"Жаныш Байыш"дастаны, толугу менен.Улукбек Токтоболот уулу.

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 25 гру 2024

КОМЕНТАРІ • 266

  • @AdiletAlmazbekov-hh6lp
    @AdiletAlmazbekov-hh6lp 2 місяці тому +11

    укмуш👍🏻 2024 угуп жатквндар бир лайк

  • @klarasazanova8640
    @klarasazanova8640 3 роки тому +14

    Азамат Улукбек онорун оркундойберсин

  • @МусабайМустапалиев
    @МусабайМустапалиев 3 місяці тому +11

    Кандай сонун уккулуктуу түшүнүктүү кыргыздын эски ырлары бар бол кыргызымдын өнөрлүү жигити

  • @satr332
    @satr332 2 роки тому +2

    Улукбек балам чон рахмат 5жолу уктум ото сонун осо бер

  • @ailnakasmova5517
    @ailnakasmova5517 2 роки тому +16

    Кыргыздын жигиттери эле эмес аттары да касиеттуу болгон ...
    Кыргыз касиетти кучтонуп кайтсын оо кагылайын Кудай жардам бер

  • @СултанТурганбаев-ы6щ

    Керемет дастандарго

  • @Водитель-х9в
    @Водитель-х9в 7 місяців тому +2

    Улук бактылуу бол эки дуйнодо !!!👍👍👍🤲🤲🤲🫲🫲🫲🙏💯

  • @ШаршаканРыспековакойлюбайевна

    Азаматсын. Онорун оркундосун

  • @TikTok-my4kg
    @TikTok-my4kg 2 роки тому +6

    Сырттанды Кудай колдосун, Сырттанды Кудай жаратат, Кудайым сени эстесээм жанымаа шыраа жаралаат,канчалык Шурур айсам Кудайым сага жараашат,ойлос ой жеткис Шугур айтам Кудайым,саназан сан жеткиис Шугур айтам Кудайым.

  • @nurjigitolonbawov6221
    @nurjigitolonbawov6221 3 роки тому +11

    Талантына тазим тан калдым дастанды келтирипсин иним

  • @malikmunduzovic6122
    @malikmunduzovic6122 4 роки тому +18

    эээбаллии👍🇰🇬жаша Кыргызым👍🇰🇬

  • @nurjigitolonbawov6356
    @nurjigitolonbawov6356 2 роки тому +12

    Улкбегим омурун узуууун болсун онорун осун бар бол.

  • @ЗамирСатылганов-ы9ц

    Азаматсың Улукбек, өнөрүн өркүндөсүн !

  • @ЖеняАралбаева
    @ЖеняАралбаева 2 роки тому +7

    Азаматсын Улукбек кандай керемет талант,омурун узун болсун.

  • @НурбекОзокеев
    @НурбекОзокеев 3 роки тому +9

    Эн жакшы мага жакты дагын кутобуз

  • @АкылайАжиматова-л1т

    Дастан комузга аябай чоң тазалануу жаңылануу жол ачуучу касетке ээ көөөп уккула күч берет

  • @ИсламбекУманалиев
    @ИсламбекУманалиев 3 роки тому +15

    Курманбекти дагы айтып чыксан жакшы болот эле.Мен жашымдан эле дастандарды жакшы коруп угамын.Мен башынан аягына чейин уктум Жаныш Байышты аябай сонун, жакшы азаматсын Улукбек иним.

  • @AknietRahmetova
    @AknietRahmetova Рік тому +4

    - Ассаламо алейкум
    Акжол дарбаза ханыбыз
    Ачылган калдар багыныз
    Кутту болсун эки бек
    Алдында алтын тагыныз
    Алыскы жерден биз келдик
    Амандашкан чагыбыз
    Ак тоюныз кут болсун
    Ак жол дарбаз бегибиз
    Жаныш менен Байыштын
    Колуңа тийди кегиниз
    Аралап көрсөк кубанат
    Калын кыргыз элиниз
    Падышанын баласын
    Өлтүрсөң суйыт деминиз
    Кутту болсун эки хан
    Үстүндө алтын чениниз
    Кармалып турган баланың
    Касташа турган эби жок
    Калык бийлеген хандарга
    Кайрат кылар деми жок
    Жанын сактап каларга
    Же Жаныш Байыш беги жок
    Купуну кийген боюныз
    Кутту болсун тоюныз
    Ханнын улун карматып
    Кабыл болду оюныз
    Алдо үй алдо үй , !
    Атка минип тез келдик
    Ак тоюңа кез келдик
    Акжол Дарбаз эки хан
    Кайратын бар миң элдик
    Жазылыптыр тырышын
    Жарашыптыр ырысын
    Жаныштын жалгыз баласын
    Өлтүргөнү турусун
    Эмдигиче өлтүрбөй
    Өкүмүңөр курусун
    Бир кетирип алган сон
    Кетирбейт душман дарманын
    Хан болмоктон бек болсун
    Качырып элек арбагын
    Өлтүрбөй тирүү койом деп
    Уят болып калбагын
    Кезеген келди эки бек
    Кармасан мыктап кармагын
    Эрте эле басып өлтүргүн
    Эр Жаныштын баласын
    Эжесин бириң аласын
    Энесин бириң алысын
    Бирөөңөргө бирөөңөр
    Күйөө болып каласын
    Мындай сонун суулуну
    Кайдан издеп о табасын
    - Акжол Дарбаз кулумсуң
    Ак караны ылгабас
    Кара ниет зулумсуң
    Баяманды өлтүрүп
    Даңкын көпкө угулсун
    Жалгызынан ажырап
    Күмүшай менен Айсалкын
    Муңдуу жашка жуунсун
    Сага окшогон арамды
    Калмакты кудай алабы
    Кара дарга муунтуп
    Асып көрчү баланы
    Хан тукумсуз калабы
    Казанчы кулдар байкагын
    Өзүңө тиер залалы
    Акжол Дарбаз байкагын
    Аныгын эми айтамын
    Арстан келди кубулуп
    Асим шаар Үзүр калаанын
    Атасы келди баланын
    Акыл менен ойлоп бил
    Айтып турган саламын
    Андан көрө эки кул
    Аманын тиле баланын
    Эси жок кулдар карагын
    Ээси келди калаанын
    Эмдигиче билбейсиң
    Сен эки бектин кабарын
    Көөдөнү жоктор билбедиң
    Көрсөтүп айткан саламын
    Күнөөсү жогун мындан бил
    Күйөрү келди баланын
    Кытай менен урушуп
    Кыргын салып кеткен бек
    Кылчайып дайны угулбай
    Он беш жылга жеткен бек
    Карып кылдын калганын
    Сен Хан болгонсуп чекчеңдеп
    Казанчы кулдар тойбодуң
    Казынасын казып жеп
    Калмак менен урушуп
    Кан төгүшүп жеткен бек
    Кабары жок болгонго
    Он беш жылга жеткен бек
    Ойрон кылдын калганын
    Обу жок кулдар чекчеңдеп
    Баласына тап койдуң
    Бардык мүлкүн такыр жеп
    Карылуу болсоң күрөшүп
    Көрөйүнбү кулдарым
    Кабыргаңдын тоомдорун
    Сөгөйүмбү кулдарым
    Кан жиниңди оргутуп
    Төгөйүмбү кулдарым
    Калмактарым билбепсиң
    Ханыңдын келип турганын
    Бооруңду тилип өтүңдү
    Жарайынбы кулдарым
    Өткөн өч кеткен кегимди
    Алайынбы кулдарым
    Баштагы кылган ишиңе
    Салайынбы кулдарым
    Байкап көрүп таанып ал
    Байыштын келип турганын
    Күл чыгартып отунду -
    Жактырайын кулдарым
    Өлмөйүнчө атымды
    Бактырайын кулдарым
    Өмүрүңдү ошентип
    Сап кылайын кулдарым
    Жансыз кулдар билбедиң
    Жаныштын келип турганын
    Алдо үй алдо үй , !..

