Сериал I
Вставка
- Опубліковано 15 бер 2023
- #Агай - чыныгы окуядан шыктанган сериал.
Эксперименталдык гимназия ачкысы келген кичинекей айылдагы жөнөкөй мугалим тууралуу окуя.
🌟Келечек мугалимдин колунда.
Биздин @Bairakgroup каналыбызга катталып, лайк жана комментарий калтырганды унутпагыла.
💡 Жаратман: Руслан Акун / ruslan_akun
Башкы каарман: Бактияр Шаршенбаев / bahtiyar_sharshenbaev
🎬Bairak Production: / bairak_group
Сериал #Агай @usaidkg колдоосу менен тартылган.
ТikTok: / bairak_group
Instagram: / bairak_group
Сайт: bairakgroup.com/ru/
#agai #bairakgroup #ruslanakun #kelechekmugalimdinkolunda - Фільми й анімація
Урматтуу көрүүчүлөр, жаңы серияга лайк басып, социалдык тармактарга бөлүшкөндү, шилтемени досторуңуздарга жөнөткөндү унутпаңыз❤️
🤗Достор, мектепке барбаган күндөр көп болду беле, себебин комментарийге жазыңыз
Жоок менде аз болот
Бир да жолу калбагам
5
Окуном Азыр Неге барган эмесмин
Мен музыкальныйга барып кеде калып атам концертерге катышып
Мен да мугалиммин. Быйыл Кыргызстанга барсам Кудай буйруса айлыкка карабай эл учун иштейм. Жигитче соз берем💪
Тилегине жет иним.Аллахым сага элге кызмат кылганды насип кылсын.
Кайсы сабактан мугалимсиз?
@@altynsadykova3103 Физика Острономия предметинен.
@@altynsadykova3103 вв ,
@@user-gc4gj1tp8f эн керектуу, майлуу предметтен турбайбы, болгондо да жугумдуу болот агай откон болсо. 🍉
Буйруса Токтогул шаарыбызга Гапыр агайды чакырып чооң семинар өткөрөбүз колдоп лайк баса кетиңиздер!!👍
Мен дагы Токтогулдан болом ова Гапыр Агай жакшы актёр
@@user-dx8pn2bi8n актёр эмес педагог
@@user-dx8pn2bi8n Гапыр агай деген Баткендик мугалим, эксперименталдык гимназия мектебин негиздеген. Бул кино ошол кишинин омур жолунун негизинде тартылган
Ниетиңизге рахмат тууганым чындап Гапыр агайды мен да азыр таанып олтурам көрсө жүрөктү өйгөн Баткен жеринен турбайбы агайыбыз.
@@user-dx8pn2bi8n Гапыр агай педагог Баткенден чыккан ,ушул педагогдун башынан лткөнүн бул фильм чагылдырып берип жатат
Мен азыркы учурда ушул гимназияда окуп журом.Гапыр Агайдын методикасы менен сабак отобуз,Жана сабакка жакшы тушунобуз. Бирок азыркы убакка чейин жатак канасы жок, алыстан келген окуучулар кыйналышат,мен ошону учун гимназияга жаны жатак кана курууну суранам.
Оа Ошо эле кереко озу
менда
тахир кандайсын
Канчанчы класста окуйсун.Байланышып суйлошуп акыл алып туралы
Мен балдарымымды окутсам,дейм бирок алысмын,кандай жолдору бар
Руслан Акундун чыгармачылык деңгээли башка планетаныкындай. Керемет!!! Гапыр агайдын үлгүсү менен кыргыз элинин улуттук баалулуктарын элге эстетип, адамгерчиликти пропаганда кылып келет. Ушундай фильмдерден улам коом тазарат. Бар бол, бай бол, ишиң илгерилеп дагы да көптөгөн шедеврларды тарта бер! Салам Нью-Йорк тасмасын көргөндөн кийин мен АКШга кеткем. Баардык кинолоруңдагы терең маанини, элди тарбиялоону байкап келем. Сендей кыргыздар көп болсун!
*2023 жылдын эң мыкты сериалы*
Байкушум ий агай ыйласа мен дагы ыйлагым келди
@@user-fr8nv7yb6l Көздөн жаш чыкса анда жакшы.
Кино жаатында тарбиялык маанси ото терен тартылптыр агайга терен раазычылык
Ыйладык
2023 эле эмес, негизи эле кыргыз сериалдарынын арасында эн мыктылардын бири болду го
Гапар агайдын артында колдоп турган жубайына да чоң рахмат.
