Токтобек Асаналиев Ат-Башы

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 17 вер 2024
  • Боогачың сенин болоюн Токтобек Асаналиев
    Токтобек Асаналиев
    Алмашып күзгө жашыл жай,
    Ат-Башым агат шашылбай.
    Ат кечпей суунун агымын,
    Арманым аттын башындай.
    Кайырма:
    Боз туман чалып тоо башын,
    Бойлобой турам ооба, чын.
    Боздотуп койсоң ат башын,
    Болоюн сенин Боогачың,
    Алыска арзып мен келдим,
    Адашкан тайлак өңдөндүм.
    Аркы өйүз менен берки өйүз,
    Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
    Кайырма:
    Боздосоң кантип түтөйүн?
    Болжогон күндү күтөйүн.
    Боогачың болуп мен сенин,
    Боюңдан издейм, Үкөйүм.
    Ачыгын айтсам жашырбай,
    Арманым аттын башындай.
    Ашыгым, менин көрсөтчү,
    Аркы өйүз жакка жашынбай.
    Кайырма:
    Боз туман чалып тоо башын,
    Бойлобой турам ооба, чын.
    Боздотуп койсоң ат башын,
    Болоюн сенин Боогачың.
    Боздосоң кантип түтөйүн?
    Болжогон күндү күтөйүн.
    Боогачың болуп мен сенин,
    Боюңдан издейм, Үкөйүм. #music #religion #song

КОМЕНТАРІ •