Доорум бүтүм, үнүм өчсө эмне кылам?

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 9 вер 2024
  • Аялым 2006-жылдары Тору-Айгырдан 10 гектар жер алып койдум деди. Мага айткан эмес эле да. Айыл өкмөткө барып арыз жазып 10 гектар жер алып койдум дегенде: “эй, эмне кыласың 10 гектарды, эмне кереги бар сага он гектардын?” - деп урушуп койгом. Эки жыл, үч жыл, төрт жыл өттү, анан ойлоно баштадым да, "ээ кокуй, ырдаган күндөр деле бүтөт, мындай кызмат, ал деле бүтөт, сүйлөп, чарчап, үн да өчөт. Анан эмне кылабыз?" Анан бир күнү Сүйүнгө айттым: “ай, сен акылдуу аял экенсиң. Баягы жерди жакшы эле алып коюпсуң”, - дедим. "Ии, эмне болду, акылыңа эми келдиңби" дейт. "Ай, ошол жерге алма-өрүк тигип койбойлубу" дедим. "Кеттик, анда" деп бардык. Барып туруп жерди тытмалап, алма-өрүк тигип баштадык. Ичине алма-өрүктүн баарын жайнатып толтурдук. Кудайга шүгүр, азыр эми өсүп атат. Бир гана нерсе, мен эми бул жакка (Кыргыз драма театрына - ред.) киргениме алты жыл болуп калды. Жакшы каралбай жатат, балам карап жүрөт.

КОМЕНТАРІ • 240

  • @user-mz1yk6zn5o
    @user-mz1yk6zn5o 6 місяців тому +164

    Аялыныз жакшы акылдуу учун ушинтип журосузда Асылбек байке, жаш бойдон

    • @user-im3lt8vi6m
      @user-im3lt8vi6m 2 місяці тому +4

      Шаарда жашап айылдан кантип 10 гектар алат ???..

    • @user-en3kh7rt7k
      @user-en3kh7rt7k 2 місяці тому +2

      Шаарда жашаса да айылдык болсо, шаарда жашаса да айылга кызмат кылып турса эмне албайт экен?

    • @user-iy5oz7bx8l
      @user-iy5oz7bx8l 2 місяці тому

      😊😊​@@user-en3kh7rt7k

    • @HdhdbBxbxbx
      @HdhdbBxbxbx 5 днів тому

      ОЙ БУЛ ЖАЛАПДА АКЧА ГОМДААА​@@user-im3lt8vi6m

  • @user-eq4hk9hf5f
    @user-eq4hk9hf5f 2 місяці тому +19

    Жакшы киши, ичине кири жок , ачык айпым, кыргыздын нукура мүнөзү бар, айкөлдүгү мн , таланты менен элге жагат.Тойлорду да шаңдуу алып барат экен.👍💫⭐

  • @dairamundukova4322
    @dairamundukova4322 6 місяців тому +103

    Ырас алыптыр кытайлар алганча кыргыз алсын алма бак орук бак тигип орук зар болсун

  • @user-rr8to1um7u
    @user-rr8to1um7u 7 місяців тому +127

    Я рада что у нас в стране есть такой замечательный профессиональная личность.

    • @user-yp1li6sc1d
      @user-yp1li6sc1d 3 місяці тому +2

      Асылбек байке, аялыныз мыкты болгон учун, дагы эле 25-30дай журот, ариынызда кучтуу аялыныз турат, бактылуу карылык.

  • @user-ig4lu5ky7m
    @user-ig4lu5ky7m 6 місяців тому +66

    Асыке Суйун женешкага Рахмат ушу сизди поддержка кылып жургонуно а акам аман болунуз!!

  • @Seilkan-ly9hm
    @Seilkan-ly9hm 3 місяці тому +16

    Асылбек Озубеков СИЗ живая легенда , биздиин шаарга бир келбединиз😢. Кара Балта

  • @аролдчстьюдрииь
    @аролдчстьюдрииь 6 місяців тому +48

    Негатив жазгандар өзүңөр бир туп чырпык эккен эмессиңер.Силер да алгыла.Барып дың жерлерди өздөштүрүп,азабын тартып аракет кылып көргүлө анан билесиңер.Бирөө кылса жаман,кылбаса жаман.Экологияга да канча пайда бак болсо.Анан Асылбек өзүбүздүн жаран ,кытай же канадалык эмес.

