Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк, Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн. Өттү баары, ээлеп ордун кусалык, Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң. Өттү жаштык өз күчүнө ишенген, Текеберлик издеп, жалаң чындыкты. Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо, Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды, Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды. Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл, Көпөлөктөр учпай калды кышында. Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр, Макул болуп турмуш деген ушуга, Макул болуп тагдыр деген ушуга. Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо, Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды, Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды
Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.
Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалаң чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.
Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр,
Макул болуп турмуш деген ушуга,
Макул болуп тагдыр деген ушуга.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды
❤ абдан үнү жакшы экен ❤ 😊 мага абдан жакты ❤
Азаматсын уну соонун экен 🎉❤
Маматибраим Бостонкуловдун ыры го,рахмат жакшы ырдапсын
Ырды жазган Жалалабадтын Тайгараев айылынан Закирова эжебиз
Өткөн күндөрдү эске салган соонун ыр ушул ыр менен чоңойгонбуз соонун соонун чыгарма аткаруучуга ырахмат
Керемет экен
Бокинтай....элин сени унутпайт......бейиши бол....😢
Молодец сонун ырдашты
Бейишин берсин
Апам ырдайт эле жаш кезинде Мен апамдан угуп ЖАТТАГАНМЫН, АЛТЫН АПАМ БЕЙИШТЕН ОРУН БЕРСИН Ошондуктан суйуп ыдайм👍
Аминь!
Ооруйм го бул ыр менен
Маладес
Мыкты чыгырма кен унунуз жакшы кен
Кара тору эмес эле ак жуумал кыз го? 😊
Керемет экен