Кошо ыйладым 😢.Агай менен кошо жүрөгүм ооруду 😔Бир адамдын пикирин өзгөртүү кандай кыйын.Агай бүтүн бир системага каршы туруп атат.Агымга каршы сүзгөн аябай оор .Агайга ден- соолук каалайм .Элдин баласын ойлоп жүрүп ден- соолугун жоготуп да алды 😔
Бул кинонун жаралышына себепкер болгон Гапыр агайга Алла ыраазы болсун.👍🇰🇬
Гапыр агайдай агайлар коооп болсун ошондо гана онугобуз. Билеги кучтуу бирди жыгат, билимдуу минди жыгат.
Агай менен кошо ыйладым. Кинону чыгарганга катышы бар адамдардын баарына терең ТААЗИМ! Сонун чыккан сериал!
Завхоз агай аябай сонун киши экен,адамдын баары ушундай болсо,элибиз тез онугот эле.
Руслан Акундун "Агай" сериалы азыркы биздин замандашыбыз, Баткен облусундагы чек ара айылда жашап, гимназияда иштеп жаткан агай Гапыр Мадаминовтун омурунон алынган, 1990-жылдардагы болгон чыныгы окуяларды чагылдырууда.
7 жаштагы ,омуру мультфильмден башканы корбогон уулума жагып ,ар бир чыгарылышты кутуп журуп коруп жатат ,аны коруп мен да кызыгып коруп жатам ,эн соонун!!!
Бул кинону ыйлабай көрө албай жатам. Аллах ыраазы болсун Гапыр агайдан.
Ассалоому алейкум Бакыт аке, Козунуздон жаш чыгып жаткан болсо, демек журогунуздо ыйман толо экен. Сиздей Пейили таза инсандын арабызда коп болушун тилек кылам🤲🤲🤲
Дуйшон агай да ушунтип мектеп ачкан
Мен да башыдан ыйладым
Актёрлор абдан жогорку денгээлде аткарыптыр, актёрлорду жакшы тандаптыр, ошол убактагы жашоону даана чагылдырыптыр. Шакекке козу жарашкандай, киного актёрлор жарашып калыптыр , азаматсынар.
Гапыр агай оор күндөр өтүптүр башыңыздан, эми мөмөсүн көрүп жатасыз рахмаат сизге эл үчүн жан урогонуңуз үчүн
Жарайсыздар нағашы елім!🤝 өте керемет сериал!👏 әрбір бөлімін асыға күтеміз!
Баурым Кыргыз Казак киносу керемет болуп жатат акыркы учурда.
@@user-mq9nj1fh7l иә расыменде бауырым! Осындай өмірден алынған дана кісілер жайлы көп түсіретін болса тіптен керемет!
Бул каментарини окуган кишинин ата-энеси Аман болсун коп жашасын эртенки жума кабыл болсун
Рахмат
Оомийин баардык ата энелер
Ушул каментарини жазган адам агайдан барып сабак алсын.
🤲🤲🤲Ден соолук Сизге да
Рахмат
Сиздикида аман болсун ата энениз
Ыйлааап кордум, мен дагы мектепке дегенде, ата энем так ушундай уйдогу жумуш деп жонотчу эмес. Окууга да тапшырам дегенде жоноткон жок, качып барып окуй да алчу эмесмин... Азыр мигрант болууп журом. Коруп аябай ыйладым... Азыр ата энеме айтсам озун окуй бер, азыр дагы кеч эмес деген созу м.н басат мени... Эми бул кинону коргондор жонотоор балдарын окууга...
Мен 14 жаштамын бирок окууга эч эле кызыкпай койдум эч нерсеге тушунбойм сабактардан ушул кинодон кийин жакшы окуйм деп чечтим😢
Мектепке уйун балдарга сүткө деп берген мырзага чоң алкыш! Аябай жакшы иш жасады! Аллах ыраазы болсун!
*7-серия эртерээк чыксын*
Туураа
Кутуп турунуз 😁 муну коруп алалы
Эртен мес наркы куну чыгат сабыр кылыныз
Этномедиа да бар сатып алып корсонор болот салым кошуп
Эртерээрек чыксын
Гапыр агай жонундо кылган иштерин Апам айтып берсе анча кулак салбагам. Эми тушунуп жатам, урмат сыйым ашып баратат. 👍🔥🔥🔥🔥🔥🔥
Ассалааму алайкум Жаштыктан болосунбу
Эркек болсомда ыйлап бугумду чыгарып алдымго😢😢😢 соонун сериал болуптур🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉
МаашааАллаах
Байкуш агай, башкалардын балдары окусун деп жанын уроп, жаман корунуп аларга . Эээ агай рахмат сизге. Сиздей адамдар бар болсун!!!