    • @joomartkubanychbekov3455
      @joomartkubanychbekov3455 3 місяці тому +1

      Кандай азаматсын Акниет - комментарийнизге чоон Рахмат ❤

    • @AknietRahmetova
      @AknietRahmetova 3 місяці тому

      @@joomartkubanychbekov3455 Рахмат❤

  • @ЭрнисТурдубаев
    @ЭрнисТурдубаев 3 роки тому +15

    Баракелде бар бол.

  • @ИсламбекУманалиев
    @ИсламбекУманалиев 3 роки тому +13

    Улукбек аябай сонун айтыптырсын,азаматсын онорун оркундой берсин.

  • @МанасБекмурзаев-г4э
    @МанасБекмурзаев-г4э 3 роки тому +13

    Дух беретго 👍👍🖐🖐🖐👍👍👍💟💟💟

  • @ТолкунАбдуллаев
    @ТолкунАбдуллаев 3 роки тому +7

    Чоон рахмат сабакка пайдаландым!

  • @АйгеримАбибиллаева-ъ5щ

    Онорунор оркундосун, кыргыздын ырчылары силерсинер👍

  • @МаксудаСапарова-н8к

    Омурлуу бол.Онорун оссун.

  • @user-yo1xm2qb8t
    @user-yo1xm2qb8t 3 роки тому +4

    Азаматсын! Бар бол иним!

  • @ТоктобуЭрмекбаева
    @ТоктобуЭрмекбаева 4 роки тому +47

    УЛУКБЕК айланайын омурун узун бактылуу бала бол. Талантын Ташкындай берсин

  • @АзизБорукулов
    @АзизБорукулов 3 роки тому +16

    Унунузго береке

  • @БектенБейшенбиевич
    @БектенБейшенбиевич 3 роки тому +13

    Азаматсың ! Кыргыз элимдин кылым доолорун басып өткөн баатырдык жолдорун айтып өткөн дастандарың көчпөсүн. Ыраазымын сага. Көп жаша

  • @КашкарыСартбала
    @КашкарыСартбала 4 роки тому +12

    Жакшы дастан экен азамат.

  • @Maksi_Li
    @Maksi_Li Рік тому +3

    Аман бол Улукбек

  • @НурланКучуков-в1ч
    @НурланКучуков-в1ч 4 роки тому +37

    Барак елди бар бол чон ракмат👍❤👏

  • @aiip1999
    @aiip1999 4 роки тому +9

    Өнөрүң өркүндөй берсин

  • @kanatjusupov7795
    @kanatjusupov7795 3 роки тому +5

    Улукбек тилинен май тамсын кыргыздын журогунон май сызгыр биз элжурт.от болобуз 7нин.бири кыдыр бирбиз кыргыз элжурт

  • @ЧыныгулЗулуева
    @ЧыныгулЗулуева 3 роки тому +8

    Каяктагы ушактардын ордуна ушундай Дастандарды чыгаргылачы.Аллахым дайым жолуну ачык кылсын.Коп коп Дастандарды айтип тур👏👏👏👍👍👍

    • @Ангел-е2э
      @Ангел-е2э 2 роки тому +2

      Азаматсын иним онорун оркудойберсин ийгилик дайыма коштоб журсун

  • @sabiramuratova628
    @sabiramuratova628 2 роки тому +3

    Рахмат Улукбек ,! Азыр жаштар укпайт ,эске салып турганыныз эн жакшы . Саринжи Бокойду айтсаныз жакшы болоор эле суранам .

  • @БазарбайСаитмуратов

    ДАСТАНДАРЫБЫЗ БИЗДИН СЫЙМЫГЫБЫЗ АЛГАА 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬 КЫРГЫЗЫМ 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬❤❤❤

  • @БакытБакыт-б3н
    @БакытБакыт-б3н 4 роки тому +13

    Ото жакшы

  • @ШарипаКурбанова-т4с
    @ШарипаКурбанова-т4с 3 роки тому +12

    Азаматсын унун очпосун , онорун оркундой берсин, кудайым уузуун омур берсин, бактылуу бол ата энене рахмат сендей уулду остургон🙏🏻👍👍👍

  • @operam4847
    @operam4847 2 роки тому +2

    Ото сонун.

  • @ilgizmairambekov280
    @ilgizmairambekov280 3 роки тому +5

    Азаматсын абдан жакшы дастан экен

  • @oigonupjasha1342
    @oigonupjasha1342 4 роки тому +19

    Керемет аткарыптыр қөп жашаңыз.

  • @РахатМамаева-н3о
    @РахатМамаева-н3о 4 роки тому +10

    Азаматсың,дастандарга жан киргизе бер иним. 👍👍👍👍👍

  • @samsumsamsum3536
    @samsumsamsum3536 4 роки тому +21

    Бар бол артынан шакирт калтыр кыргыз элимдин санжырасы улана берсин

  • @БекиИнгушский
    @БекиИнгушский 2 роки тому +2

    Супер ..соз жок Азамат просто чооон Азамат

  • @buraiymkutushevna126
    @buraiymkutushevna126 3 роки тому +21

    Баракелдее
    Мен бала кезде, айылдын кичинекей китепканасынан чоң атам ,,Жаныш-Байыш" китебин алып келип, мага окутчу эле
    Атам кадимкидей окуяга кирип кеткендей кыйкырык, сүрөөн менен укчу
    ,,Манас"
    ,,Семетей"
    ,,Сейтек"
    Баарын мени мактап окутчу
    ,,Эр Табылды"
    ,,Кедейкан"
    ..дегеле китеп аттуунун баарын окуп берчимин
    Ошол чоң атамдын, ,,Жаныш-Байышты" берилип көзүнөн жаш чыгып укканын эстедим
    Азаматсың Улукбек
    Ийгилик !!

    • @ishenishen2587
      @ishenishen2587 3 роки тому +3

      Сиз айткан дастандарды мен да окуп берчумун карып калган Дур деген жездем бар эле туну мн окутчу ыйлап угуп буткондо кайран кишилер деп куран окучу.

    • @buraiymkutushevna126
      @buraiymkutushevna126 3 роки тому +1

      @@ishenishen2587
      Менин Чоңатам да ыйлачы
      Карагул ботом дастанын угуп ыйлай берчи эле
      Азыр менин неберем дастандарга кызыкпайт
      Чет-тилин окуйт
      Кореянын тилин окуйт

  • @user-ux7gf5ie9t
    @user-ux7gf5ie9t 3 роки тому +9

    Бали Улук азаматсын! Талантын ташкындай берсин!

  • @БайкоАбдыжалилов
    @БайкоАбдыжалилов 3 роки тому +8

    Азаматсың Улукбек, талантыңды баалайм. Күчтүүсүң

  • @ABOBYP-j1l
    @ABOBYP-j1l Рік тому +5

    Кызыл таңдай төкмө акыныбызга өмүр берсин.
    Кыргыз элибиздин сыймыгы болуп өнө бергиле акын уулдарыбыз

  • @mayrambekorozobaev7996
    @mayrambekorozobaev7996 3 роки тому +19

    Азаматсың, Улукбек иним, абдан сонун айтып берипсиң. Өмүрүң узун болуп өнөрүң өркүндөй берсин.

  • @ЖурсунОмуралиева-й7и

    Эээ Улукбек мурда кайда журдун эле
    Жыргап укпадымбы
    Онорун оркундой берсин

    • @ЖанылОмуралиева-н2й
      @ЖанылОмуралиева-н2й 3 роки тому +2

      Өзүнүн өздүк юутуб каналынан да көрсөңүздөр болот подписка кылып койунуздар

  • @ЭдильАпиев
    @ЭдильАпиев 4 роки тому +35

    Менин уулдарым Жаныш Байыщ

    • @АргенАйтмаматов-й9г
      @АргенАйтмаматов-й9г 3 роки тому +4

      Баатырлардын баатырлыгын тилейм

    • @ЭдильАпиев
      @ЭдильАпиев 3 роки тому +3

      @@АргенАйтмаматов-й9г рахмат

    • @ТойчубекАлдашов
      @ТойчубекАлдашов 3 роки тому +3

      Сенин уулдарын дагы кыргыз элинин баатыры ,акылмандарынан болсун ,
      Аллах омурлорун узуун берсин .

