"Тарткылык" Кыргызча аудио китептер! Кыргызча аудио окуялар!

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 1 жов 2024
  • "Тарткылык"
    КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮ!
    КЫРГЫЗЧА АУДИО ОКУЯЛАР ДҮЙНӨСҮ!
    КАНАЛГА КАТТАЛЫНЫЗДАР, каналыбыздын ссылкасы менен бөлүшүп коюнуздар.
    Кыргызча окуяларды сайтка кирип окусаныздар да болот.
    kyrgyzcha.site/
    Орошон ойлор🕊️🕊️❤️:
    Американын Бостон шаарында дүйнөгө атагы чыккан композитордун концерти аншлаг менен өттү. Билетинин орточо баасы 100 долларды чапчыган бул концертке дүйнөнүн чар тарабынан келип жатыш-ты. Анын концертине кирүү өзгөчө сыймык эле...
    Концерт өткөндөн эки күндөн кийин Вашингтон-дун ири метролорунун биринин жанында, январдын суук таңында бир адам скрипкада ойной баштады. 45 мүнөттүн ичинде 6 чыгарманы аткарды. Бул учур эл жумушка кетип жаткан убак болгондуктан, ошол 45 мүнөттүн ичинде жанынан миңден ашуун адам өттү.
    Бирок, ошончо кишинин ичинен алтоо гана ойнолуп жаткан музыкага кызыгып, угуу үчүн аярлай калыш-
    ты. Жыйырмадайы токтобостон, жөн гана акча таш-тап өтүштү. Ошентип, скрипкачынын таңкы тапканы 32 доллар болду. Канчалаган адам өтүп жаткан менен, аталган алтоонон башка көңүл бурган болбоду. Жуму-шуна шашкандардын бири да бул скрипкачы дүйнөдө-гү эң белгилүү музыканттардын бири, эки күн мурун Бостондо жеке концертин койгон Жошуа Белл экенин байкашпады.
    Ал эң татаал композицияларын ойноп жаткан эле, ал эми ошол чыгармаларын ойногон скрипкасы 3.5 миллион долларлык болчу. Чыгармаларын угуу үчүн билетинин кымбаттыгына карабай кире тургандардын бири да, бул күнү улуу таланттын бекер «концертине» көңүл бурушпады.
    Чынында, бул атактуу композитордун метродогу оюну «Вашингтон Пост» гезити уюштурган адамдын табигый табитин, кабыл алуусун жана мамилесин тек-шерүү үчүн жүргүзүлгөн атайын тажрыйба эле. Таж-рыйбанын негизги суроосу: биз чыныгы сулуулукту, улуулукту, кооздукту ар убак сезебизби, же болгону аты үчүн, даңкы үчүн, белгилүү болгону үчүн баа берип, ошого жараша мамиле кылабызбы? Татыктуу нерсеге баа берүү үчүн аз да болсо убакыт бөлө алабызбы?...
    Ошентип, тажрыйбанын жыйынтыгы жогоруда белгилүү болду.
    Көр тирилик деп жүрүп көксөгөн максаттардын канчасы унутулуп, канчасы кыял болуп кала берди экен?... А мүмкүн, бир аз сезимге эркиндик берип, бир аз жан дүйнөбүздүн ырахаты үчүн көзүбүздү кубан-тып, көңүлүбүздү сергиткен кооздуктарга маани бере жүрсөк, чыныгы баалуулуктар кара жанды карч уруп чуркаткан байлык менен бийликте эмес экендигин туяр белек...
    Атам эмне үчүн кыз узатуумда эшикке чыкпай койгонун билип, ыйладым.
    "Атам кана?!" Баарыбыз издеп калдык. "Мен атам менен коштошмоюн машинага түшпөйм,"- дедим. Иним үйгө чуркап кирип кетти. Апам жанымда, атам жок. Мен үчүн маанилүү болгон күнү узатпай коебу?
    Атам оор басырыктуу, өтө сүрдүү киши. Көп сүйлөбөйт, жумушуна барып келет. Үйгө келип, мал менен алек болот. Кечкисин китеп окуйт. Кээде биз менен отуруп, ютубдан кино көрөт.
    Атам бизди жүрүм-туруму менен тарбиялады. Китеп окуганын көрүп, баарыбыз китеп талашып окудук. Үй иштериин жасаганын көрүп, биз да жумуш жасадык. Эл алдында өзүнүн алып жүргөнүн көрүп, биз да башыбызды көтөрдүк. Апама көрсөткөн сыйын көрүп, биз да адам сыйлаганды үйрөндүк. Кийингенин көрүп, кийиндик. Классташтарым: "Атаңар өтө сүрдүү ээ? Коркпойсуңарбы?" - дей беришер эле. Эмнеси сүрдүү?- деп ойлочумун. Чоңойгондо байкасам, чынында ошондой экенин билдим. "Азамат, кызым"- деп эле чачыман сылап коет. Ушул эле мага баалуу да, маанилүү да эле..
    Иним келди, көздөрү жашылданып калыптыр..
    -- Атамды таптыңбы?
    -- Ооба
    -- Баары жакшыбы? Кайда экен?
    Эмне болду?
    -- Сиздин бөлмөдө отурат
    Инимдин ыйлаганын көрүп, үйгө чуркап жөнөдүм. Артыман туугандар келаткан эле, иним аларды токтотуп койду.
    Бөлмөм. Атам мамалагымды сылап керебетимде отуруптур. Эшикти ачсам, шарт мени карай калды. Болушунча ыйлап алыптыр. Чуркап барып, кучактадым. Атам мени катуу кучактап ыйлай берди.
    - Сенин бой жеткениңди кабыл ала албай жатам, кызым? Кичинеңде ар дайым жумуштан келгенде, дароо ушул бөлмөгө кирип, сенин уктап жатканыңды карап тура берер элем. Көзүңдү ачып уктачусуң. Оозуңдун баары шоколад. Апаң экөөбүз бетиңди жууп жатканды эч үйрөтө албадык. (Жылмайып) Чынында, мага ошо бетиңди өпкөн жакчу. Ар дайым таттуу элең, кызым. Эми минтип кетип баратасың. Чачын ак баскан атаң эми кимди карайт, балам? .."
    Биринчи жолу атамды мындай абалда көрүшүм. Ыйладым. Макияжымдын баары атамдын ак көйнөгүн булгады.
    Анан экөөбүз ээрчишип, конокторго чыктык. Атам чекемен өөп, күйөө баласы экөөбүзгө батасын берди.
    Ата, мен сизди жакшы көрөм.
    Арзан авиабилеттерди түздөн-түз сатып алыңыздар.
    aviasales.tp.s...
    #кыргызча
    #аудиокитеп
    #окуялар
    #2022
    #кыргызстан
    #баяндар
    #баян
    #бишкек
    #2023
    #баткен

КОМЕНТАРІ • 3