Алагушов Бек - Ак Бакай
Вставка
- Опубліковано 20 сер 2024
- "ДАСТАНЧЫ" коомдук фондунун Улуу Мурас долбоорунун алкагында даярдалды.
Видеону аягына чейин көрүп
ПОДПИСАТЬСЯ - дегенди басып КОЛДОО көрсөтүп койунуздар..
Лайк басып👍
Комментарийге ой-пикириниздерди жазып калтырыныздар!📩
JANATMEDIA - музыкальный медиапортал, посвященный кыргызской культуре и музыке.
Все права защищены. Полное или частичное копирование материалов запрещено, при согласованном использовании материалов необходима ссылка на ресурс.
e-mail: admiyoutube@mail.ru
/ janatkanatuulu
©JANATMEDIA #janatmedia #Комузырлары #БекАлагушов
Видеону аягына чейин коруп колдоп койгула!
*ПОДПИСАТЬСЯ* дегенди басканды унутпаныз
Лайк басыныздар!
Комментарийге ой-пикириниздерди калтыргыла!
Хотя и с вами
Ассаламу алейкум ырдын текистин кайсыл жактан тапсак болот .
Атылып чыгып жүрөктөн,
Ачылды ички сырларым.
Атыңды сенин жашырып,
Ак Бакай деп ырдадым.
Көздөрүңдү тиктесем,
Көктөгү Чолпон жылдыздай.
Чачтарыңды карасам,
Килемге жапкан кундуздай.
Колдоруңду тиктесем,
Колотто замби чыбыктай.
Боюңду сенин байкасам,
Кол тийбес мазар ыйыктай.
Карлыгач канат кашыңдан
Казактан чыкпас асыл жан.
Кыргыек канат кашыңдан
Кыргыздан чыкпас асыл жан.
Кызылдан жолук башыңдан
Кылыгың артык асыл жан.
Аркардай мүчөң келишкен
Айлымдан чыккан периштем.
Эликтей мүчөң келишкен
Элимден чыккан периштем.
Жагалмай куштай таранган
Жоодурап күзгү каранган.
Жалын чок салып жүрөккө
Жоругуң кетпейт санаамдан.
Кыргыек куштай таранган
Кылгырып күзгү каранган.
Кызыл чок салып жүрөккө
Кылыгың кетпейт санаамдан.
Балалык жаштык дооруң бар,
Базардан кызык ойнуң бар.
Козгогон көңүл ышкысын
Кош алмаң бышкан койдуңдан.
Жаагындан түшкөн саамайың,
Калтардын тал-тал жүнүндөй.
Тамаша кылып бир турсаң,
Таң атканы билинбей.
Салкындап бассаң иреңиң
Саардагы чолпон жылдыздай.
Адамдан нускаң бир бөлөк,
Арманда калган тургузбай.
Кубуласың, сүйлөйсүң,
Куйруктуу сары жылдыздай.
Сунган менен кол жетпейт,
Суу түбүндө кундуздай.
Үмүт отуна күйгүзүп,
Жандырасың Ак Бакай.
Кайра үмүттү өчүрүп,
Маң кыласың Ак Бакай.
Эркин өскөн жайлоодо
Тайдай болдуң Ак Бакай.
Кол жетпеген көктөгү
Айдай болдуң Ак Бакай.
Суксурдай болгон мойдуңдан
Суктанткан ширин койнуңдан.
Суюлуп жылдыз баратса,
Суурулуп чыксам койнуңдан.
Өрдөктөй болгон мойнуңдан
Өзгөчө таттуу койнуңдан.
Өзгөгө сени бергиче
Өлүгүм чыксын койнуңдан.
Сонун саптар экен
Аллах ыраазы болсун
Бүгүн мен Алагушов Бек байкенин көрдүм биз жашаган жерге концерт коюп кетишти соонун болду🎉
Кыргыз ырлары, куулору керемет 🎉🎉🎉.
Сонун саптарды келиштире аткарган жигит азамат ❤
Азамат
Бул ырдын сөзүн обонун атактуу токмо акын коргол досуевдики👍👏✊🇰🇬❤
Жаш экенсиз Токтогулдуку
Жарайсың Бек бауырым 👍🏇
Коргоол чон атабыз Ак Бакай деген женесине ашык болуп чыгарган ыр куусу.
100% түсіндім керемет, бір қомуз бұйырмады
❤❤❤😂😂😂😂😂
Керемет
Ииииййййййй Баллии.
Талант таш жарат.Нукура Кыргыз.Россияда куса болгондо...тынбай,тажабай уксан кулак канат... Азамат Жигит.
Суйу ырын ушундай ырдайт асыркы жаштар суйу ырыдеп жөнеле бирнеени тамтандайт👍✊❤
Керемет🔥🔥🔥🔥🔥👍👍👍
Эмне деген керемет!!! Кыргыз болуп жаралганыма мин шугур !!!
💔😭🤤🤤🤤менин эң жакшы көргөн күүм!
Меин дагы. Деги эле кыргыз куулору керемет 🎉🎉🎉. Угуп тажабайсын ❤❤❤
Бул жигиттин уну абдан мукамдуу, уккулуктуу экен....молодчина....
Керемет күү, чебер аткаруу. Балабыз төрөлгөндөн баштап ушул күү менен гана уктайт. 6 ай болду, чыр кылып ыйлаганда Ак Бакайды койобуз, укканда тып басылат..
Сонун !!!
Күү кылып иштеп чыккан, ушул күнгө жеткирген Болуш Мадазимов.
