Жумадил Эгембердиев агайдын Кыргыз элинин жаңы жашоо ыргагы тууралуу кызыктуу баяндамасы
Вставка
- Опубліковано 13 жов 2024
- Cергитүүчү жана кыргыздын эң сүйүктүү улуттук суусундугу - «Шоро» компаниясынан максым саткан эжелердин калаа көчөлөрүндө пайда болушу менен жаздын келишин сезебиз. Легендарлуу компания көптөн бери өзүнүн өндүрүмүнүн көлөмүн да, географиялык камтуусун да кеңейтип, ишкердиктин жаңы горизонтторун багындыра баштады. Феномен компаниянын тең негиздөөчүлөрүнүн бири Create4-2023 фестивалынын хэдлайн спикери - Жумадил Эгембердиев. Ал базардагы сатуучудан өлкөдөгү эң ири компаниянын негиздөөчүсүнө чейинки ийгиликтери менен бөлүшөт.
Видео көрүү убагында пайдалуу маалымат алып, эргүүгө батышыңарга тилектешпиз. Ой пикириңерди ылдыйда жазсаңыздар болот!
_______________________________
Create4 Креативдик индустриялар фестивалы 2022-жылы Кыргызстандагы БУУӨП жана Креативдүү индустриялар ассоциациясы тарабынан демилгеленген өлкөнүн креативдүү экономикасын жана бүткүл жаратмандар менен инноваторлор коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо үчүн өзгөчө кеңири аянтча.
Create4-2023 программасынын расмий өнөктөштөрү - ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана Борбор Азиядагы Америка университети.
Табылды Эгембердиев, Жумадыл Эгембердиев булар бир тууган шорону негиздешкен эки бир тууган
Асалоом алейкум Жумадил байке жакшы кенеш айтиыныз аксакал болуп бар болунуз дайыма ушинтип жаштарга дем болуп креативдуу болуп журо бериниз 👍👍👍👍😍
Азаматсыз❤
Шорону Жумадил ага эмес Табылды ага өзү түптөгөн... Кайран адам... жаткан жери жайлуу болсун...🤲🤲🤲⚘⚘⚘
Шорону негизи Табылды туптоду беле???
Баары жакшы Жумаке, кыргыз үчүн ат көтөргүс кызмат кылдызыз. Эми кыргызчаны орусча аралаштырбай так сүйлөсөңүз мындан да жакшы болоор эле.