Текстилдик өндүрүш менен кийим тигүү түрү кеңири кулач жаюуда / Ош

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 30 вер 2024
  • Жеңил өнөр жайы калкты жогорку деңгээлде иш менен камсыздап, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү жагдайды түзүп келе жатат. Текстилдик өндүрүш менен кийим тигүү түрү кеңири кулач жаюуда. Кыргызстандын ишкерлердин колунан тигилген улуттук калориттеги кийимдерге жакынкы мамлекеттерден суроо талап дагы күч. Ишкерликтин бул түрүн өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан Ош облусунун тургуну Бааркан Жолонова 5 жылдан бери кыргыз кемселин таанытуу менен алектенет. Ишканасын кеңейтүүдө мамлекеттин жардамын пайдаланган. Каржы министрлигинин астындагы “Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо” долбоору аркылуу пайызсыз насыя алып, ишкердик дараметин гана чыңдабастан, экспорттун көлөмүн да арттырганга жетишти.
    Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
    Facebook - / utrkkg
    UA-cam (УТРК) - / ktrkkgchannel
    Instagram - www.instagram....
    Телеграм - t.me/ktrk_live

КОМЕНТАРІ • 20