Айпери Кубик кызы "Ата-эне"

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 25 лют 2021
  • Айпери Кубик кызы
    "Ата-эне"
    Сөзү, обону: К.Калыковдуку.
    Аска-зоодон ар пендеге кут келер,
    Арча тоодон өмүр берген жыт келер,
    "Адам болчу, айланайын" деп айткан,
    Акыл айткан алтын атам бир келер.
    Араласа тамыр менен кан келер,
    Адамзатка тирүүлүктө жан берер,
    Алтындан да кымбат болгон асыл зат,
    Ардактаган алтын апам бир келер.
    “Адам бол” деп бизди багып чоңойткон,
    Акыл айтып аң-сезимди ойготкон,
    Ата-энеден ашык нерсе бар бекен,
    “Алтыным” деп мүнөт сайын ойноткон?
    Кайырма:
    Ар дайым ата-энем, ата-энем, ата-энем, ата-энем,
    Бар болсун дагы эле, дагы эле, дагы эле, дагы эле.
    Өмүр бою сый көргүлө, ата-энем,
    Оорубастан бир жүргүлө, ата-энем,
    Бага турган, карай турган кез келсе,
    Балдарыңдын милдети бул дагы эле.
    Кыз-келиндин кызматын көр, ата-эне,
    Уул-кыздын урматын көр, ата-эне.
    Колдон келсе чоңойсок биз дагы эле
    Сөз беребиз айтканыбыз чын эле.
    Жүргөн экем эч нерсени ойлонбой,
    Жүрөгүм жаш али турат ойгонбой,
    Жүзүңөрдөн күлкү кетпей, жашарып,
    Жүрсөңөр дейм он беш жашта болгондой.
    Кайырма:

КОМЕНТАРІ • 16

  • @user-cj1zl5df3g
    @user-cj1zl5df3g 2 роки тому +11

    Кубик кызы Расул кызы абдумалик кызы сайкал булар кичинесинен ырдап келет сонун бактылу екенин коздоунон билинет коздору жанып

  • @user-qt4iz3yn8p
    @user-qt4iz3yn8p 2 роки тому +9

    Эркекче жургон кыз бактылуу болунуз оомин.

  • @Muna.00

    Бийчилер кантет 2 3класстын кыздарындай бийлейт го😂

  • @asdffdsa1748

    Азаматсын бактылуу бол алтын кыз❤❤❤

  • @Muna.00

    Ваай мынча арык дагы деле ушундайбы

  • @KGZ-BANDA
    @KGZ-BANDA 2 роки тому +1

    👍👍👍😘😘😘

  • @user-tk2el6jj7o
    @user-tk2el6jj7o 2 роки тому +1

    Сонун ыр ата энелер учун

  • @user-fx6yc3qn6b

    Азаматсын ийгилик иштерине

  • @aigerimsagynbekova8825
    @aigerimsagynbekova8825 Рік тому +11

    Аска-зоодон ар пендеге кут келер,

  • @user-st8fs1fc9g
    @user-st8fs1fc9g 2 роки тому +1

    😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘😘

  • @user-bl4ci4xv4s
    @user-bl4ci4xv4s 2 роки тому +3

    2022

  • @vahidislambekov2511
    @vahidislambekov2511 2 роки тому +3

    2021

  • @samakkudaibergenov7848
    @samakkudaibergenov7848 2 роки тому +1

    Ааааййй

  • @user-ek8ur7id3u
    @user-ek8ur7id3u Рік тому

    2023