГА КАТТАЛЫП ЛАЙК БАСЫП ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ.
#куттуукеч #элтр
©m studio
Ар бир адамга Алла Таала уул кыз берсин
Амииииииииин
Оомийн!🤲
Амин
Биринчи жолу уктум ыйлайсынго 😢 Аллага шугур бир кызым бар.
Амиииин
Ак сайдан аккан дарыя,
Арманым айтам жарыя.
Көк сайдан аккан дарыя,
Күйүтүм айтам жарыя.
Аргымак оозун бурайын,
Ай, айланып жыл келет,
Айтпай бир кантип турайын.
Күлүктүн оозун бурайын,
Күн айланып жыл келет,
Күйбөй бир кантип турайын.
Күмүшүн ырдын терейин,
Күйүтүм айтып берейин.
Алтынын ырдын терейин,
Арманым айтып берейин:
Сарыны кийдим тогунан,
Саргайдым бала жогунан
Караны кийдим тогунан,
Кайгырдым бала жогунан.
Кымыздык терген кең колот,
Кырына барып эл конот.
Кымбатым, элим, келипсиң,
Кыйытып айтсам, не болот?!..
Балдыркан чыккан чоң колот,
Башына барып эл конот.
Башымда турган арманды,
Байкатып айтсам, не болот?!.
Алтынды жезге өткөрбөйт,
Айтпасам дартым бөксөрбөйт
Күмүштү жезге өткөрбөйт,
Күйбөсөм дартым бөксөрбөйт.
Алтындын жайы гүлбакта,
Алган жарым Көксулуу,
Айтып турам бул чакта.,
Арманга батпа бул тапта!
Күмүштүн жайы гүлбакта,
Кошулган, жарым, Көксулуу,
Какшанып турам бул чакта,
Эми күйүткө түшпө бул тапта!.
Кошулган, жарым, Көксулуу,
Килемди согуп түр кылдың,
Кирген үйүң гүл кылдың.
Кажары согуп түр кылдың,
Кармаган үйүң гүл кылдың.
Сандык жыйдың жүгүңө,
Сарамжал кирди үйүңө.
Беш кеште жыйдың жүгүңө,
Береке кирди үйүңө.
Чырмап чийиң каладың,
Чырайлап үйүң кармадың.
Оролтуп чийиң каладың,
Окшотуп үйүң кармадың.
Алдын сылап жүк жыйдың,
Аркасын карап үй тиктиң.
Керегесин кынадың,
Керүүдөн туруп сынадың.
Кайтар куштан үлгү алдың,
Кайчылабай тон бычтың.
Учаар куштан үлгү алдың,
Үлгүлөбөй тон бычтың.
Шакегиңдин жүлгүсү,
Шаарга кетти үлгүсү.
Оймогуңдун жүлгүсү,
Ойротко кетти үлгүсү.
Казы элечек, кара көз,
Калкымдан чыккан бото көз.
Торко элечек, торгой көз,
Тобумдан чыккан бото көз.
Оймогуңа гүл тактың,
Он жубанга сын тактың.
Шакегиңе гүл тактың,
Сан жубанга сын тактың.
Аксыдан чыккан сулуубум,
Арманым айтып турумун:
Тескейге каккан куу казык,
Текенин эти жол азык.
Теңтушумдан кем болдум,
Теңирим менде не жазык?..
Күңгөйгө каккан куу казык,
Кулжанын эти жол азык.
Курдашымдан кем болдум,
Кудайым, менде не жазык?..
Беш колумда муунум жок,
Бел кыла турган уулум жок.
Оң колумда муунум жок,
О дүйнө көздөй жол тартсам,
Ордумду басар уулум жок!
Түндүктүү дүкөн үйүмө,
Түркүк болор уулум жок.
Капшыттуу дүкөн үйүмө,
Карманып оокат кылаарга,
Кадырлап баккан уулум жок!..
Эрте турсам шамал жок,
Эсимде турат амал жок.