  • @venomvenom1387
    @venomvenom1387 6 місяців тому +98

    Кантип эле ушуларга 1 эмес 10 гектарды берип коет, жон элге сотых жер бербейтко

    • @user-yt5cz2gm8e
      @user-yt5cz2gm8e 6 місяців тому +11

      Олгудой корупционер экен, озуле алган аялын жонотуп. Тааныш билиш кылып.

    • @user-tf2wk2li6m
      @user-tf2wk2li6m 6 місяців тому +18

      Айдоо жер үй салгангамес эмнеге бербейт экен гектарлап алсаң болот жалкоо болбосоң эле

    • @TalantAbdykasym
      @TalantAbdykasym 6 місяців тому +16

      10-гегтар эмне экен,100-гектар жерлери бар адамдар бар,Нарынды айтпай эле койойун

    • @user-ig9dj8qm7z
      @user-ig9dj8qm7z 6 місяців тому +9

      Иий Бир киши эле 10 гектар жерди ээлеп алса кийинки муун кайда барат же жери жок же уйу жок😮

    • @TalantAbdykasym
      @TalantAbdykasym 6 місяців тому

      @@user-ig9dj8qm7z Ой айланайын,ал үлүш жер,бир канча жылга алып иштетсе болот

  • @user-qm7gs4kg7q
    @user-qm7gs4kg7q 6 місяців тому +35

    Иий Элдер укпасын,Эми коралбастыктар башталат😊

  • @user-oz9cs8lq2u
    @user-oz9cs8lq2u 6 місяців тому +47

    Кайтаргыла уят дейсинер силердин акчанарга алган жок.Арзан кезинде алган да убагында ,адалданбы аны бир Кудай Таалам билет бироого кумонсуп куноосун которуунун кереги барбы, береккесин берсин.Баш иштесе бутту колун кор болбойт акылдуу эстуу экен жубайыныз.

    • @user-yt5cz2gm8e
      @user-yt5cz2gm8e 6 місяців тому +2

      Бир корупционер сатты да кайра кайтарсын,

    • @user-ds4yg7ot6b
      @user-ds4yg7ot6b 6 місяців тому +3

      Туура ал убакта эл ойгоно элек болчу ичинер куйбосун😊😊😊

  • @ABDUISHARAPOV
    @ABDUISHARAPOV 6 місяців тому +35

    Аллах раазы болсун Амин 🙏🙏🤲🤲

  • @user-sp3er8cw6k
    @user-sp3er8cw6k 6 місяців тому +13

    Какыраган таштак жерди гулдотуп бак дарак тигип ,остуруп койду ,анын эмнеси жаман,кызыктай эле адамдарбыз. Колундан келсе сен да ал ,иштет.

  • @mirumir.9841
    @mirumir.9841 6 місяців тому +43

    Биз 1 сотых жер алалбай жүрөбүз . 10 гектар деген нерсе асманды башыда . Уят

    • @user-ig4lu5ky7m
      @user-ig4lu5ky7m 6 місяців тому +2

      Колдо жер коп бирок таштак болсо керек суу чыгыш кыйын Бир сотых эмес Санада 10 га берседа иштеталбай акчасын ракет кылсан любой жерден алсан болот

    • @Telefon-mf9kq
      @Telefon-mf9kq 6 місяців тому +5

      Ошол жылдар оной болчу..
      Элдин кобу жерге кызыкчуу эмес..

    • @user-tf2wk2li6m
      @user-tf2wk2li6m 6 місяців тому +5

      1соток үй салганга алалбай жүрөсүңбү мунуку айдоо жер экен чарбачылыка же кайерден уктуң эле короо жай кылып үй салганга 10гектар берет экен деп😄 1дагы гектар бербейтко андай кылам десең

    • @user-ml7ri6kk1s
      @user-ml7ri6kk1s 5 місяців тому +1

      Гүлшан. Жердеши экөө кантип алды..? Байкуш карапайым эл 1 гектар эмес сотых га жетпей жүрүшөт.... Текшерүүгө бериш керек го

  • @user-co6pj6xs6r
    @user-co6pj6xs6r 3 дні тому +1

    Аллах Таала озу колдоп, эки дуйно бактылуу болунуздар Ин шаа Аллах🤲🤲🤲 Кыргыз элинин мыкты, таланттуу инсанысыз! Жубайыныз кеменгер акылдуу инсан учун, сиз мыкты болуп журосуз деп ойлоймун! Мыкты мырзанын артында, тылы кучтуу болот! Тыл - бул уй булодо айымдардын орду жана ролу!