    • @ЭдильАпиев
      @ЭдильАпиев 3 роки тому +2

      @@ТойчубекАлдашов Аллах раазы болсун сизден,сизге да жакшылыктарды каалайм.

    • @ЭдильАпиев
      @ЭдильАпиев 3 роки тому +2

      @@ТойчубекАлдашов Аллах раазы болсун сизден,сизге да жакшылыктарды каалайм.

  • @ЖаныбекСыдыков-е6с
    @ЖаныбекСыдыков-е6с 4 роки тому +30

    Азаматсыз!!! Жараткан Аллахым чын ден соолук, узун өмүр берсин. Өнөрүңүз өркүндөп - өнүп өсө берсин!!!

  • @ЕкппрМоага
    @ЕкппрМоага 3 роки тому +12

    Аллага бизди Кыргыз кылып жаратып койгон Аллга шугур дастаны,манасчысы,акыны,ырчысы эмне деген керемет осо бер Кыргызым оомин Алла колдосун

  • @ТаалайбекДжанибаев

    Супер👍👍👍👍👍

  • @AknietRahmetova
    @AknietRahmetova Рік тому +2

    Сактай көргүн асырап
    Чын жараткан кудайым
    Кара таандай душманга
    Туткун болду жубайым
    Тирүү да болсом бул жакта
    Башыма түштү убайым
    Кытайдын кылган ишине
    Кыйналдым кандай кылайын
    Түрүнөн качсам душмандан
    Тирүүмдө кантип чыдайын
    Алдынан тосуп душманды
    Аралай салып чыгайын
    Кылчайбай кыргын салайын
    Кыраанымды душмандан , ,.
    Ажыратып алайын
    Ажалым болсо колуна
    Мен дагы түшүп калайын
    Каралдымдан айрылып
    Кантип элге барайын
    Өмүрүмчө кор болуп
    Кимдин көзүн карайын
    Алым келсе армансыз
    Катуу түйшүк салайын
    Аман болсо азаптан
    Ажыратып алайын
    Кармалармын душманга
    Качсаң бакыт таалайым
    Кара жаның бар болсо
    Өлгөнүңчө багайын
    Өлүмгө сунуп колумду
    Душмандын канын төгөйүн
    Колума түшсө түгөйүм
    Ала качып жөнөйүн
    Ак кепиндеп аруу жууп
    Колум менен көмөйүн
    Деп ошондо эр Жаныш
    Кайра тартпас жылоо ооздук
    Кайра тартып алды эми
    Камчы салбас кара сан
    Кайрылып камчы салды эми
    Жабылып келген көп колго
    Жалтанбай кирип барды эми
    Кыргын салды качырып
    Кытайдын бир жак четинен
    Эч кабары билинбейт
    Кырааны Байыш бегинен
    Оюнда жок Жаныштын
    Өлөмүн деп шекшиген
    -Мурункудан мунусу
    Кыйын неме көрүндү
    Кыйкырыгы чыкканда
    Кыйланын каны төгүлдү
    Кырып кетет шекилди
    Качпасаңар көбүңдү ».-
    Деп ошондо Сыядат
    Качып берди бөлүнүп
    Качкан жоого карааны
    Кабыландай көрүнүп
    Каарданып алыптыр
    Кара тери төгүлүп
    Качты кытай талаалап
    Акмунар тоону караалап
    Кууп барат эр Жаныш
    Аркасында сабалап
    Эсине түшүп Жаныштын
    Баатыр Байыш иниси
    Инилүүнүн тоодон чоң
    Тирүүсүндүнөн кырысы
    Кайра тартып токтотту
    Кытайга салган урушту
    Кылчайып келди эр Жаныш
    Инисинин кашына
    Көргөн жерден солкулдап
    Сөөгү аябай жашыды
    Алтымыш батман темир тор
    Аңтара салып кулатып ,-
    Жаткан экен эр Байыш
    Көкүлүн канга булатып
    Көп кыйнаптыр душмандар
    Кара ташка сулатып
    Былчылдатып чынжырды
    Үзүп үзүп таштады
    Өлөрчө болгон Байышты
    Өңөргөнчө шашпады
    Өңөрүп алып баатырды
    Кача турган баштанды
    Кер жоргонун ооздугун
    Кайра тартып алды эми
    Качарына көздөнүп
    Катуулап камчы салды эми
    Айдың көлдүн бели деп
    Кырк жигиттин чени деп
    Аман эсен куткарып
    Алып кетсем эми деп
    Атырылтып эр Жаныш
    Ала качып жөнөдү
    Бир убакта эр Байыш
    Көзүн ачып эс алып
    Айланайын агам деп
    Жаранын баары жаман деп
    Жанымды тирүү койбойтко
    Бүткөн бойдо жарам деп
    Бир азыраак токтолуп
    Эс алдырып көрсөңчү
    Көп кыйнабай жанымды
    Тирүү да болсом көмсөңчү
    Деп Ошентип Эр Байыш
    Тура калды эс алып
    Туш тарапка көз салып
    Башта калың кытай турганда
    Көпүрөнүн башына
    Кара дарын курганда
    Жар бою аңдар казылып
    Жазайыл койгон жашырып
    Жакындап келсе аткын деп
    Жашынган бойдон жаткын деп
    Мергенге койгон тапшырып
    Жаныш көрбөй калыптыр
    Жазайыл атчу мергенге
    Жакындап кирип барыптыр
    Жабыттан түтүн булатып
    Жанышты карай бир атып
    Жаралуу кылды Жаныштын
    Омуроосун сыя атып
    Ойрон болуп оң колу
    Сыртына чапты шалк этип
    Жарадар Байыш колунан
    Түшүп кетти жарк этип
    Жазайыл үнү угулуп
    Жабылып кытай туш туштан
    Жайнап чыкты чубуруп
    Жанышты карай ат коюп
    Келатышат бурулуп
    Аткан окко жеткизбей
    Алып качты кер жорго
    Айдын көлдүн жолуна
    Салып качты кер жорго
    Куткарып кетсем экен деп
    Өлбөй турган болжолго
    Кайраты кетип Жаныштын
    Омуроодо жарадан
    Бүткөн бою саруулап
    Октун уусу тараган
    Куюлуп кетет шыркырап
    Омуроодон кара кан
    Алыс кетти эси ооп
    Кер жоргонун жалынан
    - Баш көтөрүп кулак сал
    Баатыр Жаныш мен жакка
    Көз чаптырып карачы
    Кууп келаткан эл жакка
    Жарадар Жаныш кыйналып
    Жатканыңа мен капа
    Жолборсум Жаныш минсеңчи
    Жорголугум билсеңчи
    Жоготууга кубалап
    Жоо келетат жүрсөңчү
    Асылым Жаныш минсечи
    Асылдыгым билсеңчи
    Күлүстөн ээм минсеңчи
    Күлүктүгүм билсеңчи
    Кытайдын баары кубалап
    Келе жатат жүрсөңчү
    Жолборсум Жаныш минип ал
    Жоргоң сүйлөйт тилин ал
    Күлүстөн Жаныш минип ал
    Күлүгүң сүйлөйт тилин ал
    Асылым Жаныш минип ал
    Айбаның сүйлөйт тилин ал
    Айбан да болсом жолдошуң
    Акыл айтам адамдай
    Айламды турам табалбай
    Айдың көлгө карата
    Алып ушсам самалдай
    Кыйналып турам Жанышым
    Кырк жигиттин жанына
    Сени таштап баралбай
    Айланайын эр Жаныш
    Төө чөккөндөй чөгөйүн
    Акырын жылып сен минсең
    Айдалыма чыккан соң
    Алмак салмак теминсең
    Аман эсен куткарып
    Кетчү жолго мен кирсем
    Кытайдын баарын тамшантып
    Кыйын экен э жоргосу
    Куткарып кетти дедирсем
    Башыңды көтөр эр Жаныш
    Төө ччөкөндөй жатайын
    Мине албасаң жонума
    Миңгизүүгө киймиңден
    Тиштеп алып тартайын
    Мине калсаң ошондо -
    Ордуман тура качайын
    Ойкуштанып жүгүрүп
    Тер көбүгүн чачайын