Саар турсам шамал жок,
Санаамда турат амал жок.
Өзөндүү булак, Кара-Суу,
Өрөөнүң толсо калаа жок.
Өз журтумду ээлерге,
Өзүмдөн бүткөн бала жок!
Кайыңдуу булак, Кара-Суу,
Каптаса толгон калаа жок.
Кадимки журтум ээлерге,
Кадырлап баккан бала жок.
Аргымак жалы кайрылса,
Тармал эмей, эмине?
Өзүңдөн бала болбосо,
Арман эмей, эмине?
Тобурчак жалы кайрылса,
Тармал эмей, эмине?
Тутунаар балаң болбосо,
Арман эмей, эмине?..
Кайрылышта мүрзөмдү,
Кайрылып барып ким көрөт,
Кайгырып жашын ким төгөт?
Бурулушта мүрзөмдү,
Бурулуп барып ким көрөт?
Буркурап жашын ким төгөт?..
Эгерде уулум болгондо:
Каттаганда кан жолум,
Кармаганда оң колум.
Сүйлөгөндө таңдайым,
Сүйүнгөндө маңдайым!
Ак шумкар кушун чуктамак,
Ак чатыр кирип уктамак.
Көк шумкар кушун чуктамак,
Көк чатыр кирип уктамак.
Жанына бычак бүлөмөк,
Жайында кушу түлөмөк.
Кынына бычак бүлөмөк,
Кышында кушу түлөмөк.
Аргымак минип ойнотмок,
Адырга тайган жойлотмок.
Ак дарыя бойломок,
Ак шумкар салып ойномок.
Көк дарыя бойломок,
Көк шумкар салып ойномок!..
Көл жакалай куш салса,
Көк ала моюн каз алмак.
Сайды бойлоп куш салса,
Сарала моюн каз алмак.
Суксурга кушун ыргытмак,
Сур жорго минип жылжытмак.
Кекиликке кушун ыргытмак,
Кер кашка минип жылжытмак.
Аргымак минип жетектеп,
Алтынды кумдай этектеп.
Күлүктү коштоп, жетектеп,
Күмүштү кумдай этектеп.
Секиртип күлүк мингизип,
Сүлөөсүн ичик кийгизип.
Сымбатын журтка билгизип.
Булкунтуп буудан мингизип,
Букары тонун кийгизип.
Аргымак берип дуулатып,
Адырдан коён уулатып.
Тобурчак берип жыргатып,
Токойдон коён уулатып.
Сар кашка атка мингизип,
Саймалуу калпак кийгизип.
Карагер атка мингизип,
Кайырма калпак кийгизип.
Чыгарбайт белем, жыйынга,
Мен курган жыт кылбайт белем мурунга!...
Сайратсам элдин кашында,
Санаам жок эле башында.
Рахмат.
Рахмаат
Калганын жазып бересизби
Кайрылыштагы мүрзөмдү кайрылып барып ким көрөт кайран башым өткөндө кайгырып жашын ким төгөт Бурулуштагы мүрзөмдү бурулуп барып ким көрөт бул дүйнөдөн мен өтсөм буркурап жашын ким төгөт көтөрүп бала жытын жытабай күйүтүм калды ичимде 😔😔😔😢😢😢😭😭😭😭😭 Атин Арман
Болосун Балалуу
Жени Жоктун туягы калбаса да, аркасында кылымдар бою атын очурбогон чыгармалары калды.
Даа тууган сеники да ушундай арман беле,баласыздарды мен терең түшүнөм,.
😢
Улуу акындын баардык Кыргыз балдарыбыз
Ошон учун айткан экен,балалуу уй базар,баласыз уй мазар деп,жараткан кудайым ар бир жараткан пендесин баласыз калтырбасын оомийин!
Жолболду Алыбаевдин тубаса таланттына Кыргыз элим сыйлайт урматайт колдойт омуру узун болсун таланттына таазим.
