Жодар Сайдилкан / Ар бир кыргыз бай болсун! / Жаратман подкаст

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 19 гру 2024

КОМЕНТАРІ • 479

  • @tilekabdilazizov3931
    @tilekabdilazizov3931 2 місяці тому +27

    Жаратман подкасттарды угуп, көрүп жүрүп, мурдагы оюмдан кайтып, Кыргызстан өнүккөндө барам эмес, мен Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошом деп, Россиядан келүүгө өтө чоң түрткү болгон. Буюрса алдыда Кыргызстан үчүн чоң салымдарды кылабыз. Ал күндөр алыс эмес)
    Жодар агабыздын сөздөрүн угуп дагыда болсо Кыргызстандын өнүгүсүнө, алдыңкы өлкөлөрдөн болуусуна, ишкерлердин өнүгүүдө салымы чоң боло турганына ишеним күчөдү. Рахмат Жодар байке, Рахмат Жаратман подкаст🙌🏻

  • @naziak916
    @naziak916 2 місяці тому +13

    Бул подкастты ар бир кыргыз көрүш керек деп ойлойм! 👍👍👍

  • @Elaman.nomadia
    @Elaman.nomadia 3 місяці тому +100

    Салматсызбы, менин атым Эламан 29 жаштамын. Азыркы учурда Номадиа тур агенствосун жетектеп келем. Өлкөнүн эко туризмине салым кошуп жатабыз командабыз менен. Бул чыгарууну мен өтө кызыгып көрдүм, жана эң маанилү тыянак чыгардым, бул уй-бүлөгө болгон мамиле жакшы болуш керек экендиги, экинчи кыргыз элинин керегине жана көйгөйүн чечүү, баалулуктарды туура кою жана бирөөнүн акысын жебөө. Тым эле бүт чыгарма мага айткандай болду, деп жана күч берген чыгаруу болду.
    Жоодар байке аман болуңуз. Дайыма үйүңүздө береке болсун!
    Урмат байкеге дагы өзгөчө рахмат, адамдарды ушинтип ачып, берген суроолору дагы жакшы, маек курганды дагы билиш керек!

    • @Кыргызкызы-э9ф
      @Кыргызкызы-э9ф 2 місяці тому +1

      Ийгилик Кыргызым

    • @Elaman.nomadia
      @Elaman.nomadia 2 місяці тому

      @@Кыргызкызы-э9ф Рахмат

    • @Ильгиз-р3ц
      @Ильгиз-р3ц 2 місяці тому

      23-25 октябрьда Сингапурда ото турган выставкага сиздин компанияныз келет экен, туурабы же ал башка тур компаниябы?

    • @Elaman.nomadia
      @Elaman.nomadia 2 місяці тому

      @@Ильгиз-р3ц ошол компания байке.

    • @zarinamuratova8114
      @zarinamuratova8114 2 місяці тому

      Ийгилик каалайм !

  • @akbermetsakieva5935
    @akbermetsakieva5935 2 місяці тому +9

    1000 мертебе раазымын Элди, АЯЛДАРДЫ ойлоп Кыргызстанга келип ишкерлик уланттып атканына
    Жалпы чет жакта билим алган уул,кыздарыбыз да келип тажрыйбасын элдин онугуусу учун салым кошсо,жакын арада эле биз АЯЛДАР мага окшоп россияда кара жумуш кылбай балдарыбыздын жанында иштейбиз буйурса😢 кыздарымды ааааябай сагындым

  • @АйжамалМайрамбеккызы-д5п

    Новотельге башкача көз караш жана бул кишиге сый урмат 1000% көтөрүлдү!
    Урмат байкенин кыргызча сөз байлыгы жана сүйлөө интонациясы соонун болуп калыптыр😍😍😍

  • @Nuranails
    @Nuranails 3 місяці тому +56

    Подкастты Бир жыл куткондой , ичимен Урматка «-кыска убакыт тыныгуу дейтта « деп кобурап аламго 😂
    Москвадамын, 6-жылдан бери «мастер маникюрного сервиса «болуп иштейм. Иште отуруп наушниктен Жаратманды кечке угам. Ушунча мотивация алам. Жакында кыргызстанга кетем, ишкердик кылам,балдарымдын жанында болом. Рахмат силерге!

    • @moskva-r9o
      @moskva-r9o 2 місяці тому +1

      Ийгилик тезрак келин

  • @АйгеримШаршеева-ю7ъ
    @АйгеримШаршеева-ю7ъ 2 місяці тому +11

    Мен биринчи жолу 4 сааттык подкастты аягына чейин аттатпай көрдүм. Мен жаңы ишкерликке кадам таштап жаткан айыммын. Мага азыркы учурда керек болуп жаткан маалыматтарды алдым. Ишкер адамга эң маанилүү нерсе коммуникацияны өнүктүрүү.. Кадрларды дайындагандан кийин алардын ишине киришпөө, туура кадр тандоо ж.б көп нерсе алдым. Жоодар мырзага жана Жаратман подкастка ыраазычылык!

  • @esenbekkulbaev73
    @esenbekkulbaev73 Місяць тому +2

    Китеп окугандай болдум,Кудайым ушул киши менен сүйлөшүп отурууну насип кылсын.

  • @aigulsharipova6424
    @aigulsharipova6424 Місяць тому +2

    Жаныңыздарда олтуруп алып эле, аябай кызыгып угуп отургандай болуп жатам. Сонун, рахмат. Өнүгө бериңиздер.

  • @elnur-shayip
    @elnur-shayip 3 місяці тому +158

    Я впервые о Жодар байке узнала, когда он был в гостях у Ногойбаева. Тогда я просто в него влюбилась 😊Как человек, как бизнесмен, как мужчина кыргызский - достойный своего народа. Обожаю его рассуждения, энтузиазм, харизму. Говорит на нескольких языках. Свой язык знает без паразитов. Ну что за мужчина 🙆‍♀️ ❤ Хочу себе такого же мужа, партнёра, друга, спутника по жизни, единомышленника... 😅 дай Аллах 🤲🙏
    Самое главное напутствие или подтверждение который я получила от Жодар байке сегодня- это его ценность 'бироонун акысын жебе'. Я тоже руководила долгое время разные проекты, стартапы, и всегда придерживалась этого. Я благодарна моим родителям за то что они привили во мне эту духовную ценность.
    Помолитесь за меня, сделайте дуа народ ❤
    1 дуа =1лайк

    • @orchid6032
      @orchid6032 3 місяці тому +13

      Девушка, мечтайте о чужих мужьях молча, не объявляя на всю республику. Или выходите за обычного, трудолюбивого парня и поспособствуйте ему стать таким как Жодар!

