Бейшебай УСУБАЛИЕВ: “Ошентип, «8-Мартка» жөнөп калдым…” 1-бөлүм
Вставка
- Опубліковано 7 лип 2023
- Бейшебай УСУБАЛИЕВ: “Ошентип, «8-Мартка» жөнөп калдым…” 1-бөлүм #аудиокитеп #укмакитеп #китеп
• Бейшебай УСУБАЛИЕВ: “О...
Бейшебай УСУБАЛИЕВ: “Ошентип, «8-Мартка» жөнөп калдым…”2-бөлүк / Ангеме| Аудиокитеп
• Бейшебай УСУБАЛИЕВ: “О...
Аскар университеттин филфагына тапшырып, конкурстан кулап, айлына кайтып келди да, эки-үч күн өтүп-өтпөй туруп эле областтык гезитке баса берди. Анткени мектепте окуп жүргөндө анын макалалары бул гезитке үзбөй жарыяланып турар эле. Иштейин деген деле жок, жөн гана ойлонуп-ойлонбой туруп эле жөнөп калды. «Нарын правдасы» деген көрнөк илинген дарбазанын эшигин ачып киргенден, атүгүл анын туткасын кармагандан тартынып, аркы-терки баса баштады. Аңгыча ушул гезитте кабарчы болуп иштеген, өзүнө курбалдаш Асылбай деген жигиттин келатканын көрдү да, сүйүнүп кетти. Ал Аскардын чоо-жайын жакшы билчү - экөө шаардан жолугушуп, ал окууга өтпөй калгандыгың үчүн көңүл айтам деп Аскарды абдан кыйнаган. Алдынан утурлай басты.
- Ой, Аскарсыңбы?! - деди ал биресе чочугандай, биресе сүйүнгөндөй. - Эмне, бизде иштейин деп келдиңби? Азамат, ырас болбодубу, жүрү анда…
Тарткынчыктаган Аскарды ай-бугай келтирбей, дегдеңдете сүйрөй жөнөдү. Экөө шыдыр эле биринчи бөлмөгө кирип барышты. Бөлмөдө үч-төрт киши кажылдашып, кызыл чеке боло талашып жатышыптыр.
- Жолдоштор, бери карагыла! - деди түз эле Асылбай аларга буйра. - Мына, биздин дагы бир активдүү кабарчыбызды алып келдим. Билесиңер да, Жусубалиев. Онду жаңы эле бүттү. Окууга тапшырып… - Айтсамбы-айтпасамбы дегендей, мукактанып туруп калды.
- Ой, айланайын, ырас келбедиңби!.. - деп ордунан тура калды сары чийкил киши чын дитинен сүйүнө… - Свежий эмессиңби, айтсаң «кыргыек» болуп жазылабы, же «кыргыйек» болуп жазылабы, «й»дын кереги барбы?
- «Кыргыек», - деди Аскар аңырая, - «й» жазылбайт.
- Мына, маладес! - деди ал табалагандай, талашып жатышкандарды маашырлана тегерете карап. - Мына, мен айтпадым беле. Ой, кыргыек, кыргыек, билдиңерби? Мына, свежий баланын өзү да айтып жатпайбы. Онду кечээ эле бүткөн…
- Мен университетти бүткөм!.. - деп бурк этти узун жаак дагы бир сары киши нааразылана.
- Сен университетти бүтсөң, бул бала онду бүттү! - деди тиги киши ого бетер табалагандай. - Анын үстүнө сенин бүткөнүңө мына быйыл үч жыл болуп баратат. Үч жылдан бери билгениңдин баарын жутуп койдуң да тиги менен кошо, ха-ха-ха…
Баары каткырып калышты, тиги адегенде бозала боло түштү да, анан аларга кошулуп, өзү да каткыра кетти.
- Айтсаңар!.. - деди аңгыча көздөрү алайган кара тору жигит кирип келип, артынан бирөө кубалап келаткандай аптыга. - «А ну ка, девушки!» дегенди кандай которсом болот, ыя? #аудиокитеп #жомок #кыргызча #сериал #китеп #бишкек #audiobook #книга #кыргызстан #сказки
Рахмаат Крассотка 🥰 Аллахым раазы болсун 🤲🕋🇰🇬🌟❤️
Ай кыз экинчиси каякта
Бейшебай УСУБАЛИЕВ: “Ошентип, «8-Мартка» жөнөп калдым…” 1-бөлүм #аудиокитеп #укмакитеп #китеп
ua-cam.com/video/EnM72nYQgQA/v-deo.html
Бейшебай УСУБАЛИЕВ: “Ошентип, «8-Мартка» жөнөп калдым…”2-бөлүк / Ангеме| Аудиокитеп
ua-cam.com/video/iQTFygPKT4g/v-deo.html