  • @Актилек-б7р
    @Актилек-б7р 3 роки тому +5

    Аллах ыраазы болсун

  • @ANASHA725
    @ANASHA725 4 роки тому +20

    Жок болуп кетти эле азаматсынар кайра жүктөлдү 👍👍👍

  • @jdjdjdjdjjdjdjd9501
    @jdjdjdjdjjdjdjd9501 4 роки тому +43

    Журоктон орун алды иним талантына тазим омурун узун болсун.

    • @ХаликовУлугбек-р9ь
      @ХаликовУлугбек-р9ь 2 роки тому

      Л

    • @__-km7vj
      @__-km7vj 2 роки тому

      @@ХаликовУлугбек-р9ь э .

    • @МаксатбекКыдыров
      @МаксатбекКыдыров 2 роки тому

      @@__-km7vj ссаассасассссщсассссдаащдаааааааааааааапаапааааапаапаааааааапаааааапаааааааааааапапащаааащааащаааапаааааааппаппаааащапаааааааааппааааапаапаапаааааааааащааааааааааааааапападапаапаапааааапапааащщзд а а ща

    • @МеизЖумадилова
      @МеизЖумадилова 2 роки тому +1

      Тамаша жыр 👍👍👍

    • @АрзыканАкбарова
      @АрзыканАкбарова 2 роки тому

      @@МаксатбекКыдыров 9

  • @almazkaiumov726
    @almazkaiumov726 4 роки тому +23

    Азаматсын иним,оноруно баракелде!

  • @НурланКучуков-в1ч
    @НурланКучуков-в1ч 3 роки тому +13

    Бали ракмат угуп черим жасылды 👍✊👏🇰🇬❤

  • @ИзатАсаналиев
    @ИзатАсаналиев 4 роки тому +6

    Кайра жуктолду! Рахмат.

  • @АсанТойгонбаев-д3ы
    @АсанТойгонбаев-д3ы 3 роки тому +15

    Азамат..жигит..абдан жакшы..толук берилип уктум...сага ийгилик каалайм

  • @AknietRahmetova
    @AknietRahmetova Рік тому +2

    Чынын айтат бал төлгө
    Сүйүнчү бергин Сарбаным
    Нечен жылдан бер жакка
    Кайыр тилеп зарладың
    Аман келип эки бек
    Арылыптыр арманың
    Санааң кайта жашарып
    Кириптир кубат дарманың
    Алдо үй алдо үй
    Армандуу Сарбан сүйүнчү
    Алек тонуң кийинчи
    Күйүттүү Сарбан сүйүнчү
    Көлөңдү оңдоп кийинчи
    Төлгө тарткын дедиңиз
    Тирүү экен бегиңиз
    Түрү бузук кулдардын
    Ошо Тийди го колго кегиңиз
    Алдо үй алдо үй
    Пайгамбардын балы айтат
    Балчыларың даана айтат
    Бал ачып бергин дедиңиз
    Аман эсен келиптир
    Байыш Жаныш бегиңиз
    Баштагыдай бектикке
    Келиптир Сарбан эбиңиз
    Байыш келип кулдардын
    Ошо колуңа тийди кегиңиз
    Алдо үй алдо үй
    Жаныш Байыш эки бек
    Кими дос кими душман деп
    Баштарына куу кийип
    Ичтерине кек түйүп
    Дубана болуп турушат
    Жүрөгүнөн от күйүп ,-
    Алдо уй алдо үй
    Кууларынын тышынан
    Селделерин чалынып
    Арыктаган атына
    Куржундарын салынып
    Кубулушуп келиптир
    Кулдарына камынып
    Жүрөгүңдөн чер кетип
    Маңдайыңдан тер кетип
    Келет экен эки бек
    Көңүлүңдү дегдетип
    Душманыңды басыпсың
    Ошо тилегине сен жетип
    Жаныш Байыш баатырлар
    Көл боорлорун асынып
    Көргөндө тааныйт душман деп
    Баатырлык көркүн жашырып
    Кадиксиз баатыр экөө тең
    Кайратын тоодон ашырып
    Дубана болуп туруптур
    Түбү жайын биле албай
    Кулдарды кудай уруптур
    Алдо үй алдо үй , !