    • @jarankr
      @jarankr 3 місяці тому

      ⁠​⁠@@orchid6032Согласна с вами. Чтобы стать женой генерала, надо выходить замуж за лейтенанта. Бироонун акысын жебеген жакшы, бироонун куйоосуно коз арткан жакшы эмес

    • @elnur-shayip
      @elnur-shayip 3 місяці тому +3

      @@orchid6032 😅 крепкого вам здоровья человек, выздоравливайте
      Каждый мерит меркою своей. Кажется у вас был неприятный опыт в жизни. Надо уже разбираться где добрый и не добрый комментарий.
      Это был риторический ответ отвечать не обязательно ❤️ Отправляю лучики добра 🙌

    • @jarankr
      @jarankr 3 місяці тому +11

      @@orchid6032согласна с вами. Если хочешь в мужья генерала, надо выходить за лейтенанта и пройти с ним огонь и воду. К сожалению, сейчас многие девушки хотят сразу готового.

    • @КубанАсынакунов
      @КубанАсынакунов 3 місяці тому +3

      Азамат кыргыздын ушундай жигитери турганда келечекибиз астыда чон чон ийгиликтер кутуп жатат кырызды

  • @ZHYRGALBEK.Karash
    @ZHYRGALBEK.Karash 4 дні тому +1

    Акылманга шакирттери нааразы болушуптур: "Окуяларды айтып берип бирок маанисин түшүндүрбөгөнүңүз кандай?" деп. Акылман аларга мындай деп жооп кылыптыр: "Силерге кимдир бирөө жемишти чайнап туруп алдыңарга жегиле деп сунса, жейт белеңер?..."
    Анын сыңары Жоодар байке аябай жөнөкөй тил менен жеткиликтүү маек бериптир
    Өлтүргөн сайын күчөгөн
    Өчүргөн сайын түтөгөн улуу элдин урпактарыбыз,
    албетте уучубуз кур эмес экен мыктылар чыга берет эл болгон соң.
    Урмат сизге чоң ыракмаат
    ыраазычылык айтабыз ,
    Ушундай мыкты инсандарды таап алар менен өтө кызыктуу маектерди уюштуруп жатканыңыз үчүн сизге жана сиздин жамаатыңызга ыраазычылык.
    Аракети жок жөн эле кыялдануу- бул боюнда жок эле аялдан наристе күткөн сыяктуу дейт ,
    кыялдануу туура максат коюуу анан эң негизгиси аракет аракет дагы дагы аракет сөзсүз ийгиликтерди багынтат ,
    ар бир кыргыз бай болсун өлкөбүз өнүгүп өсө берсин
    бакубат бактылуу өлкө бололу ылайым .❤

  • @БактыгульКазакбаева-и6э

    Менин балам да сиздей ыймандуу кыргыздын мыкты жигиттеринен болсун!

  • @bekulanyndybaev1292
    @bekulanyndybaev1292 3 місяці тому +18

    Чынын айтсам Жоодар агабыз мен учун азыркы замандын эн алдынкы жаратман адамарынын бири, агайыбыздын башынан откоргон окуялары эн чон сабак жана мотивация(кандай гана оорчулук болбосун чынчылдык ,эмгекчилдик менен женип чыгуу), бул тууралу кино тартса деле болот). Чынын айтайын агайыбыздын жанында баарлашып, дем куч алып , жеке ишкерлике насаат жана суроолору жооп алайын деген кыялым бар!!!! Урмат мырза сизге жана команданызга чон таазим , ушундай мумкунчулук тузуп жатканындарга. Мен ушул мумкунчулуктун ээси болуп калсам деген жакшы ниет кылып койойун. Жаратман коручулору бирден лайк басып колдоп койунуздарды отуном.😊

  • @begayimmusakeeva875
    @begayimmusakeeva875 2 місяці тому +5

    Кандай сонун, кандай ыкыластуу, харизмалуу адам! Чоң долбоорлордун үстүндө жүрсө да, ушунчалык жөнөкөй! Аллахым колдосун, узун өмүр берсин!
    Урмат мырза, соболдоруңуз орундуу жана кызыктуу, күлкүңүз чыныгы, маектеш менен гармониялык байланыш түзө билүү жөндөмүңүз мыкты!

  • @mahabatbulatbekova5860
    @mahabatbulatbekova5860 2 місяці тому +3

    Мен бул маекти коруп абдан кубандым. КЫРГЫЗСТАНДЫН келечеги бийик экенин! жана дагы озумо жакшы сабак алдым. ишкер болсон эч качан 1 женилуудон сынбай ,алдыга умтулуу керек экендигине дагы бир жолу ишендим . Алга кыргыз элим! олкомдо жана жер шарында тынчтык болсун!!!!!!

  • @Gerazhol
    @Gerazhol 2 місяці тому +10

    Кыргызстан да кандай гана акылдуу жөнөкой инсандарыбыз бар ! Ушундай инсандар кобойсүн , дагы жакшы ийгиликтерге жетишели ) көп нерсени үйрөндүм , китеп окугандай болдум чоң рахмат ❤🤲🏻

  • @БектурЖаныбеков-м5х
    @БектурЖаныбеков-м5х 2 місяці тому +2

    Жодар байке менен жолугуп,мага ошол киши гана бере турган бир акыл-ой бар эле. Калган белектерин башкаларга насип кылсын.

  • @НуржамалИбраева-к3ф
    @НуржамалИбраева-к3ф 2 місяці тому +4

    Мынча сонун подкаст , рахмат , рахмат, баракелде Жоодар сендей билимдүү балдарыбыз бар үчүн бактылуубуз, узуун өмүр берсин ,атына заты жарашкан азамат экен.

  • @tilekestebesov1305
    @tilekestebesov1305 2 місяці тому +9

    Мыкты подкаст!!! Жоодар агайдын адамгерчилигине баа бердим. Подкасттан коптогон инсайттарды (тушунукторду) озумдун китепчеме тизмектедим. Кыргыз тилине терен маани берип таза суйлоп, оюнузду ачып бере алдыныз. Мен ишенем жакынкы арада Караколубузга жана баардык облусттарыбыздын борборуна Novotel сыяктуу франшизалар келет деп. Урмат мырза сизге да терен ыраазычылык билдиребиз! Бар болунуздар! Атым Тилек

  • @moskva-r9o
    @moskva-r9o 2 місяці тому +7

    3 сат 42 минут46 секундасына чейн көргөндөр барьы Аябай сонун чыгарылышына э болуптур

  • @АйсараЭшимбаева
    @АйсараЭшимбаева 2 місяці тому +4

    Азаматсыз кыргыз тилинизге 4 саат кордум жалан кыргыз тилибизде суйлодунуз. Канча мотивация алдым озумда.