укшуш тимеле бали,кыргызым алга
Мен мынаны күй деп ойлап жүрмін.
Күүсү да бар.
Кыргыздын тили ото бай. Орус тилине которо турган болсок, Пушкинда келбей калат.
Акындарыбыздан калган термелер менен ырларынан эч тажабайсынго аттин ай. Ар Бир кылдын унунон жашарасынго жалган дунуйо
Азамат мыкты аткаруу эритет го чиркин👍👍👍
Э бали 👏👏
Баракелде кыргызым ушундай ыр куулор менен кылымдап жашап келатат онорду очурбой улап келген таланттарга рахмаат
Аллахым берген талантынызга тазиим. Ар дайым Аллахтын коргоосунда,периштелердин курчоосунда болунуз.
❤❤❤Кыргызстан
Баракелди,Бек аябай мыкты аткарыптыр соонун чыгармана рахмат,сага Ден соолук ийгилик онорун оркундой берсин...........
Азамат онорун оркундой берсин
Аа бали бали' 👏
Маладес бар бол👍✊❤🇰🇬
Азамат талантынызга таазим👍👍👍👍
Чексиз керемет!!🎶🇰🇬🎧🎶👏👏👏
Эн сонун 👍🤙👏👏👏
Абдан жакшы!!! Кууну жакшы черттиниз!!! Ырдаганыныз да жакшы экен!!!
Мен бул күүнү уккандан тажабайм!
Көңүлдү көтөрөт.
Бали Кыргыздын улуу акындарына.
Баракелде!!! Сизге бекем ден-соолук, узун омур, бакыт, ийгилик жана баардык жакшылыктарды каалайм!
Рахмат ушинтип чыгарып турганыңызга
Бактылуу болгум келет
Бак табыңыз.
АЗАМАТ ! СОЗ ЖОК АЗАМАТ !
Аккан арыктан суу агат
🎉мааниси канча терең мазмундуу элестүү сүрөттөп күү менен келиштире ойноп ырдын сөздөрү мааниси бар терең ❤❤❤ыр деп мына ушуну айтат
Азаматсынар расса эс алдыратда комуз Дун Уну балтии
Ак Бакай Токтогулдуку, кийин жаштарга ылайык куу,сен черт деп,Корголго берген дешет.
Туура 👍
УНУНО БЕРЕКЕ БАЛАМ
🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹
👍👍👍👍👍
👍👍👍👍
Кайран Коргол Ата биздин убака туш кебектир арман Коке
❤️👍👍👍
Элмирбек менен Айнур айтышта ушул обонду ж-а музыканы да ошондой кылып аткарат, бирок өтө бийик деңгээлде аткарылыптыр
Ээээээээээ👍🏿👍🏿👍🏿👍🏿👍🏿👍🏿👆🏿👆🏿👆🏿👆🏿
Бүгүн кечке чейин тынбай уктум, тажачы түрүм жок.
Махабат дастаны кинодо КР эл артисти Болуш Мадазимовдун чертүү чеберчилигинде калган. Бек Алагушев ыры менен кошо мыкты аткарып коюптур. Өзгөгө сени бергиче, өлүгү м чыксын койнундан сөз эмес бекен. Бали.
Как я вас понимаю 😅
Ушул кууну разбор кылып берсен го иним!
Ушул күүнү үйрөтүңүзчү сураныч😊😊
Качан разбор кылабыз?)))
Арыбаңыздар
Мп3 чыгарсаңар жакшы болмок эле
Текиси мн болсо абдан жакшы болмок
Чон Ата
Байке не пайда деген ыр бар эле сиздин каналыныздан кордум эле мурадил сагыналиев байке ырдайт болуш керек эле азыр табалбай койдум кайра чыгарып койунчу сураныч
Азыр бул ырчы Кайда башка ырлары жокпу?
Балбай Алагушев агайдын небересиби?
Ооба тут туптуура
Небереси болот
Элмирбектин Айнур менен айтышы
Ноотасын жазып PDf формасында киргизсениз жакшы болмоок
Кудай буйруса аны дагы кылабыз
😂😂😂я де
"Ak Bakay" ne demektir? what is a "ak bakay"? ,,,it is a very very nice song and Melodie..best greats from Berlin to Kirgizistan...
Деген кыс
Ак Бакай .. ак-ак жүздүү .Бакай деген салууга арналган күү.
@@user-nv6ru6tb8b Thank you..
@@user-ft3gi1bw1q Thank you
🤤🤤🤤😍😍🎵🎼🎼🎶
Байке молмолумдун акыр
кы куплеттери кандай чертилет?сураныч айтып коюунузчу
Курман: Айтып тушундурууго мумкун эмес жок дегенде видеону коруу керек
@@JANATKANATUULU 1-этап,2-этап менен эле кетеби дейм да
@@user-yp9rx6ri8p ооба чертилиши мындайча айтканда басылышы бирдей болгону он колу чертилиши гана кыйын
Чоон рахмат
Ушу комузду сиздин видеолорунуздан уйронууго аракет кылып жатам буюрса.Чон кыялыма жетип алсам,арманым жок
Текст барбы?
Эч ким мадазимовдой жеткире черте албайт иштеп чыга да албайт ак бакайды
Ырдын создорун каяктан тапсак болот?
Жакынкы аралыкта "Улуу Мурас" -деген китеп ыр жана текст нотасы менен чыгат кудай буйруса бирок сатыка чыгабы билбейм
@@JANATKANATUULU Чыгып калса, кабарлап коюңуз.
Клапагы каякта
010
👍👍👍👍