То
@@НуржанКадырбек-д6г н6фн
Эх Арман дуйно Жени жок Атабыз перзентсиз откон экен да арманы журокту ыйлатат го Аллах акыретин берсин
Аялы Коксулууну катуу суйгон бирок атына учкаштырып алып алып жургон
Коксулууну биринчи тийген куйоосунон ортого Бир таасирдуу манапты салып ажыратып алат.Кайнатасы эшиктен чыгарбай керегеден каргап чыгарган имиш. Ошон учун деп Эл оозунда айтылат.
Аллах таалам каалаганына уул кыз,же уул,же кыз берет. каалаганына уулда кызда бербейт. оо роббим баардык мусулмандарга жардам берчии🤲
"Аксыдан чыккан Жени жок
Айтышаарга тени жок"
Таластан чыккан жени жок тартышарга тени жок
👍
КАЯКТАН ЧЫККАН ЖЕНИ ЖОК АЙТЫШАРГА ТЕНИ ЖОК?????
Таластык Таластан барган ,Аксыга жээн болот.
@@ШерханБуркутбаев-м2б ТАЛАСТЫН МЫКТЫЧЫКМАЛАРЫ УЯЛЫШЫП ТАЛАСТАН КУУ САЛЫШКАН .
Жеңіжоқ аталарыңызға да, орындаған Жолболдыға көп құрмет! Әттең, шашасына шаң жұтпаған жүйрік ақын баласыз өткен екен, бір кем дүние...
Балам жок Ак сайдан аккан дарыя, Арманым айтам жарыя.
Көк сайдан аккан дарыя, Күйүтүм айтам жарыя.
Аргымак оозун бурайын, Ай, айланып жыл келет, Айтпай бир кантип турайын. Күлүктүн оозун бурайын, Күн айланып жыл келет, Күйбөй бир кантип турайын.
Күмүшүн ырдын терейин, Күйүтүм айтып берейин. Алтынын ырдын терейнн, Арманым айтып берейин: Сарыны кийдим тогунан, Саргайдым бала жогунан Караны кийдим тогунан, Кайгырдым бала жогунан.
Кымыздык терген кең колот, Кырына барып эл конот.
Кымбатым, элим, келипсиң, Кыйытып айтсам, не болот?!.. Балдыркан чыккан чоң колот, Башына барып эл конот.
Башымда турган арманды, Байкатып айтсам, не болот?!. Алтынды жезге өткөрбөйт, Айтпасам дартым бөксөрбөйт Күмүштү жезге өткөрбөйт, Күйбөсөм дартым бөксөрбөйт Алтындын жайы гүлбакта, Алган жарым Көксулуу, Айтып турам бул чакта., Арманга батпа бул тапта! Күмүштүн жайы гүлбакта, Кошулган, жарым, Көксулуу, Какшанып турам бул чакта, Эми күйүткө түшпө бул тапта!. Кошулган, жарым, Көксулуу, Килемди согуп түр кылдың, Кирген үйүң гүл кылдың.
Кажары согуп түр кылдың, Кармаган үйүң гүл кылдың. Сандык жыйдың жүгүңө, Сарамжал кирди үйүңө.
Беш кеште жыйдың жүгүңө, Береке кирди үйүңө.
Чырмап чийиң каладың, Чырайлап үйүң кармадың. Оролтуп чийиң каладың, Окшотуп үйүң кармадың.
Алдын сылап жүк жыйдың, Аркасын карап үй тиктиң.
Керегесин кынадың, Керүүдөн туруп сынадың.
Кайтар куштан үлгү алдың, Кайчылабай тон бычтың.
Учаар куштан үлгү алдың, Үлгүлөбөй тон бычтың.
Шакегиңдин жүлгүсү, Шаарга кетти үлгүсү.
Оймогуңдун жүлгүсү, Ойротко кетти үлгүсү. Казы элечек, кара көз, Калкымдан чыккан бото көз.
Торко элечек, торгой көз, Тобумдан чыккан бото көз. Оймогуңа гүл тактың, Он жубанга сын тактың.