  • @user-rk4rl9ks9f
    @user-rk4rl9ks9f 6 місяців тому +8

    Кудай бизге да ушундай карылыкты Насип кыла гор кандай сонун адам😢

  • @user-ks9wg2rg6p
    @user-ks9wg2rg6p 6 місяців тому +5

    Сиз дале жегич коррупуионер экенсиң да,кайтаргыла жерди.😊

    • @user-ml7ri6kk1s
      @user-ml7ri6kk1s 5 місяців тому +1

      😢😢😢 Ошону айтсаңыз

    • @almazmoldobachaev
      @almazmoldobachaev Місяць тому

      Ичибизди тарытпайлы какыраган таштак суу жок жерди иштетишкендерге

  • @user-lz8fb5lr7v
    @user-lz8fb5lr7v 6 місяців тому +9

    Азаматсыз байке,байбичеңиз экөөңүздөр эмгегиңиздердин убайын көрүңүздөр!

  • @user-cn2me4ci1d
    @user-cn2me4ci1d 6 місяців тому +10

    Кооп жыл мурун теле студияда.Теле беруулорду менин алма бактарымда откоробуз деген элениз Эми алма гулдогондо бышканда.Туз эфир откорунуз.Созунуздо турунуз.Баткенден салам 🇰🇬🍊👍👍👍👍👍

  • @zloy_karatel_KGZ_09
    @zloy_karatel_KGZ_09 16 днів тому +1

    Ма Шаа Аллах! Асылбек ава сыйлайбыз, Аллахым узун өмүр берсин! Намаз окуп бактылуу инсандардан болуңуз

  • @user-gy3oo8tg8b
    @user-gy3oo8tg8b 6 місяців тому +9

    Асылбек байке жакшы адамсыз тойго чакыргым келет канчага келесиз

    • @user-vm8mz8hk9n
      @user-vm8mz8hk9n 6 місяців тому

      Он гектарга келетго

    • @user-vx5zd3cd4j
      @user-vx5zd3cd4j 6 місяців тому

      😂😂😂😂😂​@@user-vm8mz8hk9n

  • @anyk7
    @anyk7 6 місяців тому +5

    Сиздей ... Суйун эжедей кишилерге Кудайым озу берет ❤ значит Кудай бергени.🙏🏼..болсо керек .. 🙏🏼 Ошо кездерде эч ким карачу эмес ал жерлерди 😊 таштак жер ... топурагы жок ... суу чыкпаган ... 😊 азыр всё возможно 👍🏼🤔🔥💐

  • @ГульмираСонколова
    @ГульмираСонколова 6 місяців тому +6

    молодец, иштетип узурун коргуло, эмгектенип тушум алсанар Алла ыраазы😊

  • @user-vd4kx8kh4p
    @user-vd4kx8kh4p 4 місяці тому +5

    Аман болунуз Асылбек агай❤

  • @user-dl7eo8uz6g
    @user-dl7eo8uz6g 3 місяці тому +4

    Унунуз бутбосун омурунуз очпосун,
    Эл сиз менен сыймыктанат кубанат бар болунуз.

  • @user-ih1es3nd2u
    @user-ih1es3nd2u 6 місяців тому +3

    Асылбек Кыргыз маданиятынын ардактуу адамы бар болунуз

  • @user-df9nr6ne7t
    @user-df9nr6ne7t 4 місяці тому +3

    Какыраган жерди жер кылыш деле кыйын.Акча суудай эле кетет.Жаштык да кетет,ошого окшоп кочот тиксен момосун коп жылда берет.Менде да ошондой болду.16 жыл дегенде черешнядан тушум ала баштадым.Жакшы алган экемин Аллага шугурчулук келтиремин,Кыргызстаныбыз тынч,ден соолугубуз чын болсун!!❤❤❤

    • @user-nn4xk8io2t
      @user-nn4xk8io2t 4 місяці тому

      Ичи тар котторго тенелбегиле,силерге Рахмат эмгегин ден береке тап

  • @user-sp1xj9wg4y
    @user-sp1xj9wg4y 6 місяців тому +3

    Сизди да, аялыңызды да алыскы Кадамжай районунда жашаган үй-бүлөдө көп айтып жүрөбүз. Сиздин талантыңызды аябай сыйлайбыз. Сиздей таланттуу инсандын аялы, албетте, эстүү болот да. Тору - Айгырдан келин алганбыз. Тору-Айгырдык инсандар мыкты! Бар болуңуздар, бактылуу болуңуздар!