Кун санап кутуп коруп жатам бул кинону, мыкты инсан жонундо мыкты кино тартылыптыр
Кошо ыйладым кандай соонун агай менин агам да тарыхчы мээнет кылып билим алып,билим берип жүрүп кудайга шүгүр академик болуп калды ак мээнет акыр бир кун кайтарына ынандым
Оаа менда ыйлап алдым 🥰
Ошондой оор абалда мугалимдикти таштабай иштеген мугалимдер бар болсун!
Гапыр агай менен кошо ыйладым😢 Эң сонун, маанилүү сериал. Режиссёр жана сериал тартууга катышкан баары эң жакшы иштешкен!
Гиназияга уй алып келген атага ыраазы болуп,балам экообуз тен кубанып кеттик го.Кандай гана кыйынчылыктарды башынан откоргон Агай.Ден соолугу чын омуру узун болсун илим билими кундон кунго кулачын жая берсин Мугалим момолуу дарак момосу коп болгон сайын ийилген сыяктуу болуп жатат.Мына макалдын чыныгы жашоодогу мисалы Гапыр Агай
Агайдын өмүрүнө береке берсин.
Эн сонун,айрыкча окуучу балдар рольдорду эн сонун ойношкон ❤
Актёр, актрисаларга, мектеп окуучуларынын ролун аткарган балдарга чоң ыраазычылык. Баарынын соонун аткарыптыр.
Менинда ата-энем мугалим болуп иштешкен. Азыр ардактуу эс алууда. Кинону коруп, озумдун союз тарагандан кийинки кыйыйынчылык, оор балалык кезимди эстедим. Гапыр агайдай жана менин ата-энедей мугалимдер бар учун кыйынчылыктын баарын женип келе жатабыз. Фильмди жараткандарга чоон рахмат.
Ото маанилуу,ошол жылдардагы Агайдын жасаган иши укмуш болуптур .
Жакшы тартылыптыр.
Бул тартылган кино абдан таазирдуу болуптур.-
Бул кинону абдантаасирдуу Жана аткарган артистер жакшы жандуу аткарышыптыр.Ушунда маанилуу кинолор кобуроок болсун
Ата энеңиз көп жашасын.Бактылуу карылык.
Туура менин да ата-энем мугалим болчу 1986-жылдан бери ушул кунго чейин иштеп келишет.
Бул кыйынчылык ар бир мугалимдин башынан откон элдерде акча жок СССР тарап оор кундорду откоруп иштешкен.
Өтө соонун сериялдын арты менен Гапыр агайды да таанып алдым ❤👍
МашаАллах Ислам Динин, Куран аяттарын, Хадистерди сонун кылып корсотуптур, режиссёр Аллах ыраазы болсун
Балдарыбызды мектепке билим эмес, тамак учун жонотуп калдыкпы?!!!! дегенде ыйлап жибердим. Ошол оор кундор да отту . Кудайым эч тамака, сууга зар кылбасын.
Аллах ыраазы болсун
Барыбызга керектуу пайдалуу сериал болуптур
Гапыр агай Азаматсыз ушул кино аркылуу таныгандар барбы ? Агайды
Керек болсо көрбой туруп лайк басам👍 себеби билим маселеси өтө курч турат балдар китепке муктаж маалда телефонго азгырылбай.
3 окуучусу мыкты экен!!!
Эх, сонун адамдар, Аллах ыраазы болсун ушул баардык адамдардан!’
Ыйлап ,көз жашымды тыя албай көрдүм ,актерлорго чын дилден рахмат. Кыргызым үчүн көз жашыганга бактылуумун.😘🇰🇬
Агай бизди кечириниз, сиздин кадырынызды отто кеч билдик!
Кечириниз агай.
кинону кутуп кордум,Агай эжекелерибиз аман болсун.Гапыр агайдын ушунчалык балдар учун кылган эмгегине таазим👍
Эхх, 97-жылы мен 8-класстын окуучусу элем, эл аябай кыйналып турган мезгил болчу, буудай бул жакта турсун арпаны көрсөк сүйүнөт элек😢 Сериалды көргөн сайын кыйын кезге туш келген балалыгымды эстейм. Чынында эле сериалдагыдай эч кимдин билим менен чатагы жок болуп калган, мектепке баргандан көрө үйдө жумуш кылганды артык көргөн учур болчу.