  • @Айчурок-ж9н
    @Айчурок-ж9н День тому +1

    Улгу алаарлык,адам экен. Суктандым,сыймыктандым.Кудай колдосун🎉

  • @BillySeiitbek
    @BillySeiitbek 2 місяці тому +2

    Аябай кызыктуу подкаст болду. Ар бир иште, ар бир нерседе адам акысына маани берип иш алып бара турган болсок озубуздкн жана Кудайдын астында ак болобуз. Кийинки сабак алган нерсе; бир ишти баштаардан мурун мен эмне пайда табам дебейб адамдарга ушул ишим жмне пайда алып келет деп башташ кк экен. Чоон рахмат! Бар болунуздар!

  • @ndhsjjj-to8rr
    @ndhsjjj-to8rr 2 дні тому +1

    Жодар мырза ото сабырдуу инсан экен,ийгилик,жакшы маек болуптур

  • @Подругадарины
    @Подругадарины 2 місяці тому +3

    Бул подкаст чыныгы ачылыш болду! Жодар Сайдилкан сыяктуу адамдардын окуяларын угуу аябай шыктандырат, Кыргызстанда бизнес өнүктүруу гана эмес, туризмди да жаңы деңгээлге чыгарышат. Мен дагы туризм тармагында иштейм жана бул багытты өнүктүрүүгө аракет кылып келем. Бул жактан уккан окуялар мага чоң дем берди. Ал чет өлкөлөрдөн алган билимин мекенине болгон сүйүүсү менен айкалыштырып, туристтерди тарткан жана патриоттуулукту колдогон ийгиликтүү бизнес түзгөнү өзгөчө таасирлентти. Подкастта англис тилин үйрөнүү боюнча айтылган ойлор абдан маанилүү болду - бул азыркы заманда, айрыкча туризмде, ийгиликке жетүүнүн ачкычы.
    Бул чыгарылыш мени өз бизнесим менен иштөөгө жана Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүгө салым кошууга шыктандырды. Мындай баалуу мазмун үчүн жана алдыга жылууга мотивация бергендигиңиз үчүн рахмат!
    Чон ыраазычылык Урмат Насыркылулов жана “Жаратман” командасына ушундай сонун, мыкты адамдардын окуяларын угууга мүмкүнчүлүк берген керемет подкаст үчүн ыраазычылык билдирем!

  • @sdzamirovna9611
    @sdzamirovna9611 3 місяці тому +9

    Мыкты чыгарыштардын бири болуптур. Аябай суйундурот билимдуу инсандар коп болгонуна. Биздин мамлекеттин келечеги алдыда. Мамлекетке пайда келтирип, журогу мн суйгон патриот байке экенин журоктон сезилип турат. Баарын туура айтыптыр. Илим, практика аябай маанилуу.Коомго дагы коп жакшы долбоорду алдыга алып чыгарына козум жетет. Ийгилик сизге. Ак жол.

  • @Asanasanovaaaaa
    @Asanasanovaaaaa 3 місяці тому +19

    Кыргыздын сыймыктанчуу ишкери 👍🏻👏🏻👏🏻👏🏻

  • @nurjigitmuratbek3950
    @nurjigitmuratbek3950 2 місяці тому +4

    Кыргыз наркын, салт-санасын сыйлаган кичи-пейилдик менен эн негизгиси ачык-айрым жооп болуптур. Коптогон кыйынчылыктарга, тосколдуктарга карабастан, сиздин интервьюдан кыргыз жеринде да кандай жакшы жетишкендик менен ишкердик кылса болоруна ишендик. Кызгыз жерин, Кыргыз элин суйгондугу абдан патриоттук сезимдер менен ой жугуртору билинип турат.

  • @aizadatynybekova9677
    @aizadatynybekova9677 2 місяці тому +2

    Мен дайым эле укчумун, Кыргызстандагы алдыңкы бизнесмендери бывший жеп жутарлар деп, бирок ишкердикке келгенимден бери реалдуу аракетчилдерди көрүп жатабыз.
    Сиздер чындыгында ийгиликтүү модель - үлгү болуп саналат экенсиз.
    Аллах ыраазы болсун, биздин сапаттуу жашообуздун бир булагы болгонунузду түшүнүп билип, бизде сиздегидей жоопкерчилик көбөйдү. Көп жашаныз, президентке кеңешчи болсонуз ээх дедим

  • @ainagulasylbekova2132
    @ainagulasylbekova2132 2 місяці тому +3

    Сонун маектешуу, бироонун акысын жебоо, ак эмгек менен гана ийгиликке жетуу деген ойду айтканы аябай тасирдуу соз эмес бекен! Чыныгы патриот, эмгекчил, жаратман адамды кордум

  • @АлмагулМуканбетова-к9р

    Жоодар ишиңе ийгилик!Кыргыз тилинде жеткиликтүү,таза сүйлөгөнүн жакты,үй бүлөлүк баалуулукту козгоп кеткенин жаш угуучуларга мыкты таасир берди айрыкча айрымдарга жана тез байыгысы келген жаштарга.Ишиңе ийгилик,тилди бекем сактаганыңа ыраазымын,мен жөнөкөй эле мугалим эжең🎉🎉🎉🎉🎉

  • @jasminasaparbekova9901
    @jasminasaparbekova9901 2 місяці тому +6

    Азыркы заманда баары бири бири менен атаандашып мен байыраак, мен акылдуураак, мен ийгиликтүүрөөк болоюн деген заман болуп жатканда, мен дагы ушундай эле ойлор мн чет өлкөгө окууга тапшырып, ишкердик багытында окуп, бардык нерсени кылып келе жаткам, Жоодар байке ар бир кыргыз бай, акылдуу, ийгиликтүү болуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзөлү деген оюу мага жаңыча дем, өзүмдүн максаттарыма жаңыча көз караш берди, чоң рахмат! Буюрса, ушундай ниетте иш алып барган адамдардын бири мен боломун 🙏