  • @user-fk8bs1ns4n
    @user-fk8bs1ns4n 6 місяців тому +4

    Узакты көрө билген акылдуу аялыңыз бар экен

  • @user-vh4sp6jc6u
    @user-vh4sp6jc6u 2 місяці тому

    Жеңебиз мыкты экен.Бактылуу карылыктын доорун сүргүлө.

  • @ElmiraAsanova-gv3nm
    @ElmiraAsanova-gv3nm 2 дні тому

    Кудайым сиздей инсандар көп болсун өчпөс из калтырдыңыз ден соолук берсин кудайым❤❤❤

  • @user-cf1vx9by8i
    @user-cf1vx9by8i 27 днів тому

    Аялыныз сулуу симпотная экен аман - эсен болуп коп жашагыла!Москвадан Салам!

  • @arinabaijomart1558
    @arinabaijomart1558 6 місяців тому +2

    Илгери 1990жылдарда Асылбек,анын досу "Жаздык"деп коюшат Чон-Арыктан 8соткадан жер алғанбыз.Бирок,мен сала АЛБАЙ 500долларга сатып жибергенин,а Асылбек болсо вообще таштап салган.Эми алган ЖЕРИ берекелүү ,жемиштүү болсун.5000доллар дегенге мээм жетпей 500долларга саткамын,дагы эле эстесем,ичим ачышат.Мейли Кудайга щүгүр аман-эсен жүргөнүбүзгө❤

    • @user-ml7ri6kk1s
      @user-ml7ri6kk1s 5 місяців тому

      Анда эл Токпейил болчу да жапырт

    • @user-nn4xk8io2t
      @user-nn4xk8io2t 4 місяці тому

      Анда 500долларга айылдан уй салчуу акча эле,буйругу жокко окунбо аман жургонубузго суйунолуу

  • @user-yi9pd5tu7t
    @user-yi9pd5tu7t 6 місяців тому +7

    Ошол өрүктөрдүн арасында басып жүрсөң эмне деген керемет , алма , ашпурт , карагат , кокон гилас , арасына суу жакшы болсо сабиз өстүр кумдуу жер жакшы өсөт .

  • @user-kw6qj7sx9v
    @user-kw6qj7sx9v 4 місяці тому +1

    Асылбек Озубеков дагы да Жапжаш экенсиз🎉 ушинтип эле жашарып журо берин 🎉🎉🎉🎉🎉

  • @user-qe4fg9ys3k
    @user-qe4fg9ys3k 3 місяці тому

    Асылбек бай акенин ото талантын сыйлайм жана Мусулман бир тууган катары жакшы кором

  • @user-wl1zq6iy9e
    @user-wl1zq6iy9e 4 місяці тому +1

    Аялыныз сулуу аял экен.

  • @IslamNazarov-jf9to
    @IslamNazarov-jf9to 6 місяців тому +4

    Аллах Таала берекесин берсин ичи тардык кылбай эле койгулачы

  • @ratka_sakibaevna
    @ratka_sakibaevna 4 місяці тому +1

    Суйун эжеке азамат.Эрди эр кылган же жер кылган аял дегендей.Суйун эжеге сыймыктанам.Мыкты аял👍👍👍👍👍😘😘😘

  • @user-mq3go9wz4c
    @user-mq3go9wz4c 16 днів тому

    Оо Суйун эжедей акылдуу,ажарлуу жар жокго дүйнөдө!!!❤

  • @user-bo2od1ep7f
    @user-bo2od1ep7f 6 місяців тому +13

    тообоо кумуш агабыз эмгекчил экенго,алтын айым,мыкты жубай экенго,ийгилик

  • @user-ng7fl7ok5v
    @user-ng7fl7ok5v 6 місяців тому +2

    МашаАллах берекесин берсин.

