Ашыктык ыры ИДАЯТ // Эң мыкты аткаруу // 2024
Вставка
- Опубліковано 4 тра 2024
- Шекербек Адыловдун «Идаят» чыгармасын мыкты деңгээлде атркарышты
аткаргандар:
Улукбек Токтоболот Уулу
Бакыт Акматов
Нурсултан Кадыралиев
Бала Замирб
👍 ЛАЙК! ПОДПИСКА! ✔ КОҢГУРОО!
Бизге катталганды унутпаңыз!
/ @kuttv_production - Розваги
*УРМАТТУУ КӨРҮҮЧҮМ* видеого лайк👍 басып, алдыдагы *ПОДЕЛИТЬСЯ* кнопканы басып башкаларга бөлүшүп кетиңиз🙏😊
Туркиядан силерге жалындуу ысык салам жолдоймун Силерге омурунор узун болсун Кыргыз элим
Сонун чыгарма канчанчы жолу угуп атам озум да билбей калдым азаматтар Москвадан
Азамат азамат жаш таланттар келечектин Эмгек сиңирген, Эл артисттери, мына ушулар. Азаматтар чыгармачылык албан албан ийгиликтерди каалайм, ар дайым эле ушинтип кыргыз элине кызмат кылып жүрө бергиле.
Ай жигиттер тобу, силерге рахмат! жакшы ырдапсыңар, Семейден салам!🎉
Керемет ыр керемет аткаруу👍👍👍
Мындай керемет чыгарманы ким жазды экен деп сураштырсам, Шекербек Адыловка созу жана обону таандык дешти. Ото кучтуу жазылган чыгарма экен, укканда ордумдан туруп кайра отурдум. Шекербек Мырза, ойлонто турган, ойгото турган, мааниси кучтуу ыр экен, Бар болунуз, онорунуз ташкындай берсин!!!
Рахмат Сизге!!!
Кайра кайра уга Турган ыр болуптур . Азаматтар бар болгула.
Азаматтар ,кыргыздын учугун улай турган ,кудай онор берген эр Азаматтар!!! Онор деп ,ыр деп ушуну айтыш к к.
Бали!Бали!Жаратканым жакшылыгы менен жалгап өсө бергиле кыргызымдын КЫРААНДАРЫ👍🥳🤲
Унунорго береке азаматсынар талантынар ташкындай берсин
Улук ден соолукта болуп үй бүлөөң м-н бактылуу аман эсен,сахнанын көркү,,зоболон зор болсун
Кыргызстанды сагындым Сонун ыр экен Кыргыз экениме сыймыктанам❤❤❤❤❤
Азаматсыңар көз тийбесин аман болгула Улукбек улуттун жүзү болуп бактылуу бол.
МАЛАДЕС ТАЛАНТАРЫМ БАРЖОГУН СОНУН ЫРДАПСЫНАР БАРБОЛГУЛА
Соз жок жигиттер, омуруного береке
Идаят деп атыңды, ырга сени салайын,
Күйгүзсөң да ичимди, күндө жолуң карайын.
Эч ким тартып алалгыс, ырдан мончок тагайын,
Арзып жүргөн жанымды, алып сага барайын.
Ашык болдум өзүңө, аяйсыңбы? Аягын..
Эрмегимсиң Идаят, элге угулсун баяның.
Жаңы чыккан баланы, тили сенсиң Идаят,
Жайнап чыккан жылдыздын, бири сенсин Идаят.
Коштоп жүргөн өмүрдүн күнү сенсиң Идаят,
Коңгуроодой комуздун үнү сенсиң Идаят.
Өлчөп турган жарыкты көзүм болдуң Идаят,
Өрткө салган жанымды өзүң болдуң Идаят.
Сезим өзүң келсеңчи, Семетейдин Чүрөктөй
Жолугаарга, Идаят, жолтоо болду күн өтпөй.
Тартсаң боло жибиңди, Төлөгөндүн Жибектей,
Колдон келет иш болсо, койбойсуңбу жүдөтпөй?
Жарпым жазып жаныма келесиңби Идаят?
Жаңшап айткан сөзүмө көнөсүңбү Идаят?
Курман болгон сүйүүдөн Кулмырза да Аксаткын,
Куса кылдың Идаят, куураттың да какшаттың.
Кулу экен сүйүүнүн Курманбек да Айганыш
Кургурум ай Идаят, куса кылбай байланыш.