  • @MiMi-z9o6q
    @MiMi-z9o6q 3 місяці тому +16

    Беш жылдыздуу Новотель жаратмандык менен Жоодар агай биринчи болуп 180адамга жумуш ордун тузуп берди ,6Новотель балдары бар экен, 2инсайт ар Бир уйдон 1ишкер чыкса бай болсок,3-инсайт туризм боюнча айыл жергесинде мейманкана куруп,сервисти жакшыртуу керек,4-инсайт жылмай катыба,5-инсайт аялына кылган сый мамиле ,Уй булоо баалуулугу ,6-инсайт ар бир кесипте майын чыгарып иште 3-кун уктум таасирдуу,киного даяр сценарий Алга Кыргызстан -Жаратман олко🎉

  • @gulsung3281
    @gulsung3281 3 місяці тому +9

    Кыргызстанда элим, жерим деген ишкерлер коп болсун. Азамат мырза экен, бул да билимдин талыкпаган эмгектин арты менен ийгилике жетишти. Ар бирибиздин балабыз бул жашоодо оз ордун тапса экен.

  • @nurshamalusupova9902
    @nurshamalusupova9902 2 місяці тому +2

    Абдан пайдалуу,кызыктуу,подкаст болуптур, угуп эле отургун келет😊жаштарды шыктандырган билимдуу,жонокой , Адам экен🎉

  • @Chinara932
    @Chinara932 2 місяці тому +2

    Бул подкаст мен үчүн адам канчалак бийиктикке көтөрүлгөн сайын,ошончолук жөнөкөй болуу маанилүү экенин,адамдын адам катары калыптануусу - үй-бүлөлүк институттан көз каранды экендигин көрсөттү. Ошол эле учурда билим алуу,китеп окуу,өзүн өзү өстүрүү ,саякаттоо,булардын баары адамга эң чоң инвестиция экендигин дагы бир ирээт тастыктады.Сиздерге чоң рахмат,кыргыздын жаштарынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп,шыктандырып жатасыздар.Абдан эмоцияларга бай,бирок эң жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бериптирсиздер,сиздер менен сыймыктанабыз.Талыкпай эмгектене бериниздер.Новотелге сөзсүз түрдө барып түнөп кетем деген тыянакка келдим,буюрса❤❤❤

  • @С.А.М
    @С.А.М 2 місяці тому +4

    Өтө сонун , толтура мотивация , өкүнүчтүүсү түндө көрүп калдым да күндүзү болгондо ушул дем менен чоң иш бүтүрүп коймокмун 😅👍👍👍

  • @БекишИсмаилов
    @БекишИсмаилов 2 місяці тому +4

    Жаратман подкаст командасына терең ыраазычылыгымды билдирем, анткени бизге дал ушундай кыраакы адамдар ортосунда көпүрө болуп жатканыңар чыныгы баалуу иш. Жоодар байкенин маеги мага өзгөчө маанилүү болду, көптөн бери өзүмө жооп таба албай жүргөн суроолорго так жооп алгандай болдум.
    Маектеги ар түрдүү баалуу кеңештердин арасынан өзгөчө эсимде калган жана жүрөгүмө терең сиңген эки ой бар: "карыз жигиттин камчысы" жана "эң жаман чечим - чечкинсиздиктен жакшы".
    Мен жаш ишкермин, 32 жаштамын, туризм тармагында эмгектенем, жана подкаст учурунда өзүмө убада берип койдум - кандай болбосун, Жоодар байке менен сөзсүз жолугуп, сүйлөшүп, дагы баалуу кеңештерди алышым керек. Мүмкүн болсо, аны өзүмө наставник кылууга аракет жасайм. Урмат мырза, менин оюмду окшош түшүнүп, жакшы комментарий үчүн баарлашуу байге деп айттыңыз, эми Дуа кылып туралы 😁.

  • @user-ke1bo8qz4g
    @user-ke1bo8qz4g 3 місяці тому +34

    Түндүк-түштүк альтернативдик жолу бүтсө Жодар байкедей балдар көп төрөлөт, анан Кыргызстан укмуш өнүгөт

    • @Атыжок22
      @Атыжок22 2 місяці тому +2

      Торологонго жолдун не тиешеси бар

    • @a..7902
      @a..7902 2 місяці тому

      😂​@@Атыжок22

  • @АйтматРайымбеков
    @АйтматРайымбеков 2 місяці тому +3

    Озгочо эфир болуптур. Жоодар акени сырттан эле билчумун. Подкастты коруп билимдуу, акылман киши экенин байкап отурам. Озгочо карыз жигиттин камчысы деген созу жакты 😊. Бар болунуз Жоодар аке, сиздей жаратман ишкерлер коп болсун 🤲

  • @botobay
    @botobay 2 місяці тому +7

    Идеально! Жодар акебиз, Франциялык 5 жылдыздуу (NOVOTEL) отельди Бишкектин так ортосуна алып келип койду 🤩👏👏👏

  • @НурдБайовв
    @НурдБайовв 3 місяці тому +13

    Жоодар байке - Новотель. Видеону толук корбой туруп лайк. 👍🏼 Кыргызстандын өнүгүсүнө салым кошкон байке. Үлгү алса болот сиздей адамдардан.

  • @moskva-r9o
    @moskva-r9o 2 місяці тому +2

    Ийгилик Кыргызстан эли Ыйман Инсап берип Бай болсун

  • @moskva-r9o
    @moskva-r9o 2 місяці тому +2

    Ийгиликтер болсун Рахмат Сизге Кыргызстан Алга

  • @hargizamaksudova2516
    @hargizamaksudova2516 21 день тому +1

    Эмне деген жонокойлук коп суйлоп эмес бироону угуш керек деген созунуз аябай жакты

  • @Асан-ь6з
    @Асан-ь6з 24 дні тому +1

    Кандай гана керемет инсан экенсиз.Сизди угуп эле отургуң келет экен.Акылыңыз тунук экенине суктандым.Кыргызстандын сиздей инсандар бар экени кубандырат. Мен өмүрүмдө биринчи жолу жаратманга пикир калтырып жатам.Бул бүрүүнү бир дем менен көрдүм.Кыргыз тилин укмуштуудай колдондуңуз.Чет өлкөдө жашап жүрсөңүз дагы мекенге болгон сүйүүңүз чексиздигин сездим. Эң башкысы алтын башыңыз аман болсун.Жараткан сизди колдосун. Кем болбоңуз! Сиз менен замандаш болгонума сыймыктандым.😊