  • @user-xg4gv6dn3y
    @user-xg4gv6dn3y 6 місяців тому +5

    Асылбек агай азыр кайсыл жерде. Торайгыр кайсыл жер. Агай азаматсыз бар болунуз.

  • @user-ig9dj8qm7z
    @user-ig9dj8qm7z 6 місяців тому +4

    Аристер баары эле гектар гектар жер алып ээлеп алган😮

    • @user-vx5zd3cd4j
      @user-vx5zd3cd4j 6 місяців тому +1

      Ошо Гулшан Молдоеванын жер 100гектар беле...?

    • @user-rl8nq5mo5l
      @user-rl8nq5mo5l 6 місяців тому

      Жакшы кылышыптыр силерге окшогон пайдасы жок жудомушторго берилгенче,ушундай адамдардын алганы жакшы

  • @user-mc8ou5no5u
    @user-mc8ou5no5u 5 місяців тому +1

    Аябай сонун адам .Ушул байкени аябай жакшы кором.Такой позитивный журогу тап таза адам да .Прям озумдун байкемдей жакшы кором.Потому что фамилябыз окшош да ошол учун дагы.Раматлык атабыз айтып калчу эле ...Анда жалгыз атам биз кичинекей болгонтуктан тем более эркек биртугандарыбыз биздег кичинекей болуп.Ошол атам жалгыз уй салган Балыкчы.шаарына.Жалгыз раствор чылап жалгыз шпаклевка грунтовка баарын жалсыз жасап журчу.Анда СССР убагы болчу.Ушул уйду бутсом мен чон той берем деп.Тойго ушул инсанды чакырам Фамилябыз бир аябай жакшы адам деп.Анан ошол уй буто электе эле эрте атам отуп кетти.Анан ошол бойдон ал уйду биз саттык.Биз чонойдук кийин корсо ушул адамды айтып жургон турбайбы деп калдым..А атам айтып жургон кезде биз жаш болдук.Азыр ушул адамды коргон сайын атамдын созу эске тушот.Азыр болсо мен ойлом кызым турмушка чыгып калса кудай бюурса мен свадьба чакырам депАтамдын оюн ишке ашырам ошондо деп..Биз баарыбыз уй болобуз менен таазим этип сыйлаган адамыбыз азыр ушул тапта....Кудай бюурса созсуз кегизип ошол атамдын керезин айткым келет

    • @user-tb8zk9vm9r
      @user-tb8zk9vm9r 2 місяці тому

      Бронированная кочосундо дагы коруп калам эже менен байкени бир уйю бар жонокой эле бир этаж . Квартирасы дагы бар болсо керек.

  • @user-nt6dy6wq7w
    @user-nt6dy6wq7w 18 днів тому

    Жакшы экен барып арыз жазса эле 10га.жер берип койгону.

  • @user-te2cr7im7s
    @user-te2cr7im7s 4 місяці тому +1

    Карыбайсыз байке,журок карыбайт.Сиз Бир келген очпос инсансыз.Аман болунуз

  • @saparboyusarov2195
    @saparboyusarov2195 6 місяців тому +4

    Буйурсун жакшы .

  • @kostiazapipov7510
    @kostiazapipov7510 4 місяці тому +1

    Мамлкекеттке алыш керек бул жерди
    Элдер 10 сотах жэрге жетпей журот

  • @user-ig4lu5ky7m
    @user-ig4lu5ky7m 6 місяців тому +5

    Ээ Асыке Суйун жене комменттеди окуп капа болбогула оозуна алы жетпегендер негатив жазышып коро албастык жок болсо бералбайт бар болсо коро албайт ака бу гангирбаштар!

  • @user-ol6zh7hl9b
    @user-ol6zh7hl9b 3 місяці тому

    Асылбек байке бар болунуз омурунуз узун болсун сиздин баардык ырларыныз эн сонун

  • @user-lc7yw5os6b
    @user-lc7yw5os6b 4 місяці тому +1

    Керемет агай бар болунуз❤

  • @user-op8ln6ei5q
    @user-op8ln6ei5q 3 місяці тому

    Доорунуз бутуп унунуз буп калса да эл ичинде эчкачан олбойсуз 👍👍🙋

  • @user-st5gl2gr5p
    @user-st5gl2gr5p 6 місяців тому +3

    Он гектарды каягына тыгасын Эми 😂.. арендага алган чыгарсынар. Жакшыдан бак калат жамандан дак калат демекчи.. ийгиликтер болсун

