Улут лидери- Жусуп Абдырахман уулу

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 18 гру 2021
  • 1938-жылдын 5-ноябрь күнү. Фрунзе шаары. НКВДнын сурак бөлмөсүнө 18 айдан бери абакта отурган жана азып кеткен орто жаштагы кишини алып киришет. Орус тергөөчү көнгөн адатына ылайык папкесин ачып, баягы эле тажатма жана кайталанма суроолорун бере баштайт. Түрмөдө жатканы менен сынбаган жана көзүнөн от жанган айыпталуучу ар бир суроого ызырына жооп берет. Тергөөчү акырында: “Англиянын шпиону экендигиңди жана Советтик түзүмгө каршы иштегендигиңи мойнуңа аласыңбы?” деп такайт. Бирок кан Манастын урпагы: “Акыйкат барбы же аны да атып өлтүрдүңөрбү? Кезегинде кызматта отуруп ,силердей шүмшүктөрдү байкабай калганыма өкүнөм” деген соң, дароо ордунан туруп, отургуч менен тергөөчүнүн башына чаап жиберет. Сырттагы сакчылар ошол замат бөлмөгө кирип, мылтык менен айыпталуучуну атып салышат. Дал ошол мүнөттөрдө НКВДнын башка имаратында анын бир тууган иниси уктап жаткан жерден ойгонуп кетет. Жанындагыларга: “Эмнегедир жүрөгүм тынч эмес. Түшүм жаман! Авама бир нерсе болгонго” деп кайгырат. Ошол эле түнү большевиктер аны да атып салышкан. Эки бир тууган бири-биринин абалынан кабарсыз, бир күндө шейит болуп кете берген. Көп өтпөй алардын артынан эл душманы деп аталган Абдыкерим Сыдык уулу, Иманалы Айдарбек уулу, Касым Тыныстан уулу, Төрөкул Айтмат уулу, Абдыкадыр Орозбек уулу жана башка жүздөгөн кыргыздын чыгаан уулдары атылып, Чоң-Таш айылындагы кыш чыгаруучу заводтун мешине ыргытылып, көмүлгөн. Советтик пропаганда аларды канчалык каралабасын, алардын элесин элдин жүрөгүнөн өчүрө алган эмес. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, эгемендүүлүктүн шарапаты менен советтик режимдин дагы бир кандуу жоругу ачыкка чыккан. Дал ошол 137 шейиттердин эң биринчиси болгон ал эки бир тууган ким эле?!

КОМЕНТАРІ • 2,9 тис.

  • @Teleskop_kanaly
    @Teleskop_kanaly  2 роки тому +904

    *"Ак эмгегимди Ата-Мекенге арноону чечтим. Тагдыр жолум татаал болгону менен, Кыргызстандын эгемендүүлүгү, эркиндиги жөнүндө айткандарымды түшүнгөндөр аз, түшүнбөгөн түркөйлөр көп болду. Канжыгага башымды байлаган каар заманда Кыргызстандын башкалардын катарында багымсыз болоорун эңсеген тилегим эртең ишке ашаарына ишенем. Эркин элдин эртеңи болот! Өз элиңдин эркиндигине кызмат кыл! Мен чапкан жолдун сапарын улантаар сенсиң, урпагым! Ала-Тоону, аны байырлаган байыркы кыргызымды , бүгүнкү Кыргызстанымды сактагыла!”*
    Жусуп Абдырахман уулу

    • @Makoto809
      @Makoto809 2 роки тому +60

      Азыркы кул соройлор тушунсо экен ушунча мээнетти

    • @turan9067
      @turan9067 2 роки тому +42

      Аллах мээримине болосун Жусуп атабызды

    • @aizadasnaihidinova9254
      @aizadasnaihidinova9254 2 роки тому +13

      😢😢😢

    • @user-ss6dt1to8g
      @user-ss6dt1to8g 2 роки тому +30

      Кантип спонсорлук кылсак болот.????

    • @user-pj5si2ye4h
      @user-pj5si2ye4h 2 роки тому +26

      Журогум жагы бир жолу тилинди ! Кудайым бейиштин торундо болушсун ! Эмне учун жузу каралык ушул убакка чейин биз менен келе жатат ? !

  • @mirzakarimovsaydulla1494
    @mirzakarimovsaydulla1494 2 роки тому +1343

    Мен озбек болсом да Кыргызстанда туулуп жашаганымдан биздин олкодон ушундай журт башкаруучу чыкканынан аябай сыймыктандым.... Топурагыныз торко болсун жаныныз жаннатта болсун....🤲

    • @user-jq2cz4tu7d
      @user-jq2cz4tu7d Рік тому +57

      Аллах ыраазы болсун өзбек туугандардан

    • @omurbaisagynbaevv8912
      @omurbaisagynbaevv8912 Рік тому +51

      Биз мусулмандар баарыбыз бир тууганбыз рахмат сизге Аллах раазы болсун

    • @Mederms
      @Mederms Рік тому +43

      Азаматсыз, тилди да кээ кыргызга караганда жакшы өздөштүрүптүрсүз. Ушул түшүнук жалпы элге жайылса албетте Кыргызстаныбыз өнүгүп өсөт. Сиздейлер көп болсун.

    • @user-th8rj9rj2y
      @user-th8rj9rj2y Рік тому +26

      Ма шаа аллаах

    • @asanbaevadilbek2238
      @asanbaevadilbek2238 Рік тому +37

      @@Mederms мен дагы озбекмин??? Кыргызстанда чонойгом.

  • @user-ox4jq1ke4r
    @user-ox4jq1ke4r 2 роки тому +1157

    Жаны жəннəтта болсын. Қазақты құтқарғанын Қазақтар ұмытпайды!

    • @user-id9ho8fd2u
      @user-id9ho8fd2u 2 роки тому +9

      👍👍👍

    • @user-gi3vq2pp9o
      @user-gi3vq2pp9o 2 роки тому +7

      😭😭😭😭

    • @user-ox4jq1ke4r
      @user-ox4jq1ke4r 2 роки тому +58

      @@user-gi3vq2pp9o Жүсіп ағамыздың айелі бала-шагасымен ел дұшманы болып мал ханада тұрғаны, кейін екі баласы ер жеткен соң москва үшін гитлермен соғыста қаза болған ауыр тағдыры жүректі езді😢😢😢😢😢😢

    • @user-qw4nd8pb6s
      @user-qw4nd8pb6s 2 роки тому +32

      Казак баурларымыз биз үчүн.дүйнедеги калыктын төбесинде турадыгой....Казак калкы Кыргыздын бир тууганы....

