"Биздин майрам" Кыргызча аудио китептер! Кыргызча аудио окуялар!

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 15 вер 2024
  • "Биздин майрам"
    Кыргызча кызыктуу окуяларды сайтка кирип окусаныздар болот.
    kyrgyzcha.site/
    КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮ!
    КЫРГЫЗЧА АУДИО ОКУЯЛАР ДҮЙНӨСҮ!
    Арзан баада авиабилеттер.
    aviasales.tp.s...
    📚 өзгөрөм, адам болом десең, китеп оку.
    📚 өзүмдүн каталарымды башкаларсыз табам десең, китеп оку.
    📚эч качан жеңилбейм десең, китеп оку.
    📚ашыгыңа бара турган жолду издесең, китеп оку.
    📚китептин пайдалуу экенине ишенбесең, китеп оку.
    📚 ата-эне, ден соолук, убакыттын баркын билгим келет десең, китеп оку.
    📚балама жакшы тарбия берем десең, китеп оку.
    📚китепсиз деле жашооңду өзгөртүүнүн сырын билгиң келсе, китеп оку.
    📚окугандан, жазгандан, сүйлөгөндөн уят болуп калбайын десең, китеп оку.
    📚китеп окуганды үйрөнөйүн десең, китеп оку.
    📚саякаттагың келсе китеп оку.
    📚жаны жок денедей үйдө жашабайын десең, китеп оку.
    📚 кыйнаган, пайдасыз туман ойлордон арылам десең, китеп оку.
    📚жан дүйнөңө дары издесең, китеп оку.
    📚келечекте бүт ааламды ичиме батырып, дүйнөнү суктанткан адам болом десең анда китеп оку ...
    Ислам аалымдарынан Абу Юсуфка суроо сурап калышат, бирок ал бул суроонун жообун билбейм дегенде, "Сен бул жерде суроолорго жооп берип мамлекеттен маяна аласын, эмнеге билбейсин?" деп сурашканда мындай деп жооп бериптир: "Мен бул жерде билгендерим үчүн гана маяна алам, эгерде билбегендерим үчүн да маяна алганымда казынада эч нерсе калмак эмес."
    Сократтан окуучуларынын бири:
    - Айтыңызчы, сиздин кабак чытып, каш
    бүрккөнүңүздү көрө албадым. Ар дайым куунак
    болот окшойсуз? - дегенде Сократ:
    - Анткени жоготкондо күйүнө, тапканда сүйүнө
    турган эч нерсем жок, - деп жооп кайтарыптыр.
    Ак жеринен өлгөн жакшы
    Бир аял Сократты өлүм жазасына тартып алып
    бара жатканын көрөт да, көз жашын көлдөтүп
    туруп:
    - Оо, дүйнөң менен куруп кет, алар сени эч бир
    күнөөсүз жерден өлтүрүшкөнү жатышпайбы, -
    дегенде Сократ:
    - Оо, чоркок акыл, өлүмгө ак жеринен кетпей,
    күнөө кылып кетишимди каалайт турбайсыңбы,
    - деп жооп бериптир.
    Кайсынысы жакшы?
    Чөптүн тамырын жеп жаткан Сократты көрүп
    бир киши:
    - Биздин бекке кызмат кылсаң чөптүн
    тамырын жегенге чейин барбайт элең, - дегенде
    ал:
    - Чөптүн тамырын жеп көрсөң, бекке малай
    болууга чейин барбайт элең, - деп жооп
    бериптир.
    Кайсы учур ыңгайлуу?
    - Тамактануу үчүн кайсы учур ыңгайлуу? - деп
    Сократтан сураганда ал:
    - Колунда барлар үчүн курсагы ачканда,
    колунда жоктор үчүн тамак табылган учурда
    тамактануу ыңгайлуу, - деген экен.
    Кимдин шору?
    Сократ күндөрдүн биринде бир бай менен
    сапарга чыгып, бир оокумда каракчылардын
    кошууну турган жайга келип калышканын
    билишет. Бай:
    - Таанып калышып менин шорумду кайнатат
    го? - дейт. Анда Сократ:
    - Мени таанышпаса шорум кайнайт го, -
    дептир.
    Бооруң ачыр эле
    Бирөө Сократка:
    - Сенин кедейлигиңди көрүп туруп жаман
    боорум ооруйт, - десе ал:
    - Эчтеке эмес, - деп жооп берет, - эгерде сен
    турмуштун кедейлер көргөн жыргалын көрсөң,
    мени коюп, өзүңдү аяп бооруң ачыр эле.
    Ал эмнеге капа?
    Сократка дагы бирөө кезигип алып аны:
    - Кишилер сенин сөзүңө түшүнүшпөйт, - деп
    айыптаса ал:
    - Анысы мени анча деле кейитпейт. Эгерде сен
    мени “кекеч экенсиң” деп айтсаң, балким, капа
    болор элем, - деп жооп бериптир.
    Сократ менен аял
    Сократ өтүп бара жатып бутакта асылып турган
    бир аялды көрүп:
    - Атаганат, дарактын баары ушундай мөмө
    байласа кандай сонун болор эле, - деп басып
    кетиптир.
    ***
    💡Эң мыкты идеяларды ишке ашырып,өлкөнү онуктуруп,дүйнөнү өзгөртүү учун 10китеп окуу жетиштуу!Бирок 10китепти миңдеген китептерди окуп табуу керек!
    Сизге жаккан сүйүп окуган китептерди сунуштаңыз.
    #аудиокитеп
    #motivation
    #кыргызча
    #film
    #окуялар
    #english
    #2023
    #rek
    #баян
    #education
    #баяндар

КОМЕНТАРІ • 1