ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА “ МЕН ЖАШАГАН АЙЫЛДАГЫ АТАЛАР” | АНГЕМЕ | кыргызча аудиокитеп |

Поділитися
Вставка
  • Опубліковано 20 лис 2023
  • Бөлөкбаева Венера - акын,жазуучу.
    Токтогул районунда 1969-жылы 20-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
    1997-жылы жаш акын-жазуучулардын республикалык “Ала-Тоо - 97” фестивалынын лауреаты болуп, “Сорос - Кыргызстан” фондусунун демөөрчүлүгү менен “Гүкү энем” деген алгачкы ырлар жыйнагы 1998-жылы жарыкка чыккан.
    2004-жылы Эл аралык Айтматов фондунун, Швейцариялык Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча Башкармалыктын колдоосу менен өткөн жаш авторлордун “Дебют - 2004” адабий сынагына прозалык чыгармалары менен катышып Эл аралык Айтматов фондусунун Ысык-Көл жээгиндеги “Мастер-Класс” жайкы мектебинде окууга мүмкүнчүлүк алган жана прозалык (виньет) чыгармалары 2-орунга татыктуу болуп, кыргыз, орус, англис тилинде чыгарылган “Алманын мөмөлөрү” аттуу альманахка киргизилген.
    Ырлар жана ой-толгоолордон турган “Жүрөгүмдө” аттуу китеби Республикалык жаштар сыйлыгына татыктуу болгон.
    Республикалык “Айтыш” коомдук фондусунун “Калемгер” адабий клубу уюштурган 2005, 2006-жылдагы сынагында “Мыкты аңгемелер сынагынын жеңүүчүсү” деген II даражадагы дипломдор менен сыйланган.
    1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.(ky.wikipedia.org/wiki/%D0%91%...)
    • ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: ЭНЕ...
    • ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: ШОО...
    • ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА “ МЕ...
    ruhesh.kg/ky/dasmiya/821-bolok...
    Айлананы бозорто туман басып, жер-суу тоңо баштаган маалда ушул алакандай айыл тургундарынын катарына кошулгам. Эки үй-бүлө үчүн ылайыкташтырылып салынган үйдүн бир жак капталында жашайм. Мени жууркан-төшөктөр, идиш-аяктар менен бирге атам тартуулаган радио, телевизор жана итибиздин күчүктөрүнүн бирөөсү «коштой» келген. Өкүнүчүмдү, өксүгүмдү бой тарткан шаарыма калтыргам. Жок, туура эмес айтып алдым, мындан мурунку өмүр күндөрүмө дейинчи…
    Азыр мен мурда көрүп билбеген, алыскы тоо коюнундагы «Төрөт үйүндө» эмгектенем. Эзелтеден эле ишин баштаган, касиеттүү кесиптин ээсимин. Энелерге «жардам берип» жарык дүйнөгө келаткан бөбөктөрдү «тосуп алам». Мактангандык эмес, эмгек жамаатымдагы айымдардын арасында «көзгө басаар» жогорку билимдүүсү болуп саналам. Ошондуктанбы, төрөт үйүнүн жетекчиси кылып коюшкан. Ар бир төрөттү дагы өзүм башында туруп кабыл алууга милдеттүүмүн. Жанымдагы кесиптештерим жардамчылык гана кызматты аткарышат. Айылдын кыз-келиндеринен деле Медициналык Академиядан окуп бүткөндөр бар экен. Бирок алардын баары мага анча жага бербеген - калаада эмгектенишээрин уктум.
    Бу күндөрүмдө, бир жакшына ишеним менен жашап жүрөм. Баары бир, баардык адам баласына бактылуу учурдун жылт-жулт эткен учкундары бирде болбосо бирде чачырап турат экен! Мен андай бактылуу учурларга ушул айылдан бат-бат кездешүүдөмүн. Оо, санай берсем абдан көп: бөйтөйгөн бөбөктөр, сыйлар, жан кубанткан сөздөр, күтүлбөгөн тамаша-күлкүлөр.
    Башка айылдардын кандай экенин билбейм. Мен жашаган айыл өзгөчөлөнгөн айыл. Кут, береке тынымсыз куюлуп турабы деп таңданам. Анткеним, ымыркайлардын аталарынан улам…
    Аудиокитеп,кыргызчакитеп,кыргызча,Бишкек,кыргызстан,укмакитеп,Китеп,окуу,турмуш,окуя
    #аудиокитеп #кыргызча #кыргызстан #кыргызадабияты #укмакитеп #аңгеме #сериал

КОМЕНТАРІ • 6

  • @user-wh1tt2nz2g
    @user-wh1tt2nz2g 8 місяців тому +2

    Абдан кызыктуу окуу.Айылдагы жашоону коз алдыдан откордум.❤Калемин катылбай ,жакшы чыгармаларды жарат!🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌞

  • @user-fm1yn2vp8t
    @user-fm1yn2vp8t 8 місяців тому +1

    Өзгөчө чыгарма. Оргиналдуу көз ирмемдерди жазат Венера эже.
    Бир сонун айылга барып келгендей болдум. ❤
    Кыскача эсселерин деле окусаңыз. Кооздоп окуган сизге дагы ыракмат. 💃💃

  • @user-nc1mt5zh1j
    @user-nc1mt5zh1j 8 місяців тому +1

    Ишиңерге ийгилик 👍

  • @user-bn1su7vg4w
    @user-bn1su7vg4w 8 місяців тому +1

    13:22 😂

  • @user-mj2ny1fl1d
    @user-mj2ny1fl1d 5 місяців тому

    Венера сизде чон ой жугуртуу бар .Сиз менен суйлошуу кызыктуу болот . Иемен олкосу Жана Палестина олкосундо жаш балдар коп олду бирок алар бейиште.Мен.сизди телевизордон кордум интернетен издедим кызыктуу айым экенсиз.