    • @edikturgunbaev3123
      @edikturgunbaev3123 2 роки тому +17

      Кыргызстан тажикистан менен чек Арада атышканда Тажике курал жарак патрон берет чтобы Кыргызды атсын деп

  • @erzhankypshakbaev4981
    @erzhankypshakbaev4981 5 місяців тому +163

    Рахмет Жүсіп Әбдірахман, Қазақ елінің атынан зор алғыс айтамын, рухыңызға мың тағзым

  • @user-rh8tf5by4o
    @user-rh8tf5by4o 4 місяці тому +23

    Советский кочөсү дебей Жапырт барыбыз Жусуп Абдурахманов көчөсу деп айталы.😢😢😢😢😢❤❤❤❤

  • @user-le4ci3dc1c
    @user-le4ci3dc1c 2 роки тому +539

    Бүгүн Намыстан ыйладым саат 20:25 Кыргызстандын бакубат экономикасын сындырып бизди дагы деле башкаргысы келип жаткан москвада иштеп келдим Тарыхын билбеген элдин ертеңи жок дешкен кимдин ким экенин билип Намыска келели Мамлекетибизге кызмат кылайлы Кыргыз елим !

    • @user-ss7ir9qw1q
      @user-ss7ir9qw1q 2 роки тому

      Салам алейкум бир тууганым москвадасынарбы дагы эле

    • @user-nk8ux7dr1u
      @user-nk8ux7dr1u 2 роки тому +35

      Туура айтасын тууган козубузду ачпасак орусстарга кор болуп журо беребиз бизге ким душман екенин таарых бизге айтып турат.

    • @user-lz9mb6zt4u
      @user-lz9mb6zt4u 2 роки тому +10

      САССЫГАН ЖУН БАШТАРГА КОР. БОЛБОЙ. ЧУРКА ДЕДИРБЕЙ. АНГЛИС ТИЛИН ОКУП. АМЕРИКА. ЕВРОПА ЖАКТАРГА ЖОНО.

    • @user-fr4vv4rc6k
      @user-fr4vv4rc6k 2 роки тому +16

      Токтоно албадым 😭😭😭😭😭

    • @user-ss7ir9qw1q
      @user-ss7ir9qw1q 2 роки тому +1

      Москвадасынбы тууганым мумкун болсо ватсап номерини жазчы

  • @bazarbaijusubaliev9752
    @bazarbaijusubaliev9752 2 роки тому +796

    Келгиле Элим биригели ынтымактуу бололу бир бирибизге жаман соз айтпайлычы,Урматту Жусуп Абдрахман уулу атабызды Аллах бейиши мн сыйласын🤲.

    • @user-uv4be4du1q
      @user-uv4be4du1q 2 роки тому +14

      Иншаллах 🤲 Амиин

    • @jonyjony1744
      @jonyjony1744 2 роки тому +8

      Аминь

    • @bazarbaijusubaliev9752
      @bazarbaijusubaliev9752 2 роки тому +16

      @@jungari-gc9ik .Буйруса тууган жакшы болот.Эл ге жараша башчы берет экенда куноону кееде озубуздон издешибиз керек экен🙂.

    • @user-bd8ov9sy8o
      @user-bd8ov9sy8o 2 роки тому +3

      ✊✊💪💪🇰🇬👍

    • @user-ul5th7fe5d
      @user-ul5th7fe5d 2 роки тому +1

      @@jungari-gc9ik Бир тууганым түшүнүктүү жазчы???

  • @user-zw5ee4mx6b
    @user-zw5ee4mx6b 11 місяців тому +150

    😭😭😭😭😭Мектепте окуганда эч нерсе түшүнбөптүрмүн. Азыр ыйлап түшүнүп, эркиндигибиз кандай адамдардын курмандыгы менен келгенин, эл үчүн күйгөн тең келгис адамдар курман болгонуна ичим күйүп отурам. Аллахым бейиштен орун берсин. 🤲

    • @user-yz7oi5ew3k
      @user-yz7oi5ew3k 8 місяців тому +6

      😢😢мен да коп тушунгон эмесмин,мынчалык экенин билбеген элем азыр журогум кесилгендей сыздап угуп жатканмын

    • @user-yz7oi5ew3k
      @user-yz7oi5ew3k 8 місяців тому +3

      Шугур кылам 😢❤️❤️🥺

    • @aizadauraimova3459
      @aizadauraimova3459 6 місяців тому +4

      Мен дагы, азыр, интернеттен баарын тушунуп отурам.

    • @Nurislam.kgz1
      @Nurislam.kgz1 5 місяців тому

      Булардын эмне үчүн атылганын даана айтса тушунмокпуз. Репрессияны жакшы эле окуганбыз

    • @user-ej1zq2dy8d
      @user-ej1zq2dy8d 5 місяців тому

      😢😢😢😢😢

  • @surmakandjoldosheva962
    @surmakandjoldosheva962 Рік тому +301

    Кыргызстандын тарыхын мектеп окуучуларына жакшы кененирээк окуткула,азыркы жаштар коп билишпейт,Жусуп Абдурахман уулу Жаны жаннатта болсун,руху бейиште болсун, Омиийн Омиийн Омиийн

    • @kursanalikushbekov3218
      @kursanalikushbekov3218 Рік тому +5

      Окуйун десе ушундай инсан сабагы жок тарыхта жарым отуп эле отуп

    • @kursanalikushbekov3218
      @kursanalikushbekov3218 Рік тому +1

      Кетет

    • @erkaiymtursunbekkyzy
      @erkaiymtursunbekkyzy Рік тому +6

      Мен билчу эмесмин. Эми билдим Жусуп Абдрахман Уулу деген олко башчыбыз болгонун. Аябай таасирлендим. Аллахым ыраайымына алган болсун

    • @Vesna-sp6gf
      @Vesna-sp6gf 11 місяців тому +5

      Инсан таануу сабагын Гапыр Мадаминов агай окутчу экен . Жакында Бут Кыргызстан мектептеринде окутула баштайт деп ишенем

    • @aiperiakybaeva5324
      @aiperiakybaeva5324 10 місяців тому +2

      Кыргызым этият болгулачы, журналисттер деле этият болгулачы. Илимдуу билимдуулррдун баарын эле бийлик жок кыла берет экенда

  • @janybekmasharipov4905
    @janybekmasharipov4905 2 роки тому +604

    Ушунчалык изденип ушул маалыматтарды чогултуп чыгарган видео учун АЛЛАХ ыразы болсун байке, ОТО чон меенет🇰🇬👍

  • @gulkarboz8153
    @gulkarboz8153 2 роки тому +608

    Советский көчөсүн Абдрахманов деп айткылачы сураныч кыргыз элим 🙏

    • @user-bf5pi4hy9o
      @user-bf5pi4hy9o Рік тому +22

      Ова ар бир кочонун тарыхыны билуу керек Жусуп деген ат очпосун кайда болбосун

    • @Mederms
      @Mederms Рік тому +40

      Ушул тасманы көрүп мындан ары такай ошентип айтам деп чечтим. Советский деген аттын ордуна Абдырахманов деп аталганы да символикалык чоң мааниге ээ экенин эми түшүндүм.

