Катраңда пайдалуу болгон каналдын курулушуна тоскоолдуктар болууда
Вставка
- Опубліковано 16 вер 2024
- Баткен облусунун Лейлек районуа караштуу Катраң айыл аймагында Катраң айлындагы 540 гектар аянттагы жерге суу жеткирүү үчүн канал курула баштаган. Каналдын курулушун 2019-жылдын 1-июнунда жергиликтүү компания баштаган. Бирок аталган компания ишти солгундатып жибергени үчүн кайрадан тендер өтүп, аталган каналдын курулушун андан ары «Гидробетон Строй» жоопкерчилиги чектелген коому улантып, 1 айдын ичинде каналдын курулушу 1 км аралыкка жеткен. Бирок айрым кызыктар тараптар курулуштун ишин үзгүлтүккө учуратышкан.
«Гидробетон Строй» ЖЧКсынын Катраң айылындагы каналдын курулушуна жооп берген өкүлү Мухаммед Умаров 28-октябрда курулуш иштери кызыктар тараптардын кийлигишүүсү менен токтотулгандыгын, алар Катраң айлынын тургуну эместигин, каналдын курулушунда иштеп жаткан жумушчуларды коркутуп, аталган аймактан кубалап чыккандыгын билдирди.
«28-октябрдан ишти токтотконбуз. Бул жерде жашабаган адамдар өздөрүнүн кызыкчылыгы менен бир нече жарандар келип, «иштебейсиңер, кетесиңер»,-деп оор жүк ташуучу унаага салып, чоң жолго алып барып таштап коюшкан. Курулуш иштерин токтотушпаганда буга чейин каналдын 2 кмге чейин куруп коет элек. Тендердер убагында ушул каналдын курулушуна кызыккандар болгон, ошолор кылып жатат да. Биз долбоордо кандай болсо ошондой кылып иш кылуудабыз. Биз бетонду кубик сымал куюп, Кадамжайга экспертизага жөнөтөбүз да, алар сапатын текшерип турушат. Бул бетондорду уй тебелесе сынып кетет деп атышат. Бирок бул абдан бышык. Бетон коюдан мурун ал жердин шагыл-топурактарын быйшыктайбыз. Эми азыр курулуш токтобогондо ушул жылдын декабрь айына чейин каналдын курулушун толук бүтүрмөкпүз»,-деди Умаров.
Биринчилерден жана алгачкылардан
Элдер тушунуп тушунбой ушундай болуптур каналдын бутушуно эл каршы да эмес элге керек туура айтат айлыкты убагында берген дер эмес ошонун айыдан элди пайдаланды бул компанияга каршы чыккандар
Булар жалган айтып жатат биркампаня таштаган ишти екинчиси келипеле баштай бергидей биржеке биркишиге Коро Салган жокта башка айылдын балдарга булжакта мне кызыкчылык болмок
Туура эмес маалымат берип жатасынар бир тараптуу
Стандартка жооп бербейт, эгер арматура, сетка мн болсо жакшы болмок, мында эч кандай арматура , сетка койулган эмес, бекер элдин акчасын талаага чачкандан пайда жок, трамбовкада жок.
Мухамед Умаров деп суйлогон машеник стройка боюнча такыр тушунугун жок малсын сен баарын машениксинер сооронбайдын убагында чардагансынар ар жерден Арам акча жеп
Ташиевге жеткизгиле
Катрандыктар уруучул болот,бир айыл эки башка мечитте намаз окуйт,ичтери тар ички дүйнөлөрү караңгы эски түшүнүктөгү эл.Озулорунун кемчилигин билбей эле башкалардын кемчилигин өтө тез корот.Аялдары да эркектери да гыйбатчыл.Жакшылары да бар,бирок байлыкты ,акчаны өтө жакшы көрөт .Сүйлөгөнү байлык, дүнүйө .Келиндерди да күйөө балдарды башка айылдан болсо теңсинбейт,текебер ,айрыкча улгайгандары
@@adalat218 Эми тууган, Кандай болсо дагы бул чек ара дагы айыл, чек ара дагы район, ошол себептен социалдык жана башка курулуштар бүт көрүлүшкерек,ан үчүн коопсуздук комитет мындай фактыларды иликтешкерек.Бул дагы чек аранын бекемделишине салым.
Бакылдар өзүнүн келечеги үчүн иштеп жаткан мусапырларга күчүнү көрсөтүп
@@adalat218 ээ кандайсың Адалат мени тааныдыңбы, ойнош болуб жүргөн күндөрдү эстеп кеттим, бирок кийинчиреек боктон сасык болдумбу.
@@user-je4mn5jx9q рас ответ бердиниз, туура эмес создорду жазган кандай уяты жок аял, Катранга келип жашап корсо билет кандай эл жашап атканын, эн мыкты адамдар катранда жашашат