"САЙРАГҮЛ" Сөзү. Абзий Кыдыров.Обону Экия Муканбетов. Жамал Сейдакматованын аткаруусунда.

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 27 сер 2024
  • Жамал Сейдакматова Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Темир айлында туулуп-өскөн.
    Бала чагынан эле Жамал ырга-бийге шыктуу болуп өсөт. Бирок, орто мектепти аяктагандан кийин, эңсегени ишке ашпай, ал атасынын тили менен Москвадагы жеңил өнөр жай институтуна тапшырып, өтүп кетет да окуп калат. Баары бир жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган инститту 2-курстан таштап, Фрунзеге келе берет.
    Чыгармачылыгын өздүк көркөм чыгармачылык коллективинде ырдоодон баштаган Жамал Сейдакматова, акыры, 1957-жылы, Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) келип кирип, артист болуп кызматка орношот. Мында дээрлик 32 жыл, 1989-жылга чейин ырааттуу иштейт.
    1989-жылы Бишкек шаарында “Тунгуч” театрын негиздеп, бөлүнүп кетип, бул театрда өмүрүнүн калган бөлүгүндө мээнет кылган. [1]
    Ж.Сейдакматова 2021-жылы 16-февралда Бишкек шаарында каза болду.

КОМЕНТАРІ • 23

  • @user-bv2gl5ju3j
    @user-bv2gl5ju3j 3 роки тому +13

    Ммм даа кайран гана 70-жылдар. Бир келип бир кеткен. Алтын заман

  • @user-jf5rl9vn9n
    @user-jf5rl9vn9n 3 роки тому +10

    Жамал жение жаткан жери жайлу болсун

  • @user-zj1gm4rt4w
    @user-zj1gm4rt4w Рік тому +3

    Ыраматылык Жамал эженин ырдаганын билбептирмин,сонун ырдачу экен❤❤❤❤❤

  • @user-bv2gl5ju3j
    @user-bv2gl5ju3j 3 роки тому +12

    Алтын доор. 70 - жылдар. Бах!!!

  • @ByLaK_
    @ByLaK_ Рік тому +7

    Сонун ырдаптырда кайра кайра төрт беш жолу кайталап уктумда. Ырдын музыкасы сонун.

  • @user-ho5io7su9z
    @user-ho5io7su9z 3 роки тому +8

    СУПЕР !!! 👌👌👌💯💯💯

  • @user-xe7gd9ql9z
    @user-xe7gd9ql9z 8 місяців тому +1

    70,80,90жылдардагы артист ырчылар,актер,актрисалар бардыгы укмуш професионал болушкан.себеби бардыгы оз кесиби боюнча билим алышкан. Билими барлар созсуз жогорку денгээлде аткарышат.

  • @user-es2qu1fm7z
    @user-es2qu1fm7z 3 роки тому +10

    Жамал эже да ырдаган экенда. Жаткан жериниз жайлуу болсун!!

    • @elmiraakimkanova9525
      @elmiraakimkanova9525 Рік тому +2

      Жамал эже аябай жакшы жонокой эле мен эже менен ишпеп калдым мени жердеш экен деп маган мамлеси жакшы эже эле мен ушул атакту инсандар менен иштеп коргонумо бактылуумун

    • @retrofmsssr7823
      @retrofmsssr7823 11 місяців тому

      ​@@elmiraakimkanova9525театрда иштейсизби?

  • @user-lt2fh4xl2n
    @user-lt2fh4xl2n 3 роки тому +7

    🔥💥👏👏👏

  • @user-yj4rb2kx3c
    @user-yj4rb2kx3c 3 роки тому +9

    😫😫😫😪😪сагындым эже сизди

  • @user-zg5oz7ze8l
    @user-zg5oz7ze8l 2 роки тому +6

    Темировкалыктар угуп жатты
    Бекен.

  • @___-uj5fe
    @___-uj5fe 3 роки тому +11

    Эженин уну сонун турбайбы...

  • @user-wc4qb5wu9m
    @user-wc4qb5wu9m 3 роки тому +4

    👏👏👏👍👍👍

  • @user-ey1ut4wl3s
    @user-ey1ut4wl3s Рік тому +3

    Жамал эженин угу дайым кулагымда

  • @user-xe7gd9ql9z
    @user-xe7gd9ql9z 9 місяців тому +1

    Эмнеге ырчы болгон эмес.сонун ырдайт экен.

  • @sairagulabdyrazakova7163
    @sairagulabdyrazakova7163 Рік тому +2

    Сонун чыгарма, сонун аткаруу😇👍

  • @zaidin4314
    @zaidin4314 Рік тому +2

    Шайлоо эжебиз экөө гана ырдачы

  • @retrofmsssr7823
    @retrofmsssr7823 Рік тому +3

    Эстен кеткис эски ырлар.
    Кыргыз радиосунун алтын казынасына сакталган Кыргыз ырлары,баардыгы асыл,унутулгус.

  • @user-ou4sr7oe8e
    @user-ou4sr7oe8e 10 місяців тому +1

    ❤❤❤❤

  • @user-be9zh8zo5e
    @user-be9zh8zo5e Рік тому +1

    Алтынга тете эже жаткан жери жайлуу болсун

  • @yryskochkonbaeva4459
    @yryskochkonbaeva4459 6 місяців тому +1

    Тээ алтымыш жетимишинчи жылдарда коп ырдалчу уну ото тунук уккулукту болчу озуно эстелик тургузган бул эже