Төрага Нурланбек Шакиев конокто

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 1 жов 2024
  • Бүгүн 30-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович “Креатив -Таалим” билим берүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында келди.
    Ал 2023-жылы КР ЖК тарабынан кыргыз тили жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын кабыл алынып жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнүн алкагында бир катар иш чараларга катышкандыгын билдирип, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүнгөн “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин ишмердүүлүгүнө жогору баа берди.
    Ал мамлекет тарабынан жогорудагыдай ар бир демилгени колдоп, кыргыз тилинин, нарк-насилин жана маданиятын жаш муундарга сиңирүүдө эбегейсиз эмгек кылып жаткан жаратман мугалимдерге терең ыраазычылыгын билдирип, комплекске интерактивдик такта, ноутбуктарды жана 200 миң сом өлчөмүндө сертификат тапшырды.
    #креативтаалим #жогоркукеңеш #нурланбекшакиев #креативтаалиммектеп #бишкек #кыргызстан #окуучулар #мугалимдер #школыбишкека

КОМЕНТАРІ • 6