Кенже Кобокова - Кечирип кой

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 25 сер 2024
  • КАНАЛГА КАТТАЛГАНДЫ УНУТПАНЫЗ ;) КЛАСС ДЕГЕНДИ БАСЫП КОЮНУЗ ;)
    ТЕКСТ "Кечирип кой"
    Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
    Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
    Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
    Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.
    Кайырма:
    Баягыңдай күлчү кайра,
    Бажырайып жүрчү кайра.
    Баягыңдай эч кайгырбай,
    Баягыңдай сүйчү кайра.
    Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
    Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
    Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
    Тагдыр сени энчилептир өзүмө.
    Кайырма:
    Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
    Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
    Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
    Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.
    Кайырма:

КОМЕНТАРІ • 700

  • @user-xd6ju1dw8h
    @user-xd6ju1dw8h 3 роки тому +73

    Байзак бул ырды жеткире ырдап , ырга өмүр кошту . Байзак аркылуу Кенже Көбөкованы да таанып , ырларын уга баштагандар барбы мага окшоп . Байзак өнөрүң өркүндөй берсин чырагым . Чыныгы талант , үнүңө береке . Жасалма обондон тажап турганда жарк деп чыга келдиң жылдыздай . Жандуу үндү эл да ушунчалык сагынган .

    • @gulnaramyraeva2876
      @gulnaramyraeva2876 3 роки тому +5

      Негизи эле жакшы коруп укчуумун Байзака чейин эле

    • @user-hu1gz3be9v
      @user-hu1gz3be9v 3 роки тому +2

      Ооба айтпаныз

  • @user-fb2mr4zo9c
    @user-fb2mr4zo9c 3 роки тому +61

    Эл тааныган учун 2 миллион коруучу топтоду да,Кенже эже мыкты ырчы,Нарындын таланттуу кызы

  • @user-ug4jw1vf4p
    @user-ug4jw1vf4p 2 роки тому +65

    Санкт-Петербург шаарынан ысык салам азыр угуп жатам ким деги окуп жатса ошол адамга ден соолук иштериниз ийгиликтүү күн каалайм

  • @altynbabaev9939
    @altynbabaev9939 3 роки тому +81

    Качанкы ырдалган ыр эми популярдуу болот деп ким ойлоптур Байзак себепкер болуп менда ушул ырды уккум келип кирип калдым чынында аябай сонун чыгарма экен

    • @aizadajumanazarova6705
      @aizadajumanazarova6705 3 роки тому +3

      Мен да 😙

    • @user-hp6vs5qu7y
      @user-hp6vs5qu7y 3 роки тому

      Бул ыр айтылуу Замирбек акындыкы Кенже ырдаганына коп болду коштоп ырдаган эркек ун ким деймда мумкун Замирбек озубу?

    • @user-xd1io4vi5y
      @user-xd1io4vi5y 4 місяці тому

      Кенже унуно береке Байзак экооно Узун омур по сын Ден соолук болсун

  • @user-em3sf2zf7b
    @user-em3sf2zf7b Рік тому +17

    Әдемі ән! Кішкентай бала әншінің әндеткенінен іздедім. Қандай күшті ән!

  • @user-tv5xd3bx5e
    @user-tv5xd3bx5e 3 роки тому +106

    Бул ырга омур бердин, ырды жашартып койдун Байзак 👍👍👍

  • @SonySony-mq9ti
    @SonySony-mq9ti 3 роки тому +29

    Соонун ырдайт экенсиз Байзак ырдагандан кийин билдим ушундай ыр бар экенин мурда эч уккан эмес элем 👍👍👍азыр кунуго угам бул ырды

  • @user-wh9lx6zl2f
    @user-wh9lx6zl2f 3 роки тому +42

    Байзактан кийин Кенженин ырын угуп калдым.Ато мурда ырын укмак турсун корбопмун

  • @damirabokoeva5802
    @damirabokoeva5802 3 роки тому +57

    Унундон сенин булбулдун унундой болгон аман бол уцбулон меннн бул ырынды Байсак жеткирди.