    • @ALP_SOL996
      @ALP_SOL996 Рік тому

      Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы? Мурдагы элди кул катары көрүп, аны кыйнап, кыстаган Совет бийлигинин атынан аталган так ошол көчөөгө, элин, жерин ойлогон улутунун улуу уулу болгон Жусуп Абдырахман уулу атабыздын ысымынан аталып калганын карабайсыңарбы. Бул феноменалдуу нерсе, ак ийилет бирок сынбайт деген макалды даагы бир иреет тастыктоодо

    • @user-su2ix8gn2w
      @user-su2ix8gn2w Рік тому +14

      Ооба мен дагы ошентип айта баштадым, мекенчилдер биз айтып башташыбыз керек ошентип элдин кулагына сиңип конуп калышат.

    • @zamirkulbekov6503
      @zamirkulbekov6503 Рік тому +15

      Толук кошулам

  • @aichukutuhtamatova2943
    @aichukutuhtamatova2943 11 місяців тому +146

    Бейиштин төрүндө жүргөндүрсүң , бейишиңди берсин Жусуп ата. Кыргыз эли үчүн , жасаган эмгегиң үчүн таазим этем . 😢😢😢😢

  • @kani.abdykerimov
    @kani.abdykerimov 2 роки тому +374

    Силердей боло албай жатканыбыз үчүн кечиргиле 😢😢

    • @aitbek_sport7363
      @aitbek_sport7363 5 місяців тому +8

      Болуш керек да тууган чындык менен жашайлы Патриот болуп эркекбизго кошамат кылып кот жалап эки жуздуу шаккл болуп олуп кеткенден коро достойный чындык менен жашап АЛЛАХКА ишенип Сыйынып олсок жакшы болотко или калп айттымбы?

    • @user-wp5db5kv9s
      @user-wp5db5kv9s 4 місяці тому +2

      Жусуп агабыздын уулу Э М Примаков тууралу да чыгарып койсонуз сураныч

    • @user-su1fu4ki8r
      @user-su1fu4ki8r 4 місяці тому +1

      😢😢😢

    • @user-rj1ei2ph8z
      @user-rj1ei2ph8z 3 місяці тому

      Динибизди уйрону зарыл

  • @nurdintoktobekov8720
    @nurdintoktobekov8720 2 роки тому +423

    Жусуп атабызды Кудайым Фирдаус бейиши менен сыйласын.
    Жусуп атабыздай инсандар көп болсун.

    • @nasiptolkombaeva7423
      @nasiptolkombaeva7423 2 роки тому +12

      Жусуп атабыздын жаткан жери жайлу Болсун ,фердаустан Аллах орун Берсин

    • @baktiarjolborsbekov9550
      @baktiarjolborsbekov9550 2 роки тому +3

      Аминь

    • @user-kl7iq7uy9b
      @user-kl7iq7uy9b 2 роки тому +2

      Фирдаус деген эмне?

    • @nurdintoktobekov8720
      @nurdintoktobekov8720 2 роки тому +3

      @@user-kl7iq7uy9b Фирдаус бейиштин төрү.

    • @user-wp5db5kv9s
      @user-wp5db5kv9s Рік тому +1

      Мерин билишимче Э М.Примаков Россиянын мурдагы премьер минист Ж Абдрахмановдун уулу бололот Мария Натонсон апсы.Россия атасы тууралу эч кадай информация жок деп жазышат.СССР жогорку советине Сокулуктан депутат болгон

  • @janbolatqazaq2886
    @janbolatqazaq2886 11 місяців тому +63

    Аллаһ тағалам Жүсіп атаны мейіріміне бөлесін!

  • @user-wk7vb8tm5d
    @user-wk7vb8tm5d Рік тому +119

    Кыргыз туугандарым,билип журолу Ким кырызды кыргыз кылып сактап,туптоп калган. Сыймыктанам кыргыз боогонума. Абдрахман уулу Жусуп атабызга терен ыраазычылык.🇰🇬🇰🇬🇰🇬☝️☝️☝️

  • @aselimamatova9756
    @aselimamatova9756 2 роки тому +194

    6.7 жылда кылган мээнетин карагыла биздин депутаттар 30 жылдада озгорбоду😭😭😭

    • @vxhdhhdhddh2787
      @vxhdhhdhddh2787 Рік тому +3

      Азыр Кыргыз элин ойлобойт депутатар

    • @jannijannijan454
      @jannijannijan454 Рік тому

      Биздин депутаттар тупой, сабатсыз кул кутандын урпактары..

    • @bishkekborbor-wu1ez
      @bishkekborbor-wu1ez Рік тому

      Биздин депды эшек урган ошон учун онолбоит бир пикирге келбеит

    • @burulmambetazimova7186
      @burulmambetazimova7186 Рік тому +1

      Ошону айтсан!

    • @user-wl9ts1rg4d
      @user-wl9ts1rg4d 11 місяців тому +2

      Азыркы депутаттар 90 пайызы кокмээ сабатсыз пахтакорлор ошон учун алдыга жылбай атат

  • @user-ev9wv9ie2m
    @user-ev9wv9ie2m 2 роки тому +217

    😭😭биздин урпактарыбыз, балдарыбыз Мессини кумир кылбай , Ушул баатырыбызды кумир кылса атаганат!!

    • @Syrga01
      @Syrga01 Рік тому +9

      Туура айтасыз. Ата энелер билбейт азыркы учурда. Анан кантип балдары неберелери билсин.

    • @user-jt8zp6tq7g
      @user-jt8zp6tq7g Рік тому +2

      @@Syrga01 Туура айтасыз

    • @Eldiyar-zh1rj
      @Eldiyar-zh1rj 6 місяців тому +2

      Бул эмгектерди коруп уйронуп билип,балдарыбызга айтып берууну насип кылсын бизге, кобуроок болушуп тарыхыбызды билип журолу

  • @user-ec7se4vo9y
    @user-ec7se4vo9y 9 місяців тому +10

    Теллескоп каналын корсом журогум дарсыллап паттриоттук сезимим кучойт Мансур агай Аллах раазы болсун🤲

  • @aijamaljanibekkyzy2845
    @aijamaljanibekkyzy2845 11 місяців тому +46

    Жусуп Абдырахманов 😢 сизди унутпайбыз 😔🇰🇬рахмат сизге.

  • @user-st6qp9vd4p
    @user-st6qp9vd4p 2 роки тому +323

    Мына биздин тарых.. Орустун арагын ичип манкурт болгон экенбиз.. Биз дагы динди карманып урпактарыбызга келечек куралы...