Шакегиңе гүл тактың, Сан жубанга сын тактың.
Аксыдан чыккан сулуубум, Арманым айтып турумун: Тескейге каккан куу казык, Текенин эти жол азык.
Теңтушумдан кем болдум, Теңирим менде не жазык?.. Күңгөйгө каккан куу казык, Кулжанын эти жол азык.
Курдашымдан кем болдум, Кудайым, менде не жазык?.. Беш колумда муунум жок, Бел кыла турган уулум жок.
Оң колумда муунум жок, О дүйнө көздөй жол тартсам, Ордумду басар уулум жок!!! Түндүктүү дүкөн үйүмө, Түркүк болор уулум жок.
Капшыттуу дүкөн үйүмө, Карманып оокат кылаарга, Кадырлап баккан уулум жок!.. Эрте турсам шамал жок, Эсимде турат амал жок.
Саар турсам шамал жок, Санаамда турат амал жок. Өзөндүү булак, Кара-Суу, Өрөөнүң толсо калаа жок.
Өз журтумду ээлерге, Өзүмдөн бүткөн бала жок! Кайыңдуу булак, Кара-Суу, Каптаса толгон калаа жок.
Кадимки журтум ээлерге, Кадырлап баккан бала жок. Аргымак жалы кайрылса, Тармал эмей, эмине?
Өзүңдөн бала болбосо, Арман эмей, эмине?
Тобурчак жалы кайрылса, Тармал эмей, эмине?
Тутунаар балаң болбосо, Арман эмей, эмине?.. Кайрылышта мүрзөмдү, Кайрылып барып ким көрөт, Кайгырып жашын ким төгөт? Бурулушта мүрзөмдү, Бурулуп барып ким көрөт?
Буркурап жашын ким төгөт?.. Эгерде уулум болгондо:
Каттаганда кан жолум, Кармаганда оң колум.
Сүйлөгөндө таңдайым, Сүйүнгөндө маңдайым!
Ак шумкар кушун чуктамак, Ак чатыр кирип уктамак. Көк шумкар кушун чуктамак, Көк чатыр кирип уктамак. Жанына бычак бүлөмөк, Жайында кушу түлөмөк. Кынына бычак бүлөмөк, Кышында кушу түлөмөк. Аргымак минип ойнотмок, Адырга тайган жойлотмок. Ак дарыя бойломок, Ак шумкар салып ойномок. Көк дарыя бойломок, Көк шумкар салып ойномок!.. Көл жакалай куш салса, Көк ала моюн каз алмак.
Сайды бойлоп куш салса, Сарала моюн каз алмак.
Суксурга кушун ыргытмак, Сур жорго минип жылжытмак.
Кекиликке кушун ыргытмак, Кер кашка минип жылжытмак. Аргымак минип жетектеп, Алтынды кумдай этектеп. Күлүктү коштоп, жетектеп, Күмүштү кумдай этектеп. Секиртип күлүк мингизип, Сүлөөсүн ичик кийгизип. Сымбатын журтка билгизип. Булкунтуп буудан мингизип, Букары тонун кийгизип. Аргымак берип дуулатып, Адырдан коён уулатып. Тобурчак берип жыргатып, Токойдон коён уулатып. Сар кашка атка мингизип, Саймалуу калпак кийгизип. Карагер атка мингизип, Кайырма калпак кийгизип. Чыгарбайт белем, жыйынга, Мен курган жыт кылбайт белем мурунг Сайратсам элдин кашында, Санаам жок эле башында. Кулпунтсам калктын кашында, Кубаныч болмок башымда.
Өзүм бир келсем кырк бешке, Балам келсе он бешке.
Балам кылса базарды, Тартпайт элем азарды.
Балам кылса сооданы, Билбейт элем кооганы.
Аттиң бир гана дүйнө арман күн Ак куурайда муун жок, Аркамда калган уул жок!