    • @user-tf2wk2li6m
      @user-tf2wk2li6m 6 місяців тому

      Сөпсүз эле тыгыш керекпи🤣 оокат кылыш керекта жалкоо болбой😄

  • @TtGghh-ep8tj
    @TtGghh-ep8tj 4 місяці тому

    эч нерсе оспогон жерди оздоштуруп гулдотуп жаткан эмгегин баалаш керек, Азамат экенсинер, бактылуу уй булоо

  • @user-hz5lr3lh1s
    @user-hz5lr3lh1s 6 місяців тому +2

    Автор, эки созунун бири ката!
    Туура жазганды уйрончу

  • @user-jc4ph2cv7k
    @user-jc4ph2cv7k 3 місяці тому +1

    Бак болгону жакшы болгон экен
    Жейбиз баарыбыз

  • @EmaGus-ng4eh
    @EmaGus-ng4eh 3 місяці тому

    Жакшы адам. Суйлошуп отурганбыз

  • @user-ix6pj1sj5z
    @user-ix6pj1sj5z 5 місяців тому +2

    Жакшыдан бак калат жамандан дак калат

  • @user-vl2ld8el1o
    @user-vl2ld8el1o 3 місяці тому

    Сонун уй булоо экенсиздер рахмат

  • @user-wv5rr6yz6g
    @user-wv5rr6yz6g 3 місяці тому

    Эн туура соз айал жакшы эр жакшы. Малын коро болсо берди кудай .айалын коро болсо урдй кудай деп койотго,

  • @guljan3419
    @guljan3419 2 місяці тому

    Эркектер аялдын деле айтканын кылсанар жакшы жака жетелейт .

  • @user-yd6yf3fy6j
    @user-yd6yf3fy6j 6 місяців тому +4

    Эми эл мн болушсонуз жакшы болмок,уйу жок жургондор канча сооп жыйнаса жакшы болмок ,эми озу билет,жашоо озунуку

    • @user-tf2wk2li6m
      @user-tf2wk2li6m 6 місяців тому

      Оой тупойлор 10гектар жерди үй салып короо жай кылып ал деп бербейт айдоо жер экен 9гектарын мейли силердей болгондорго сооп болот деп бөлүп берсин бирок жер тытып иштете аласыңарбы аа даяр турбайбы конешно бирок ошондо деле сомнениям бар жалкоолорго😄

    • @Stal1970_
      @Stal1970_ 6 місяців тому

      Ал жер агрардык жер, үй салганга эмес...
      Пейилди кенен коюңуз, өзүнүн айылы өзүнүн жери!

  • @almazbekdolotaliev6093
    @almazbekdolotaliev6093 2 місяці тому

    Аялыңыз супсулуу айым экен❤❤

  • @user-sf1fx9un6h
    @user-sf1fx9un6h 6 місяців тому +1

    Ойлонуу жакшы, дал ошентип бул өмүр да бүтөт анан Акыретте ар бир кылган ишибизге жооп беребиз ошол үчүн ибадатка көңүл буруңуз

  • @user-kd5ck5xj5u
    @user-kd5ck5xj5u 19 днів тому +1

    Гкнб карасын 10 гектар жер Элди жери

  • @user-ir6fn3xh3i
    @user-ir6fn3xh3i 6 місяців тому +1

    Эн соонун

  • @user-zz8ys3qy8w
    @user-zz8ys3qy8w 3 місяці тому

    Армандуу ырлардын падышасы аман эсен журо бериниз Акылбек агай

  • @user-kw1fp1rv9x
    @user-kw1fp1rv9x 3 місяці тому +1

    Жакшы адамдан бак калат

  • @user-wu9jm3pr7j
    @user-wu9jm3pr7j 3 місяці тому

    Эки дуйно бактылуулук берсин АЛЛАХЫМ 🤲

  • @mirangulalishova7876
    @mirangulalishova7876 2 місяці тому

    Артистердин тойлору сонун болот э, шандуу отот.

