Кыз узатуу Неля Нуркулова

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 26 сер 2024
  • Бул күндү биз баарыбыз чыдамсыздык менен күттүк.
    Чоң жоопкерчилик мойнумда экенин сезип турдум…
    Жүрөгүм бакытка балкып, алты сааттын ар бир мүнөтү сыйкырдуу сезим менен коштолуп, Жараткандан сиңдиме жалаң гана жакшылык тиледим…
    Баары сен каалагандай болуусу үчүн күчүбүздү аябадык…
    Жайнаган көздөрүң дайым жеңиштердин күбөсү болсун…Барган жериңден багын ачылып, ырыскыңар кенен, ынтымагыңар бекем, уулуңар бийик жылдыз болсун, кызыңар кымбат кундуз болсун! Оомиийн 🤲🏻
    Жаль что наши родители не увидели всего этого… 😔
    Я тебя очень сильно люблю @nurkulova07 💕
    #11 #июнь #2023

КОМЕНТАРІ • 2

  • @NazgulumarUmar
    @NazgulumarUmar 3 місяці тому +1

    Кундо угам ушул ырды.козумо жаш алам .бир туугандарыбыыз аман болсун мандайыбызга.эч ким бизди эжебиздей коргой албайт болуш кк.ата энебиздин бизге тартуулаган бир туугандарыбыз аман болушсун❤

  • @jusupbaeva1206
    @jusupbaeva1206 Місяць тому

    Жаратканга жалынып, атаң менен тилендик,
    Сен жаралып дүйнөгө зор бакытка бөлөндүк.
    Чачың өрүп беш көкүл сырдаш бол деп ыктадым,
    Кучагыма бек кысып, ыйман тилеп уктадым.
    Кайырма:
    Барган жерден бакыт тап,
    Жылдыздуу бол ай кызым.
    Арабасын тең айдап
    Сыймыктуу бол ай кызым.
    Уяткарбай элиңди
    Урматтуу бол ай кызым
    Акырында айтаарым,
    Бактылуу бол, ай кызым.
    Түгөйүңдү түбөлүк падыша көр эрмегим,
    Кубанычта-кайгыда кашында бол берметим,
    Кубандырып журтуңду ак жолтой бол секетим,
    Жыл айланбай буйруса бешигиңди берейин.
    Кайырма: