Карагатты багууда талаптар жана көчөт кылуу

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 9 лют 2025
  • Карагатты жакшылап карап баксак, өз убагында обрезка кылып, жер семирткичтерден берип карасак бир түптөн бир чакадан карагат алып турабыз, буюрса.
    Жана карагаттын көчөтүн да кандай кылып көбөйтсөк болоору туралуу көрсөңөр болот.
    ЖҮЗҮМ ӨСТҮРҮҮ каналында Видео жакса, ЛАЙК басып, ПОДЕЛИТЬСЯ кылыныз
    ЖҮЗҮМ ӨСТҮРҮҮ каналына КОМЕНТАРИЙ калтырып, СУНУШ бериңиз
    Кийинки ВИДЕО кандай темада чыгуусун каалайсыз? ========================================== ☝
    Кыргызстанда ЖҮЗҮМ ӨСТҮРҮҮ багбанчылыкты өздөштүрүү жана өнүктүрүү!
    ЖҮЗҮМ ӨСТҮРҮҮ каналы өсүп-өнүгүп, көптөгөн багбандарга пайда берген ЖҮЗҮМ ӨСТҮРҮҮ багбанчылыкты үйрөтүү сабактар жана пайдалуу маалыматтар көбүрөөк жетсе деген чоң ниетибиз бар.
    👍 ЛАЙК басып, КОМЕНТАРИЙ калтырыңыздар.
    #ЖҮЗҮМӨСТҮРҮҮ
    Кыргызстандын баардык аймактарында жүзүм өстүрүү багбанбанчылыкты өнүктүрүү.
    ЖҮЗҮМ ӨСТҮРҮҮ боюнча суроолор болсо t.me/juzumkg телеграм аркылуу байланышсаңар болот.

КОМЕНТАРІ • 98

  • @АкберметБазарбаева-и9ч

    Азаматсыз Сиздей кишилер коп болсун

  • @АбабакирЫдырыс
    @АбабакирЫдырыс 2 роки тому +24

    маалыматыныз учун Алла ыраазы болсун. подписка жана 👍

  • @Avazbek.1982
    @Avazbek.1982 Рік тому +14

    Эң керектүү маалыттарды алдык чооң рахмат

  • @АделинаКолбаева
    @АделинаКолбаева Рік тому +12

    Машалла баракаллах Альхамдулилла ушундай жерди суйгон багбандарыбыз кобойсун

  • @KalbubuJolboldieva
    @KalbubuJolboldieva 6 днів тому

    Азаматсыз коп жашаныз сизге каалоо тилек кыштын бейкут Кунун жаздын сыдырым желин жайдын сулуулугун куздун берекесин каалайм коп жашаныз

  • @АбдуллоАбдуллаев-ц8ъ

    МаашАллаах Аллах Таалам ыраазы болсун сизге аябай пайдалуу насаат кеңеш бердиңиз 👍👍👍👍👍👍👍👍👍

  • @Datka-h7b
    @Datka-h7b 3 місяці тому

    Эн пайдалуу маалыматтарды камтыган видео экен. Чоң рахмат

  • @ЭрнисАсаналиев
    @ЭрнисАсаналиев Рік тому +2

    Жараткан Кудайым жардам берсин. Азаматсыз👍

  • @ГулмираСатарова-в1е

    Рахмат!!! Жакшы жана тушунуктуу экен🙏

  • @ТаласТалас-ъ8з
    @ТаласТалас-ъ8з Рік тому +5

    Көп жашаңыз

  • @АдилетДуйшобаев-ь5ч

    Рахмат Аллах ыраазы болсун ишинерге ийгилик каалайм

  • @ШаканАзимбаева
    @ШаканАзимбаева 2 роки тому +6

    Керектуу маалымат рахмат

  • @gulmiraeralieva2737
    @gulmiraeralieva2737 2 роки тому +4

    Сонун, сонун экен.

  • @AiperiMedetova
    @AiperiMedetova Рік тому +1

    Аллахым ыраазы болсун

  • @Abdysatar-1989
    @Abdysatar-1989 10 місяців тому

    Өтө сонун маалымат болду. Аллах берекесин берсин. Жолугуп сизге шакирт түшсөк жакшы болот эле.

  • @hh_st_hh1275
    @hh_st_hh1275 Рік тому +2

    Абдан сонун көрсөтүп бердиңиз Рахмат.Вишня жөнүндө айтып бериңизчи сураныч

  • @РыскулКаналиева
    @РыскулКаналиева 5 місяців тому

    Эн сонун кешеш рахмат

  • @НурбубуМарипова
    @НурбубуМарипова 9 місяців тому

    Эн сонун.Жакшы маалымат алдым.