  • @user-df4om1tz7e
    @user-df4om1tz7e Рік тому +208

    Жәні жаннатта болсын қазақ елі ұмытпайды.

    • @agzammagazin1854
      @agzammagazin1854 Рік тому +5

      Аллах ыраазы болсун. Менин тая энем казак кызы отузунчу жылда кыйынчылыкта келген таякелер менен катышып турабыз Токмоктун жанындагы Керуу айлында

  • @aziatka8977
    @aziatka8977 Рік тому +65

    😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭 бул тарыхты мектепте окуганда тушунбоптурмун. Чон рахмат ушул документальный фильмди даярдап тартканынызга, тарыхыбызды билбесек патриотизм жок болот экенда. Мен сыймыктанам кыргыз - мусульман болуп торолгонумо. Жусуп атабызга Аллахым бейиштен орун берсин. Амин

  • @user-os4vf8oi1t
    @user-os4vf8oi1t 2 роки тому +490

    Алла рахымына алсын. Қандай керемет жан ❤ Қазаққа жасаған жақсылығын Қазақтар ұмытпайды

    • @user-ox4jq1ke4r
      @user-ox4jq1ke4r 2 роки тому +11

      Əрине ұмытпаймыз!

    • @baktiarjolborsbekov9550
      @baktiarjolborsbekov9550 2 роки тому +10

      Аминь бауырым 😔😕

    • @user-ut8ym5cc1h
      @user-ut8ym5cc1h 2 роки тому +8

      Оба унутбашан
      Кыргыз менен тажик согушконда кордукго .

    • @user-os4vf8oi1t
      @user-os4vf8oi1t 2 роки тому +4

      @@user-ut8ym5cc1h Қырғызға бердік Танкіні. Кек сақтамаймыз. Ато Кенесары хан өліміне, Қазақ хандығының құлауына себепкер болған Қырғыздар. Біз оған көз жұма қараудамыз

    • @jajam2897
      @jajam2897 2 роки тому +8

      @@user-os4vf8oi1t Кененсары Хана предали сами казахи , а кыргызы просто передали его русским.

  • @user-ri2it1bz1p
    @user-ri2it1bz1p 4 місяці тому +7

    Жусуп ата ешкашан умытпаймыз. АЛЛАХ разы болсын сизге.

  • @user-xv1zk3xz9i
    @user-xv1zk3xz9i 2 роки тому +562

    Мааша Аллах Кудайым бейиштен орун берсин Жусуп атабызга, көзгө жаш келетго 😢😢😥

    • @NoName-un3bk
      @NoName-un3bk 2 роки тому +16

      АМИИН🤲

    • @user-hl8hk5cf8u
      @user-hl8hk5cf8u 2 роки тому +4

      Сиздерден ушундай видолордон кобүн күтобүз.Алага телскоп

    • @user-bd8ov9sy8o
      @user-bd8ov9sy8o 2 роки тому +4

      👍👍👍😢✊✊💪💪🇰🇬

  • @user-hz1kn8hl5j
    @user-hz1kn8hl5j 4 місяці тому +10

    Чыныгы Элибиз учун жанын аябаган Эр азаматтарга таазим кылабыз.Аллах бейишин берсин Оомийин

  • @user-hk9pu5ge2g
    @user-hk9pu5ge2g 5 місяців тому +11

    Кыргыз Уулу ! Кыргыз Элитасы ! Жусуп Абдрахманов Ата! ❤ Жаткан жери Жайлуу болсун!

  • @user-jv3je6pz2f
    @user-jv3je6pz2f 2 роки тому +104

    Көздөн жаш кетти. Жусуп атабыз түптөп кеткен мекенибизди сактап өнүгүү жолуна түшөлүү.

  • @joldoshbeksatybaldiev3963
    @joldoshbeksatybaldiev3963 4 місяці тому +6

    Жусуп атабыздын зор эмгегине таазим Аллахым бейишинен берсин!

  • @user-ze7gp4jn3c
    @user-ze7gp4jn3c 7 місяців тому +16

    Ушуну угуп алып ыйладым чет жерде журуп жолдошумдан айрылдым Кыргызстан десе журогум ооруйт Кудайым Кыргызстандын келечеги кенеен урпактары намыстуу, ыймандуу сенин суйуктуу кулдарынан болсун!

  • @user-vf3vs6wz7k
    @user-vf3vs6wz7k 2 роки тому +116

    Коруп буткончо козумдон жашым тыйылган жок😭Аттин кандай мыкты улуу инсандарыбыз 😭Жусуп атабыздын жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун.!!

  • @user-yi9me5kg9o
    @user-yi9me5kg9o 2 роки тому +256

    Ыйманы саламат болсун Жусуп атабыздын.Азыркы заманыбызда да элибиз,жерибиз учун куйгон,кызмат кылган Улан-кыздарыбыз кобойо берсин.

    • @user-vg6gg8lf7p
      @user-vg6gg8lf7p 2 роки тому +3

      🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲

    • @user-uv4be4du1q
      @user-uv4be4du1q 2 роки тому +3

      Амин🤲

    • @kylbek
      @kylbek 2 роки тому +8

      Аталарыбыздын жолун улаганы жолго чыктым, АКЫЛБЕК ТУРУМКОЖОЕВ 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

    • @user-uv4be4du1q
      @user-uv4be4du1q 2 роки тому +2

      @@kylbek Азаматсын Ак жол Ишине ийгилик 👍

  • @user-it1jn1om6q
    @user-it1jn1om6q Рік тому +14

    Жусуп Адырахманов биз сизди эч качан унутбайбыз жаткан жериниз жайлуу болсун🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @user-qp1dz4fv1s
    @user-qp1dz4fv1s 10 місяців тому +28

    Кыргызымдын чыгаандары ,кудайым оз бейишинен орун берсин

  • @Nuraiym_talantbekova
    @Nuraiym_talantbekova 2 роки тому +80

    Ушинтип тарыхты изилдеп озубузду озубузго тааныткан авторго рахмат. Ушундай чыгарылыштар коп боло берсин

  • @namerzzzvideo5961
    @namerzzzvideo5961 2 роки тому +106

    Ошол жылдардагы атылып кеткен аталарыбыздын, жаткан жерлери жайлуу болсун !!! Бизди ушул кунго жеткирген.

    • @user-oy5or4fy1g
      @user-oy5or4fy1g Рік тому +1

      Жусуп атабыздын аманаттарын биздин депуттар азыркы Бир жолу жок дегенде уялып ушул баянды угуп койушса.ушак айтып кырылып олтурушат .Бир жакшы аткарган карапайым эл учун жакшы заманда иши жок Жаш урпактар эмне соз жок.Жусуп атага таазим!!!