  • @БайэлКонокбекуулу
    @БайэлКонокбекуулу Місяць тому +1

    Жаратманга келген көп инсандардын сөздөрүн уктум бирок Жодар байкенин окуялары, кеңештери, менин ишкер болгум келгенине дем күч берди👍

  • @НуржанСаалыбаева
    @НуржанСаалыбаева 2 місяці тому +4

    Саламатсызбы Жодар байке. Нователде эки үч жолу болгом. Конференцияларга барганда. Абдан жакшы тамактары😂. Ушул подкасты көрүп сезимимде жакшы үмүт калды кыргыздар айтмакчы уучубуз кур эмес экен деп.... тереңирээк түшүнгөн адам билет....
    Батамды берем 🤲🤲🤲🤲
    Аман болуңуз. Сиз менен жолугушуп сүйлөшкөн күндү насип этсин🤲🤲🤲. Өзүмө да ушундай бата бердим🤲🤲🤲

  • @PAPRIKA6705
    @PAPRIKA6705 2 місяці тому +1

    Денебиз чет мамлекетте болсо да оюбуз,конулубуз,максатыбыз Кыргыстанда деген созу аябай жакты.Сыймыктанам кыргыз жигиттерине.

  • @kunduzbaitelieva1093
    @kunduzbaitelieva1093 3 місяці тому +7

    Я живу за границей и с нетерпением жду ваших гостей и меня очень наполняет чувства гордости и радости и патриотизма что у нас есть такие жаратманы которые создают и творят во благо нашей страны

  • @erkingulmametzhuma8084
    @erkingulmametzhuma8084 3 місяці тому +5

    Тоолордой бийик, суудай тунук бололу, Кыргыздарга табияттын таасири кучтуу учун жакшы жетишкендиктерге ээбиз. Кудайга шугур.

  • @danimakkambay3339
    @danimakkambay3339 2 місяці тому +3

    Жоодар Байке мыкты инсан экен эгер бизнесмендердин баары ушундай болгондо жашообуз бир аз башкача болоор эле
    Бул маектен бизнесте акча учун эмес идея учун келечек учун олко учун аракет кылыш керек экенин тушундук

  • @НазгүлАбдырахманова
    @НазгүлАбдырахманова 2 місяці тому +4

    Эн сонун маек болуптур, уй жыйнап, баламы караганча уктум, бир аудио китеп уккандай эле болдум, чанында мекенин суйгон адам чет олкодон келип оз олкосуно экономикасына салым кошкону, кыргыз тилинде суйлоого чакырган адам. Азамат

  • @temirbekjakypuulu
    @temirbekjakypuulu 2 місяці тому +1

    Абдан жакшы маек болду Жодар байке.
    Жаратман сиздерди тынбай кутуп кором мыкты чыгарылыштар!
    Мен озум Москвада эмгектерем жакшы акча табам
    Жеке ишкер эмесмин бирок жеке ишкерчилике чыкым келет журогумдо толкундануу айабай кучтуу
    Багытым тапайм журом жакшы акча табам кетсем эмне кылам деген ойдо.
    Балким сиздей адам менен отуруп сулошконго мункунчулук болсо балким бир багыты карманамбы деген ойго да келем !
    Ишиниздерге ийгилик жаратман!

  • @Guljannna
    @Guljannna 2 місяці тому +1

    Мисалы ишчилердин коопсуздугу эң маанилүү экенин биринчи жолу Кыргызстанда дагы бар деп белгилей кеттиңиз кандай сонун ишенимдүү адилеттүү, таза иш ! 🎉🎉🎉🎉

  • @ГульзатТагаева-ю1ч
    @ГульзатТагаева-ю1ч 3 місяці тому +6

    Эн мыкты маек, мындай ожор адамды коро элек болчумун,ушундай инсандар коп болуп Кыргызстан 🇰🇬 онугуп оссун. Бир жуз кыргыз баланы садик ачып садиктен эрезеге жеткирсениз Онугуп осуп кетсек кандай керемет 🇰🇬 болмок. Соз жок , Мени туулду олду деп койсом деле болгудай😅. Респект🎉

  • @ЗейнепТоктосунова
    @ЗейнепТоктосунова 3 місяці тому +7

    Сонун майэк экен !Бул жерде алып баруучунун стили да эн маанилуу ролду ойноптур!Кыргыз тилде майек күчтүү👏🏻👏🏻👏🏻 Турктор бизден алдыда адабий тилде алдыда!🇰🇬👍🏼👍🏼👍🏼

  • @AinuraMyrzalieva
    @AinuraMyrzalieva 2 місяці тому +4

    эфиры с Алмазом Акун, Данияром Аманалиевым и Жоодар мырза самые ценные для меня, переворачиващие сознание, душу, вдохновляющие!!! Урмат огромная благодарность Вам за эти подкасты!

  • @suyunmyrza
    @suyunmyrza 2 місяці тому +6

    Сиздердей агаларды коруп олкобуздун келечеги кенен болот деген ойдобуз.
    Баарыбыз Сиздердей колдон келген аракетибизди уй-булобуз учун жана мамлекеттибиз учун жумшайлы!

  • @kozoevakumara
    @kozoevakumara 2 місяці тому +3

    Аябай жарык инсан экен! Азаматсыз!❤❤❤

  • @ndhsjjj-to8rr
    @ndhsjjj-to8rr 9 днів тому +1

    Жаратманды ар дайым узбой кором,озгочо маек болуптур

  • @GulzarNarbaeva
    @GulzarNarbaeva 2 місяці тому +9

    Мен да Кара-Кулжадан болом😊
    Кандай сыймык э❤
    Мен азыр 2-курста окуйм.
    Бул подкасттан кийин менин келеченим ооо али алдыда , али мен ала турган тажырыйба дагы коп экен.
    Бирок жаш болсом мен да ишкер болууну, кыргыз жартманы болууну абдан калар элем. Билгенден билбегенин коп дегендей мен Жомарт байке, Урмат байкелер менен маектешип озумо азыркы учурда керек болуп жаткан мотивация, багыт деги эле акыл-кенешинен уккум келет😊