    • @user-zy4vn7bm8u
      @user-zy4vn7bm8u 3 роки тому +1

      Кенже сизге узун омур денсоолук каалайм деп Кенжегуль сиздин ырларынызды жакшы кором бар бол

  • @xamerxamer7458
    @xamerxamer7458 3 роки тому +67

    Байзактан кийин таныдым Кенже эжекебизди. Бирок Мен ырчымын дегендердин баарынын эле үнү жетпейтко бул ырды ырдаганга. Кенже эжеке и Байзак талантынарга таазим👍

  • @user-cv4hg6dt4q
    @user-cv4hg6dt4q 2 роки тому +5

    Кенже,эн сонун ырдайсын, унуно береке, таланттын оркундой берсин.

  • @user-qj1sk5ff8k
    @user-qj1sk5ff8k 2 роки тому +6

    Байзакка чейин эле таанып ырларын кайра кайра укчумун дагы да угам эргуу алып эс Алам талантынызга таазим Кенже Кобокова

  • @_myiiiketer_mahac7482
    @_myiiiketer_mahac7482 3 роки тому +13

    Байзак бул ырды 100 💯 популярный кылып жиберди до этого бул ырчы эжебизди тааныбайт экен элем золотой мальчик Кыргызии

  • @almagul.s
    @almagul.s 2 роки тому +4

    Унуно береке.Кенже Кобокова сонун ырдайт.Ийгиликтерди коп коп багынтып,онорун оркундой берсин.

  • @linkom5904
    @linkom5904 3 роки тому +32

    Тиги укам жан берген экен да...

  • @user-yy9sh4hp8f
    @user-yy9sh4hp8f 3 роки тому +26

    Мен да кичинекей балакай ырдагандан кийин кирип угуп атам🥰🥰🥰

  • @SonySony-mq9ti
    @SonySony-mq9ti 3 роки тому +19

    Мурда тааныбачы элем бул ырчыны Отто зор ырдаптыр 👍👍👍

  • @llvovnikolaii
    @llvovnikolaii 3 роки тому +14

    Мен кыргызмын 30 жылдан бери Кыргызстандан сыртта чет жерде туруп келем.Ушул ырды уккандан кийин мындай ырды жараткан жана Кенже сыяктуу накышын келтирип орундаган арууга узак омур тилейм жана сыймыктанам.20 кылымдын 80 жылдардагы жаштык омурум баардыгы эске тушту.РАХМАТ САГА КЕНЖЕ.РАХМАТ

    • @user-bu4dj6ke5l
      @user-bu4dj6ke5l 2 роки тому +1

      Менда силер сыяктуу бул ырды байзак аркылуу угуп жагып калды кенже сага рахмат ырга кайрадан жаны омур берип койгонуна талантына таазим ийгилик каалайм

    • @only_you312
      @only_you312 Рік тому +1

      Бул ырдын обону тексти залкар замирбек усөнбековго таандык

  • @user-xh1hc4vz9g
    @user-xh1hc4vz9g 3 місяці тому +1

    Кенже алтышка ушул Замир байкендин ырына Жан киргиздин,жарайсын,унуно береке,ырын да ,унунда соонун,Аман жур,оркундой,осо Бер!!!!

  • @user-vr9jh9zp5o
    @user-vr9jh9zp5o 3 роки тому +132

    Кенже сизди эми танып жатам , кичинекей бала аркулуу . Балакай да сонун ырдаптыр укан сайын укун келет . Буйруса балакай орто Азияга таныктуу эстрада жылдызы болот .

  • @user-gz5ch4en3u
    @user-gz5ch4en3u 3 роки тому +20

    Бул ырды Кенже алгач алып чыккандан бери, тынбай угуп келебиз! Созу; З. Усонбаев акын агабыздын турмушуна карата арналып чыккан ыры! Ыр 4-5 жыл мурун тартылган! Копчулукко Кенже ушул ыры м-н таанылып келет! Ийгилик каалайм!