  • @user-pu8hs8lf5h
    @user-pu8hs8lf5h 6 місяців тому

    Ошол багкичинде узуууун өмүр сургуло

  • @user-tj6ol2ed8x
    @user-tj6ol2ed8x 5 місяців тому +1

    Ансыз деле канча жерлер бош жатат ,колго бараткан жолдо

  • @user-gi6qn9ri1b
    @user-gi6qn9ri1b 3 місяці тому +1

    АЯЛ. ЖАКШЫ. ЭР. ЖАКШЫ. ЖАКШЫ. АЯЛ. БУЛГААРЫ КЫЛАТ ТЕРИНИ. ПУЛДАР. КЫЛАТ ЭРИНИ. ЖАМАН. АЯ. КАЛДЫРАК. КЫЛАТ ТЕРИНИ КАРЫЗДАР. КЫЛАТ. ЭРИНИ. ДЕГЕН. СОЗ. БАР. ИЛГЕРТЕН

  • @user-vs2ne4mc2j
    @user-vs2ne4mc2j 3 місяці тому +1

    Бир кишиге 10 гектар коп эмеспи?...Эл 4 сотых га жетпей журсо?...Жакшы айыл окмот экен,арыз жасса эле бере салган...

  • @user-jp6gx7if4o
    @user-jp6gx7if4o 4 місяці тому +1

    Оуууу 10гектар деген бир топ жер да ,кантип алган экен ,кайсы убак болсо деле жер ала албай темселегендер канча !!

  • @user-jw4qk3oc2v
    @user-jw4qk3oc2v 6 місяців тому +1

    Красавчик люблю

  • @nurskanyb7295
    @nurskanyb7295 6 місяців тому +2

    Баадык кучтуу эркектин артында кучтуу аял заты турат го

  • @anargulalieva6663
    @anargulalieva6663 2 місяці тому

    Аялыныз эсту экен❤

  • @user-lz5mh1pl7m
    @user-lz5mh1pl7m 3 місяці тому

    Аялы мн сыймыктанган ❤

  • @user-nk2wp1jc3j
    @user-nk2wp1jc3j 2 місяці тому

    Эмнеге ичибиз таар? Макул алсын жакшы нерсе жазып каалап койгулада, иштетсин молодец.

  • @user-nj3hn1zn2o
    @user-nj3hn1zn2o 2 місяці тому

    Сонун кишисиз да.
    ❤❤❤

  • @AisAis-yx8ul
    @AisAis-yx8ul 6 місяців тому +1

    Ужасссс 10гектаар😢

  • @user-xu7rm1lq4p
    @user-xu7rm1lq4p 4 місяці тому +1

    Доорум бутум эмес доорум бутуп

  • @user-up9ul4xk7w
    @user-up9ul4xk7w 2 місяці тому

    Аялыныз чырайлуу экен сизге караганда

  • @user-mg3ii5qd5s
    @user-mg3ii5qd5s 5 місяців тому +1

    Колдо 30 мин тутун жерге муктаж болуп журсо, булар каяктан 10 га жер алып журушот?

  • @user-yp3ig1gy2v
    @user-yp3ig1gy2v 3 місяці тому

    Кайтаргыла элге бөжлүп берсин

  • @user-fu9vk5tg8m
    @user-fu9vk5tg8m 6 місяців тому

    Бизда 1998. 2000жыдары торт сотых жер алалбай жургонбуз ошол кезде мерияда бир киши иштейт болчу раматылык болуп кетти кийин он беш жылдан кийин ошол кишинин балдары менен бирге иштеп калдык алар атам бечара жер алып койгонкен деп айтышканынан сурасам гектар жери баркен ичим тыз деп калды бирок кудайга шугур азыр жерим устумдо уйум бар

  • @user-gl8iz6wm5x
    @user-gl8iz6wm5x 6 місяців тому +1

    ❤❤❤

  • @user-it8dy5ct7l
    @user-it8dy5ct7l 5 місяців тому +1

    Он гектар эмес торт сотых жер аладбай жургондор толтура

  • @NazarNazaraliev
    @NazarNazaraliev 6 місяців тому +1

    Чынында чондорго ырдап журуп алды го😂 .

  • @user-qt8wf7pk8h
    @user-qt8wf7pk8h 2 місяці тому

    Азиза Айнура Роза омур бою жакшы корот го бул Кишини

  • @NazarNazaraliev
    @NazarNazaraliev 4 місяці тому

    Айыл окмотко барып арыз жазса 10гектар берип коет😂😂.