Гүл өмүрүң барында, жайнасаңчы Идаят,
Күйүтүмдү сен келип айдасаңчы Идаят.
Жооругуңду эстесем, жоктойт сени бүт аалам,
Жетсең эгер кадырга Жеңижоктой сүйө алам.
Көксөп барып жоолуккан, Көксулуум болсоңчу.
Тумандатпай башымды, тууруса консоңчу.
Бакыт кушу конгонун билесиңби Идаят?
Башың байлап өзүмө тиесиңби Идаят?
“Ашыккан кылган өзүңдү Алымканың мен”- дедиң
Азап тартып турганда, анда неге келбедиң?
Экөөбүздүн барар жер, эки башка жол дедиң,
Тоскоолдорго чыдасаң, Токтогулум бол дедиң.
Сулуулукту Жараткан сага гана бергендей,
Үзүлүп тиктейм өзүңдү Үрдүн кызы келгендей.
Имерилип жаш чагым, Идаят деп какшадым,
Эзесиңби ушунча? Эмне сенин максатың?
Жоктугуңда Идаят, жүрөк күүсү толгонбой
Жол каратып күттүрдүң, Жолболдунун Чолпондой.
Болсо ортодо ак сүйүү жеңет дедим Идаят,
Үмүт үзбөй өзүңдү келет дедим Идаят.
Аябай сонун чыгарма экен сонун үйүңөргө береке үнүңөргө чоң ырахмат айтам мен.
Азаматсынар балдарым, ырга да, обонуна да соз жок, олбос суйууну даназалапсынар, силерге ийгилик, балдарым онорунор осо берсин!!
Балли, азаматсыңар,жигиттер!
Кандай гана керемет аткаруу комузга үнүңөр шайкеш болуп, пай -пай-пай!!!
Азаматтар кыргыздын акындары кучтуу уккан сайын моокум канат
Ун не деген ун биринчи ырдаган баланын
Баракелде, сонун аткаруу, үңөргө береке!!!!
Азаматтар,Кыргызымдын кыраандары,эргуулор болсун❤❤❤❤❤❤❤
Молодцы. Кудайым колдосун ишинерге ийгилик уй булолук Бакыт ырыскы барака болсун. Ушундай ырлар коп болуп турса жакшыда.
Керемет чыгарма..Өлбөй турган чыгарма болуптур.Азаматтар
Улуктун ырдаган ыры бар эненин арманы деген ошону угуп журчумун даалай жыл отуптур эсимен чыгып калган экен ушинтип ырдап элден алыс кетбей жур азамат
Баракелде азаматсынар онорунор оркундой берсин ийгилик силерге бактылуу болгула Улукбек аман болгун омур ден солук берсин кудайым озу колдосун
Супер жигиттер талантын арга таазим алга жигиттер алга
Бали жигиттер азматсынар чыгармачылык ийгилик калайым бар болгула
Мин жолу класс койсом дейм ай👍🏼👍🏼👍🏼👍🏼
Азаматсын аткаруучу жигит ,аябай жакты мага
Азаматсынар жигиттер соонун ырдапсынар бугун кечке уктум кайталап
Азаматсынар жигиттер ийгилтерди каалайм
Азаматсынар айланайын дар сонун ыр
Мына бали, таланттар, онуп оскуло азаматтар, 🤲👍👍
❤❤❤❤
Баракелде жигиттер!🎉
❤❤❤
Эмне деген талант ундору соонун экен. Талантынарга таазим
Азамат инилерим 👍👍👍👍👏👏👏👏
Сонун ❤❤❤❤❤❤
Соонун гоо
Супер!
Комуз менен дует ырдаса озунчо керемет баракелде чыгармачылык ийгилик каалайм
Кондай сонун
Азаматтар 👍👍👍👍
👍👍👍🤲🤲🤲
Ыргоо
👏🏻👏🏻👏🏻
Азамат жигиттер бар болгула!
Азаматсынар ❤❤❤
Азаматсынар унунорго береке.
Бали бали
🔥🔥🔥🔥
Т
Ош жонундо укум келет
Талантынарга таазим❤❤❤
❤😂😊
Тортоосу тен кыйын екен тытып коюшуптур
Улукбек Токтоболот уулу,Жанат Канат уулу, Бакыт Акматов,дагы бирөөсүнүн аты ким эле?
Нурсултан Кадыралиев
Кулакка жагымдуу, азаматсыздар!