  • @АселЖолдошбаева-щ9х

    Рахмат байке.

  • @bazarbukushubekova7808
    @bazarbukushubekova7808 2 роки тому +8

    Рахмат жакшы маалымат алдым менде карагат багам

  • @almazsapaev9978
    @almazsapaev9978 2 роки тому +5

    Жакшы экен рахмат сизге

  • @ДинараАтабаева-м5я

    БӨРҮ КАРАГАТПЫ БУЛ. МЕН ЭМИ КӨРҮП АТАМ. РАХМАТ.

  • @azamatkasymbaev5110
    @azamatkasymbaev5110 2 роки тому +16

    Ассаламу ъалайкум берекесин берсин. Ава бул эмне сорт. Жаны отургузганда бир лункага канчаны отургузуш керек и канча жылдык отургузуш керек

  • @АйнагулДжумабекова-е6ч

    Эскиргени билинип эле турат карарып калат.Ошолорду кыркып салыш керек.

  • @CholponAtabekova-ds3fv
    @CholponAtabekova-ds3fv Рік тому

    Саламатсызбы карагаттын жалбырагындагы майда курттарды кандай жол менен дарыласак болот

  • @С.Б.К-т1р
    @С.Б.К-т1р Рік тому +1

    Жакшыы рахмат

  • @МЖАА
    @МЖАА Рік тому

    Ыракмат ,эн керектуу нерсе.Кайда жашайсыз?

  • @Матановаумут
    @Матановаумут 6 місяців тому

    Сууну жэ арык кандай алынат

  • @КымбатБекмамбетова-о6м

    Саламатсызбы карагатымды кумуска каптап атат кантип арылтсам болот

  • @kubanychbarambekov5955
    @kubanychbarambekov5955 2 роки тому +2

    Ассалому алейкум берекесин берсин кийинкиде кочот кандай кылып алса болот ошол туралуу тарсаныз

    • @juzumkg
      @juzumkg  2 роки тому +3

      Уа алайкум ассалам. Көчөт кылуу, карагатты жазында бутаганда калган калемчелерин жерге сайып отургузуп койсоңор эле тамыр алып өсүп чыгат, буюрса.

  • @adilettilekmatov5554
    @adilettilekmatov5554 Рік тому +1

    Карагат аябай живучийда музо кой козулар жеп кетсе деле Кайра эле чыга берет

  • @sabiramuratova628
    @sabiramuratova628 Рік тому +1

    Жакшы тушундурмо бердиниз ,биз Бишкекте жашайбыз .Карагатты тиккенге 3 жыл болду жалбырагы бурушуп биттеп жудотту эмне минен дарыласа болот .Менин дарылаганым болбоду .

    • @juzumkg
      @juzumkg  Рік тому +4

      Тля деп аталат, Дары саткандардан тляга каршы деп сурасаңар беришет. Тляны кумурскалар ташыйт.

  • @АзиретАбды
    @АзиретАбды 3 роки тому +6

    ассалому алейкум таксыр
    ушул карагаттын кочотторун кимден жана кантип алсак БОЛОТ ТЕЛЕФОН НОМЕРИНИЗДИ КАЛТЫРЫП КОЙСОНУЗ

  • @УланЧоробек
    @УланЧоробек 2 роки тому +2

    Ассалам алейкум, байке Ат-башыга кандай сортун тиксе болот???

    • @juzumkg
      @juzumkg  2 роки тому +1

      Уа алайкум ассалам. Ат башыга өзүңөрдө өскөн карагат тиксе жакшы болот, себеби ал адаптация болгон. Айылыңарда өстүргөндөр бар болсо ошолордон алып тиккиле, обрезка кылганда эле калемчесинен алып минипарник кылып тигип койсоңор эле өсүп чыгат, Кудай буюрса.

  • @wjnsnsksksnnsms5068
    @wjnsnsksksnnsms5068 Рік тому +1

    Кандайсыздар кызыл карагатты деле ушундай кочот кылса болобу

  • @AzamatTurdubaev-gr3fk
    @AzamatTurdubaev-gr3fk Рік тому

    Ассаломалейкум тубун кантип жумшартыш керек

    • @juzumkg
      @juzumkg  Рік тому +3

      Уа алайкум ассалам. Кадимкидей эле күрөктүн учу менен өтө терең кылбай жумшартып койсо болот. Мульча кылып койсо жакшы болот. Интернеттен карап көргүлө мульча деп.