  • @user-so8zj4rr4n
    @user-so8zj4rr4n 3 місяці тому

    Байке эч качан унунуз очпойт,баардык доордо жылдыз болуп журунуз

  • @gabidanny8276
    @gabidanny8276 3 місяці тому

    Аялыныз сизден акылдуураак экен 😄

  • @user-tw9kf2ys3j
    @user-tw9kf2ys3j 12 днів тому

    Бир Эле Адам он Гектар АЛСА Калган БАЙКУШ Элге эч нерсе жок да

  • @user-sd3fx7ue8n
    @user-sd3fx7ue8n 2 місяці тому

    Намаз окунуз Мечитке каттаныз. АКЫРЕТИНИЗДИ курунуз.

  • @user-cd2jc8fz3z
    @user-cd2jc8fz3z Місяць тому

    Конечно эр эмгегин жер жебейт , озубуз жер турганда аны иштетир натуральный овощи фрукты ягоды жесек эмне жетсин кайдагы Москва нвн стройкасы суугу эх!!!

  • @user-bk6jf8fd9q
    @user-bk6jf8fd9q 6 місяців тому +2

    Сатып алды да, бекер бермек беле

    • @user-yt5cz2gm8e
      @user-yt5cz2gm8e 6 місяців тому

      Саткан айыл окмотту по жизн ь отургузуш керек. Асылбеке окшогондор тааныш билип басып Алышты коп жерлерди, мамлекетке откоруш керек.

  • @Patriot-pm7ux
    @Patriot-pm7ux 6 місяців тому +3

    атамбаев тин доорунда алган экенсин да 10 гектар жерди. КОРРУПЦИЯ.

    • @user-yt5cz2gm8e
      @user-yt5cz2gm8e 6 місяців тому +1

      Дал озун айттын, Бул Асылбекта оло трайбалист акмак адам. Оштогу кок борудо эки элди чабыштырганга ушул аферисттинда куноосу бар.

    • @user-tf2wk2li6m
      @user-tf2wk2li6m 6 місяців тому +1

      Илибойунун доорунда аласыңго дейм айдоо жерди жалкоо болбосоң эле😄 себеби эч жерден угалекминда короо жай кылып үй салып ал деп 10гектар жерди кайсыл айыл өкмөт берет болдукен садырыңада бербейтко дейм даже 1гектар😂

    • @user-sl9vk4jr7z
      @user-sl9vk4jr7z 6 місяців тому +1

      Ал жакта жер кенири окшойт биз 1 гектар жер ала албай урушуп талашып журобуз.😯😯😄😀😂

    • @user-sl9vk4jr7z
      @user-sl9vk4jr7z 6 місяців тому

      Олгондо деле 2 метр жерге эле жатабыз тируубуздо эле эч нерсеге тойбойбуз.🥲🥲😌😏

    • @user-mo2xz4dc1q
      @user-mo2xz4dc1q 5 місяців тому +1

      ӨЛӨӨ БӨЛҮНГӨН, ТҮШТҮК ТАРАПТЫ ЖАМАН КӨРГӨН АДАМ ЭКЕН. АБДЫМОМУНОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК ТЕАТРГА ЖАЛАЛ-АБАДТЫН БАРПЫ ТЕАТРЫ, БАРПЫ АПЫЗДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН САХНАГА КОЙГОНУ КЕЛГЕНДЕ, АТАСЫНАН КАЛГАНДАЙ ЭШИКТИ АЧПАЙ, КАБАГЫ БҮРКӨЛҮП КОЛЛЕГАЛАРЫ МЕНЕН АРАҢ АЙТЫП ЖҮРҮП АЧТЫРГАНБЫЗ. КОЛУНАН КЕЛГЕНГЕ КҮЛҮП, КОЛУНДА ЖОКТУ ЖЕРИГЕН КУУ АРТИСТ ЭКЕН. КЫРГЫЗ ЦИРКТИ ЖОК КЫЛГАНДАРДЫН БИРИ УШУЛ АСЫЛБЕК. ЫРДАГАНЫ ЭЛЕ БОЛБОСО..

  • @user-ds6jm7qc5i
    @user-ds6jm7qc5i 4 місяці тому

    Айылда жашагандарга бербейт булар шаарда туруп ушунча жерди кантип алды