Көк куурайда муун жок, Көтөрүп баккан уул жок! Сүт куйган чарам толгон жок, Сүйөөргө балам болгон жок.
Аш куйган чарам толгон жок, Аларга балам болгон жок. Алтындан кемер байланып, Айчылык келсем айланып.
Айчылык жолдон келгенде, «Аталап» чыгар балам жок, Арманды ичтен чыгарып! Күмүштөн кемер байланып, Күнчүлүк кетсем айланып, Күнчүлүк жолдон келгенде, Күлүп чыгар балам жок, Күйүттү ичтен чыгарып! Ак шумкар учат кыр менен, Ак сарай бүтөт сыр менен.
Артымда калар уулум жок, Армандуу болдум муң менен. Көк шумкар учат кыр менен, Көк сарай бүтөт сыр менен.
Көтөрүп баккан балам жок, Көңүлүм өспөйт муң менен! Алтыным барбы, бүчүмдө, Ардактап уул сүйбөстөн, Арманым кетти ичимде! Күмүшүм барбы, бүчүмдө?
Көтөрүп бала көрбөстөн, Күйүтүм кетти ичимде!..
Ай төбөдөн жаңырат, Арманым качан арылат?
Күн төбөдөн жаңырат, Күйүтүм качан арылат?
Ай төбөдөн түш болду, Арманым кыйын күч болду!
Күн төбөдөн түш болду, Күйүтүм жаман күч болду!.. Ай тегерек сабы жок, Акыныңдын табы жок.
Күн тегерек сабы жок, Күкүгүңдүн табы жок.
Аралга бүткөн тал белем.
Аманат болгон жан белем.
Капталга бүткөн тал белем, Капыстан болгон жан белем.
Алтынды жезге бургандай, Арманым айтып отурсам, Алдыма келип тургандай.
Күмүштү жезге бургандай, Күйүтүм айтып отурсам, Күлүп бир келип тургандай. Таштак бир жерде жүрбөдүм, Тайтайлап бала сүйбөдүм.
Кумдак бир жерде жүрбөдүм, Кучактап бала сүйбөдүм. Көк-Башат менен Бел-Башат, Көркөмү жанды каратат.
Көтөрүп бала көрбөстөн, Көп өмүр өтүп баратат! Айтылбаган ыр калды, Ачылбаган сыр калды.
Бек байлаган бел калды, Медер бир кылган эл калды.
Үзөңгү тепкен бут калды, Үмүт бир кылган журт калды!.
Оо Арман дуйно
@@adecsinternational9410 рахмаат чоон эринбестен жазгпныныздарга.окуп зээним кейиди
ЖЕНИЖОК АТАБЫЗ БАЛАСЫЗ БОЛГОНУНА КАРАБАЙ ОМУР БОЮ КОКСУЛУУНУ СУЙУП, АНЫ МЕНЕН ЖАШОО КЕЧИРГЕН!! КОКСУЛУУ ТОРОГОН ЭМЕС!! БИРОК, УЛУУЛАРДЫН АРЗУУСУ УЛУУ БОЙДОН ЖАШАП КАЛГАН!!
Кок сулуу деген ким
???
@@Суйунбек-ь5ш Жеңи жок атабыздын жубайы...
Жолболду агайдын уну созулсын бут кыргызча угулсун. Омуру узун болсун
Коксулу Женижок атабыздын суйуп алган жары
Жолболду агайды канча уксан да тажабайсын,бар болунуз!👏👏👏👏👏👏👏👏👍👍👍👍👍👍👍
👍👍👍👍👍👍👍🌻🌻🌻🌻🌻🌻🌻
Керемет онери гулдеген акын биртуар кайтып келмес акын жаны жанната болсын Кыргыз Казак бир туган
Залкар акын,улуу акын!!!
Аллахыма шугур ушунча балачакалуу болгонума, ар бир адам балалуу болсун.
