"Нукура кайрыктар Элмирбек Иманалиев менен Нурак Абдырахмановдун обондорунда". Элмирбекти эскерүү..

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 15 вер 2024
  • #bulbul #кыргызчаырлар #бишкек #кыргызстан #бактылууболупжашайлы #элмирбекиманалиев
    20-апрелде Улуттук тарых музейинде ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум, булбулум ай" аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
    Иш-чарага мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Жогорку Кеңештин депуттары Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо Кыргыз эл артисттери Атайбек Бөдөшов, Түгөлбай Казаков баштаган бир катар көрүнүктүү инсандар, Элмирбек Иманалиевдин бир туугандары, достору, күйөрмандары катышты.
    Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Элмирбек Иманалиевдин талантын, кыргыз маданиятына кошкон салымын, анын адамдык бийиктигине токтолду.
    “Элмирбек Иманалиев 100 жылда бир жаралган улуу таланттын ээси болгон. Анын талантын баалаган инсандар бүгүн мына залга батпай чогулуп турушат. Элмирбектин элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бек сакталат. Анын чыгармалары түбөлүктүү”, - деди Касмамбетов.
    Белгилей кетсек, Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум, булбулум ай" аттуу обондуу ырлар жыйнагы анын үй-бүлөсүнүн демилгеси менен Нурлан Нышанов түзүп, Атайбек Бөдөшов нотага түшүргөн.
    Жыйнак “Айтыш” республикалык коомдук фонду тарабынан каржыланып чыгарылган.

КОМЕНТАРІ • 26