  • @Peri01209
    @Peri01209 Рік тому +75

    Ыйладым. Окундум. Орус соройлоруно каргыш жана каргыш! Азыркы бийлике олко аманат жана каандай гана оор кундордон, эр азаматтартардын каны менен жуулуп жетип келгенин жетип тушунуусун дуба кылабыз.😢😢😢

    • @MeerkanShamieva-qt6el
      @MeerkanShamieva-qt6el Рік тому +3

      😢😢😢болунбойлу туугандар

    • @user-ex1vo4cd6j
      @user-ex1vo4cd6j 11 місяців тому +1

      Кудайым ошол Олорго карыш тийсин

    • @VaumannCheap
      @VaumannCheap 7 місяців тому +3

      *Омин!*

    • @vandamm6861
      @vandamm6861 5 місяців тому +3

      Билбей эле каргай бересинби орустарды? Жусупту жана башкаларды кыргыздар жок кылган билбесен. Ошо бийликте турган кыргыздар патриоторду список кылып жазып эл душманы деп Россияга жонотушот Берияга.

    • @user-ry4fr4qj2q
      @user-ry4fr4qj2q 5 місяців тому

      😢😢

  • @user-qh2lp5rn2l
    @user-qh2lp5rn2l 5 місяців тому +13

    Жусуп Абдырахманов ото кыйын адам болгон экен. Сыймыктанууга татыктуу киши экен

  • @ilikbaryshjatysh833
    @ilikbaryshjatysh833 2 роки тому +35

    МАА ША АЛЛАХ 😊.
    ИНША АЛЛАХ ЭРТЕҢ ДИРЕКТОРЛОР МЕНЕН СҮЙЛӨШӨМ , ЭЖЕКЕ , АГАЙЛАР УШУЛ ТЕМА БОЮНЧА АЧЫК САБАК ӨТӨЛҮ ДЕП . МЕН 15 ЖАШТАМЫН 9-КЛАССМЫН , СИЗДЕР ОЙЛОШУНУЗДАР МУМКУН БУЛ БАЛАНЫН ЭЖЕКЕ АГАЙЛАРГА КАЯКТАН СОЗУ ОТОТ ЭЛЕ ДЕП . АЛБЕТТЕ АЛЛАХ ТААЛА УШУЛ КАНАЛДЫ СЕБЕП КЫЛЫП СӨЗҮМДҮ ӨТКҮРҮКТҮ КЫЛЫП КОЙГОН ЭЖЕКЕ АГАЙЛАРГА . АЛГА КЫРГЫЗСТАНЫМ 😊❤️. ЖАШТАР . АКЕЛЕР. ҮКӨЛӨР КЕЛЕЧЕК , КЫРГЫЗСТАН БИЗДИКИ. БОЛГОНУ МААЛЫМАТТАРДЫ , ИЛИМДЕРДИ , БИЛИМДЕРДИ ДАГЫ ТУУРА АЛАЛЫ , ОШОНДО ГАНА ӨНҮКТҮРӨ АЛАБЫЗ КЫРГЫЗСТАНДЫ . ☝️

  • @togetmysecurity97
    @togetmysecurity97 2 роки тому +84

    Ушунчалык жанынызы биз үчүн арнаган Ата Аллахым бейиштен орун берсин🤲 омин

  • @user-nz5do2hc3l
    @user-nz5do2hc3l Рік тому +38

    Жусуп Абдрахмановдой адам качан торолоор экен........
    Жаны Жаннатта болсун!

    • @Dimo.968
      @Dimo.968 5 місяців тому

      Төрөлдү ал Адахан мадымаров кезеги келет түшүнөсүн

    • @user-sc8vb6wu9x
      @user-sc8vb6wu9x 3 місяці тому

      Адахан 😂😂😂😂😂

  • @user-kj8ym9yp5m
    @user-kj8ym9yp5m Рік тому +15

    😢😢😢 азыркы биздин эгемендуу Кыргызстан учун оз жанын кечкен Жусуп атабыз сизге таазим 😢😢😢

  • @bekstaile
    @bekstaile 2 роки тому +163

    Патриоттук сезим ойгонду кичине болсода көзгө жаш келди Жусуп атабыздын жаткан жери жайлуу болсун 🤲

    • @user-uh6in8od3z
      @user-uh6in8od3z 2 роки тому +5

      ЖУСУП АТАБЫЗДАЙ батырлабызды озубуздон чыккан душмандар саткан орустарга жагынышып ошондо копчулугу атылып кеткен.Азыркы мезгилденда коркомун Кыргызстаныбызда тынчтык болсун Озубуздон чыккан душмандардан Аллахым сактасын.

    • @tolibtolonbaev7166
      @tolibtolonbaev7166 Рік тому

      ушундай эмгектенин ойдодогу жеп жутарлар дебелеп атпайбы?

  • @maksatakmataliev144
    @maksatakmataliev144 2 роки тому +269

    Ушундай бейиштуу жер учун ,элдин келечеги учун жанын берген ата-бабаларыбызды аллахым оз рахматына алсын! 😢Эгемендуу мамлекетте жашаганыбызга шугурлор болсун!Ынтымакта болуп биз дагы келечегибиз учун эл жерибизди сактайлы😞

    • @user-vq7wi8rm7v
      @user-vq7wi8rm7v 2 роки тому +6

      Садыр Жапаров Кыргызстан учун Жусуп атабызга окшоп жанын бере алабы?

    • @user-hf6or4du1p
      @user-hf6or4du1p 2 роки тому +5

      Тууганым! Аллах созу чон тамга менен жазылат.

    • @user-uh6in8od3z
      @user-uh6in8od3z 2 роки тому +3

      @@user-vq7wi8rm7v Мекен учун берет .Баласын тебелеп олтургон адамды кечирген адам .Андай адам болушкыйнго.

    • @manastorobekov935
      @manastorobekov935 Рік тому +3

      @@user-vq7wi8rm7v Биргана президентибиз эмес, ар-бир Кыргыз мамлекетибизди өнүктүрүүгө жана элибизди коргоого жаныбызды аябасак өнүгөбүз тууган.

    • @zuuraumetova699
      @zuuraumetova699 Рік тому

      @@user-vq7wi8rm7v озун чу?

  • @user-lx4fj6hx5t
    @user-lx4fj6hx5t 4 місяці тому +11

    Жусуп Абдырахманов бул инса акылдуу патириот эли үчун жанын аябаган инсан эен .Жусуп атабыздын жаны жанаттан болсун

  • @user-ll3vo8sn7g
    @user-ll3vo8sn7g Рік тому +28

    😭😭😭 ээ эх кайран кыргыз элибиз, Элим деп, мекеним деп, Курман болгон биздин кайран Ата-Бабаларыбыз.