  • @AknietRahmetova
    @AknietRahmetova Рік тому +2

    Айланайын эр Жаныш
    Сөзүмдү жаман көрбөсөң Көөдөксүнтүп жемелеп
    Көңүлүмдү бөлбөсөң
    Менде бир кайгы санаа бар
    Бейлиңди жазып жөндөсөң
    Абалы кудай жаратып
    Адам кылып койгонсоң
    Акылым жетет ал жетпейт
    Ар убакта ойлонсом Уктасам кетпейт түшүмдөн
    Оюмда турат ойгонсом
    Ойдогуга жетпесе
    Курусун оюн тамашаң
    Оолуктурат жүрөгүм
    Ойлоп турат санасам
    Аргасы кандай болот деп
    Акылымдан адашам
    Жамандык келсе бир көрчү Жатындашым жубайым
    Жаш балапан экөөбүз
    Ата даңкын сурайын
    Билгениңдин баардыгын
    Жарышбай айтчы угайын
    Чоң атабыз Азирет Кандай болгон хан экен
    Кайраттуу баатыр деп угам
    Кайсыны чаап алды экен
    Биз унутпай жүрүүгө Бир белгиси бар бекен
    Баш аягын айтып бер
    Баатыр бекен шер бекен
    Балбан бекен эр бекен
    Башынан кандай келди экен
    Баатыр болсок биз дагы
    Башка душман чочунуп
    Баласынын балдары
    Баатыр чыкты дээр бекен
    Ар убакта жашымдан
    Уламадан улаймын
    Чоң атам кандай өткөн деп
    Улуулардан сураймын
    Сенден мурун атамдын
    Кабарын угуп муңайдым
    Айланайын агаке
    Айтпасаң кантип чыдаймын
    Аккүргүнгө Азирет
    Чоң көпүрө салган дейт
    Коломолуу кол менен
    Кытайды кыргын салган дейт Сыядаттын көп колун
    Эки куур чаап алган дейт
    Көпүрөсүн өлөрдө
    Кызыл таштан кынатып
    Бекиттирип салган дейт
    Ушунусу чын болсо
    Айланайын агакем
    Экөөбүздө арман көп
    Көпүрө жатса көрүнбөй
    Эмгиче жолу бекилип
    Көп жыйылып барбаса
    Өзү ачылбайт тешилип
    Ошондо жок экөөбүз
    Азамат болдук жетилип
    Ошону ойго албаган
    Атабыз момун киши экен
    Азирет хан барында
    Курап кеткен иш экен
    Баатырдыкты унутуп
    Жатып алчу биз бекен
    Сураган сөзүм чын болсо
    Айтып бер ага аныгын
    Улуу менен кичүүдөн
    Ата жөнүм тааныдым
    Ушу баштан тартамын
    Чоң атамдын калыбын
    Айланайын жалгызым
    Укканыңдын баары чын
    Уламадан угупсуң
    Улулардан тюпсун
    Чоң атаңдын чабытын
    Балалыгың эмеспи
    Баятан сенин айтканың
    Ата баба тегиңди
    Ачык айрым сурадың
    Адам уулу ичинде
    Айтылуу кыргыз урааның
    Андайларды сурашка
    Жетелек сенин убагың
    Мен дагы угам карыдан
    Бек жандаган баатырдан
    Түбүнөн бакты тайган жок
    Тирүүлөй кызыр даарыган
    Тукумунан хан болуп
    Түшкөн эмес тагынан
    Кытай да нечен кырылган
    Атаңдын баатыр чагынан
    Аккүргүндүн бетине
    Чоң атаң салган көпүрө
    Өз атаң Нуркан көп барган
    Көпүрөнүн четине
    Алтымыш күнү түнөгөн
    Туу тигилген секиде
    Зыярат кылып зыркырап
    Көзүнөн жашы дыркырап
    Алтымыш кошун бир туруп
    Алар да кошо буркурап
    Ачылып кетсе көпүрө
    Аман өтүп кетүүгө
    Батына албай кайтышкан
    Аккүргүн суусун кечүүгө
    Атабыз Нуркан эл багып
    Ошондон бери тынч жатат
    Көрүнбөй кайып ээлеген
    Көпүрө кантип жол ачат
    Азирет хан ишинен
    Жол ачылса ким качат
    Сур жорго тулпар мингениң
    Сур бучкак болсо кийгениң
    Кызыгы ушул болбойбу
    Тирүү адамга дүйнөнүн
    Түрү суук сөздөрдүн
    Түбүн таап сүйлөдүң
    Кызматыңда кырк жигит Кылчаңдабайт буларың
    Туйгун шумкар куш салсаң
    Таркабайбы кумарың
    Тамашаңбы чыңыңбы
    Дайынсыз кепти сурадың
    Ошол сен сураган көпүрө
    Кайып ээлеп маңдайын
    Калкагар кара таш алган
    Канчалык адам өтө албай
    Көзүнөн кара жаш алган
    Кызыр ээлеп бүйүзүн
    Кыйгактуу кызыр зоо алган
    Кытай кыргыз ортосу
    Кырылышпай тынч калган
    Угушумда чоң атаң
    Кытайды далай оодарган
    Элиңде тынчтык болгон соң
    Эсиңе алба эч арман
    Атабыз Нуркан падыша
    Ага алтымыш шаар караган
    Элибиздин ичинде
    Күнүгө оюн тамаша
    Эриккенде куш салып
    Ээрчишип жүрсөк жанаша
    Айланайын жалгызым
    Сенин айтканын кандай каргаша
    Же энтелеткен душман жок
    Же элиңди бирөө бузган жок
    Алтымыш шаар кыдырчы
    Ачкасы жок баары ток
    Алаптаган жалгызым
    Мынча эмне болдуң шок
    Падыша Нуркан атабыз
    Дөөлөтүңдө жатабыз
    Элибизде душман жок
    Эминеге капабыз

  • @begim-gp9fi2ke1y
    @begim-gp9fi2ke1y 4 роки тому +52

    Кыргызымдын байлыгыгынын ичиндеги алтындар-дастандар,бали азаматсвнар миллион просмостр болсо гана....

    • @ЗабирабуАдиева
      @ЗабирабуАдиева 3 роки тому +1

      Бали балам унуно береке омурун узун ,ден соолугун чын ,бактылуу бол оомийин

  • @СуйунДжундубаева-ы9щ

    УЛУКБЕК АМАН БОЛ, ОНОРУНО ОМУРУНО, БЕРЕКЕ, ОРКУНУН 🤲ООМИЙИН🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻

  • @gulzakhira8508
    @gulzakhira8508 3 роки тому +8

    Уккулуктуу айтыптыр 👏🏻👏🏻👏🏻

  • @НурланКучуков-в1ч
    @НурланКучуков-в1ч 4 роки тому +21

    Кандай керемет чыгарма канча уксан тажабайсын чон ракмат бар бол аман бол👍🤲

  • @sashan.a.g.s1516
    @sashan.a.g.s1516 4 роки тому +20

    Улукбек токтоболот уулу баардык дастандарды мыкты аткарат.Курманбекти да,Жаныш-Байышты да мыкты айтат.. Улукбек мырза Карагул ботомду,Аксаткын мн Кулмырзаны да айтып чыгыныз.Мен Жаныш-Байыш дастанын кунуго жумушка угуп барып,угуп келем.Себеби ото чон дем берет!

  • @Бишкек-Токтогул
    @Бишкек-Токтогул 4 роки тому +13

    Азаматсын Улукбек

    • @ЭмилАдилбеков
      @ЭмилАдилбеков 3 роки тому +1

      Баракелде иним онорун оркундой берсин атана рахмат седей баланы тарбия берген омуруно береке бар бол кыргыздын сыймыгы болуп журо бер

  • @AknietRahmetova
    @AknietRahmetova Рік тому +2

    Элиме кара санаган
    Өлүмгө мени баалаган
    Желкайып экен кулгуна
    Көөдөндөн жанын чыгарбай
    Көкөйдөн кеткис кылгыла
    Жабылып желдет ургула
    Жаак чачын жулгула
    Жанымдан чыккан турбайбы
    Жаман жара кулгуна
    Орундатып буйрукту
    Оюнан кеткис кылгыла
    Арабадан кулатып
    Жибектей чачын булатып
    Маңдайына каш койбой
    Башына жалгыз чач койбой
    Кызыл өңүн аздырып
    Кыйнама шорго бастырып
    Жылаңайлак жылаң баш
    Кийими жок жылаңач
    Жылтыраган таз кылып
    Искек менен тергиле
    Азабын таштай бергиле
    Төрт санына төрт казык
    Төрт жакка кагып кергиле
    Падыша жооп берген соң
    Барбай желдет турабы
    Баса калып тепкилеп
    Жибектей чачын чубады
    Арабадан Желкайып
    Чыңырып түшкөн убагы
    Желдеттер сабап урушту
    Жибектей чачын жулушту
    Желкайыпты жек көрүп
    Вазир кызды эп көрүп
    Убайымга өткөрүп
    Сыядат кылды бул ишти
    Жабыла желдет урушту
    Жаак чачын жулушту
    Арабадан сулатып
    Тал тал чачын булатып
    Төрт жакка казык кактырып
    Үстөмөлдөп жаткырып
    Кол бутунан керишти
    Азабын баштай беришти
    Башына бир тал чач койбой
    Маңдайына каш койбой
    Искек менен теришти
    Падышанын буюрган
    Кызматын кылып беришти
    Чачынын баары жулунуп
    Заманасы куурулуп
    Кийминин баары жыртылып
    Тамчылап каны бүркүлүп
    Камчы тийген ууздай эт
    Дал дал болуп бөлүнүп
    Бөлүнгөн бойдон жарадан
    Кан куюлуп төгүлүп
    Эки колун чынжырлап
    Темир менен байлады
    Ортого салып он желдет
    Орду көздөй айдады
    Оолжуган сулуунун
    Ошентип шору кайнады
    Эки жакка жалдырап
    Оттой көзү жайнады