  • @KalysJenishbekov
    @KalysJenishbekov 3 роки тому +11

    Үнүңө береке молодцы жакшы ырдайсың мен да ырдагым келет ушул ырды сиздей болуп 😄😄👍👍👍👍👍

  • @jailoobekova9622
    @jailoobekova9622 3 роки тому +144

    Кичинекей бала ырдаганча билбептирмин ушундай керемет ыр бар экенин

    • @user-sn8ml9ry6r
      @user-sn8ml9ry6r 3 роки тому +4

      👍🏼

    • @user-oc5wi2nh3w
      @user-oc5wi2nh3w 3 роки тому +4

      Оа бар

    • @gdyduffufuchc4258
      @gdyduffufuchc4258 3 роки тому +3

      Мага ватсаптан бироо жоноткон экен мына ырды укчу деп угуп коруп фонограмма деп ишенген эмесмин мындай карап корсом озу ырдаган экен кайра кайра кайталап кордум соонун ырдайтго ким экен бул деп сурап журупмун той пойдо ырдатыптырда депмин биринчи кийин оозум ачылды интернетте бут эле ошол экен карасам Кобок Собоктор калып эле кетиптир тээ томон жакта

    • @user-ec1gn3qn1p
      @user-ec1gn3qn1p 3 роки тому

      Мен да Байзак ырдагандан кийин кызыгып угуп корсом сонун ыр экен.

    • @user-hu1gz3be9v
      @user-hu1gz3be9v 3 роки тому

      @@user-ec1gn3qn1p мен деле билбептирмин

  • @nyrjannatkaiypbekova5252
    @nyrjannatkaiypbekova5252 2 роки тому +90

    Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
    Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
    Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
    Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.
    Кайырма:
    Баягыңдай күлчү кайра,
    Бажырайып жүрчү кайра.
    Баягыңдай эч кайгырбай,
    Баягыңдай сүйчү кайра.
    Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
    Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
    Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
    Тагдыр сени энчилептир өзүмө.
    Кайырма:
    Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
    Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
    Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
    Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.

    • @baktybekshaikyev1959
      @baktybekshaikyev1959 Рік тому +3

      Рахмат кошулуп алып аябай жыргадым ♥️♥️😊😻

    • @user-js7xd2nj8j
      @user-js7xd2nj8j 7 місяців тому +1

      Байзак кайда,эмнеге ырдабай жатат.

  • @user-zn2dy3nb3m
    @user-zn2dy3nb3m 5 років тому +30

    Созу,обону Замир Усонбаев агайга таандык "Кечирип кой"-деген ыр эн маанилуу,уккулуктуу экен. Агайдын омуру узун болсун. Артынан озуно окшогон кучтуу токмо акындарды, арыбай-талыбай тарбиялай беруусун каалайбыз. Аллахым озу жар болсун,Аамиин!!!

  • @user-rl7hu3pv4m
    @user-rl7hu3pv4m 2 роки тому +7

    Замирбек Усонбаев агабыз керемет чыгарган экен бар болунуз

  • @user-tp1cv6xp8b
    @user-tp1cv6xp8b 5 років тому +153

    Жандарым сол Қырғыздарым 🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷🎂🎂🎂

  • @user-oc8ey8ze9s
    @user-oc8ey8ze9s 6 років тому +27

    кенжн ырдаган ырды замирбек усенбаев жазган обону да замкеники омурлууу бол кудайым Ден соолук берсин.

  • @zaidabatyrkulova2539
    @zaidabatyrkulova2539 3 роки тому +60

    Кичинекей бала абдан соонун ырдаптыр

  • @user-ot9ky8hm3t
    @user-ot9ky8hm3t 2 роки тому +3

    Кенже азаматсыз,чыгармачылык ийгилик!Мен дагы Байзактын ырдаганын угуп,ушул ырды жактырып угуп калдым!