Эн туура ошол кезде эл аябай кыйналып жашаганбыз,улпак жеп калбадык беле,азыр ошол таз акаевди коргум келбейт
Жүгөрү ун жеп калган жылдар эле да,ал да бар болсо
Тен экенбиз,чын эле ошондой болчу
Жашоо шарт ошого туртчу ал учурда, менда 7-класстын окуучусу болсомда уй-буломо колумдан келген жардамымды бергим келчу. Шугур бирок мектепти бутуруп жогорку окуу жайына тапшырып учурда ушул агайдан акыл ала турган мугалиммин.
Бирде кулдуруп, кайра ыйлаткан соонун сериал болуптур. ШЕДЕВР! Гапыр агайдай мугалимдер коп болсун!
Агайдын аракеттерин коруп ыйлап кордум.
Ишиниздерге ийгилик бар болунуздар! Саматчик оркунун оссун! АЛЛАХЫМ КОЛДОСУН АМИНЬ
Билим алуу ийне менен кудук казгандай.Кандай Гана билимдуу,тарбиялуу,адамгерчиликтуу Адам болгон Гапыр агай.Мына акыры эмгеги бааланып,кино тартылыптыр.
Туура айттыныз, аябай адамгерчиликтуу, билимдуу болгон Гапыр агай жана болуп келе жатат. Мындан кийин дагы эл учун коп пайдасын тийгизип, эмгектенип журо берсин
Түштүк Кореядан ысык салам. Мен дагы жаңы сериясын күтүп жатам.Гапыр агай сизден АЛЛАХ ыраазы болсун!Сиздей мугалимдер көбөйсүн.Жүрөгүм ооруп көрдүм...Гапыр агай сизге АЛЛАХЫМ күч кубат берсин!!!Актёрлор азаматсыздар,көөп жашаңыздар!
Бул кинону коргон ар бир ата эне балдарынын окуусуна салым кошсо деген умуттомун, балдар канчалык билимдуу таптиптуу болсо мугалим суйунот урматтуу ата эне муналимди куноолодон мурун балага татыктуу тарбия берели.
Ушундай агайды баркына жетээр бекенбиз
Барган сайын кызыктуу болуп баратат сериял
Ишиңиздерге ийгилик
Талыкпай эмгектене бериңиздер.
Кыргыздын баары тең сапаттуу билимге мүмкүнчүлүгү пайда болгондо гана, элибиздин жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө мыкты жол ачылат 👍
Аз айлыкка чын дили менен берилип иштеген мугалимдерибизге таазим
❤🎉 Мыкты кино.
Ушундай жакшы кинону тартканыңыздарга чооң рахмат.
Биздин география мугалимибизда ушундай жакшы агай эле. Озунун сабагынан тышкары дуйно экономикасы жана саясат жонундо кээнири малымат берет эле. Агайга Аллахым ден соолук берсин. Ошондой кыйын кезде элден умутун узбой балдарга жакшы тарбия илим берген
7 сериясын чыдамсыздык мн кутобуз. Озубуздун ушундай жакшы кинолорунан отору жок. Азаматсынар кыргыз элиииим. ✊🇰🇬❤️
Балдарга канат байлап көккө учуруу керек!!! Сонун . 👍Бул сериалды 50:58 минута көрүп жатабыз . Бирок канча күн эмгек кылып тарты болду экен? ..... Чеберчилик менен аткарып жаткан ар бир актёрлорго терең таазим 💐 !!!
Ар бир актёр өзүнчө керемет , өздөрүн каармандарын чеберчилик
менен аткарыптыр👏.
Сериалдын болсо ар бир чыгарылышын конспект кылып алып эле, жашоодо колдоно бере турган экен. Курс окуп деле акча кетирбей, даяр материалдар , бир эле мугалимдерге эмес, ата энелерге да чооң мункунчулук жаралыптыр. Аллахым сиздерден ыраазы болсун🤲🤲🤲 !!!
Ата эне балдар коро турган сериал... Абдан жакты.
Альбина сенби 43тө окуйсуңбу?
Сонун кино экен кутуп калып атам ийгилик 100 серияга чейин чыксын дегендер лайк.