  • @УулканРаимкулова
    @УулканРаимкулова 3 місяці тому +6

    Эки күн бөлүп бөлүп акыры көрүп бүттүм. Себеби жумушубуз да интернет жакшы тартпайт 😢
    Эн соонун подкаст!❤
    Жоодар Сайдилкан агайдан көп баалуу керектүү эң пайдалуу кеңештерди алдым.
    Эн биринчи бирөөнүн акысын жебөө, бирөөнүн акысына кирбөө,сабырдуу болуу, адамдар менен жакшы мамиле түзө билүү, сүйлөшө билүү, чынчыл болуу өз мамлекетине пайда келтирүү эң негизгиси кыргыз деген атка татыктуу болуу өтө соонун айтылды ❤❤
    Ишиңизге ийгилик болсун Жоодар агай!
    Ар бир үйдөн бирден ишкер чыкса деген сөзүн колдойм.Менин үй бүлөдө ишкер жок,мен ишкер болгум келет бирок жылдан туура эмес баштап алып артка кетем, ооба алар мага сабак дагы да жетишпеген жактарымдын үстүнөн иштеп келем.Ошол жетишпеген жактарыма жоопту жаратман подкасттан издейм
    Жаратман подкастка ийгилик болсун!❤

  • @sydykabdikaaruulu4085
    @sydykabdikaaruulu4085 2 місяці тому +2

    Жаратман жамаатына чексиз ыраазымын , Алга карай умтула бериңиздер!!!
    Ал эми Жоодар акенин өзгөчө Үй-бүлө тууралуу айткан сөздөрү мени таасирлентти , "Энесиз - Апасыз тарбия албай чоңойгон балдар Коомго өтө коркунучтуу" Бул сөздү түшүнгөн адамдарга 1-орунда бул жашоодо балдарына биргеликте туура тарбия берүү. Баракелде.

  • @НуржамалОморзакова
    @НуржамалОморзакова 2 місяці тому +1

    Сонун майек болуптур, ото маалымат коп алдык билими тажрыйбасы бай инсанды ачып бергенинерге рахмат. Кыргызстан мындай инсандар бар учун онугот. Бардык ниеттер ишке ашсын.

  • @Эльнура-п1ф
    @Эльнура-п1ф 3 місяці тому +7

    Аябай сонун мыкты подкаст болуптур. Жоодар байкенин биринчи жолу жаратман форумдан суйлогондо эле аябай таасир калтырган.
    Жашоонузда болгон окуяларды угуп бирде күлүп, бирде ыйлап көрүп чыктым) Кантип коркпой списания болгон самолётту учурганга духунуз жетти десе, ошончо кишиге ответсвенность алып
    Чыныгы «жаратман» экенсиз 🔥
    Биздин өлкөлдө азыр чон бизнестери бар, бай кишилер көбүнчөсү убагында СССР
    кулаганда басмачы болуп басып алгандар. Жоодар байке болсо чыныгы нольдон баштаптыр. Ушунча өжөр, чыныгы элим деген киши экенсиз. Мага эле эмес башкаларга дагы чын эле өз күчүн менен, билимин менен, түз ниет менен көптөгөн ийгилике жетсе болот деп үмүт бердиниз окшойт.

  • @Flovyty
    @Flovyty 3 місяці тому +8

    Саламатсыздарбы, эн туура озубуз тышта, минута сайын кыргызыстан ойубузда, кыргызстандын онолгонун коруп суйунобуз, аябай соонун интервью, ар бир кыргыз бай болсун дегенге 100 % кошулам, кыргызстаныма эртереек кеткенди кудайым насип этсин🤲🤲

  • @ordo3123
    @ordo3123 2 місяці тому +1

    Жөнөкөй, ачык, элге кызмат кылам деген камчыга сап байке экен. Ишиңизге ийгилик!
    Таластан салам жалпы көрүүчү. Сонун маек болуптур, жаратмандарга рахмат, бар болгула!

  • @klubnika637
    @klubnika637 14 днів тому +1

    Жодар азамат экенсиз! Коп сабак алдым! Рахмат!

  • @jsnuru
    @jsnuru 3 місяці тому +8

    Жаштыгы аябай кызыктуу болуптур,ата-энеси да уурдабай бакканга озу айткандай ушундай коп жакшы нерселер насип болгондур.Озу аябай мандайы жарык,жопжонокой адам экен.Таасир бердиниз.Иштеринизге ийгилик,ушушндпй адамдар коп болсо экен элибизде,аялдарга жумуш орундарын тузгону да мыкты экен,билимдуу ушунчалык👍

  • @Б.А.М-е3м
    @Б.А.М-е3м 2 місяці тому +1

    Сонун, жаштарга эле эмес эмне кылсам деп отурган пенсионермин мага да чон таасир берди, раазычылык айтам. Мага аябай жаккан жери; арты карап кейибейм…!сонун.

  • @АлтынбекАлманбетов
    @АлтынбекАлманбетов 3 місяці тому +4

    Чыгарылыш, Жоодар байкенин дуйно таанымы, тажрыйбасы ото мыкты! Подкасттан кучтуу таасир - бизнести акча учун эмес идеяны кубала деген ойу калтырды

  • @rapushka0109
    @rapushka0109 3 місяці тому +5

    Ж-жаратканым.О-ооматын.Д-дайыма.А-аябаганына.Р-раазымын. Атына-заты жарашкан, доолоттту которо билген, элин чын журогунон суйгон, тогорогу топ келишкен, ар бир созундо-раазычылык айткан, уй булонун кадырын билген-эмгекчил, билимдуу инсан экенинизди далилдединиз. Ушундай кунт коюп уктум. Жаштар укса, корсо ушундай тарбиялык мааниси чон подкасттарды. Жодар мырзага терен раазычылык билдирем. Ишиниз илгерилеп-итиниз-чоп жесин!!! Ойлогон ой максаттарынызга жете бериниз. Сиздей кыргызымдын жигиттери кобойсун. Сизден дагы дагы жаратмандык кутобуз!!! Жаратмандын жигиттерине терен раазычылык билдирем!!! Алга, алга-ар баскан кадамынарга-гул бутсун!!!😊

  • @coxjohny7822
    @coxjohny7822 2 місяці тому +1

    Жодар байкеге рахмаат жана жаратмандын жаратуучу алпаруучу байке сизге рахмааат, керремет подкаст болду бир китепти толук окуп чыккандай болдум ишкерлик жонундо ,оркундоп осо бериниздер оркундой бер Кыргызым❤❤❤❤❤❤❤👍👍👍👍👍

  • @АдилетИмашов-п9м
    @АдилетИмашов-п9м 2 місяці тому +4

    Эң сонун маек болуптур. Чооң рахмат мага башкача таасир калтырган маек болду. Сиздерге чын ден соолук, ишиңерге ийгилик каалайм. Кудайга шүгүр бизде жол көрсөтчүү агалар көп өмүрлөрүнө береке каалайм . Жодар Байке менен жакындан таанышкым келет.