Акындын өчпөс ырлары менен элдин эсинде дайым жашап жүрө берет
Ким ютубка чыгарса да чоон Рахмат, ото маанилуу Иш Жасап жатасыз. Ар Бир Кыргыз кайда болбосун ушундай ата бабаларыбыздын ырларын угуп коп, балдарыбызга канына синдинирип жургуло
Жаткан жериңиз жайлуу болуп ,бейиштин төрүнөн орун берсин Кудайым. Жоктогонго,куран окуганга уулум жок деген экенсиз, бүткүл кыргыз эли дуба кылат сиз үчүн.
Менин тагдырымды жашаган окшойт бу киши, мен 21- кылымда
Ии байкуш баласы жок болосдагы артында соонун ырсаптары калыптырго артында ыры калыптырда
Жени жоктун балам жок деген термесин мыкты аткарган бар болунус👍👏❤
Аллах ар бир мусулманга уул кыз берсин баласы жокторго бала берсин оомиин🤲🤲🤲
Кыргызымдын улуу насаат үгүт сөздөрү мындан бийик эч нерсе жок.
Эн мыкты 👍👍👍
Аллахым балан жок болсо ото кыйын экен,элдин кемсинткени тируу эле жерге комгондой....20- жыл болду мага дагы,2 жолу уй- булом бузулду...
дуа кылып койунуздааар....
Ар намазда ыйлап бул дубаны кооп окуп, анан аракетинизди жасай бериниз: «Робби хаблий милладунка зурриятаан тоййибатан иннака Самиьуддуъа» . Аркага чегинбей сабыр менен дуба кылыныз, таштап койбонуз
Рахмат, Аллахым ыраазы болсун!
Жолболдунун баардык ырларын укун келе берет азаматсыз талантынызга таазим этебиз ага ырахмат.
Ар бир пендеге уул кыз берсин
Жолболду ага талантына тасим женижоктун балам жок деген чыгармасын мыкты аткарган👍👏🌷❤🇰🇬
Жолболду аке бар болунуз.талантынызга таазим.сиз ото жонокой адамгерчиликтуу адамсыз.сиз менен даам сызып,баарлашып олтурган кунум мен учун омур бою эсимде калды.омурунуз узуун болсун.онорунуз оркундой берсин!
Жолболду ака омурлуу болунуз. Жолболду ака кудай омур берсин сизге. Кара Кулжадан ыссык салам.
Ильяз ырдагандан кийин Толук укум келди
Артында уул кыз болбосода өчпөй турган мыкты ырларын калтырыптыр жолболду Алыбаев жүрөкө жеткизе ырдаптыр сөз жок көп жашаныз мыкты дастандарды ырдап жүрө бериниз
Байкуш Жеңижок,көзүмдөн жаш куйулду,оо дүнүйө кетсем,ким ыйлайт жоктоп буркурап...
Сыно ошондой кату берилсе Алладан эч нерсе колубуздан келбеткен эх жашоо ошондойкен шугур кылыб жашашдан башка айла жок
@@КубаРайымбеков-б2п эгер Жеңижок акын азыркы заманда төрөлгөндө, эко деген менен бир эле эмес,үч же төрт балалуу болот эле законный,ал мезгилде адамдар үчүн ал медицина өнүгө элек болчу,аа азыркы учурда баары балалуу болот....
Жолболду Алыбаев, ийгилик каалайм!👍👍👍👍👍👍👍👍
Менин Баламдын Атасы укса экен ушул ырды.
Баланыздын атасы кайакта
@@ffhdfh5121 АТАСЫ МОСКВАГА КЕТИП ОШОЛ ЖАКТА КАЧЫП ЖҮРӨТДА
Ээ Алла сыноону женил кыл
@@БАКТЫБЕККҮЗӨБАЕВ туура айтат
Жолболду ага жени жоктун балам жок деген чыгармасын мыкты аткарган бар болунус👍
Кыргыз болгонума сыймыктанам уулуу залкар комузчуларга таазим етем комуз ойногон уулдар Кооп Болсун,Комуз журоктун кылдары деп сезем ергуу мн угам рахмат
Кайран акын бири кем дуйно деген ушул👍🌹👏
Артында бала калбаса да,аты очпой,ырлары ырдалып келатат.
