Мээрим Карыпова - Биздин кыз / Жаны ыр 2020
Вставка
- Опубліковано 29 кві 2020
- Жаны клиптер | Жаны ырлар | SOLO:
• Жаңы клиптер | Жаңы ыр...
SOLO - это первый музыкальный медиапортал, посвященный исключительно кыргызской культуре и музыке.
Все права защищены. Полное или частичное копирование материалов запрещено, при согласованном использовании материалов необходима ссылка на ресурс.
e-mail: solomediagroup@mail.ru
/ solomediakg
© SOLO MEDIA
#SOLO #КыргызчаЫрлар #КыргызчаКлиптер - Розваги
Мээрим Карыпова - Биздин кыз
Биздин кыз биздин кандай кыз
Жагылган жарык шамдай кыз
Табити күчтүү башынан да
Адебиң артык балдай кыз
Кызыбыз биздин айдай кыз
Мүнөзү жагым майдай кыз
Бүткөндөй күндүн нурунан да
Көңүлүң аткан таңдай кыз.
Кайырма:
Келечегиң жаркырап
Кенен болсун ай кызым
Тилегиңди Кудайым
Берген болсун ай кызым
Биздин кыз биздин таттуу кыз,
Акылы менен барктуу кыз.
Энесин тарткан эстүү кыз да,
Атасын тарткан нарктуу кыз.
Кызыбыз биздин эстүү кыз,
Түпкү атасы тектүү кыз.
Ата-энең андан айанбайт да,
Болушунча септуу кыз.
Кайненеңди кадырлап,
Жандай көргөн ай кызым.
Кайнатаңды кастарлап,
Хандай көргөн ай кызым.
Биздин кыз биздин жакшы кыз,
Жактырабыз жалпыбыз.
Жабыркатпай кудагый да,
Жакшы бир күтүп алыңыз.
Кайырма:
Кызыбыз биздин асыл кыз,
Баа беребиз баарыбыз.
Алтындай кызга жолуккан да,
Артык бир экен багыңыз.
Ак жолугун башыңдан,
Түшпөс болсун ай кызым.
Турмуштагы кубанчың,
Бүтпөс болсун ай кызым.
Кармашкан бир колуңар,
Бекем болсун ай кызым.
Каалаганың жолуңда,
Белен болсун ай кызым,
Бактылуу бол ай кызым.
Жене үнүңуз абдан соонун. Эң соонун адамсыз. Сиз менен жалпы абысындарыныз сымыктанат
Эн сонун ыр экен унунузго береке эже,талантыныз ташкындай берсин,кызымы ушул ыр м н узатып ырдап чыгарам
Буйруса кызымды ушул ыр менен узатам Мээрим жеңени чакырып
Меку, алтын кыз, сен да биздин адеби мыкты, атаны тарткан, энени тарткан эстүу, тектүү, добушу бийик таланттуу кызысын!!
Соонун мыкты ийгилик каалайм
Жакшы ыр болуптур👍👍👍
Аябай сонун ыр.Чыгармачылык ийгиликтер коп болсун
Соонун болуптур эже👍👍. Ийгиликтер коштосун.....
Ne kadar güzel.. Âh ne kadar güzel..
Ay gız...
Талантына ийгилик.
Çok güzel bee :)
Жакшы ырчы чынында
Мына ыр, мына нукура кыргыз үнү
Браво супер🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷👍👍👍🌹🌹🌹🌹🌹🌹👏👏👏
Сары - Өзөн Чүйдөн, мыкты ырчы чыкпайт го деп ойлочу элем, менин ойум туура эмес болуп чыкты.
Мээрим Карыпова менен Талас жергесинин кызы, Кундуз Таштаналиева экөөнүн үнү, келбети, өздөрүн алып жүргөнү аябай кишини суктандырат, Аман - Эсен болгула ар - дайым, көп жашагыла карындаштарым, экөөңүздөрдү чын дилимден жакшы көрөм, силерди эч - качан жаман сөз менен көз ээрчибесин.
❤