Жалал-Абад ш. Курбан Айт майрамын өткөрүүгө салым кошуңуз. 0777661377 м.банк/ватсап
Вставка
- Опубліковано 6 чер 2024
- Ассаламу алайкум уа рахматуллохи уа барокатуху, урматтуу мусулман бир тууган, сизге төмөнкү кайрылуум бар.
Мусулманчылык динибиздин улуулугун даңазалоо жана жайылтуу максатында, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын тургундарына, анын ичинде тизмебизде турган муктаж, жетим, жесир үй-бүлөлөргө дагы, майрамдык маанай тартуулоо максатында Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты менен биргеликте Жалал-Абад шаарынын ВЛКСМ (Жеңиш) эс алуу паркында быйылкы Курбан Айт майрамын (божомол 17-июнь) өткөрүп жатабыз. Буга чейин Айт майрамдарын Ош шаарынын аймагында, ал эми быйылкы Орозо Айт майрамын Ош шаарынын казыяты менен биргеликте Ош шаарынын “Алымбек Датка” эс алуу бакчасында ийгиликтүү өткөрүп келдик.
Майрамдык иш чаранын алдын ала программасы боюнча, бул майрамга келген тургундар үчүн акысыз түрдө балмуздак, суусундуктар, оюнчуктар, тамак-аш, белек-бечек таратылуусу жана маанайды көтөрүүчү оюн зооктор дагы каралат. Атайын LED-экран, сахна орнотулат, белгилүү алып баруучулар майрамды алып барышат. Биздин божомол боюнча, Жеңиш (ВЛКСМ) эс алуу паркына Курбан Айт күнү кеминде 4-5 миң адам келип кетет.
Жалпы мусулмандардын бул эки Айт майрамын ойдогудай өткөрүп, негизи, жыл сайын эле өткөрүп, аны даңазалап туруу - баарыбыздын мойнубуздагы улуу милдетибиз. Бул сооптуу иш чараны ойдогудай жана шаардык деңгээлде өткөрүү ири өлчөмдө материалдык каражаттарды талап кылат. Андыктан ушул улуу, ыйык Курбан Айт майрамын өткөрүүгө өзүңүздүн салымыңызды кошууга чакырабыз. Бул иш чаранын демөөрчүлөрү LED-экранда (баннерге) чыгарылып, майрам тартылган видеолордо дагы чагылдырылат.
Буга чейин өткөрүлгөн иш чараларыбыздын видеолорун «Себепкер фонду» аталыш менен ютубдан издеп көрсөңүздөр болот. Маалыматтарды тактоо үчүн байланыш номерибиз 0777-661377 (ватсап), о.э. м-банк картабыз дагы ушул номерге байланган, «Кубанычбек Б.» деп чыгат. Ар кандай сунуштар, о.э. акчалай эмес, натуралай (товар, суусундук, балмуздак, оюнчуктар, тамак-аш бышырып берүү, азык-түлүк менен ж.б.) салымдарды да кабыл алабыз.
«Себепкер» ККФунун
директорунун орун басары Бакиров Кубанычбек Тоялыевич (05.06.2024)
_________________________
Кайрымдуулук иш чараларыбызды төмөнкү ютуб каналдарынан шилтемелер аркылуу көрө аласыздар:
• Орозо Айт 2024. Ош ш. ...
• Орозо Айт майрамы 2024...
• ОРОЗО АЙТ майрамы Ошто...
• "Себепкер" фонду. 2023...
Ошондой эле, жеке каналыбызда кайрымдуулук иштерибиз бар:
/ @advokat.bakirov
Аллах ыраазы болсун аминь
Маа шаа Аллах мусулмандар алдыга жылып баратат.
Подписка таштап,класс басып комментарий калтыргыла.
Айт майрамын сонун өткөрүү үчүн салым кошуңуздар, 0777-661377 м.банк/ватсап Кубанычбек Б
Ону сары козу кок,кишиден тунул дечу эле Кыргызда молдонун козу опасно.
Кыргыз өзү, өңү сары, көзү көк болгон да.