Алыкул Осмонов_Бөбөккө

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 8 вер 2024
  • Эң жаш калып, эсте калбай ата-эне,
    Кайнап бышып, далай кыйын кездерге.
    Балбан турмуш түбү калың болсо да
    Керек жерин жара тээп кирерде.
    Тооруй басып тосуп чыгып жолумдан,
    Бурай кармап, майыштырып оңумдан,
    Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөрдө
    Таш боор өлүм тартып кетти колумдан.
    Күндөр болду ырас, аздым, жүдөдүм
    Эртесинде кайра унутуп күлгөмүн.
    Бирок чиркин, бөбөк деми күч экен,
    Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм.
    Эң таза эле сүт үстүндө каймактай,
    Сайрайт эле булбул кушту сайратпай.
    Бирок тагдыр жеткирген жок ал күнгө
    Ай, чиркин ай, өмүрүнүн кыскасы ай.
    Алтын да бар, асыл да бар элдерде,
    Не бир түркүн сонундар бар дүйнөдө
    Ошончолук кымбаттардын ичинен
    Атасы үчүн бөбөккө тең жок эле.
    Сулуу тоолор, көркөм көлдөр четинде,
    Көп гүлдөр бар, кызыл-жашыл түрлөрдө,
    Жер аңкыган ошончо жыт ичинен
    Атасы үчүн Жыпардай жыт жок эле.
    Жаштык ширин, сүйүү ширин билгенге,
    Андан ширин, бир боор тууган ата-эне,
    Ошончолук көп шириндин ичинен
    Атасы үчүн андай ширин жок эле.
    Түпсүз кубат, чексиз элес болучу,
    Сырга чоң сыр, ойго кеңеш болучу.
    Энесиндей эссиз эмес болучу,
    Атасындай кекчил эмес болучу.
    Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон.
    Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон.
    Учсуз жердин бир ууч куну кеткен жок,
    Бети жок ай, жер уялбайт ошондон.
    Кетти бөбөк жанаа гана бар болгон,
    Жарык таанып жаңы гана ойгонгон.
    Түпсүз көрдүн карыш бурчу кеткен жок,
    Ары жок ай, көр уялбайт ошондон.
    Бар болсо экен картайганда көргөнү,
    Соо болсо экен жаштын жаңы жөлөгү.
    Өмүр алда, эртеңкиге тобокел,
    Өлбөсө экен башкалардын бөбөгү.
    _________________________
    Кыргыз тили боюнча башка сабактарды төмөнкү шилтемелер аркылуу көрө аласыздар: / @kaparmomunaliev _________________________________
    Каналдын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүнү каалоочулар үчүн:
    О деньги: +996707478663
    МБанк: +996777478663
    _________________________
    #кыргызтили #капармомуналиев

КОМЕНТАРІ • 8

  • @user-cz1wu8ro8j
    @user-cz1wu8ro8j Рік тому +6

    Супер. Желаю дальнейших успехов в жизни. Что то вы пропали в последнее время 🤔

  • @user-um3cc9kh2w
    @user-um3cc9kh2w Рік тому +2

    Капар агай синтаксистик талдоо боюнча да маалымат беринизчи, сураныч!

  • @user-sv9rg2ik1p
    @user-sv9rg2ik1p 9 місяців тому

    Эн жаш кылып эсте, калбай Ата Эне
    Кайнап бышып далай кыйын кездерге,
    Балбан турмуш тубу калын болсо да
    Керек жерин жара тээп кирерде❤

  • @user-rm1ks9gr2g
    @user-rm1ks9gr2g 9 місяців тому

    😢😢😢

  • @Football_YouTube.
    @Football_YouTube. Рік тому +1

    Вассалам алейкум Байке Мендагы Математикадан чыгарам Коментариме Жазып койунузчу 🤩

  • @user-co2pi6fo6t
    @user-co2pi6fo6t 21 день тому

    Ютупту ушул бойдон алыпкеткенде коп каталучу топтомок

  • @user-fn9cf3th2g
    @user-fn9cf3th2g 6 місяців тому +1

    А . ОСМОНОВ ОЗУНУН КИЧИНЕКЕЙ КЫЗЫНА АРНАГАН 😢

  • @aktilek2379
    @aktilek2379 11 місяців тому

    Агай актив жок болуп калыптыр го акыргы 9 ай. Абдан кызыктуу контенттерди жасайт экенсиз👍. Класстагы сабактарды айтпай эле койойун😂