Коксулууга ашык болуп,каргышка калган экенсин,деп Арстанбек акын айткан тура.
Ал жонундо кайдан окусак болот?
@@laraurmataeva4583 ютубтан Жолболду Алибаевтин сайты бар
Мага дагы буйруса экен туболук жар,!!! Жашым 35ке жетип калды!!!!!
36га чыгып калдын,уйлондунбу:)
@@zukuatahan9584 жооок
@@userl65937ге чыгып калдыңар үйлөндүңөрбү?
Молодец баардык созу уккулукту и уйкашкан, баардык созу, азыркы ырларды угуп тушунбойсун
Аллахым Жолболду байкеге ден-соолук, доолоттуу жана берекелуу карылык берсин Амиин.
Чондор Эл баатырын берсин.
Бурулушта мурзомду,
Бурулуп барып ким корот?
Бул дуйнодон мен кетсем да
Буркурап жашын ким тогот!
Аллахым ар адамды туяксыз кылбасын. Оомиин
жандуйнон чыныгы кыргыз ырларын сагынды❤😢 Рахмат сиздерге чон
Ак сайдан аккан дарыя,
Арманым айтам жарыя.
Көк сайдан аккан дарыя,
Күйүтүм айтам жарыя.
Аргымак оозун бурайын,
Ай, айланып жыл келет,
Айтпай бир кантип турайын.
Күлүктүн оозун бурайын,
Күн айланып жыл келет,
Күйбөй бир кантип турайын.
Күмүшүн ырдын терейин,
Күйүтүм айтып берейин.
Алтынын ырдын терейин,
Арманым айтып берейин:
Сарыны кийдим тогунан,
Саргайдым бала жогунан
Караны кийдим тогунан,
Кайгырдым бала жогунан.
Алахым. Бендене. Баланын. Унун. Угуз
Робим Алла мага да перзент Бере кор Дуа кылып койгулачы мен силерден Кем болбойун перзентуу болойун
Аллахым, Коптун катарында Сизге да Саалих Уул, Кыздардан берсин...Аамиин, Аамиин,Аамиин!!!.
Жени Жок атабыздын Кыргыз эли бар биз дуа кылабыз иншалла
Аттиң бири кем дүнүйө.Көк сулуу эжебиз экөөсүнүн жайлары жаннаттан болсун.Чексиз махабаттын үлгүсү болуп кала беришет.
Бул ырды Жолболду Алибаев ырдап жатат.
Эххх аттин арман Аллахым аркимди аркандай тагдыр мн сынайт, ото кучтуу ырдаган экен
Улуу акындын арманы...
Женик жок атабыздын арманы!! Азыр болсо балдарды таштап кетишет ! Атабыздын арманы !!
Бул дунуо аманат акындар откон ким калат ЖАРЫК ДУНУЙО АМАНАТ ЖАКШЫЛАР ОТКОН КИМ КАЛАТ
Ыр эмесбекен я, Жолболду Алыбаев атабызга узун омур чын ден соолук каалайбыз,азыркы сапатсыз ырчылардан мин эсе кучтуу ырчы
Ошондогу көп балалуулардын биринин деле аты калган жок. Баласыз болсо да Жеңижок атабыздын аты тарыхта калды.
7 миллион кыргыз сиздин балаңыз Жеңижок ата😢 Жаныңыз жаннатта болсун!
Эн туура 😢
Жакшы ыр
Кайран акындын арманы.кандай тизилген акылдуу создор .бири кем дуйноо
Аллахым ар бир уйго наристе унун жаныртсын
Адамдар бироого зар,бироого кор...
