Милиция Ала-Тоо аянтындагы жаалданган топту сүрүп чыгарды

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 29 лис 2024
  • Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында чогулгандарга каршы чабуул башталды. "Азаттыктын" кабарчылары жеринен билдиргенине караганда, калканчан милиционерлер тобу аянтта тартип орнотуу аракетин көрүүдө. Жабылган жол ачылды.
    Кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу гранаталар жарылууда.
    Ала-Тоо аянтында бир аз мурдараак жаалданган топ түрдүү кыйкырыктар менен пайда болду. Алардын көбү жаштар.
    Чогулгандардын айрымдары Ак үйдүн жанына келе баштаган.
    Алардын талабы эмне экени азырынча белгисиз.
    Айрымдары аянттагы темир тосмолорду жылдырып, унаа жолду жаап салышкан.
    Кээ бирлеринин колунда союл бар.
    Бүгүн, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап алып кеткен. КСДПнын өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.

КОМЕНТАРІ •