Өмүрзак Кайыпов Арстанбектен алп саптар

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 19 жов 2024

КОМЕНТАРІ • 15

  • @meko-pz4nr
    @meko-pz4nr 7 місяців тому +1

    Пай,пай,паай эмне деген талант керемет,керемет Арстанбектин жанында отургандай болдум !!!

  • @aijamal861
    @aijamal861 3 роки тому +6

    Укмуш кылымда бир жаралчу талант, атайын ушул ырларды аткаруу учун жаралгандай!

  • @elite_school_kg
    @elite_school_kg 2 роки тому +8

    Арстанбектен алп саптар
    Сай-сайдын башы кыр болот,
    Санаамды айтсам ыр болот.
    О дүйнө кетээр окшодум,
    Менин санаатым айтаар ким болот...
    Арманы болот мергендин
    Алганы болот бергендин
    Күнөөсү болот күлгөндүн
    Күйүтү болор өлгөндүн.
    Тоо-тоонун башы кыр болот
    Толгонуп айтсам ыр болот
    О дүйнө кетээр окшодум
    Толтурчу ордум ким болот...
    Өзөндүн көркү тал болот
    Өрүштүн көркү мал болот
    Аялдын көркү эр болот
    Аргымак көркү жал болот
    Үйдүн көркү кыз болот
    Аштын көркү туз болот
    Тирүүнүн көркү сый болот
    Өлүүнүн көркү ый болот
    Айланайын эл-журтум
    Арманым айтаар ким болот.
    Тилим шыңгыр жылаажын
    Ажал жетип күн бүтсө
    Өлүмгө жоктур ылаажың
    Ырымды ырдап төгөйүн
    Сырымды айтып берейин
    Салып тургун кулагың
    Баш ырыскы мал дөөлөт
    Бар болгонуң зор дөөлөт
    Тиш ырыскы тил дөөлөт
    Тирүүлүгүң зор дөөлөт
    Баш барда келет тууганың
    Баш жаздыктан тайган соң
    Баары кетет жыйганың
    Көз барда келет тууганың
    Көз жумулуп кеткен соң
    Көрүнбөй калат жыйганың
    Кеткенден кийин келмек жок
    Бир жаныңа эрмек жок
    Баргандан кийин кайтмак жок
    Калганга дуба айтмак жок
    Жакының менен жоолашпа
    Өнбөс доону доолашпа
    Сөзү октой жамандан
    Жакын жүрбөй оолакта
    Карынын сөзүн капка сал
    Калк оозунда нуска бар
    Сөз кезеги келгенде
    Акыры башка бирөөнүн
    Калыс сөзүн айта сал
    Аз күнчөлүк өмүрдө
    Аркы-терки теминип
    Аргымак атың жоорутпа
    Алабарман сөз сүйлөп
    Азамат көөнүн оорутпа
    Жетимге камчы көтөрбө
    Жесирдин отун өчүрбө
    Жалгызга камчы көтөрбө
    Жардынын отун өчүрбө
    Ушул дүйнө шум жалган
    Алладан буйрук келгенде
    Андан качып ким калган
    Ай тегерек сабы жок
    Айча жылдыз табы жок
    Жакшыга жаман жеткен жок
    Шар аккан сууда өткөөл жок
    Армандуу ишке бушман жок
    Ажалдан кыйын душман жок
    Күн тегерек сабы жок
    Күнчө жылдыз табы жок
    Экөөнө бирөө жеткен жок
    Өткөн ишке бушман
    Өлүмдөн кыйын душман жок
    Кадырлаш болуп жүрбөсө
    Адамды адам сагынбас
    Жамандык башка түшпөсө
    Адамга адам зарылбас
    Жеринде күлүк болбосо
    Чоң байгеге чабылбас
    Жоо чаппаса жоголбос
    Жоругу калсын жолунда
    Жосунсуз адам оңолбос
    Жалкоо адам жарыбас
    Күнүгө алтын тапса да
    Акылсыз жигит байыбас
    Оруу-сыркоо болбосо
    Жабыркап адам арыбас
    Санаа тартып күйбөсө
    Жакында адам карыбас
    Бир туугандан кем эмес
    Бирге жүргөн айылдаш
    Тирүүлүктө агайын
    Бириңди бириң кадырлаш.
    Өтүп кетсе өмүрүң
    Экинчи кайра табылбас
    Кайратың тоону бузса да
    Кашыгың көлдү сузса да
    Оозуңдан чыккан сөзүңө
    Зоо куланып учса да
    Эл менен сен адамсың
    Элден чыксаң жамансың
    Кабарың күнгө кетсе да
    Жылдызга колуң жетсе да
    Жараткандын дүйнөсү
    Бүт колуңа өтсө да
    Эл менен сен бийиксиң
    Элден чыксаң кийиксиң

    • @bayel731
      @bayel731 2 роки тому +1

      Бактулуу бол айланып кетейин 😚
      Рахмат чоң

    • @Айгыржал-р8х
      @Айгыржал-р8х Місяць тому

      Чоң рахмат

  • @real_zalkar2292
    @real_zalkar2292 3 роки тому +2

    Кыргызым😍❤️❤️

  • @bereketgrand1861
    @bereketgrand1861 Рік тому

  • @ГулбарканТокушева-й1о

    Тирүүнүн көркү сый болот деп сый урмат көрүп көп жаша узун өмүр каалайм

  • @aijamal861
    @aijamal861 3 роки тому +1

    Азаматсыз!

  • @БакытКойчуев-л8п
    @БакытКойчуев-л8п 3 роки тому +2

    Бали!!! Комуз кандай күүлөнөт ушул термеде?

  • @ЫплцелулВоцелулну
    @ЫплцелулВоцелулну Місяць тому

    Жаштар укса ушул саптарды,укса да тушунобу.

  • @муратбекрысбеков-к8й

    ИЙИНЕ ЖЕТКИЗГЕН !!!

    • @ТуратЖумашоф
      @ТуратЖумашоф 2 роки тому

      Асолому алейкум ушул ырды уксам бардык нерсени унутуп жиберем журокту ериткен ыр