Кайда кеттин? Кайда жүрөсүң
Вставка
- Опубліковано 7 вер 2024
- Бектуруш Салгаманинин сөзүнө жазылган Кудайберген Темировдун "Кайда кеттиң" аттуу ырын Атабек Ботобеков ырдайт.
Неден жаздым, неден жаңылдым,
Не себептен мага таарындың?
Жылдыз жүзүң көзгө элестеп,
Жылаажындай күлкүң сагындым.
Куса болуп жездей саргарып,
Күйүтүмдөн чексиз багындым.
Сага арнап сүйүү ырларын,
Сага айтам жүрөк сырларын.
Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам,
Сага айтам тунук сырларым.
Махабаттын кезип сапарын,
Махабаттын ачкам кырларын.
Табийгат да сенсиз суз тартып,
Аянычтуу дайра муңканып.
Суу боюнда өскөн камыштар,
Шуудурашат үнсүз сумсайып.
Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң,
Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм.
Неден жаздым, неден жаңылдым,
Не себептен мага таарындың?
Жылдыз жүзүң көзгө элестеп,
Жылаажындай күлкүң сагындым.
Куса болуп жездей саргарып,
Күйүтүмдөн чексиз багындым.
Сага арнап сүйүү ырларын,
Сага айтам жүрөк сырларын.
Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам,
Сага айтам тунук сырларым.
Махабаттын кезип сапарын,
Махабаттын ачкам кырларын.
Табийгат да сенсиз суз тартып,
Аянычтуу дайра муңканып.
Суу боюнда өскөн камыштар
Шуудурашат үнсүз сумсайып.
Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң,
Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм?
Кайда кеттиң, кайда кеттиң…?
Сизге балким булар жагат
Бул ырды Кудайберген Темиров агабыз обонго салган.
Эч очпос ырлардан...кудайберген темиров. Элдин журогундо туболук жашайт. Жаткан жери жайлуу болсун...помним...любим...скорбим...
Жакшы ырдайт экен,Тумонбай озун ырдасан ушул ырды, кандай чыгар экен
Эн сонун чыгарма
🏅🥇💕💖👍👍 эч жадабай угам го
КАЙДА КЕТТИН?КАЙДА ЖУРДУ ЭКЕН ,ЖУРОК СУЙГОН МЕНИН ТУГОЙУМ......
Сонун! Эскирбеген эски ыр! Мага абдан жакты!
Ар дайым ырдап жургуло балдарым кудаштын арбайы ыраазы болот мыкты аткаруу боптур чон рахмат
Биздин бала чагыбызда бул ырларды радиодон түнкү "бейпил түн" концертинен уккан күндөр эске түштү...
Эч качан эстен кетпейт го, бул ырлар! Сонун аткаруу!🎉🎉🎉
Махабаттын ашкам кырларын жакшы ырдапсын азамат
Азаматсын Атабек балам,унуно береке бар бол
Журоктон чыккан ыр ,журокко жетет😊
жакшы ырдаган Тумонбай агай ырдаса дагы да соонун чыкмак.
Кудайбергендин өзү аткарганы укмуш муңдуу эле илгери 73 чү жылдары мен анда 17 жашта элем .
Шедевр ырлар
Эң сонун аткарыптыр баракелде
СООНУН.ЭСКИ.ЫРЛАР
Ото сонун ырдаган!
Я горжусь что был близко знаком с к.темировым. вечная память.
👍👍👍
Бул ырдып автору Бектуруш Салгамани.
Эй тууган, өйдөдө жазылып турат го, ырдын сөзү да, обону да Кудайберген Темировдуку деп
Журоктон журокко жетет бали
Кудайберген өзү ырдаганы укмуш эле илгери
Сонун ырдаптыр 👍👍
Керемет аткаруу баракелде
❤❤❤
Жаккан жок, ырдаганы да, клиптеги кыздын кебетеси да , бул ырга мындай кебетекешпир жарашпагандай ....кылык жорук да ырдын маанисине таптакыр топ келип турган жок ,кечирим сурайм, тем не менее Сенин каналына, бузуп да таштаптыр, озун ырдап берсен Тумонбай 🙏🙏🙏🙏🙏
Жакпаса жазып айланасынбы эй сойрук
@@user-id6jh9wo4n сойрук.🤣🤣🤣🤣🤣🤦🤦🤦взаимно...🥵🥵🥵
👍👍👍👍👍