  • @gulnaramyraeva2876
    @gulnaramyraeva2876 3 роки тому +8

    Байзака чейин эле укчуумун жакшы коруп Кенже кобокованын Бут ырларын билем суйуп угам Байзак ушунун ырдаганын угуп артынан ырчы болду да

  • @user-py8yd1rr9j
    @user-py8yd1rr9j 3 роки тому +21

    мен казак кызы кыргыздар кудалар песни супер кыргыз халкына салем уважаю вас

  • @user-rz3ek7ef2j
    @user-rz3ek7ef2j 3 роки тому +2

    Талантына таазим Кенже. Бул ырды суйуп укчу элем, Кенже автору экенин Байзак таанытты садага.

  • @user-pf3yn8wg3v
    @user-pf3yn8wg3v 4 роки тому +21

    Молодец 👍👍👍👍.
    Унуно береке, коп жаша, ырдын мааниси ооло соонун.
    Ырчы да от души ырдаган, класс

  • @user-zi5hx1qj6p
    @user-zi5hx1qj6p 3 роки тому +2

    Байзакты угуп издедим воды байзак журокко жеткире ырдаптыр Кенжеда таланттуу ийгилик каалайм Байзак уну озгочо керемет вокал мн иштесе бийиктиктер багындырат Коколой берсин!

  • @user-xt3lp7lk9q
    @user-xt3lp7lk9q 3 роки тому +4

    Кенжедей бизде керемет ундуу ырчы бар экенин Байзак аркылуу билдим.Буга чейин каякта жургон.Ырлары , уну дагы абдан жагымдуу экен.Уккун эле келип турат.Унунор очпосун.Журоктон чыккан ырлар.💓

  • @dinakakochkorova3031
    @dinakakochkorova3031 2 роки тому +3

    Байзак, бул ырды. Элге тааныты. Молодецть Байзак 👍👍👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬💪💪💪💪💪💪💪💪❤

  • @user-do7ti8lu5i
    @user-do7ti8lu5i 2 роки тому +5

    Мындай ырчы кызды жашы өтүп калган биз тааныйбыз,чыныгы талант аваз баары бар

  • @aziko7626
    @aziko7626 2 роки тому +4

    Урушканды жараштырчу, таарынганды кетирген ыр болуптур , маанисин түшүнүп угуп көрсөм . Бажырайып эле, күлүшүп жашап өткөнгө эмне жетсин, азаматсыз.

    • @user-hv4rn2oi1l
      @user-hv4rn2oi1l 2 роки тому

      Долл эщ Скопированный текст автоматически отобразится здесь7 гл биз 87 Дж шшш 08.00 ь8Скопированный текст автоматически отобразится здесьСкопированный текст автоматически отобразится здесьСкопированный текст автоматически отобразится здесьСкопированный текст автоматически отобразится здесьСкопированный текст автоматически отобразится здесьш7ь8ш88г87ш9щшщзш8шдэжщджшжшжл8южщ80шшльошжжллждюжщюш8ююжшщг7 89э8юэ88южПроведите пальцем по элементам буфера, чтобы удалить их г 80ден шююззщжзщююж89ююэжш8ж

  • @user-dd8ep1ny1e
    @user-dd8ep1ny1e 3 роки тому +4

    Азаматсын кудайдан берилген чыныгы таланттын бар экен Онорун оркундосун алтыным

  • @user-wl4mo9to2u
    @user-wl4mo9to2u 7 років тому +32

    Аяябай сонун ыр,ырдаган ырчы да үнү аябай сонун экен!!!Өнөрүн өркүндөй берсин!!!