  • @shahzoda_03
    @shahzoda_03 Місяць тому +4

    2022-жылы NOVOTEL де иштеп кеткем Генеральный менеджер немец (GM) деп койчубуз чынында профессионал адам мурун жаман корчумун азыр болсо Германияда отельдин окуусун бутуруп иштейм азыркы тажрыйбам менен ойлонсом ото профессионал адам экен

    • @shahzoda_03
      @shahzoda_03 Місяць тому

      келинчегимдин аккаунту экен)

  • @MadiErkinova
    @MadiErkinova 2 місяці тому +2

    Ишиниздерге ийгилик, ар дайым адал эмгек менен уй-булоонуздорду багып, эл жерге жардамын аябаган сиздерге окшош инсандарыбыз кобойо берсин, мен дагы ошолордун арасына кошулайын. Иншаллах!

  • @ЗамираБайгараева-у9ь
    @ЗамираБайгараева-у9ь 2 місяці тому +2

    Один из лучших подкастов . Процветания, удачи!!! Пусть таких умных , перспективных, дальновидных людей будет побольше в нашей стране!!!

  • @cholponasanalievna386
    @cholponasanalievna386 2 місяці тому +2

    Абдан кызыктуу маек болду!
    Чындыгында коомубузда өнүгүү бар.
    "Ар бир кыргыз бай болсун" деген
    өзгөчө тилектер кабыл болсун!!!

  • @ГулбайраТоктоказиева
    @ГулбайраТоктоказиева 3 місяці тому +5

    Оз тилибизде,эне тилде суйлойлу, оркундотолу дегени абдан жакты. Ар тараптуу билимдуу, Оз ишин жакшы билген иш билги, корогоч, элин суйгон мекенчил ,атанын атын чыгарган уул, жайдары (позитив дегени) мырза экен Жодар. Бар болунуз, дуйно жана дунуйо (духовн и материальн.)байлыгыныз мол болсун!!!❤

  • @KairatMelisuulu
    @KairatMelisuulu 3 місяці тому +4

    Чыныгында жаратман киши деп айтса жарашчу адам экен.Бизде көбү бир бизнес кылып токтоп калса,бул адам азыркы убакта дагы токтобойт деп ишенем.Жоодар байке өткөн жол бул өзүнчө бир мотивация,оной айтылганы менен бул сыноону көтөрүш оной болгон эмес деп ойлойм.Новотельди коркпой бизге алып келгениниз үчүн Чон рахмат!

  • @jiydegulnarzillaeva
    @jiydegulnarzillaeva 2 місяці тому +1

    Жоодар байке ишинизге ийгилик биринчи жолу кыргыз тилинде озгочо подсказ болуптур,чон таасир алдым ,биз да сиздей болуп жаратман бололу деген чон тилегибиз бар,жаратман командасынада чон ыраазычылык билдиребиз .

  • @ГулзатЖапарова-и9я
    @ГулзатЖапарова-и9я 26 днів тому +1

    "Женилдим" деп отуруп калбаш керек экенин түшүндүм.

  • @alibek.bishkek
    @alibek.bishkek 2 місяці тому +1

    Сонун маек болуптур.
    1. Эн баалуу ой менимче бул - оз туулуп оскон жерден отор башка жер жок. Кыргазстанда жаралып калганыбыз биз учун чон бир байлык болушу керек деген ой келди. Чет олкодон билим, тажрыйба алыш керек созсуз, бирок оз жерибизге кайрылып салымыбызды кошпосок, онугуу процесси жайлап калат деп ойлом.
    Озум Норвегияда 6 жыл жашап, билим алып, чон компанияда иштеп, кайра Кыргызстанга кайтып келгем. Буга эч окунбойм жана боордош туугандарыбызды кайра келип, оз мекенинде жашаарын каалайт элейм. Ар бирибиз оз ишинде адис болуп, кичине болсо да чет элдик тажрыйбаны колдонуп олкобуздо иш кылсак, биздин келечегибиз жакынкы эле арада жакшы болооруна ишенем.
    Кызыктуу маегинизге рахмат!

  • @АйгеримБолотбекова-ч5т
    @АйгеримБолотбекова-ч5т 2 місяці тому +15

    2019 жылда Новотель курулушу башталат экен деп жарнамасы илинген болчу. Ким, кайсы ишкер ушул проектти тартып келди деп аябай кызыгып ютуб, гугл тытып издеп акыры Ногойбаевдин каналына берген интервьюсун таап коргом. Кыргыз ишкери башында экенин коруп озум куруп жаткандай аябай кубанып сыймыктанганмын. Ошол кезде жаны университет аяктап жаткан жыл болчу, ошол интервьюдан алган биринчи инсайт туризм тармагында (жалпысынан сервис) канчалык денгээлде мыкты болуш керектиги жана коммуникациянын маанилуугун айтканда катуу таасирленгем, кийин жумушум туризмге байланыштуу болгон учун мага чон жардам берди. Жодар байкедей мыкты ишкерлер коп интервьюлары аркылуу, экран артындагы коптогон жаштарга устат боло алды.

  • @ЖалиловАффонбек
    @ЖалиловАффонбек 24 дні тому +1

    Ассаламу алейкум.
    Билимдүү жана тобокелдикке коркбой барып иштерди кылганы жакты. Не дейбиз ийгилик!!!

  • @alisovetov
    @alisovetov 2 місяці тому +2

    Кыргыз журтунда ушундай мин кырлуу талантуу инсандар бар. Коруп отуруп мотивация аласын. Чон чон рахмат сизге.

  • @ЖЫЛДЫЗТЫНЫМСЕЙИТОВА-ф9е

    Кыргызстан ушул байкедей мыкты инсандарга толо болсун! Ушундай инсандарды коруп атып, кыргыз экендигиме сыймыктанып ,кудундап, кудайыма ыраазы болуп кетемин.
    4 саат бир сааттай тез отту. Кызыктуу маек кургандыгыныздарга чон рахмат.

  • @ПеризатИбрагимова-б8н
    @ПеризатИбрагимова-б8н 2 місяці тому +1

    Эң сонун кеңештер болду, сиздин ар бир сөзүңүздөн мотивация алып жаттым, Жодар байке, чоң рахмат. Ишинизге ийгилик!