ЖАКШЫ ЭРКЕК ЖЭ АЯЛДАА БАЛАА ЖООК БОЛОТ ЭКЕЕН АЯГЫН АЛЛААА ОЗУУ БИЛЕТ
Тентушумдан кем болдум да,тенирим менде не жазык😢
Козуно жаш келетко ушул ырлар биринчи орунда да
Кыргызстан алга 🇰🇬🇰🇬
Жеңижок ата бейишиңиз болсун🤲🤲🤲🤲🤲Сиздин ырды алып чыккан Жолболду агага рахмат👏👏👏👏
Инша Аллах балалуу болом
Кыргыз тили кандай сонун, акын соз тапкычтарывыз м.н👍
Жолболду ага ырдаганда кудум эле Жеңижок ырдап жаткандай сезилет.
Жаткан жериңиз жайлуу болуп ,бейиштин төрүнөн орун берсин Кудайым. Жоктогонго,куран окуганга уулум жок деген экенсиз, бүткүл кыргыз эли дуба кылат сиз үчүн.
👍👍👍👍❤
Беш кызым бар Аллаха шугур калганын туягым уул болсун теп тилеп атам силерда оомиин деп койгула😊
Аллаах Талас бербесе кийын экен 😢😢
Комуз аспап кылымдар бойу жанырып турсун ушундай залкар токмо акындар Кооп чыксын кыргызымды Аллах ОЗУ колдосун омиин
😢😥😥😥 кудайым эч бир пенденди бала менен сынаба
Жолболду залкар Жени Жок акындын ырын керемет айткан бали ко жашан..
Бирок балам жок деген ырдын толугу менен бербепсинер ыр толук эмес сураныч толугу менен бергиле узонгу тепкен бут калдыда умут бир кылган журт калды деген ыр саптары жок.
Баарыбызга аллатаалам уул кыз берсин ааамииин
Мен кайгырбайым 4 кызым бар шугур кылам буйруса уулдан да умут кылам насип кылса уулдуда болобуз
Уй булону бузуп коксулууну алганда байдын доопарс баласын чанып качып кетда ????
БАЙКУШ АЙ БАЙКУШ !!!!
Сиздин келечек уулдарыңыз бар Ата ❤
Соз жок залкар акын
Вечность Будет!!!
Свет Вечен!!!
Закон БОГА: Жизнь и Смерть!!!
Рахмат жрлболду ел женижок атанын барына сен жанкиргиздинго барболун. Ырлардын пирлери баары сизьи колдоп коп жашан бар бай юолун бактылуу доор суробергиле
Эх арман баланын жогу кыйын екен арман😢😢😢😢
Базара нет
Жашымда конул бурбаптырмын Эми балалуу боло албай кундор отуп жаткан да эми тушунуш мындай турсун сезип билип оз башымдан отуп жатат
Тең тушумдан кем кылдың ,
Теңирим менде не жазык.
1960 - жылдары Теңирге сыйынган бакшы кыргыздар болгон. Кыргыздар илгертен эле мусулман болгон деген сөз жалган.
гангир Тенир деген Кудайдын синонимы
Жени жок Мусульман олуя акын болгон Кудац Тенир деген созду колдонуша Берген бирок Тенирчилик кылып кудай жок Тенир бар деп бугунку Тенирчи манкуртарга окшоп каапыр болгон эмес Жени жок акын бег убак намазын окуп олуя болгон.
Кок сулуу торобой калган экенда аттин
Кыргыз тилин уккан сайын сыймыктанамда, кандай гана уйкаштырылып куралган создор, мааниси терен создор.
Жолболдду алыбаеаедин уну керемет уккун еле келет
Азыркы айтыш просто мультфильм
UC
Сонун ыр экен👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
Алахым ар бир инсанга перзент насип кылсын 😭🤲
Кыргыз болгонума сыймыктанан
Мааниси,кайнаган шорподой!👏👏👏
Алла талам бут пендесине туяк берсин
арман ыры.
Кандай кучтуу создор... Аттин
Кыргыздын атын чыгарып Кыргыздын данк чыгырдын Ошо сиздин баланыз сиз кетсениз Кыргыздын баары ыйлайт