  • @user-zw2pg5om4d
    @user-zw2pg5om4d Рік тому +2

    Менин эн жакшы коруп ыпдаган ырым.Кенже жакшы аткаргансын.
    100 жолу уксам да жадабайм.Жана озум да ушул ырды коп ырдайм.
    👏👏👏👏👏👏👏👏👏

  • @user-sn8ml9ry6r
    @user-sn8ml9ry6r 3 роки тому +18

    Байзак соонун ырдаптыр

  • @user-hx9rw9xu9m
    @user-hx9rw9xu9m 4 роки тому +31

    Ушул ырды канча уксам да тажабайм Кенже эже жеткизе ырдаган

  • @user-sb9tn8ff4f
    @user-sb9tn8ff4f 10 місяців тому +3

    Ездила,в Нарын на той,там каждая семья певучая,и вот услышала эту песню и с тех пор понравилась,,

  • @samsung01galaxy81
    @samsung01galaxy81 3 роки тому +2

    Аябай сонун ыр экен.чындыгы Байзак ырдап жеткирди го дейм копчулуко.экоо тен жакшы ырдашкан Байзактын уну ото тунук .таза.
    Аман болгула.

  • @ainurseitova1143
    @ainurseitova1143 6 років тому +8

    Азаматсын Кенже!!! Узак омур бекем ден соолук чыгармачылыгына ийгилик!!!. Бар бол эсен жур. Унун соонун кайра кайра угам эч тажабай.

  • @sezimulanbekovna9875
    @sezimulanbekovna9875 3 роки тому +2

    Соонун ыр Байзак ырдагыча коп укпачы элем азыр коп угуп калдым 👍👍👍👍👍👍👍

  • @user-bp7yc3wv6h
    @user-bp7yc3wv6h 3 роки тому +3

    Мен да жаш баланын ырынан кийин издеп тааныдым бул ырчыны.Бирок бала ырга кайрадан жан киргизгендей уккулуктуу ырдаган

  • @ymyt9081
    @ymyt9081 3 роки тому +12

    Кичинекей жигиттин ырдаган ыры аркылуу Кенже эжени тааныдым😊

  • @gulyak7501
    @gulyak7501 3 роки тому +1

    Кенже Кобокова ар бири менен таанымал Жан дуйного булук салган ар бир ыоы элге жана мага ото сонун мукамдук ун бар бол Кенже.

  • @bekergeshov347
    @bekergeshov347 3 роки тому +6

    Кичинекей бала аркылуу популярный болуп кеттиби бул ыр

  • @user-md4rk5vd3m
    @user-md4rk5vd3m 3 роки тому +16

    Қазақ - Кыргыз бир туган. Кыргыз бауырлар аман болындар. Кандай керемет өлең.

  • @user-lw2ik5wh3w
    @user-lw2ik5wh3w 4 роки тому +23

    Какой прекрасный голос !!! И сама красавица !!! Приятно слушать и смотреть ❤👏👏👏👏👏

    • @user-dz5lu5pc9k
      @user-dz5lu5pc9k 4 роки тому +2

      Да , Александр!!!Я с Вами 100%согласен.

  • @cholponalapaeva6539
    @cholponalapaeva6539 3 роки тому +4

    Кенже Кобокова кыргыздын таланттуу кыздарынын бири.Бул ырды Кенже мурунтадан бери эле аткарып журот.

  • @janaradjunusheva8620
    @janaradjunusheva8620 3 роки тому +70

    Кичикий Байзак сонун ырдаган кайра кайра уктум

    • @kyrgyzstanalmambet7518
      @kyrgyzstanalmambet7518 3 роки тому +4

      Ошол Байзактын арты менен ушул ырды таптым,мурда укпаптырмын.азыр кайра кайра угуп жатам

    • @gdyduffufuchc4258
      @gdyduffufuchc4258 3 роки тому +2

      Байзактын ырдаганын уксан Кенженикин укпай эле туруп откоруп жибересин койчу нары деп

    • @user-xo3pv4yj6q
      @user-xo3pv4yj6q 3 роки тому

      @@gdyduffufuchc4258 Эххх

    • @user-hf3bc1rp4c
      @user-hf3bc1rp4c 3 роки тому

      Саламатсызбы менда комуз менен ырдап калам сизден тарбия алгым келет сонун унунузго береке

  • @user-ow6fc3gb3z
    @user-ow6fc3gb3z 2 роки тому +2

    Ырларынар аябай журокко тийеткен, озум ырдап жаткандай, суйуп калдым .