  • @antdxb5636
    @antdxb5636 2 роки тому +110

    Аллахым мээримдүү болуп жандарына Фирдаус багынан орун бер🤲🤲🤲Чоң чоң атам Баатырбеков Кулмамбет да Жусуп атабыздын командасында Кыргыз Эгемен өлкөмо жандарын садага чаап салымдарын кошушкан🤲🤲🤲Эмгегинерге Аллахым эки дүйнө ыраазы болсун 🤲🤲🤲

  • @azatraiymbekov3894
    @azatraiymbekov3894 2 роки тому +118

    Бул видеонун таасиринен эркек башым менен козумо жаш алдым. Чон аталарыбыз кыргыз учун чон мээнет кылып кеткен. Азыр ушул адамдардын салган жолу менен мамлекеттуулугубуз бар. Кудайыма шугур, мамлекетибиз бар

    • @user-ns4so4qf4m
      @user-ns4so4qf4m Рік тому +2

      ушулардын аттары Эсте калсын деп мектеп шаарларга койсок болотго

  • @user-ls3yc1vw5u
    @user-ls3yc1vw5u 6 місяців тому +6

    Жусуп атабыз жанатан орундалсын Амин Амин 🤲🤲🇰🇬🇰🇬🇰🇿🇰🇿

  • @user-nd2cj1rl2r
    @user-nd2cj1rl2r 5 місяців тому +5

    Мен ийладым тушандар ушунчалык аталарбыз бизди жиргал жашообуз учун ушунчалык кыйланганына айрыкча Юусув атабыздай эр азамат элекен ээээээээ ошол малда торолгон болсом жардам берет елем деп ыйладым 😢😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @user-td1kd9ru9p
    @user-td1kd9ru9p 2 роки тому +60

    Жусуп Абдрахманов атага ыраазымын, Аллахым бейиштен оорун берсин.

  • @user-qk3kp4pr7l
    @user-qk3kp4pr7l 2 роки тому +21

    Ассаламу алайкум кыргыз элим, Юсуф деген пайгамбар өткөн аябай сулуу болгон, ошонун атынан коюлган го сыягы. Абдырахман уулу Юсуп атабызды Аллахым өз рахматына алсын..., атасынын аты да Абдырахман Аллага жаккан сүйкүмдүү сонун ат маа шаа Аллах. Түндүк түштүккө бөлүнбөй кыргызым бир бололу, ынтымактуу бололу, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз кудайым буйруса!!!

  • @user-fe5yg5zn9l
    @user-fe5yg5zn9l Рік тому +11

    Кандай кыйын мыкты кыргызымдын жигиттери атылып кетти. Беийштен орун берсин Аллахым

  • @user-zz5sy5le1e
    @user-zz5sy5le1e 4 місяці тому +7

    Мен кыргызмын шугур Алхамдуллилох.
    Кыргызстанда нечеен тарыхта ииз калтырган инсандар откон.
    Тарыхы бай, тарыхы бар кыргызбыз!

  • @user-gb5et6jj2s
    @user-gb5et6jj2s 2 роки тому +85

    Күтүп жатам чыдамсыздык менен. Аллахым ыраазы болсун сиздерден

  • @FAV-1995
    @FAV-1995 2 роки тому +127

    Ушул атабыз жонундо коптон бери кутуп аткам. Аллах силерден ыраазы болсун "Телескоп каналы"

  • @Minka.Cheeeeek
    @Minka.Cheeeeek 5 місяців тому +9

    😢😭😭😭Аллах силерден ыраазы болсун! Кыргыздын улуу инсандары! 😢

  • @elya9088
    @elya9088 8 місяців тому +18

    Угуп жатып козумо жаш алдым,ушундай аталарыбыз бар ушул кунго жетип отурабыз.Автор сизге терен ыраазыбыз!

  • @user-oy1sy1wk9m
    @user-oy1sy1wk9m 2 роки тому +160

    Жаткан жери жайлу болсун мекен учун эли учун курошкон инсанга АЛЛАХЫМ оз мээримине алсын омиин!!!

  • @islamabdykadyrov5095
    @islamabdykadyrov5095 2 роки тому +31

    Жусуп Абдрахманов атабызга АЛЛАХЫМ Фирдаус бейишинен насип кылган болсун. Сиздерге чоон рахмат ишиниздерге ийгилик!!!

  • @user-iq5pz1co2f
    @user-iq5pz1co2f 7 місяців тому +11

    Мындай тарыхты изилдеп, биздин козубузду ачуу, бул чон эр журоктун. Сизден Аллах ыраазы болсун! Эмнеге мектепте окутушкан эмес же агайлар коркушкан окшойт.

  • @almagulkanybekovna5691
    @almagulkanybekovna5691 Рік тому +6

    Ой баай биздеги Кыргызстан тарыхы китептин ордуна ушул видеодо ото мыкты денгээлде тушундурулгон,эгер мектептеги эжеке агайлар комментарии окусанар,мектептеги китептен да бул видео канал аркылуу окуучуларды окутсанар демекмин, ото мыкты тушундурулгон

  • @shergazy7522
    @shergazy7522 2 роки тому +51

    Мектептерде ушул Инсандардын өмүр жолун терең окутуу керек. Азыр да ошол батыш менен москванын саясатын колдогондор көп. Жусуп атабыздын жаткан жери Жаннат болсун.

  • @jerryff7464
    @jerryff7464 2 роки тому +43

    Лаа илааха иллаллох Жусуп атабызга Аллах ыраазы болсун

  • @user-jl3vp9pz5d
    @user-jl3vp9pz5d Рік тому +46

    ЫЙЛАГЫМ КЕЛДИ 😥ЖУСУП атабыздан "АЛЛАХ"ыраазы болсун 🤲

  • @damaalievna6263
    @damaalievna6263 4 місяці тому +5

    Кандайгана оото окунчтуу ....азыркы учурда ушундай мыкты адамдар Жусуп Абдрахманов ....Жана Исхак Раззаков ....😢😢😢🌟🌟🌟💖💖✊✊✊

  • @user-hn7co9dv9y
    @user-hn7co9dv9y 2 роки тому +43

    Бекеринен айтылбаган Орус менен дос болсон айбалтанды алажур деп.Жусуп атабыздын жаткан жери жайлуу болсун!Алахым бейиштен орун берсин оомин

  • @Zamir_Aiylchyev
    @Zamir_Aiylchyev 2 роки тому +150

    Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү. Бул адамга болгон менин сыйым бийик. Чыныгы мамлекеттик ишмер. Жашоодо ушул инсандан чоң мотивация алам. Кудайым бейиштин төрү болгон Фирадусунан насип этсин. Кыргыздын уучу кур эмес Жусуп Абдрахманов атабыздай инсандар келечекте чыгат деп терең ишенем. Кыргызстанбыз өнүгүп өсө берсин. Кудайым мекенибизди душмандардан коргосун.

