Ата-энеси ардактап
Аздектеген бойу бар...
Билим болуп канаты
Бийик максат ойу бар...
Жылажын жөнүндө периште
Жылдыздай жылдыз биздин кыз...
Суусар кийип сой салып эй
Суулудан сулуу биздин кыз...эй
Кызыл мончок шууруну
Түркүнүнөн такканбыз...
Кыздын нуру болсун деп
Кымгапка ороп бакканбыз...
Көңүлү назик өссүн деп
Көлөкөгө бакканбыз...
Кылыктынып уктаса эй
Кымыз жууркан жапканбыз...эй
Күмүш ээр жазданып
Күйө бала түш көрдү...
Боорму сулуу бөлөкчө
Боозун кармап куш көрдүм...
Бир бактысын боолгоп
Биздин кызга туш келди...
Эртеңине бата алып эй
Эшик төргө кут келдиң...эй
Күйө мында көрөлү
Биздин кызга пар бекен...?
Көргөн көздү сүйүнтөөр
Көрүндүк эй бар бекен...?
Күйө жолдош кайда экен...?
Салт санаанын алды экен...
Жеңелерин сүйүнтөөр эй
Женкетайы бар бекен...? эй
Биздин кыздын тапканы
Азамат чыккан жар дешет...
Жарыштан мөрөй алдырбас
Жакшы чыккан жан дешет...
Капилеттен сөз тапкан
Чечендиги бар дешет...
Караңгыда көз тапкан эй
Көсөмдүгү бар дешет... эй
Маңдайына жазганы
Махабатын арнады...
Кут төгүлүп алдына
Куштун боосун кармады...
Кызыбыз бар деп жүрөйбүз
Жакшылыгын сүрөйбүз...
Күйө бала Куш болсо эй
Бек болсун деп тилейбиз...эй
Ыйык сүйүү, жактыруу
Не бар дейсиң, башка улуу...?
Кыдыр колдоп жоолуккан эй
Кыз-күйө болсун бактылуу эй }3-жол
12.09.2021 биздин тойдо ырдаган. Керемет ун, маныздуу ыр. Рахмат Анапия эже, бар болунуз!
Бактылуу болсун
Бактылуу болгула!
Сонун ыр экен .мазмунун дагы .
Ырдын коркун Анапиядан башка эч ким жеткизе айта албайт.
Сонун ыр
Таныш болср айткылачы
Керемет ыр, бирок тасманын сапаты начар, жакшыраак камера менен тартса болмок.
Сюжет жакшы, бирок режиссурасы орто, клипти тартканда көрүктүү кылса...
Анапия эженин талантында күмөн жок, абдан жакшы көрөм 3 Райымбекованы тең
Талант бар таныш жок
Кыргыз болсоңор каналыма жазылып кетсеңиздер сураныч
2019 жыл 22 ноябрда менин кыз узатуумда ушул ыр мн алып чыккан Анапия эже,рахмат.Сонун ыр,3 жыл отуптур бат эле ,1 уулду болдук)