  • @user-jz7sl9iz4k
    @user-jz7sl9iz4k 11 місяців тому +1

    Salom judayom yoqimli qowiq ekan❤❤

  • @user-ko5di3gs2u
    @user-ko5di3gs2u 2 роки тому +8

    Мен да кичине бала ырдап чыканда баштап уга баштадым.👍

  • @user-ej8vb1lp2k
    @user-ej8vb1lp2k 3 роки тому +2

    Мен элге жакшы тааныла элек кезинде аябай жактыргам турган турпатын,оор басырык Кенже Кобокова 😍😘😘

  • @user-ed1vb9np8s
    @user-ed1vb9np8s 3 роки тому +2

    Бул ырды Кенже биринчи ырдап чыкканда жакшы көрүп,интернеттен көчүрүп жаттап алгам .Ыр кесе болуп ырдасам башкалар да ырдагысы келген.

  • @user-ec1gn3qn1p
    @user-ec1gn3qn1p 3 роки тому +1

    Ушул ырды Байзак ырдаганын уккандан кийин кызыгып, кайра кайра угуп, Кенже деген ырчы бар экенин анан билдим. Негизи ырды Замирбек Усонбаев агабыз жазгвн экен. Ырга Байзак популярдуулук берди

  • @user-oi5ep7mq2b
    @user-oi5ep7mq2b 3 роки тому

    Кечирип койунуз эжеке мен чындап Байзактан кийин сиздин ырларынызга маани берип угуп калдым аябай жакшы жагымдуу ырларыныз бар экен эч маани бербепмин супер

  • @user-nk6fh6qk3z
    @user-nk6fh6qk3z 6 років тому +6

    Кенже синдим сени менен Нарындыктар сыймыктанабыз талантын ташкындай берсин Нарын дайрасындай.Ден соолукта бол.

  • @user-yp4pr3mv6f
    @user-yp4pr3mv6f 2 роки тому +2

    Ийгилик ,Ден соолук каалайм!!!

  • @user-bq2lg5tb5n
    @user-bq2lg5tb5n 3 роки тому

    Сонун ыр экен Байзак.Кенже Кобокава эженин ыры дегенден кийн издеп Кенже Кобокаваны тааныдым,экоо тен зор ырдаптыр унунор дуйно жузуно жетсин онорунор оркундой берсин

  • @hddkdkxnbzvsjsjsjsb2655
    @hddkdkxnbzvsjsjsjsb2655 5 років тому +11

    Сиздин талантынызга суктанам .Кыргыздын маданиятынын эн соонун сапаттарын корсотосуз.

  • @user-nq4er5nc7r
    @user-nq4er5nc7r 3 роки тому +13

    Абдан жеткиликтуу кылып аткарыптыр.👍👍👍👍👍

  • @lifeisgoodlifeisgood4467
    @lifeisgoodlifeisgood4467 3 роки тому +3

    Байзак ырдабаса деле таанычумун Кенже ырга экинчи омур берди Байзак

  • @user-db5pw1el3p
    @user-db5pw1el3p 3 роки тому +4

    Кенженин үнү аябай соонун,кандай ырдаса да жарашат.

  • @user-bo9qo5yv7t
    @user-bo9qo5yv7t 3 роки тому +4

    Эмнеге антесинер мен Кенжени коптогон ырларын суйуп угуп келем коп жылдан бери сопсонун ырдайтго чиркин журоко жеткирип

  • @user-su1zh2xt1h
    @user-su1zh2xt1h 3 роки тому +1

    Бул ырга корк берген Кенже Кобокова,Залкар акын Замирбек Усонбаевдин чыгармасы,процеске баа бериш керек финалга карабай,Кенже мыкты аткарган,анан башкалар анын кайрыгына салып жакшы уну барлар кооз аткарып журот,Байзакта да голос бар экен,келечектен жакшы чокуларды багынтат бул багытта кетсе иштери ийгиликтуу болсун.