    • @user-yz9qp3mi6q
      @user-yz9qp3mi6q 2 роки тому

      ua-cam.com/video/K4Fp2rOzqWs/v-deo.html

    • @user-ol2nd7ju7k
      @user-ol2nd7ju7k 2 роки тому +2

      Ушул Адам Кыргыздын мандайына жаралганына кудайыма мин мертебе рахмат. Менин чонАтамдыкараколго отуп баратып Сазановкада элдер чогулуп жолугушканда ккетерин кутуп калганда Абдрахманов

    • @user-ol2nd7ju7k
      @user-ol2nd7ju7k 2 роки тому +3

      Озу алып калган экенчогу бирайылда чонойушканбала кзден

    • @user-yz9qp3mi6q
      @user-yz9qp3mi6q 2 роки тому +1

      Абдыкадыр Орозбеков Жусуп Абдрахмановду Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына дайындоо жөнүндөгү токтомго кол койгон билип алгыла билбесенер

    • @AliAli-tp8vj
      @AliAli-tp8vj 2 роки тому +4

      Кыргызды Кыргыз кылып сактап калган убагында Абдыкадыр Орозбеков болот окуп уйронгуло

  • @kamilabishkek3137
    @kamilabishkek3137 Рік тому +17

    Иии,чуть жерден лөлү болуп өлкөбүз, жерибиз жок жаздадык. Жусуп атабызга абдан Чоң мээнетиңе ТААЗИМ, АЛЛАХЫМ БЕЙИШТЕН ООРУН БЕРСИН!!!

  • @akbilekimanalieva539
    @akbilekimanalieva539 Рік тому +25

    Кыргызым барда өлбөйсүнөр кайран жылдыздар....❤❤❤

  • @venommirlanov3990
    @venommirlanov3990 2 роки тому +34

    Жусуп атабыздын жайы жаннатан болсун Аллахым бейишинен берсин 🇰🇬🇰🇬🇰🇬😢

  • @dastan3981
    @dastan3981 2 роки тому +39

    Жусуп атабыздын өмүр-баяны жөнүндө кино тартылса сонун болот эле

    • @Vesna-sp6gf
      @Vesna-sp6gf 11 місяців тому +1

      Туура айтасыз, кино тартылса сонун болмок. Киносун копчулук коруп тушунмок...

  • @tynchtykmyrzataev180
    @tynchtykmyrzataev180 11 місяців тому +10

    840-жылы курулган Улуу Кыргыз Каганатынан кийин Тагай бий (Мухаммед кыргыз), Ормон хан , Алымбек датка ж.б көптөгөн эр-асылдар аракет кылып кээде мамлекет курулуп бирок өтө аз убакыт жашап келе жаткан кыргыз элине мамлекет тартуулаган Жусуп атабызга Аллах ыраазы болсун жана жайын жаннаттан кылсын

  • @Munduzbaeva_88_
    @Munduzbaeva_88_ Рік тому +28

    😢😢😢😢😢 аталарыбыздын жаткан жерлери жайлуу болсун, алардын мекен деп жасаган эбегейсиз зор эмгегине кыянаттык кылбайлы. Видеону жасаган инсандарга Аллахым узун өмүр, ден соолук, ишине ийгилик берсин. Сиздерге, чоң ырахмат 🙏🙏🙏

  • @user-uf6ej1by7g
    @user-uf6ej1by7g 2 роки тому +78

    Аллах ыраазы болсун!
    Жакшы чыгарылыш болуптур!
    Элибиздин түптөлүшүнө ушундай таза инсандар жанын берген экен...таазим

  • @malikaismailova5678
    @malikaismailova5678 2 роки тому +54

    Тарыхты биле журолу
    Аллах раазы болсун
    Патриоттук сезимди козгогон чыгарылыш 🇰🇬👍

    • @vxhdhhdhddh2787
      @vxhdhhdhddh2787 2 роки тому +1

      бизде эчким корбойт жаштар чондор деле азыркы учурда адамдарды психологиясын башка Жака буруп келтат телевизор аркылуу да корсотпойт

  • @user-mt6ij9tk3f
    @user-mt6ij9tk3f 4 місяці тому +5

    Жаткан жайы жайлуу болсун .Аллахым бейишин төрүнөн насип кылсын!!!😢😢

  • @adiletsharapov3085
    @adiletsharapov3085 4 місяці тому +3

    Эрнис Кыязов, азаматсыз! Абдырахман уулу Жусуп атабыздай инсандар коп болсун! АЛЛАХЫМ беймшинен орун берсин ушундай инсандарыбызга, амин.

  • @chyngyzrahmankulov2345
    @chyngyzrahmankulov2345 2 роки тому +93

    Аллахым сиздерден Раазы болсун кандай кана тарыхты ачыктадыныз Ийгилик каалайм.Шейит болгон баатыр Ата бабаларыбызды Аллахым Бейишин Белек кылган болсун.

  • @Basmachi1983
    @Basmachi1983 2 роки тому +48

    Аллахым биздин балдарыбызды дагы Жусуп атабыздан болушун насип кыл

  • @user-mx9fb5cv4x
    @user-mx9fb5cv4x 4 місяці тому +6

    Ушундай кыйынчыдык менен келген эгемендуулукту Кыргызстаныбызды коздун карегиндей сактайлы ,бул бизге берилген аманат Жана бул аманатты урпактарыбызга озундой кылып берели.Биздин Эркин Кыргызстан ар дайым бар болсун.

  • @user-ik4fm8pv7c
    @user-ik4fm8pv7c 11 місяців тому +7

    Жусуп Абдырахманов ко Аллахым рахматына алып Фирдаус бейишинен берсин, ушундай журогу Кыргызстан деп соккон инсандар коп болсун ылайым 🇰🇬❤

  • @user-gb5et6jj2s
    @user-gb5et6jj2s 2 роки тому +71

    Телескоп 🔭 жааматына ыраазычылык билдирем 🙏 Бар болгула. Силер чыгарбаганда көп нерсени билбей калмак экенмин. Таң калдым. Ооба быйыл 120 жылдыгы деп ар жерге плакат эле чаптап койуп атабыз. Бирок дүң бир маарекени көрбөй атам. Демек дагы деле аң сезиминге жете эле бул кишинин эмгектери.

    • @user-vq7wi8rm7v
      @user-vq7wi8rm7v 2 роки тому +4

      Жок орустар капа болот деп маареке кыла албай дагы деле орустардан коркуп мунгуроп журобуз! Себеби орустар биздин талуу жерибизден кармап алышкан! Алар Россияда иштеп жургон кыргыздар! Бир нерсе кыла турган болсок дароо ошолорду айдап чыгат орустар!