Убайдулла аке рахмат Аллах таала ыраазы болсун Малик аке рахмат балдары үчүн баарын жасап жатат
ушул серияны ыйлап олтуруп кордумго,ылайым эле балдарыбыз илим билимге умтулган,илимдуу Гапыр агайда болсо экен 🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻.
🤲🤲🤲🤲
Оомийн
Сонун сериал болуптур тартканы уланта бергиле
Эн сону коруп олтуруп ыйлдадым😢Гапар айгайдын меенетин Душондой эле болуптур.
Мен да ыйладым таасирдуу экен
"Жылдын мыкты сериалы" деген наамга ылайык тасма болду деп ойлойм. Мен агаймын жана азыр деле фильмде көтөрүлгөн маселелер актуалдуу деп эсептейм. Көп жолу Гапыр агай ыйлагандай эмне үчүн ушул кесипти тандадым деп өкүнгөн кездерим болду. Мугалимдин баласы болгондуктан кичинемден илим-билимге кызыгып ушул жолду тандадым. Ашыкча керексиз баракты эле талап кылган жетекчилерден, жасалмалуу конкурстардан, түшүнүгү жок ата-энелер, тарбиясыз балдардан канчалык чарчасам да баары бир окуткум келет. Гапыр агайдын методикасын жайылтып ар бир мектептерге киргизсек балким ата-энелер, балдардын аң сезими ойгонуп мугалимге сый-урмат менен мамиле жасап, ал эми билимге ынтызарлык менен аракеттенип калышар деген үмүтүм бар. Мен окутуучулук жумушумдан көңүлүм калып бул кесипти таштагым келип жатканда бул кино мага түйшүктүү бирок сыймыктуу ишимди жаңы дем менен баштоого күч-кубат берип жатат. Эл үчүн иштеп, өз балдарын унуткан асыл кесиптештерим алтын башыңыздар аман болсун! Мугалимди жана илим-билимди кадырлап сыйлаган коомго айланууну Аллахым элибизге насип этсин!
Эң туура. Азаматсыз! Сиздей мугалимдерге таазим! Мен дагы агайдын окуучусу болгонума сыймыктанам.
Кандай гана сонун азыр дагы ушундай мугалимдер көбөйө берсин
Чыныгы жашоодон алынган кино Гапыр агай азыр Баткенде агай болуп иштейт азыркыга чейин
Бүгүн билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды.
@@user-oe4zn2ro6w Ооо эн жакшы куттуктайбыз
Молдонун дааваты ото таасирдуу болду,тушунгондор учун.
Ушул агайдын меттодун азыркы биздин мектепте колдонсо жакшы болмок
маашАллах агайдын мекенибизге кылган мээнети аябай кучтуу экен бул кинону коргон сайын козуно жаш келет мекенибиз онугуп осот ИншаАллах
Мынча сонун серия болуп жатат-Үлгүлүү,тарбиялуу,адамдардын кең пейилдүүлүгү даана таза берилген!!! Дагы күтөбүз буйруса
Агай бизге түштөн кийин Инсан таануу деген сабак өтчү эле. Тарыхта аты калган, белгилүү инсандардын өмүр баян, кылган иштери тууралуу кызыктуу кылып лекция өтүп берер эле. Көрсө агай биздин инсандык сапаттарыбызды да өстүрүп, адамгерчиликке да даярдап жүргөн экен.
Руслан Акуну удачи плане во всем, один из лучших Режиссёр
Ураа !!! Сонун кино!
Лох
Келгиле коромандар колдоп бааарыбыз лайк басалычы сураныч
Кандай гана сонун адамдар бар, ушул кинодогу адамдардай.❤❤❤
Кесибим мугалим, Россияда полжуйм. Агайдын мектебине барып иштегим келип калды! Агайдын акыл насаатын алып. Ар бир мугалимдин журогу агайдыкындай болсо кыргыз эли эрте эле доолотко жетет. Бар болунуз Агай!
😢менин эле оюмду жазыпсыз.
@@ziabidinovna8323 🥰❤️❤️❤️❤️
7-чи сериясын куткондор биргебиз 🙋♂️
👍🙋🙋🙋🙋🙋🙋🙋🙋🙋🙋❤️❤️❤️🇰🇬
Да
Кутпосонор деле чыгат 😂
Ар бир сериянарга коммент жазам деп унутуп калып жатам киного кызыгып. Сонун кино тартыпсынар.
