Жакшы кабарда кызматташуу сүйүү жаратат. Фил.1:1-11;
Вставка
- Опубліковано 6 лют 2025
- Фил 1:1-11: "Филипидеги Жыйын башчылары жана диакондор менен бирге эле Машайак Ыйсанын бардык ыйыктарына Машайак Ыйсанын кулдары Пабыл менен Тиметейден салам! Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин! Силерди эстеген сайын, Кудайыма ыраазычылык билдирем. Сыйынган сайын, баарыңар үчүн ар дайым кубаныч менен сыйынам. Себеби силер биринчи күндөн тартып азыркыга чейин Жакшы Кабар таратуу ишинде бизге кызматташ болуп келе жатасыңар. Силерде баштаган жакшы ишин Кудай Ыйса Машайактын күнүнө чейин аягына чыгарарына бекем ишенем. Баарыңар жөнүндө мен ушундай ойлоого тийишмин. Силер ар дайым менин жүрөгүмдөсүңөр, анткени кишенде жүргөнүмдө болобу, Жакшы Кабарды коргоп, бекемдеп жатканымда болобу, баарыңар мени менен бирге ырайымга шериктешсиңер. Баарыңарды Ыйса Машайактын сүйүүсү менен сүйөрүмө Кудай күбө. Силердин сүйүүңөр таанып билүү жана ар кандай сезимталдык жагынан өсө бериши үчүн сыйынам. Эң жакшысын ажырата билип, Машайактын күнүндө таза жана кемчиликсиз болушуңар үчүн, Кудай даңкталышы жана макталышы үчүн, Ыйса Машайак аркылуу адилдиктин жемишине артыгы менен ээ болушуңар үчүн сыйынам."
Кудайымга данк болсун Оомийин ! ❤❤❤🤲🤲🤲🤲🤲
Кудайга данк болсун Оомин! Адилет биртууганыма кудай ыраайымын мол того берсин Оомин!
КУДАЙЫМА ДАНК ЫЙСА ТЕНИРИМЕ АЛКЫШ!!!👏👏👏❤🙏🙏🙏
Биздин Тенирибиз Ыйса Машайак данкталууга татыктуу
🙏🙏🙏