Баткен: ардагер аталарсыз өткөн жеңиш майрам

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 8 вер 2024
  • Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы Баткен облусунда да ооруктун эмгекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү. Бул майрам өрүкзарда эки жылдан бери согуш ардагерлерисиз белгиленип жатат. Ошондой болсо да тынчтык замандын орношуна, фашисттик армияны сүрүп чыгарууга тылда эмгектенгендердин да орду чоң экенине жыл өткөн сайын терең маани берилүүдө. Алардын башынан өткөргөн оор күндөрү азыркыларга сабак болуп, тынчтыктын баалуулугун барктай билүүгө чакырат. Улуу Ата Мекендик согушта фашисттер канчалык мыкаачы болгонун кинолордон көрүп жүрсөк, баткендиктер азыркы заманда да масштабы боюнча ага тең келбесе да төрт ирет баскынчылардын зулумдугун көрүштү. Мындан улам жаштарды мыкаачылыкка эмес ынтымакка, ошол эле учурда мекенчилдикке да тарбиялашыбыз керек дешет ардагер аталар.

КОМЕНТАРІ • 1

  • @user-ot2ve5sc9b
    @user-ot2ve5sc9b 4 місяці тому

    Да да молодцы подерживаю одуши