  • @ШарапатЧокоева-я1з
    @ШарапатЧокоева-я1з 2 роки тому +2

    👍

  • @Или-н8х
    @Или-н8х 11 місяців тому

    Менде коп быйыл карашым керек экен

  • @БерметОрузбаева-э7в

    Саламатсызбы карагаттын 5,6 жылдыгын кантип таанысак болот,эмне озгочулугу бар,жооп жазып коюнузчу

    • @juzumkg
      @juzumkg  Рік тому +1

      Эскиргени көрүнүп турат, карарып калат, анан бутагынан эстеп алсаңар деле болот.

    • @dianabekturganova6663
      @dianabekturganova6663 Рік тому +1

      Сабагынын сырты карарып кабыгы майда болуп кургап кетет ошонусун эле алып салыш керек кайра эле түбүнөн жаңысы чыгат

  • @МаматкадырОсмонов-я5щ
    @МаматкадырОсмонов-я5щ 9 місяців тому

    карагатты кайсыл мезгилде сууларын керек

    • @juzumkg
      @juzumkg  8 місяців тому

      Карагатты февралда суюлат. Обрезканы туура кылсаңар жакшы түшүм берет. Тамырына жакын картошканын калдыктарынан көөмүп койсоңор жакшы болот. Карагат крахмалды жакшы көрөт

  • @radimatataeva6398
    @radimatataeva6398 5 місяців тому

    Жылда кесеби?

    • @juzumkg
      @juzumkg  5 місяців тому

      Ооба, жылда кесип туруу керек.

  • @Матановаумут
    @Матановаумут 6 місяців тому

    Кантип алсак болот куздо отургузабызбы?

    • @juzumkg
      @juzumkg  3 місяці тому

      Карагатты февраль айында бутап анан ошондо көчөткө тууралап 1 жылдык чыбыктарынан алып койуу керек. Анан Апрелдин ортосунан күн жакшы жылып калганда жерди жумшартып туруп карагаттын чыбыктарын жерге сайып койсоңор болду, күздө буюрса тамыр байлап көчөт болуп калат.

  • @АйнагулБекмурзаева-п5х
    @АйнагулБекмурзаева-п5х 10 місяців тому

    Карагат кочотун кантип отургузат
    Кул салса болобу

    • @juzumkg
      @juzumkg  10 місяців тому

      Баардык эле көчөттү отургузуп атканда, тамырга топурактан бөлөк эч нерсе тийгизбей отургузса жакшы. Башка удобренияларды топурака аралаштырып астына салып кетсе жакшы.

  • @МунараАсиева-м5к

    БАДАЛ!!! БАДАЛ ОСУМДУГУ!!!

  • @radimatataeva6398
    @radimatataeva6398 5 місяців тому

    Кайсы мезгилде отургузат

    • @juzumkg
      @juzumkg  5 місяців тому

      Күздө же жазда отургуза болот.

  • @Дилбар-х2к
    @Дилбар-х2к 10 місяців тому

    Ооба, карагат крахмалды жакшы көрөт.
    Карагатка тооктун кыгын бергенге болобу?

    • @juzumkg
      @juzumkg  10 місяців тому

      Болот. Бирок өтө аз салыш керек, көп салса күйгүзүп кетет.

  • @Ainagul-t9g
    @Ainagul-t9g 10 місяців тому

    Кандай удобрение берсек болот?

    • @juzumkg
      @juzumkg  10 місяців тому

      Биогумус берген эң жакшы болот.

  • @ТынчтыкбекНазиев

    Калемчени жазында тигеби карагаты

    • @juzumkg
      @juzumkg  Рік тому

      Ооба, жазында жакшы болот.

  • @ДамираСарманова-ч2р

    Тамыры менен отургусса болобу кочот кылып кочотго канча кундо суу куйабыз

    • @Максат-е8о
      @Максат-е8о 10 місяців тому

      Бир ай

    • @juzumkg
      @juzumkg  10 місяців тому

      Тамыры менен отургузса жакшы болот. Сууну жаңы көчөттөргө 7-10 күндө куйса жакшы.

  • @kgxogkgxogxog7910
    @kgxogkgxogxog7910 Рік тому +1

    4арагаты туйгондо Майдан чимели кырчыпжатат кандай дары часам

    • @juzumkg
      @juzumkg  Рік тому +1

      Интернетте кумурсканы кантип жок кылуу метотдор көп эле.

  • @ГулнарИсмаилова-у6д

    Саламатсызбы менбишкекте кайсы убактаабреска кылса болот

  • @kanatmaamytbekov
    @kanatmaamytbekov Рік тому

    Коп жылдык карагаттын тубунон кесип салсак болобу жооп берипкойгулачы

    • @juzumkg
      @juzumkg  Рік тому +3

      видеону толук жакшылап уксаңар. 7 жылдан ашкандарды баарын түбүнөн кесип алып салыш керек.