    • @miramustafa8400
      @miramustafa8400 2 роки тому +1

      @@user-vq7wi8rm7v кыргызды 16 жылы кырган орустар Ата Мекендик согушта кырылышты, албетте кыргыздар да шейит болушту дечи, бирок немецтерден болгон кордукту орустар корду го. АЛЛАХ Кудай деген элдин очун алып берди. Биз Кудай дейли.

  • @user-ts8vd7me4q
    @user-ts8vd7me4q 2 роки тому +168

    24 жаш курагында Кыргыз мамилектин туптоп жан урогон атабыз 😭 а биз азыркы муун эмне кылып жатабыз? Телефонунда интернет жок болуп калса ,чыйпыйыбыз чыгып жатат. Эх тарыхка кайрылбасан,келечек сени замбирек менен тосуп алат.

    • @user-cv8or2cr3j
      @user-cv8or2cr3j 2 роки тому +6

      Туптуура айттын Кыргыз Мамлекетти туптогон кыйындарды кырышты кандай окунучтуу

    • @user-oi6si1ji9v
      @user-oi6si1ji9v Рік тому +3

      Туура Ата бабаларыбыз эркиндик учун урпактар учун жанын аябай бизди ушул убакка алып келишти ,аа биз эмне кылып атабыз келечек муун учун кашык менен топтогонун чомуч мн сатып аткандар журогугду оорутат. У
      гуп алып ыйладым 😭

    • @RedmiRedmi-xn6iw
      @RedmiRedmi-xn6iw Рік тому +1

      😭😭

  • @nuri3488
    @nuri3488 Рік тому +8

    АЛЛАХЫМ Жусуп Абдрахманов атабыздын жайын жаннаттан берген болсун.🤲🤲🤲

  • @user-ig9dj8qm7z
    @user-ig9dj8qm7z 10 місяців тому +8

    Биздин Кыргызстанга Эл башчы болуп тарыхчы билимдуу инсан буюрсун

  • @radikmendiev6846
    @radikmendiev6846 2 роки тому +34

    Биздин жашыбыз 30 га барып калды,жаштарыбыз ПБЖ да,чондорубуз саясатта,аялдарыбыз ушакта,биз кайдыгерликте жашап жатканыбыз окунучтуу

  • @user-um7em7cv5y
    @user-um7em7cv5y 2 роки тому +183

    Алла Бейиштин төрүнөн орун берсин шейит кеткен элинин азамат уулуна. Атаңа рахмат автор,азыркы муундун жүрөгүндөгү учкунду тутантканыңар үчүн. Искак Раззаков жөнүндө да чыгаргыла.

  • @ilhomkenjebaev277
    @ilhomkenjebaev277 Рік тому +36

    Кто как но смотря этот видео прям слезы потекли, вот какие были наше руководители. Пусть Аллах простит его грехи и наградит его раям .Мы гордимся вашими поступками и подвигами. Спасибо большое автору этого видео.

    • @ilhomkenjebaev277
      @ilhomkenjebaev277 4 місяці тому +1

      @@barsafly7960 где ты видишь пропаганду, если я пишу на русском языке значит мне так удобно. Кыргызча жазбасале мне сага манкурт же пропагандист болобу кичине ойлонсон..

  • @xSula
    @xSula 6 місяців тому +5

    Бугун кокустан коруп калдым 21-декабрь 2023 жыл. Корсо туулган куну экен! Кандай улуу адам озун жанын олумго койуп биздин эркиндигибиз учун тынчтыгыбыз учун бут кучун арнаган, Аллахым бейишин берсин. Оомин

  • @user-jx3xm4pk4e
    @user-jx3xm4pk4e 2 роки тому +60

    24 ЖАШЫНДА СТАЛИНГЕ 10 МИНУТ КЕЧИГИП КЕЛДИН ДЕП ЖАЛГЫЗ КОРКПОЙ АЙТКАН БИРИНЧИ ЖАНА АКЫРКЫ АДАМ ЖУСУП АБДРАХМАНОВ ЭЛЕ БОЛГОН КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН ТҮПТӨГӨН ИНСАН

  • @chyngyzrahmankulov2345
    @chyngyzrahmankulov2345 2 роки тому +55

    Азаматсыз адилеттуу падышабыз Гана эскерип даражасын которду .Садыр Нуркожоевич Жусуп Абдурахмановтой башчы болсун.

  • @user-uy3st7gj8q
    @user-uy3st7gj8q 6 місяців тому +9

    УШУЛ АСЫЛ АДАМДАР БИЗДИН КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДЫ ТУПТОБОГОНДО БИЗ КИМ БОЛУП,КАЙ ЖАКТА ГАНА БОЛОТ ЭЛЕК.
    ТАП ТАКЫР ЖОК ЭЛЕ БОЛМОК БЕЛЕК😢😢😢
    ЫЙЛАП ЖИБЕРДИМ ГО УГУП ОТУРУП😢

  • @user-mi8cn5fg6j
    @user-mi8cn5fg6j Рік тому +6

    Кыргыздын чыгаан патриот Кыргыз дегег атты сактап бизге жеткирип берген Абдрахманов Жусуп агайыбыздын жайы жаннаттан болсун.Элим жерим деп соккон инсандарыбыз бар болсун

  • @user-yv3jj3nl1h
    @user-yv3jj3nl1h Рік тому +43

    Кыргызстан учун жанын берген Жусуп Абдрахман уулу кандай гана намыстуу жерин элин суйгон адам болгон. Кана ар бир кыргыз, баласын ,кызын, намыстуу ,элин ,жерин, суйгон кылып тарбияласа кыргыздар эчкачан жок болбойт эле 😥😥😥😥😥

  • @user-qc4sb2cq6s
    @user-qc4sb2cq6s 2 роки тому +18

    Эркек болсомда көз жаш алып ыйладым, Кыргызыстаныма пайдам тийеби деп ойго баттым, Ээх чиркин Менда Кыргызыстан үчүн бир жакшы иш кылсам экен, Аллахтан суранарым менда Кыргыз мамлекетине пайдам тийген адам болсом дейм.

  • @user-us2qb5lr7i
    @user-us2qb5lr7i Рік тому +9

    Ма Ша Алла1h ушундай намыстуу перзенттерди Аллахым насип этсин Кыргыз элиме аминь аминь 🇰🇬😊❤

  • @user-jq3vm8sx2f
    @user-jq3vm8sx2f 5 місяців тому +4

    Жусуп ага жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун Аллахым жайын Фирдаус бейишинин бакчаларынан насиб этсин, таза инсан озу олсо да эмгеги олбойт, кыргыздын журогундо туболук сакталат жусуп Абдурахманов агабыз

  • @chubachuba4790
    @chubachuba4790 2 роки тому +22

    Маа шаа Аллах ушул Жусуп Абдрахманов атабыз жөнүндө качан чыгат деп көпкө күттүм эле.Сиздерге чоң рахмат!