  • @aibekhammer2190
    @aibekhammer2190 3 місяці тому +4

    Жодар аке, сизге чоң рахмат. Убактында аябай чоң жардам бергенсиз, убакыт тез өтөт, баалап эффективдүү колдонула деген кеңешиңиз эң туура экен. Сизди роль модель катары көргөн, сиздей чыгаан ишкерлер өлкөбүздө көбөйө берсин. Ар бир үй бүлөдөн эң аз бир ишкер чыксын. 3 жарым саат Жодар аке үчүн өтө аз экен. Ушундай подкасттарга көбүрөөк чыгып туруңуз, сизден сураныч.

  • @АйсанаАлижанкызы
    @АйсанаАлижанкызы 3 місяці тому +3

    Агайдын балалыгы анда берилген тарбия аябай баалуу анан таасирдүү болуптур.Адамгерчиликтуу, жөнөкөй эң башкысы аманаткой экенин агайдын сүйлөгөн сөзүнөн аңдаса болот. Өтө жеткиликтүү чын-дилден туура жеткире алат экен.
    Мамлекет үчүн эң керектүү инсан 👍👍
    Ийгилик каалаймын.💚

  • @---yc2pj
    @---yc2pj 3 місяці тому +3

    Көп окуганы, өтө жөнөкөйлүгү мени тамшандырды,мамлекетти кантип өнүктүрүш керек,жөнөкөй тил менен сонун түшүндүрүп берди,экөөнөргө ишиңерге ийгилик жакшы нерселерди жарата бергиле,азаматсынар

  • @AigerimAitnazarova
    @AigerimAitnazarova 2 місяці тому +2

    Очень интересный человек, слушать в одно удовольствие. Вы стали моим кумиром 😊

  • @myskalosmonova4142
    @myskalosmonova4142 2 місяці тому +3

    Алып баруучуга да конокко да рахмат ушундай кызыктуу акылдуу ойлорду ишке ашырган ишмерге абыдан ыраазы болдум мааниси зор болду ушундай уулубуздар коп болсун

  • @kubanychbekabdyrasulov4661
    @kubanychbekabdyrasulov4661 2 місяці тому +1

    Жодар Мырза, чон рахмат! Эфирдин жүрүшүндөгү маектен өзүмө керектүү жоопторду алып таасирлендим! Ишиниз ийгиликтүү болсун! Чыныгы ишкер (инсан) жөнөкөй, кичипейил, ийкемдүү, адамкерчиликтүү, ачык-айрым, мекенчил, чечкиндүү болуш керектигин айтыптырсыз!
    Урмат, абдан пайдалуу суроолорду берип эфирдин жүрүшүн мыкты денгээлде алып бардың, чон рахмат!

  • @БакытЕгембердиев
    @БакытЕгембердиев 2 місяці тому +1

    ишкердик бул жашоону озогу экенин даана билдирип кеттиниз,
    ишкердик бул Бир кана Бир кишиден турбайт ал Эми мындай жагдайда Уй булоо,Ата Эне ,достор , туугандар Жана команданынын зарылчылыгын дагы Бир ирээт басмалап , менин духумду ого бетер котордунуз .
    Бугункуго СИЗ мага ЖоДары байке болдунуз ,Рахмат сизге Ийгилик.
    Семинар да отзонуз 1 айда 1 жолу сонун болот эле , рахмаат

  • @ЛияКуту
    @ЛияКуту 2 місяці тому +1

    Туура ниет кылуу жана бир жактан экинчи жака секире бербей, бир жерден онугуп осуу, кылган кызматты же болбосо бизнес кылган тармагынды майын чыгара жасоо. Андан тышкары женил акча жок экенин, мен буну тушунуп эле келгем, бирок бул чыгарылышта дагы бир ирет озумо тушундум, бизнес бул узак марафон, баары эле убакыт талап кылынат, озум жеке бизнесимди таштабай, наалыбай, буюрса жаны ийгиликтерди багындырам. Жоодар байкеге чон рахмат жана Урмат силерге дагы ыраазычылык анткени ушундай чыгарылыштар кадимкидей жаны муунду туура багытта осушуно чон салым, жала калса бизге окшогон 35 жаштагы адамдарга дагы жаны дем куч берип жатат❤. Аллахымдын колдоосу менен кыргыз элибиз, жерибиз онуго берсин 🤲🤲🤲.

  • @silkseide5732
    @silkseide5732 2 місяці тому +2

    Бул маектен эки маанилүү сабак алдым. Биринчиси; элин сүйгөн ушундай мырзалар турганда мекенибиздин келечегинен кооптонбосок болот экен. Себеби Жоодар мырза чет өлкөлөрдөгү укмуш сунуштардан баш тартып, ошол кезде ишкердик чөйрөсү бүдөмүк болуп турган өз жерине кайтып келиши бул чоң эрдик.
    Экинчи мага жаккан сөзү бул - бир адам өз жеринде, үй бүлөсүнүн жанында адал акча таап, ошону мн бирге коомго пайдалуу болушу чоң бактылуулук деп айтканы болду. Мигранттык жашоонун берген сабактарын алган киши катары бул сөздү өтө жакшы түшүнүп турам. Мен үчүн кайра чет өлкөгө чыгуу - бул жеңилүү сыяктуу. Өзүмдүн алдымда өзүм жеңилген болом. Ошондуктан Кудайдан бир тилегеним Бишкегимде өзүмө жаккан, ошол эле учурда коомго да пайда алып келчү жумушту таап, аны сыймыктануу менен аткаруу. Анын үзүрүн бала-чакам менен көрүү.

  • @mamaevanazgul7683
    @mamaevanazgul7683 3 місяці тому +3

    Жодар мырзага ушундай, баалуу, терең маек үчүн чоң ыраазычылык !
    Бизге, аруу максаттары бар жаштарга, Жодар мырзадай бийик баалуулуктары бар, билимдуу, ийгилик жараткан адамдар өтө чоң мотивация, үлгү болот.
    Бар болуңуздар, бай болунуздар !

  • @Chax63
    @Chax63 3 місяці тому +3

    Билимдүү бизнесмен болгондун жыйынтыгы Жодар мырза. Сүйлөгөн сөзүндө улуттук сезим күчтүү, өзү адептүү, тарбиялуу, билимдүү.
    Акчасы болсо эле бизнесмен боло калып, диплом сатып алгандар билинип эле калат.