  • @amanbekbaktybekov4807
    @amanbekbaktybekov4807 2 роки тому

    Салам алейкум 1 туп карагатка канга кг биогумус берсе болот?

    • @juzumkg
      @juzumkg  2 роки тому +1

      уа алайкум ассалам. Биогумусту 1 түпкө 2-3 кг салса болот, жашына жараша да кошсо болот.

  • @bazarbukushubekova7808
    @bazarbukushubekova7808 2 роки тому +2

    Карагатты канча жылда жаныртыш керек

    • @juzumkg
      @juzumkg  2 роки тому +4

      Жыл сайын туура обрезка кылып турса көп жылга чейин өсө берет мөмө берип.

  • @БАГБАНАКАБАГБАНАКА
    @БАГБАНАКАБАГБАНАКА 11 місяців тому

    Сорту кандай бунун

    • @juzumkg
      @juzumkg  11 місяців тому

      Сорту белгисиз, көп жылдан бери өсөт, короодо.

  • @oktomtagaeva9757
    @oktomtagaeva9757 9 місяців тому

    Кантип дарылайбыз, жалбырактары бүрүшүп кетти

    • @juzumkg
      @juzumkg  8 місяців тому

      Тляга каршы даары алып келип ачкыла. Бирок бышып баштаганда чачканга болбойт. Ал учурда кола чачса тля азаят.

  • @kkaaa1398
    @kkaaa1398 2 роки тому +1

    Ассалому алейкум. Кандай сорт?

    • @juzumkg
      @juzumkg  2 роки тому +2

      уа алайкум ассалам. Сорту белгисиз. көп жылдан бери өсөт. Жыл сайын кесип бутап турабыз.

  • @ШаршаканРесбекова

    Ыссык колдо озкон.карагатты ош.областынын Кара кулжа районуна алып кели эктим осту бирок такыр.тушум албай койду беш жыл карадык бирок болбоду

    • @juzumkg
      @juzumkg  Рік тому +1

      Негизи ар бир жердин өзүнүн климаттык шартына жараша тигиш керек жана адаптация болгон көчөттөрдү отугузса ошондо жакшы болот. Өзүңөрдө өскөн карагатты эле өстүрсөңөр жакшыраак. Ал эми башка жактан алып келген көчөттөрдү адаптация кылып анан тиккен жакшы. Аны питомниктер кылышат.

    • @toktobubuibraeva
      @toktobubuibraeva Рік тому +1

      Аны кесип тамыр чыгарып кайра тиксенер берет

    • @масед
      @масед 9 місяців тому

      Ош ысык карагат болбойт суук жер керек

  • @АбдуллоАбдуллаев-ц8ъ

    Бул кандай сорт Карагат Ава ?

    • @juzumkg
      @juzumkg  2 роки тому +2

      Сорту белгисиз, менде көп жылдан бери эле бар.

  • @АнараАсылбеккызы-е4м

    Иии десе биз 10 15жвлдыктарды кырпайбыз ошон учун болбойт турбайбы

  • @НгнНнн
    @НгнНнн 2 роки тому +2

    Менин карагатым сонун осуп калганда мөмө берип кумурмка .айлан көчок жеп салат экен.жөлөбөш үчүн эмне себелеш керек.кара карагат

    • @НгнНнн
      @НгнНнн 2 роки тому +1

      Жазында күн жылып калганда.үстүно кленка жап өстурсө болобу ацлан көчөк конуп жумурткалабаш үчүн курт кумурмкадан .сакташ үчүн.парник кыяктүү кылып болобү

    • @УзгенОзгон-р9я
      @УзгенОзгон-р9я 2 роки тому +1

      Карагат суукта кургап кургап калат эмнеге же ооруу тигенде кургайбы канча жылда кочот болот жашы

  • @aliabdullaev-hv8ij
    @aliabdullaev-hv8ij Рік тому

    Интернетте 100% маалымат бербейт озу эч ким Азыр кордум Шоро кампанчсын ээси ким эле ошол киши былтыркы момо бергендерин алып жаны чыккандарды калтырды бул киши калтыргыла дейт

    • @juzumkg
      @juzumkg  Рік тому +3

      Баардык мөмө берген бактын кайсы бутагы мөмө берет канча жыл берет жана кайсы бутагы бербейт, ошону билсек кыркуусу жеңил болот. Мисалы: Жүзүм бир жылдыгы мөмө берет, калгандары бербейт, шабдалы да бир жылдыгы берет. Ал эми карагат, алма, алмурут, ж.б. бир жылдыгы мөмө бербейт, 2,3,4,5, жылдыктары мөмө берет, 6 жылдыгы начар берип калат же кееде бербейт.

  • @Матановаумут
    @Матановаумут 6 місяців тому

    Алла ыраазы болсун