  • @AknietRahmetova
    @AknietRahmetova Рік тому +1

    Жатындашым бар десем
    Жалгыздын бири экенмин
    Жан күйөрүм жогунан
    Алсыздын бири экенмин
    Кош аман бол барбасаң
    Жаркыным Жаныш аман бол
    Жатындашка жан боору
    Карашпаган заман бол
    Өлүм жакын келгенде
    Бөлүндү сизден биздин жол
    Тирүү калып өлүмдөн
    Бул дүйнөгө устун бол »...
    Деп жанышка таарынып
    Байыш баатыр камынып
    Жөнөрүнө жакындап
    Шашып жатат чамынып
    Күчүм болсо сеңирдей
    Кол бутумдун булчуңу
    Чыңап койгон темирдей
    Салышып жүрүп өлөйүн
    Нуркандын эки баласы
    Чыдабай качты дедирбей
    Сур жоргонун эр Байыш
    Төш олоңун бек тартып
    Чап олоңун бош тартып
    Куюшканды кыскартып
    Көмөлдүрүктү узартып
    Жер жайнаган көп колго
    Шашып жатат көз артып
    Сур жоргосу жыбылжып
    Сурданып атка минди эми
    Сундуруп найза кылычын
    Сумсайып жалгыз кирди эми
    Ачууланып бакырып
    Аянбады эр неме
    Көлөкөлүү майданда
    Көп качырды шылкылдап
    Көмөлөнүп жыгылды
    Эрлер өлдү кылкылдап
    Көбүктөнүп кызыл кан
    Агып жатат чылпылдап
    Түндөгү менин түшүм деп
    Түшүмдө кырган кишим деп
    Күлүп барат эр Байыш
    Мурутунда былкылдап
    Саябан салкын майданда
    Салышып жүрөт шылкылдап
    Сап сап менен кытайлар
    Өлүп жатат кылкылдап
    Сайлуу суудай кызыл кан
    Агып жатат чылпылдап
    Капилет көргөн түшүм деп
    Катарлап кырган кишим деп
    Күлүп барат эр Байыш -
    Мурутунда былкылдап
    Өзү балбан карылуу
    Алп мүчөлүү далылуу
    Көкүрөкгү чарайна ,-
    Жаш болсо да эр Байыш
    Жан багыуга камынуу
    Айбат менен алышы
    Аралап сайып баратат
    Ат үстүндө бир тынбай
    Кеч кирет да таң атат
    Кезиккен миңден кол болсо
    Кекилик чилдей таратат
    Ооздукту тиштеп чакчаңдап
    Ойноктоп түшүп асмандап
    Сур жоргосу ойдолоп
    Суу ичпейт да жем жебейт
    Суубайт дагы тердебейт
    Бир убакта эр Байыш
    Кайрылып артын караса
    Калган жоону кыйратып
    Сайып келет агасы
    Кызыл туман чаң болгон
    Чылпылдап саздай кан болгон
    Ак мунар тоонун талаасы
    Карышкыр тийген койго окшоп
    Лаачын тепкен таанга окшоп
    Алды качты дыркырап
    Алды алдында чуркурап
    Катарынан канчасы
    Өлүп жатат тырпырап
    Кылыч алды бир колун
    Чолок болгон мындан көп
    Буту сынып басалбай
    Сороктогон андан көп
    Жанбашына ок тийип
    Жаталбаган мындан көп
    Жаза буза жыгылып
    Качалбаган андан көп
    Акмунар тоону аралап
    Качып барат калганы
    Баатырга чыдап туралбай
    Баарысы качат талаалап
    Аркасында эр Байыш
    Ар өзөнгө камалап
    Ушу келген душманды
    Бир сапар сайып алсам деп
    Сыядат хандын жүрөгүн
    Жүлүнү менен жарсам деп
    Калың кыргыз элине
    Даңктуу болуп барсам деп
    Душманымдын баарысын
    Тукум курут кылсам деп
    Туш тушунан кулатып
    Катар катар сулатып
    Душманымдан тынсам деп
    Тукум курут кылсам деп

  • @ЖанылОмуралиева-н2й
    @ЖанылОмуралиева-н2й 3 роки тому +14

    Соонун үн улуттук демге күч берет

  • @НурланКучуков-в1ч
    @НурланКучуков-в1ч 4 роки тому +31

    Кыргыстын акындары осеки эпос дастандарды термелерди жатка айта билгеа бали ракмат улукбек бар бол аман бол толугу менен угуп черим жасылды👍❤🇰🇬

    • @uuljanrysbekova8717
      @uuljanrysbekova8717 3 роки тому +2

      Ракмат омурлуу бол

    • @БакытбекОмокеев
      @БакытбекОмокеев 2 роки тому +1

      Ооба мен да угуп чыктым. Бала кезде окудум эле китебин. Азыр угуп черим жазылды. Рахмат иним бар бол, ишиңе ийгилик, өнөрүң өргө чапсын, бактылуу бол бала чакан менен. Аллага шүгүр, уучубуз куру эмес экен.

  • @ТаалайгульИбрайевна

    Бар бол.Унуно,талантына таазим.

  • @МекенимКыргызстан-ь2ф

    Кандай гана кыйындар болгон оз элин жерин ойлогон азыр андай копуро эмес зым менен тосо албайбыз Ата Бабаларыз Баатырларыбызга эки дуйно таазим 🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏

  • @nurikrahatbekov5506
    @nurikrahatbekov5506 4 роки тому +12

    Кайра кайра угуп жатам

    • @duishabaidubanaev3558
      @duishabaidubanaev3558 3 роки тому

      Юббэбюэхюэь бэ эюэь
      Эхюх . Б э.ээ.
      Х.

      Э ,?,.,,
      .,
      ,,,Эюб,ббэд,дю,ююб,ю?,,ю,,ю,,юю,ю.,юэю юю,эюб. Ээ.. Ююб.,ю,э.юэ
      Ээ./...,,??,/,,/,б,,,б,б эюб хбэббхбэюэ юэю ххххюхюююхх юэю юююээюююююэээюэюэюююююююююююхххюю бэ ююбюббюхбхэхююх ээ ю.эххбьюхбююхбх
      Ххэб.ж.бэхэххххххюхб юбххюхюхб.
      Хх х..хххх
      Хх.х.х... ....эю?, Э.х
      Эьэээ
      Ээээхххэ.эбэ.э,э,.,,ээ,,
      Х
      .,,,,ю./ Бббэ
      Б, э,
      ,Ббэ,х,э,э
      Б,ээ,э Ююб.,ээххээээээ ,эээ,эбэ,э,э,эээээ ,,,..эээ,эээ,эбээхээээээээээ.эээээ.эээээээ
      Ч.
      Ээ
      Э

      .
      Э
      Ююб
      Э ээ
      Ю. .эээ.ээээ.ээээ
      . Ююбюю?7??7

    • @duishabaidubanaev3558
      @duishabaidubanaev3558 3 роки тому

      Юббэбюэхюэь бэ эюэь
      Эхюх . Б э.ээ.
      Х.

      Э ,?,.,,
      .,
      ,,,Эюб,ббэд,дю,ююб,ю?,,ю,,ю,,юю,ю.,юэю юю,эюб. Ээ.. Ююб.,ю,э.юэ
      Ээ./...,,??,/,,/,б,,,б,б эюб хбэббхбэюэ юэю ххххюхюююхх юэю юююээюююююэээюэюэюююююююююююхххюю бэ ююбюббюхбхэхююх ээ ю.эххбьюхбююхбх
      Ххэб.ж.бэхэххххххюхб юбххюхюхб.
      Хх х..хххх
      Хх.х.х... ....эю?, Э.х
      Эьэээ
      Ээээхххэ.эбэ.э,э,.,,ээ,,
      Х
      .,,,,ю./ Бббэ
      Б, э,
      ,Ббэ,х,э,э
      Б,ээ,э Ююб.,ээххээээээ ,эээ,эбэ,э,э,эээээ ,,,..эээ,эээ,эбээхээээээээээ.эээээ.эээээээ
      Ч.
      Ээ
      Э

      .
      Э
      Ююб
      Э ээ
      Ю. .эээ.ээээ.ээээ
      . Ююбюю?7??7

    • @duishabaidubanaev3558
      @duishabaidubanaev3558 3 роки тому

      Юббэбюэхюэь бэ эюэь
      Эхюх . Б э.ээ.
      Х.