  • @caofgek3664
    @caofgek3664 3 роки тому +2

    Ушул ырдын маанисин Байзактан кийин балап баштадым корсо соонун ыр турбайбы азаматсын!Байзак.

  • @user-po3ty1qv1p
    @user-po3ty1qv1p 4 роки тому +6

    Бул ыр Кенже учун жазылгандай. Кенже да ырга керемет жан киргизиптир, бали! Комуз менен ырдаганда да озгочо угулат.

  • @user-xy4hy8kp1y
    @user-xy4hy8kp1y 2 роки тому +6

    Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы
    Каалабадым сенден болок башканы
    Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн
    Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таны
    Баягыдай кулчу кайра
    Бажырайып жүрчү кайра
    Баягыдай эч кайгырбай
    Баягыдай сүйчү кайра
    Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө
    Көргүлө толуп тең келбедиң ай өзүнө
    Катту болуп дайым бирге жүрсүн деп
    Тагдыр сени жнчилетир өзүмө
    Баягыдай кулчу кайра
    Бажырайып жүрчү кайра
    Баягыдай эч кайгырбай
    Быягындай сүйчү кайра
    Кабыл албай эми айткан созунду
    Канча жолу капа кылдым өзүңдү
    Кечир жаным суранарым кечирсин
    Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү
    Баягыдай кулчу кайра
    Бажырайып жүрчү кайра
    Баягыдай эч кайгырбай
    Баягыдай сүйчү кайра
    Баягыдай эч кайсырбай
    Баягындай сүйчү кайра

  • @user-lr1cs2uq5r
    @user-lr1cs2uq5r 3 роки тому +2

    Сонун, ыр экен, Байзак сонун ырдаптыр, уну аябай жагымдуу бала экен🤗🤗🤗👍👍👍

  • @user-ip5is8hb4n
    @user-ip5is8hb4n 4 роки тому +3

    Сөз жок, мыкты чыгарма ийисине жеткире ырдалыптыр,Кенже синдим аман б.п ден соолукта жүр, ишине ийгилик! Талантын ташкындай берсин!үнүн ар дайым конгуроодой б п ырдап жүр!👏🏼👏🏼👏🏼💐💐💐💐💐💐💐💐💐💐😋😋😋

  • @agk2366
    @agk2366 6 років тому +17

    Жакшы ырдайт унуно береке алтышка, мазмуну жакшы ырларды ырдайт.чыгармачылык ийгилик каалайм.

  • @user-ze9xe3by5s
    @user-ze9xe3by5s 3 роки тому +152

    Баланы коруп келдинерби силер дагы ?

  • @KGZKGZ-uv3rl
    @KGZKGZ-uv3rl 4 роки тому +11

    Ыр укмуш чынында!

  • @aiturganjarasilova2117
    @aiturganjarasilova2117 4 роки тому +16

    Кенженин уну кандай таза бар бол кыргызымдын сулуу кызы

  • @dbvkskxvlsjss
    @dbvkskxvlsjss 3 роки тому +2

    Мен да издеп келдим ушул ырды кайра кайра жаттап ырдап жатам мааниси жакшы ыр экен байкабай журуптурбуз

  • @danikemranov9209
    @danikemranov9209 6 років тому +35

    Нарындын таланттуу кызы👍👍👍

  • @user-ro1ts9ro2y
    @user-ro1ts9ro2y Рік тому +1

    Кенже Көбөкова ырчы кызыбыз менен сыймыктанабыз бар бол

  • @aidauraimovna5067
    @aidauraimovna5067 3 роки тому +572

    Кичинекей баланын ырдаганын коруп келгендер барбы мага окшоп?