Мен да агайга кошулуп ыйладым.Гапыр агайдын энелер мектебинде окуп коп нерселерге тушундум.Биринчи озумду тарбиялап анан перзенттериме тарбия бере баштадым.Баары жакшы азыр балдарым мени тушунуп,мен аларды тушунуп дегендей.Кино ото сонун болуп жатат.Кино жаратмандарга Аллах ыраазы болсун.
Кайсыл жактан окуса болот
Ма ша Аллах, Гапыр агайдын методу вообще сонун го 😍. Ушундай адамдардын кобойушу учун дуа кылалы ин ша Аллах. По учун энелерибиз кыздарыбыз акылдуу ыймандуу болушу керек ин ша Аллах. Алга Кыргызстан 🇰🇬
Абдан жакшы сериал экен ишинерге ийгилик❤️
Сериал аябай жакшы чыгып жатат баардык жаматга рахмат
Очень хороший сериал!! Не думал то что наши могут отснять такое!! Жду каждую серию
Карасаңыздар шок бала деген Бекжан бала да ушул агайдын гимназиясынан адам болуп чыгыптыр кайра агайына дем берим,там бердим.
Эххх Биздин элибиз учун канчалык эмгек кылып койду, мен ыйлап атам😭😭😭😭
Суроо биз эмне кылып койдук билим учун?
Билим тармакты сызга отургузду чондор. Башка эч нерсе жок. Талантуу бала болсо да мамлекет комок корсотпойтm, ,байдын балдары менчик сапаттуу Сапат Жана Кембридж сыяктуу жерлерде окушат. 30 дылда ушуга жеттик.
Ц ы йй
Күчтүү серия болуптур! Азаматсыңар!
Аллах ыраазы болсун, Эң жакшы тартылыптыр!Кыргызгыз Элим балдарды жакшы окуталы, Келечек балдардыкы....
Агайдын ыйлаганын коруп мен дагы ыйладым😥
Ата энеме ыраазымын! Мектепке баргым келбей калса , мамам ыйлап кирчу эле. “Мектепке барба анда, ташта деп” бизди бакпайт турбайбы деп. Анан айла жок туруп алып жоночу элек.
Чыдамсыздык менен кутуп коруп калдык го, Агай сериалды! Ошол убактагы гимназияны туптоймун, кучтуу балдарды чыгарамын деп канчалаган кыйынчылыкты баштан кечирген Гапыр агайга терен Ыраазычылык! Ошол гимназияда билим алган Гапыр агайдын окуучулары кандай гана бактылуусунар 🤗
1995-жылы папам раматылык бизге shivaki маркасындагы телевизор видеосу менен алып берген, фильмдегидей биз дагы "видик" дейт элек. Айылда бир эле бизде болчу. Брюс Ли, Чак Норрис, Джекки Чан, Ванн Даммдын кинолурун бүт айыл биздин үйдөн көрүшчү. Нан жок кыйын заман эле, бирок эл келгенде картошка кууруп болгон наныбызды коет элек. Жокчулукка карабастан ошол маалда жашоо сонун эле, элдер бири-бирине күйүмдүү эле. Азыр баарыбыз айлана-чөйрөгө кайдыгер карайбыз. Бирөөнү бирөө сабаса да болушкан адам жок кадимки маңкуртка ( робот сыяктуу)айланып бараткандайбыз....
Гапыр агай сизге рахмат Кыргызстанга сонун шык берип атат сизге таазим азыркы мугалимдер билимди жакшы сабак ото албайт 20 жыл арта калып кетти эле билим боюунча эми ойгондук ийгилик сизге Гапыр агай 🇰🇬☝️👍
Көз жаш кетпейт, бул кино жүрөккө жетет го!
Бул сериясы да кучтуу 😢😢😢тартылыптыр
Менин балалык кезимдеги окуялар окшошо келиптир, абдан ностальгия дегендей болуп коруп келатам.
В целом действительно все эпизоды навевают о годах детства, то как мы жили. Очень интересное повествование, жду каждую серию ❤
Фильмди тартуулаган баардык жааматка ыраазычылык,жашап кетип жатам фильмде,ийгилик❤
Руслан Акун пушкасыз 🔥🔥🔥
Баарынарга келе жаткан орозонуздар кабыл болсун ❤
Оомиин, бирге болсун.
Аллахым ыраазы болсун ушул агайга
Орозо Кут болсун
Мынча акылдуу жан дуйнодо Бир эле жолу торолсо керек. Бар болунуз агай.
Кино жаратмалары бар болунуздар😊
Ыйлап олтуруп кордум. Азаматсыз агай. Эч оорубаныз. Сиз кыргыздын генийисиз