      Э ,?,.,,
      .,
      ,,,Эюб,ббэд,дю,ююб,ю?,,ю,,ю,,юю,ю.,юэю юю,эюб. Ээ.. Ююб.,ю,э.юэ
      Ээ./...,,??,/,,/,б,,,б,б эюб хбэббхбэюэ юэю ххххюхюююхх юэю юююээюююююэээюэюэюююююююююююхххюю бэ ююбюббюхбхэхююх ээ ю.эххбьюхбююхбх
      Ххэб.ж.бэхэххххххюхб юбххюхюхб.
      Хх х..хххх
      Хх.х.х... ....эю?, Э.х
      Эьэээ
      Ээээхххэ.эбэ.э,э,.,,ээ,,
      Х
      .,,,,ю./ Бббэ
      Б, э,
      ,Ббэ,х,э,э
      Б,ээ,э Ююб.,ээххээээээ ,эээ,эбэ,э,э,эээээ ,,,..эээ,эээ,эбээхээээээээээ.эээээ.эээээээ
      Ч.
      Ээ
      Э

      .
      Э
      Ююб
      Э ээ
      Ю. .эээ.ээээ.ээээ
      . Ююбюю?7??7ю7

  • @edilkadyrov5346
    @edilkadyrov5346 4 роки тому +51

    Курманбек дастанын да толук киргизгилечи болсо

  • @janybekdairov5900
    @janybekdairov5900 4 роки тому +13

    Азамат сын оркундойбер барболсун 💪🖐️

  • @AknietRahmetova
    @AknietRahmetova Рік тому +1

    Ассалоомо алейкум
    Падыша Нуркан атабыз
    Балдарыңыз Кош көлгө
    Куш салып келе жатабыз
    Ажал жетип өлгөнчө
    Адам да болбойт капасыз
    Орто көлгө үй тигип
    Башкы көлгө куш салып
    Кызыктуу болду тамаша
    Кырк жигитти алпарып
    Кайтара келди Байышың
    Калп жеринен чыр салып
    Башкы көлгө бээ байлап
    Көк ала сазда мал жайнап
    Кысыр эмди тай союп
    Жез можуда эт кайнап
    Каймак майдай томуруп
    Казы карта жал чайнап
    Ойлонуп алып эр Байыш
    Оюма салды бир сөздү
    Же жаш өмүрдү жалкытчу
    Бузуктан угуп көргөнбү
    Бул шумурай балаңдын
    Айтканына ким көндү
    Эл эсирткен эмедей
    Элдин жайын бир сурайт
    Эки хандын арасы
    Жердин жайын бир сурайт
    Азирет хан кандай деп
    Атамдын жайын миң сурайт
    Адамды койбой жайына
    Атырылып тынчыбайт
    Азирет хан барында
    Аккүргүндүн четине
    Кан көпүрө салган дейт
    Кытай кыргыз эл билбей
    Бекитилип калган дейт
    Тилегеним тирүүдө
    Бир кудайдан жардам дейт
    Кытайды карай бет алып
    Бир барбасам арман дейт
    Оолуктуруп чунакты
    Ойдо жок жерден бурганбы
    Он күнгө жетпей табайын
    Оолуктурган душманды
    Оюна койсоң чунагың
    Араң турат сызганы
    Ала көөдөн ал бир эр
    Алдап соолап акыл бер
    Аталыгың ойлонсо
    Айтканыңды макул дээр
    Ошо кезде байкасан
    Ак өргөнүн тушунда
    Тыңшап турган эр Байыш
    Агасына кулагын
    салып турат эр Байыш
    Айтар сөзүн белендеп
    Суусап турат эр Байыш
    Ачуусу келип Байыштын
    Кабагы карыш түйүлүп
    Каарданып үстүнө
    Кирип барды жутунуп
    Эки колу боорунда
    Эр Байыш турат сөз баштап
    Озунуп келген эр Жаныш
    Отуруп калды кыйшайып
    Эне атасы сөзүнө
    Кулак салып турган чак
    - Айланайын атакем
    Арзымды айтып турам мен
    Агакем Жаныш алдында ,
    Аныгы бүгүн кеңешем ,
    Ала көөдөн жаш бала
    Акылың жок дебесен
    Абыдан байкап анык ук
    Ак сүт берген энем сен
    Кабарын угам карыдан
    Жок элем жолун тааныган
    Көрбөгөн жерди көрүүгө
    Эминеден талыгам
    Оюма түшүп оолугуп
    Октолуп турам жаңыдан
    Атаке кечкин акыңдан
    Айбыккан душман даңкыңдан
    Акылыма жеңдирип
    Адашмак болдум калкымдан
    Атагы чыкпайт алыска
    Аярланып тартынган
    Энекем кечкин сүтүңдөн
    Төрөлдүм эле ичиңден
    Адам болуп жаралдым
    Ата эне сенин күчүңдөн
    Аман тургун ата энем
    Алыска жолго күтүнөм
    Ак мунар тоонун бер жагы
    Ау күргүндүн ар жагы
    Айдың көлгө барамын
    Азирет ханча мен дагы
    Кор кылбай азап тарттырбай
    Колдосо тирүү арбагы
    Атагы чыкпай жатабы
    Насили баатыр балдары
    Кара кыш менен каптаган
    Кызыл кыш менен чаптаган
    Кырк кылымды болжотуп
    Кыноосун жиксиз кынаган
    Кызыл ташка окшотуп
    Кытай уста чыңаган
    Көрүнүп турат жалтырап
    Көпүрө суунун бетинде
    Кара зоо менен кызыл зоо
    Кыналган эки четинде
    Кайып ээлеп калган дейт
    Чоң атам салган көпүрө
    Ээлегени чын болсо
    Кайыбы менен кармашам
    Канчалык катуу болсо да
    Кара зоону жарбасам
    Азирет хан атамдай
    Айдың көлгө барбасам
    Куш салып кумар жазарга
    Айдын көлдү кытайдан
    Ажыратып албасам
    Кызып кетип нар жака
    Кытайга кыргын салбасам
    Байыш бир атым курсунчу
    Анда баба арбагы урсунчу

  • @АйдарбекШералиев
    @АйдарбекШералиев 2 роки тому +11

    Хорошее сочетание дикции, голоса и комуза! Слава богу, что такая молодежь есть, наши шедевры сохранятся на Века! Чон рахмат!