    • @user-pb8tm2fu9y
      @user-pb8tm2fu9y 3 роки тому +13

      👍👍👍👍👍👍😊😄

    • @user-ly1sk3ug5b
      @user-ly1sk3ug5b 3 роки тому +17

      Менда ошону коруп алып угуп атаи

    • @sumolokmoskva3021
      @sumolokmoskva3021 3 роки тому +13

      Ооа кичинекей баланын үнү менен ырдаган бул ыр укмуш эле а 👍🏻бул анын жанында анча угулбай калаткен😁

    • @user-gs1yc2tf7t
      @user-gs1yc2tf7t 3 роки тому +11

      Кичинекей бала ото сонун ырдады. Мен да кордум сага окшоп

    • @AidaiNur-ch8hv
      @AidaiNur-ch8hv 3 роки тому +9

      оба

  • @reasertyfdghjiu9530
    @reasertyfdghjiu9530 3 роки тому +19

    Байзак ырдабаса бул ырды уккан эмес экенмин бала сонун ырдаптыр

  • @user-lp5xm6sr8x
    @user-lp5xm6sr8x 3 роки тому +16

    Байзак мн дует ырдап чыкыла кутобуз 👍👍

  • @user-jq1kd3zb8q
    @user-jq1kd3zb8q 3 роки тому +8

    Аябай жагат. Унуно береке

  • @user-mh6gb9xm4c
    @user-mh6gb9xm4c 3 роки тому +154

    Балакай ырдагандан кийин бул ырчыны тааныдыкго.

    • @k.r7773
      @k.r7773 3 роки тому +8

      Сен эле тааныбасан кобу эле таанычу ...

    • @KADICHA_90
      @KADICHA_90 3 роки тому +15

      Ал бала ырдабаса ушундай сонун ырдын маанисин тушунуп укпай журо бермек экем 😁

    • @KADICHA_90
      @KADICHA_90 3 роки тому +6

      Ал бала ырдабаса ушундай сонун ырдын маанисин тушунуп укпай журо бермек экем 😁

    • @aelitaerkinbekova6358
      @aelitaerkinbekova6358 3 роки тому +8

      Жоок бул эже элге таанымал мыкты эже

    • @perizat853
      @perizat853 3 роки тому +6

      Мен тааныйт болчум мурда эле)

  • @grysmamatova3134
    @grysmamatova3134 3 роки тому +54

    Мурдатан эле таанычуубуз озу Кенже Кобокова таанымал таланттуу ырчыго

  • @user-so2wy9gs7h
    @user-so2wy9gs7h 3 роки тому +2

    Байзак ырдагандан бээри куну кечке укчу болдум 👍

  • @user-fc9kc7yv5f
    @user-fc9kc7yv5f 7 років тому +9

    Кандай соонун ыр керемет!!! Ийгилик

  • @user-yq5ks7ih3v
    @user-yq5ks7ih3v Рік тому

    сонун ырдапсыз журокту елжиретип уккан сайын уккун келип😊👍

  • @adilff7646
    @adilff7646 2 роки тому +2

    Сонун ыр экен🥰👍

  • @user-ez9iy7ki1g
    @user-ez9iy7ki1g 3 роки тому +2

    Мен коптон бери тааныймын унунузго береке бардык обонду ырдап берет ырчы деген ушул эжедей болуш керек

  • @user-jk7jh7uq1d
    @user-jk7jh7uq1d 3 роки тому +2

    Мага жакты бул ыр абдан жакшы экен.🌹🌹🌹

  • @user-hq5sq6we2o
    @user-hq5sq6we2o Рік тому +1

    Азаматсын!
    Сендей ырчы чанда гана бар

  • @ladaaudi9895
    @ladaaudi9895 3 роки тому +18

    Ушул ыр сонун экенин Байзак ырдагандан кийин жагып калды

  • @user-gb4ds5oi6y
    @user-gb4ds5oi6y 3 роки тому

    Бул ырды кичине бала ырдагандан кийин билдим жакшы ыр экен уккан сайын уккун келет

  • @user-yq6hz4jj5y
    @user-yq6hz4jj5y 3 роки тому +1

    Эн соонун ыр унунузгоо береке эжеке👍👍