  • @hurbekkerinbaev9652
    @hurbekkerinbaev9652 2 роки тому +1

    Улукбек азамат

  • @Zamirbek561
    @Zamirbek561 2 роки тому +1

    Талантына таазим

  • @AknietRahmetova
    @AknietRahmetova Рік тому +2

    -Айланайын оу агакем
    Билдирейин белгимди
    Сыпайы сырын жашырбайт
    Сырдашар күнгө келдикпи
    Балалык кылбай жакшы угуп
    Байкап көрчү эрминби
    Оттон өрттөн коркпогон
    Ойноо бала о кезимнен
    Он төрт он үч о жаштагы
    Балдар коркчу о сесимен
    Ошондон берки көргөнүм
    Кете элек менин эсимен
    Ошол ойноо кезимде
    Атамдын беш жүз төөсү бар
    Өркөчү жок баарысы
    Өрдөк моюн кызыл нар
    Жаздын күнү көктөмдө
    Ойноп чыктык көп балдар
    Ошо төөнүн ичинде
    Көрүнгөндү кубалар
    Жакын жетсе жазганбай
    Тиштеп алып ыргытар
    Арасында көп эле
    Киши чайнар бууралар
    Бизди карай бир буура
    Качрып калды туп тура
    Чыдай албай бетинен
    Чыга бердим бурула
    Балдардын баары мен жакка
    Качып берди чубура
    Көбүгүн буркөп чачылтып
    Көнөктөй оозун ачылтып
    Бир баланы четинен
    Чөгөлөй түшүп аймады
    Чыркыратып чайнады
    Жагалмай алган чымчыктай
    Баланын шору кайнады
    Табалбадым мен ошондо
    Ажыратар алымды
    Кош колдоп алып бир буттан
    Ачуу менен ыргытсам
    Буту кала бериптир
    Кармаган колдо жулунуп
    Калкка тарап кетиптир
    Кабарым катуу угулуп
    Тогузумда мен токтолбой
    Мына ошону кылган мен
    Таятамдын колунда
    Ойноп жүргөн кезиң сен
    Балапан күнкү иш болчу
    Баатыр Жаныш ишенсең
    Эркелетип ата энем
    Акыл наасат үйрөткөн
    Ойноктукту оюмдан
    Ошо күнү түгөткөм
    Андан кийин ата энем
    Андып жүрүп жетилткен
    Мындан кийин чырагым
    Балбандыгың чыгарбай
    Баатыр болгун чыдамкай
    Деген болчу ата энем
    Ошону менен убадам
    Он жашымда бекиген
    Андан кийин чыгарбай
    Сактагамын күчүмдү
    Дэгеним эки болгон жок
    Эне атамдын бүтүмү
    Ашыгып бүгүн көрсөттүм
    Жыйырмамда чыгар күчүмдү
    Ачуумду чыгарып
    Арачы келген кожонун
    Бирин кармап бутунан
    Бирин башка чапмакмын
    Жазыгын сенин ошол деп
    Жамандыгын тапмакмын
    Акыл берген атама
    Убадамды сактапмын
    Жолборсу чыкса жолумдан
    Кулактан кармап минмекмин
    Ажыдаардын жонунан
    Тирүүлөй кайыш тилмекмин
    Барбасын деген сөзүбү
    Падыша Нуркан атамдын
    Калп айтарын билбепмин
    Кара кулак шер болсо
    Айбандын алпы ал болсо
    Тирүүлөй кармап алмакмын
    Мени коркутканың мына деп
    Кимибиз баатыр туура деп
    Атама алып бармакмын
    Кырааным Жаныш көөрсүң
    Толуп жатат аңгемем
    Кыйрата тээп кулаткан
    Кызыл ташты колдогон
    Кыдыры тирүү бар деген
    Кыдыры болсо алып кел
    Кырылышып көрөйүн
    Кылычсыз канын төгөйүн
    Кутманым Жаныш көрөрсүң
    Кайнап чыгат аңгемем
    Каңтара тээп кулаткан
    Кара ташты ээлеген
    Кайыбы тирүү бар деген
    Кайыбы болсо алып кел
    Каруулашып көрөйүн
    Канжарсыз канын төгөйүн

  • @РавшанАсангазиев
    @РавшанАсангазиев 3 роки тому +2

    Ийгилик

  • @tamaraerimbetova5277
    @tamaraerimbetova5277 3 роки тому +16

    Денен титирейтко чиркин

  • @кубакыргыз-л2е
    @кубакыргыз-л2е 3 роки тому +11

    Улукбек маладесин сен ушундай дастан насат ыларды устаз болуп шакирт уйрот кылымга ырдалсын тарыхтан очпой

  • @СаркеОрозобеков
    @СаркеОрозобеков 3 роки тому +6

    Элибиз талантка бай экинин бири ырчы эмне деген дастан насаат ырлары дуйнодо бир гана кыргызда эпостор туубаса манасчылар эмне деген талант

  • @ЖылдызШергазиева
    @ЖылдызШергазиева 3 роки тому +13

    Улукбек иним, дастан учун жаралгансын, эч качан талыкпа, арыба! Ар дайым кучтуу уул болуп , аман бол

  • @galaxypolzavatel6317
    @galaxypolzavatel6317 2 роки тому +3

    Кыргызды кыргыз кылган керемет дастандар.Укмуш.

  • @УранАбдыкеримов-л9щ

    Керемет

  • @TikTok-my4kg
    @TikTok-my4kg 2 роки тому +3

    Жогорку Кенешти коргучо ушул Жаныш Байыш эпосун уккула,амал кылгыла Кудайга зыярат кылайлы.

  • @baktybekasylov3005
    @baktybekasylov3005 3 роки тому +8

    Озум Согушуп аткандай болдум 👍

  • @toktokanchyibalovva5826
    @toktokanchyibalovva5826 2 роки тому +1

    Классно

  • @seyina4434
    @seyina4434 Рік тому

    Духтан берүүчү терме экен.

  • @АдилханОморов-р3в
    @АдилханОморов-р3в 16 днів тому +1

    Кино тартыш керек

  • @AknietRahmetova
    @AknietRahmetova Рік тому +2

    - « Кожо болсоң даарат ал
    Баштарыңа селде чал
    Менин айткан сөзүмө
    Кошомат кылбай кулак сал
    Кошоматчы жактоочу
    Кожо болсон куруп кал
    Түн уктабай зикирде
    Орозодо битирде
    Адам өлсө опулдап
    Жаназа доорон кетирбе ,-
    Жан кыйнабай алдап жеп
    Кыдырып жүргөн түтүнгө
    Оору көрсө дем салып
    Опулдаган молдолор
    Орточу болбой бекерге
    Өз жолуңду оңдоңор
    Он миң кошун келседа
    Мен эмесмин кор болор
    Казы менен муптулар
    Калыссыз элди жеп турар
    Калп кара өзгөй доо менен
    Актын ишиң жыкчуулар
    Менде кандай сурак бар
    Менде сурак жок болсо
    Чениме тийбей ыраак бар
    Арачыга келипсиң
    Алка курча эшендер
    Жаакташып айтышчуу
    Жатык тилдүү чечендер
    Жаныш менен Байышты
    Жайкабай ылдам кете бер
    Баарың бирдей арачы
    Алдооңорго кирбеймин
    Аярдыгым карачы
    Түркүгө кире керүүчү
    Мен эмесмин көрдүңөр -
    Түпсүз эрдин баласы
    Өз балаңар аманбы
    Ойлогула чамаңды
    Силер айткан сөз менен
    Сапар жерден каламбы
    Кайдан таап алдыңар
    Алдоого жүрчү жаманды
    Эшен кожо калпалар
    Казы менен муптулар
    Айткан жообум уктунар
    Уулуңдун сөзү ушул деп
    Эне атама айтып бар
    Көп болсо бизди көрө албай
    Ушак кылар ичи тар
    Эми кайта келсеңер
    Өлбөймүн деп ойлонбо
    Бирден түштө түлөө кыл
    Бул сапар тирүү койгонго
    Жооп берип жол ачып
    Жөнөтсүн бизди алыска
    Айтып баргын арачы
    Чын турсаңар калыска
    Жашыктык кылып жалтанбай
    Бел байласын намыска
    Ажал жетсе акыры
    Үйдө да жатсак өлөбүз
    Чымындай жандын барында
    Чын өлүмгө көнөбүз
    Өлүм үчүн шак ийип
    Бышып турат мөмөбүз
    Каухар көз кара күчтөрдү
    Жер алдына төгөбүз
    Суранамын көбүңдөн
    Кооп санап коркпоймун
    Коркон менен өлүмдөн
    Дүйнөгө устун болбоймун

  • @culbaraaskarova9121
    @culbaraaskarova9121 3 роки тому +4

    Атам биз 5-6 жашыбызда бул дастанды окуп берээр эле.
    Азыр андай кылбай телефон карматып калдык.

  • @ЧолпонКенешбекова-ы3х

    Алга Элмир агайдын жигиттери

  • @ЗакиЗаки-я7ы
    @ЗакиЗаки-я7ы 3 роки тому +11

    Келгиле Кыргыз эли баарыбыз чогулуп Алла Тааладан келечекке чавандес сурайлы ,Бай Жакыпка Алла Таала Эр Манасты берген ,Нуркан падышага Алла Таала Жаныш Байыш шерди берген,а Ууз алпты Алла Таала сурабасак да берген ,Алла Таалга ойлозон ой жетпес саназан жетпес мактоолор болсун Шугурлор болсун.